2 китеп...5 Нике никеленүү (никелендим), жуптоо (өзүмдү...

575
1 بكرابىبنعلىسناابىالدين برهان الا فرغانىانىرغن Бурхануддин Абил Хасан Али ибн Аби Бакр ал-Фаргоний ал-Маргинаний Карабалта Ислам институту 2014-жыл Илим бийик, эгерде жетсең ага Максаттардын кеткенин жеңил сана Байлыгың бүт кетсе да, көз жумуп кой Калды кымбат баарынан илим гана 2-китеп

Upload: others

Post on 01-Mar-2020

23 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

  • 1

    ملرغنانىفرغانى االبرهان الدين ابى احلسن على بن ابى بكر

    Бурхануддин Абил Хасан Али ибн Аби Бакр ал-Фаргоний ал-Маргинаний

    Карабалта Ислам институту

    2014-жыл

    Илим бийик, эгерде жетсең ага

    Максаттардын кеткенин жеңил сана

    Байлыгың бүт кетсе да, көз жумуп кой

    Калды кымбат баарынан илим гана

    2-китеп

  • 2

    БИСМИЛЛАХИР-РАХМАНИР-РАХИИМ

    УРМАТТУУ ОКУРМАНДАР

    Колуңуздардагы «Аль-Хидая» аттуу китеп кыргыз тилине

    которулган фыкх багытындагы алгачкы эмгектердин бири.

    Бул китеп фыкх илими боюнча, орто кылымдарда жашаган

    аалымдардын бири болгон Бурхануддин ал-Фаргонийдин калемине

    таандык эмгек. Аты айтып тургандай, автор Борбордук Азиядан

    чыккан ханафий мазхабы боюнча фыкх китебин жазган аалым адам

    болгон.

    Элибиз күнүмдүк ибадаттарын туура, так аткарууда ушул

    сыяктуу китептерге муктаж болуп турган чакта, бул китептин

    кыргыз тилине которулуп, жарык көрүшү, кыргызстандык

    мусулмандар үчүн чоң жардам катары кабыл алсак болот.

    Кыргыз тилине которгон котормочу китепти даана, так,

    түшүнүктүү кылып которгондугу менен айырмаланып турат.

    Бул китеп жогорудагы өзгөчөлүктөрү менен бирге, баалуу

    байлык катары кабыл алынып, кылымдар бою көздүн карегиндей

    сакталып каларына ишенебиз.

    КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН

    БАШКАРМАСЫ

    ҮГҮТ-НАСААТ БӨЛҮМҮ

    Бул китеп Кыргызстан мусулмандарынын дин

    башкармасынын уруксаты менен басылды.

    № 009 «01. 02. 2013-жыл»

  • 3

    Мазхабыбызды үйрөнөбүз

  • 4

    كتاب النكاح

    Нике китеби

    الماضي قال النكاح ينعقد بااليجاب والقبول بلفظين يعبر بهما عن ةللحاجالن الصيغة وان كانت لالخبار وضعا فقد جعلت لالنشاء شرعا دفًعا

    Мусанниф (жазуучу) нике өткөн чактагы ийжап (сөз салуу)

    жана кабул (кабыл кылуу) (бири өзүмдү сага жуптадым же

    никеледим,- десе экинчиси кабыл кылдым же ыраазы болдум,-)

    деген эки сөз менен байланат дейт. Анткени мазинин (өткөн

    чактын) сыйгасы канчалык кабар берүү үчүн коюлган

    (орундаган) болсо да муктаждыкты аткаруу үчүн шарият

    жактан (учур сыйгасын) пайда кылуу үчүн колдонулат.

    قبل وينعقد بلفظين يعبر باحدهما عن الماضي وباآلخر عن المست

    ان يقول زوجني فيقول زوجتك مثل لواحد يتولى طرفى النكاح على مانبينه ان شاء هللاالن هذا توكيٌل بالنكاح وا

    Бири өткөн чакта экинчиси болсо келээр чак (буйрук) деп

    саналган эки сөз менен да нике байланат. Мисалы: (башка

    бирөөгө) мени жупта,- десе (экинчиси) сени жуптадым,- деп

    айтуусу сыяктуу. Себеби бул (мени жупта) деп айтуусу никеде

    өкүл кылуу болуп саналат. Бир киши никенин эки тарабына

    (кыз жана бала тарапка) ээлик кылат. Алла буйруса аны баян

    кылабыз.

    وينعقد بلفظ النكاح والتزويج والهبة والتمليك والصدقةحقيقة فيه مليك ليسوقال الشافعى رح الينعقد اال بلفظ النكاح والتزويج الن الت

    ك والمملوك والمجازا عنه الن التزويج للتلفيق والنكاح للضم والضّم والازدواَج بين المال

    ابت بالنكاح اصال ولنا ان التمليك سبب لملك المتعة فى محلها بواسطة ملك الرقبة وهو الث

    والسببية طريق المجاز

  • 5

    Нике никеленүү (никелендим), жуптоо (өзүмдү жуптадым),

    тартуулоо (өзүмдү тартууладым), мүлк кылуу (өзүмө сени ээ

    кылдым) жана садага кылуу деген (өзүмдү сага садака

    кылдым) сөздөрү менен да байланат. Имам Шафий (р.м.) нике

    бир гана никеленүү жана жуптоо сөзү менен байланат,- дейт.

    Анткени тамлик (өзүн мүлк кылуу) никеде акыйкатта никеден

    мажаз (өз маанисинен башка мааниде колдонуу) да эмес.

    Себеби тазвиж (жуптоо), же (тигүү) деген мааниде болсо нике

    кошуу деген мааниде. Малик (ээ болуучу кожоюн) менен

    мамлүктүн (ээленген мүлк болгон күңдүн) ортосунда эч бир

    жактан кошуу да бекитүү да жок.

    Бизде албетте өзүнө ээ кылуу (өзүн жыныстык мүчөсүнө)

    ээ кылууга себеп өз ордунда өзүнө ээ болуу аркылуу.

    Мүлккө ээлик кылуу никеде анык. Жыныстык мүчөсүнө

    ээ болуу үчүн колдонгон себеп (өзүнө ээ кылуу) бул никеде

    мажази жол.

    وينعقد بلفظة البيع هو الصحيح لوجود طريق المجاز

    Нике “бай” (сатуу) сөзү менен да байланат. (Никенин сатуу

    сөзү) менен байлануусу бул туура мажази жолу

    табылгандыктан.

    وال ينعقد بلفظة االجارة في الصحيح النه ليس بسبب لملك المتعة

    Ижара сөзү менен нике байланбоосу анык. Анткени ижара

    сөзү жыныстык мүчөсүнө ээ болууга себеп боло албайт.

    ةوال بلفظة االباحة واالحالل واالعارة لما قلنا والبلفظة الوصي النها توجب الملك َ مضافا الى ما بعد الموت

    Нике ибахат (пайдаланууга жол коюу), ихлал (адал кылуу)

    жана иарат (акысыз, бекер убактылуу пайдалануу) сөздөрү

    менен байланбайт, биз айткандай бул сөздөрдү айтуу менен

    (жыныстык мүчөсүнө ээ боло албайт).

    Жана осуят сөзү менен да нике байланбайт. Себеби осуят

    сөзү мүлккө өлгөндөн кийин гана ээ болууну милдеттендирет.

  • 6

    ين عاقل ين قال والينعقد نكاح المسلمين اال بحضور شاهدين حرَّ

    بالغين مسلمين رجلين اورجل وامرأتين عدوال كانوا او غير عدول

    او محدودين فى القذفاعلم ان الشهادة شرط فى باب النكاح لقوله عليه السالم النكاح االبشهود ىقال رض

    ن دون الشهادة والبد من اعتبار الحرية فيها وهو حجة على مالك رح فى اشتراط االعال

    الن العبد الشهادة له لعدم الوالية والبد من اعتبار العقل والبلوغ النه الوالية بدونهما

    الشهادة للكافر على المسلم واليشترط هوالبد من اعتبار االسالم فى انكحة المسلمين الن

    الف الشافعى رح ستعرف فى وصف الذكورة حتى ينعقد بحضور رجل وامرأتين وفيه خ

    العدالة حتى ينعقد بحضرة الفاسقين عندنا خالفا للشافعى طرتالشهادة ان شاء هللا والتش

    رح له اّن الشهادة من باب الكرامة والفاسق من اهل االهانة ولنا انه من اهل الوالية

    يحرم على فيكون من اهل الشهادة وهذا النه لما لم يحرم الوالية على نفسه لالسالم ال

    غيره النه من جنسه والنه صلح مقلدا فيصلح مقلدا وكذا شاهدا والمحدود فى القذف من

    ريمته جاهل الوالية فيكون من اهل الشهادة تحمال وانما الفائت ثمرة االداء بالنهى ل

    بنى العاقديناواليبالى بفواته كما فى شهادة العميان و

    (Кудурий) айтат: мусулмандардын никеси эки күбөнүн

    катышуусу менен гана байланат. Ал эки күбө экөөсү тең хур

    (эркин) акыл балыг мусулман болгон эки эркек же бир эркек

    эки аял адилеттүү болсун же адилетсиз болсун айырмасы жок.

    Ал экөөсү (бир кишини ойноштук кылды,- деп доомат кылып,)

    хад (жаза) урулган болушса да болот. Мусанниф нике бабында

    күбөлүк шарт экенин албетте билгин деп айтат. Себеби

    Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам нике күбөлөр менен

    гана байланат ансыз нике жок деген. Бул хадис Имам

    Маликтин (р.м.) күбөлөрсүз эле нике байланат, анан жар салып

    койсо болот деген сөзүнө каршы келет.

    Кул жоопкердиги жок болуп күбөлүккө жарабагандыктан,

    жоопкер болбой күбөлөрдүн хур (эркин болуусун) этибарга

    алуу зарыл. Күбөлөрдүн акыл балыг болуусун эске алуу да

    милдет. Себеби акыл балыг болмоюнча жоопкер болбойт.

    Мусулмандардын никесинде исламды эске алуу да милдет.

    Мусулманга капырдын күбөлүгү жүрбөгөнү үчүн.

    Никеге күбө болууга жалаң эле эркек кишилер болушу

    шарт эмес. Эки аял бир эркектин күбө болуп катышуусу менен

    да нике байланат. Имам Шафий (р.м.) буга каршы. Алла Таала

    буйруса шахадат китебинде бул боюнча маалымат аласың.

  • 7

    Күбөлөрдүн адилеттүү болуусу да шарт эмес. Биздин мазхапта

    фасыктардын (амалсыздардын) күбөлүгү менен да нике

    байланат. Имам Шафийде (р.м.) албетте күбө болуу урматка

    татыктуу орун. Ал эми фасык (кулдугун толук аткарбаган

    амалсыз) кордукка татыктуу кишилерден.

    Бизде фасык валиликке (жоопкердикте) жарактуу атуул

    болгондуктан демек ал күбөлүккө да татыктуу атуулдардан.

    Валиликке (сөзү өтүүгө) ылайыктуу болгон киши өзүнүн укугу

    менен өзүн турмушуна жоопкер болуудан тыйылбайт. Себеби

    ал мусулман. Башка кишиге да жоопкер болуудан тыйылбайт.

    Өзүнө сөзү өтө турган атуул болгондуктан. Анткени фасык

    (амалсыз) султандыкка жарайт демек ал казылыкка да жарайт.

    Ошондой эле күбөлүккө да жарайт.

    Казыф (башка бирөөнү ойноштук кылдың деп, жалаа жаап

    кафарат берип) жазаланган киши вилаятка (сөзү өтүүгө)

    татыктуу болуп саналат. (Өзүнө да башкага да сөзү өтөт).

    Демек ал өзү үчүн күбө болуу милдетин көтөрүүгө жарайт.

    Башка бирөөгө күбөлүк берсе күбөлүгү жүрбөйт.

    Кылмышы себебинен күбөлүгү кабыл кылынбасын деп аятта

    Алла Таала тыюу салган. Күбөлүгү башка бирөөгө жүрбөгөнүн

    этибарга алынбайт, сокурлардын күбөлүгү жүрбөгөнүн

    этибарга алынбаган сыяктуу. Сокурлар менен нике байланат

    бирок күбөлүк берсе күбөлүгү кабыл кылынбайт. Нике

    келишимин түзүүчүлөрдүн эки баласынын күбөлүгү менен

    нике байланып, (ата же энесинин пайдасына) күбөлүк беришсе

    күбөлүгү кабыл кылынбайт.

    قال وان تزّوج مسلم ذمية بشهادة ذّميّن جازرح و زفر رح ال يجوز الن عند ابي حنيفة رح و ابي يوسف رح و قال محمد

    مسلم ولهما السماع في النكاح شهادة وال شهادة للكافر علي المسلم فانهما لم يسمعا كالم ال

    ال عتبار اثبات الملك لوروده علي محل ذي خطراان الشهادة شرطت في النكاح علي

    ذا الف اعتبار وجوب المهر اذ ال شهادة تشترط في لزوم المال وهما شاهدان عليها بخا

    لم يسمعا كالم الزوج الن العقد ينعقد بكالميهما والشهادة شرطت علي العقد

    Абу Ханифа менен Абу Юсуфдун (р.м.) пикирлеринде

    мусулман киши эки зиммийнин (мусулман өлкөсүндө

    келишим менен жашаган капырлардын) күбөлүгү менен

    зиммий аялга үйлөнсө болот. Имам Мухаммад (р.м.) менен

  • 8

    Имам Зуфар (р.м.) (ал экөөнүн күбөлүгү менен байланган

    нике) болбойт. Анткени баш кошуучулардын (макулмун жана

    кабыл кылдым деген) сөздөрүн угуу никеде күбө болуп

    саналат, капырдын мусулманга күбөлүгү жарабайт. Эки

    зиммий (аялдын баш кошууга макулмун деген сөзүн угуп)

    мусулмандын (кабыл кылдым деген) сөзүн укпаганга окшоп

    калат дешет. Эки имамда никеде аялдын жыныстык мүчөсүнө

    ким ээлик кылат, аны такташты этибарга алып күбөлүк шарт

    кылынган.

    (Тактап айтканда аялга ким баш-ээлик кылат ошону тактоо

    үчүн күбөлөр шарт кылынат(.

    Ээлик кылуу барктуу жерге болуп жаткандыктан.

    Калыңдын милдет болушун эске алып күбөлүк шарт

    кылынбайт.

    Себеби малдын милдет болуусунда күбөлүк шарт эмес.

    (Күбөсүз эле малды берүү милдет соода сатыкта күбөсүз эле

    саткандай). Ал эки зиммий зиммий аялга күбө болушту.

    Тескерисинче нике байланбайт эки күбө эркектин (кабыл

    кылдым деген) сөзүн угушпаса. Себеби нике келишими эркек

    менен аялдын (багыштадым кабыл кылдым деген) сөздөрү

    менен байланат. Нике келишимин түзүү үчүн күбө шарт.

    ومن امر رجال بان يزوج ابنته الصغيرة فزوجها واالب حاضر

    بشهادة رجل واحٍد سواهما جاز النكاحقي المزوج يبفالن االب يجعل مباشرا التحاد المجلس فيكون الوكيل سفيرا و معبرا

    باشرا كان االب غائبا لم يجز الن المجلس يختلف فال يكون ان يجعل االب مان شاهدا و

    وعلى هذا اذا زّوج االب ابنته البالغة بمحضر شاهد واحد ان كانت حاضرة جاز وان

    كانت غائبة اليجوز

    Бир киши өзүнүн жаш, балагатка жете элек кызын нике

    кылуу үчүн экинчи бир кишиге буйрук кылса буйрулган киши

    (өкүл) кыздын атасы ошол жерде даяр турган учурда ал

    экөөнөн башка бир кишини күбө кылып, нике келишимин

    түзсө нике байлаган болот. Анткени ата жыйын (орун) бир

    болгондуктан нике келишим түзүүчү болуп саналат. Демек

    буйрулган (өкүл киши өкүлдүк атага өткөндүгү үчүн) элчи

    жана сөз айтып түшүндүрүүчү күбө болуп калат.

  • 9

    Эгерде ата ал жерде болбосо нике дурус болбойт. Жыйын

    башка болгону үчүн атаны нике келишимин түзүүүчү деп

    айтуу мүмкүн эмес. Ушул сыяктуу эле ата балагатка жеткен

    кызын бир күбөнү даяр катыштырып нике кылса болот. (Ата

    күбө катарында саналат) эгер кыз нике келишимине катышкан

    болсо. Эгер кыз ал жыйында болбосо жалгыз күбөнүн

    катышуусу менен нике болбойт.

    فصل في بيان المحرماتНикеге арам болгон аялдар бөлүмү

    وال يحل للرجل ان يتزوج بامه والجدته من قبل الرجال والنساءغةً او كم اّمهاتكم وبناتكم والجدات امهات اذ االم هو االصل للقوله تعالى حّرمت علي

    ثبتت حرمتهن باالجماع

    Кудурий айтат: Эркек киши үчүн энесине жана эркектер

    жактан болгон чоң энелерине, жана аялдар жактан болгон

    таенелерине үйлөнүү адал эмес.

    Себеби Алла Таала Куран Каримде:

    مت عليكم امهاتكم وبناتكمحر

    Силерге энелериңердин жана кыздарыңардын (никеси)

    арам кылынды деген.

    Чоң энелер да энелер сыяктуу эле. Анткени эне деген сөз

    тилде негиз деген маанини түшүндүрөт. Чоң энелердин

    никесин арамдыгы ижма менен аныкталган.

    ببنته لما تلونا والببنت ولد وان سلفتوقال وال لالجماع

    Кудурий айтат: Биз аятта окугандай өзүнүн кызына

    никеленүү арам. Баласынын кызына (тактап айтканда

    небересине) канчалык төмөн кетсе да. (Небересинин жана

    чөбөрөсүнүн кыздары болсо). Никеленүү арам ижманын

    негизинде.

    والباخته والببنات اخته والببنات اخيه والبعمته والبخالته

  • 10

    الن حرمتهن منصوص عليها في هذه االية

    Эжесине (же карындашына) жана ал экөөнүн кыздарына

    (жээндерине) агасынын кыздарына, атасы менен бир тууган

    эжесине жана энеси менен бир тууган таежесине никеленүү

    арам. Бул айтылгандарга никеленүүнүн арамдыгына далил

    жогорку аятта келтирилген.

    خوة بنات االالمتفرقات والخاالت المتفرقات وو تدخل فيها العمات

    المتفرقاتةجهة االسم عام الن

    Аятта никеленүү арам деп айтылгандарга атасы менен бир

    тууган ар кандай эжеси (атасы менен бир тууган, атасы менен

    аталаш жана атасы менен энелеш эжеси) да кирет.

    Таежелери, эже карындашы жана ага инилеринин кыздары

    да жогорку көрүнүштө. Анткени эже деген ат жалпы жөнүн

    камтыйт. (Мисалы: эже дегенден ата энеси бир эжеси, атасы

    бир энеси башка, жана энеси бир атасы башка, эжеси да

    түшүнүлөт).

    قال وال باّم امرأته التى دخل بابنتها او لم يدخل لقوله تعالي و امهات نسائكم من غير قيد الدخول

    Кудурий (р.м.) айтат:

    Аялынын энесине (кайненесине) никеленүү арам, аялына

    (никеленгенден кийин) кошулсун же кошулбай эле

    ажырашсын айырмасы жок. Себеби Алла Таала аятта:

    اّمهاُت نسائكم

    Аялыңардын энелерине (никеленүүгө арам,- деп)

    кошулууну чектебей айткан.

    وال ببنت امراته التى دخل بهار خرج ه الن ذكر الحجلثبوت قيد الدخول بالنص سواء كانت في حجره او في غير

    مخرج العادة ال مخرج الشرط ولهذا اكتفي في موضع االحالل بنفي الدخول

    (Никелеп алып) кошулган аялынын (өгөй) кызы да

    никеленүүгө арам. Анткени аятта кошулууну чектеген. (Тактап

    айтканда бир аялды никелеп алып кошулбастан талак берип

  • 11

    ажырашса, ошол аялдын кызына никеленсе болот). Аялынын

    кызы эркектин карамагында болсун же башка бирөөнүн

    карамагында болсун айырмасы жок. Себеби карамагы деген

    сөз адат үчүн айтылды шарт үчүн эмес. (Адатта кыз өгөй

    атасынын карамагында болот, энесинин тарбиясын алыш

    үчүн). Ошондуктан өгөй кыздын адал болуу орунун

    белгилөөдө (аялына кошулбаган болушун айтуу аятта

    жетиштүү болду.

    وال بامراة ابيه واجداد

    Кудрий (р.м.) айтат:

    Атасынын жана чоң-аталарынын аялдарына (өгөй

    энелерине) да никеленүү арам. Анткени Алла Таала Курани

    Каримде:

    وال تنكحوا ما نكح اباؤكم

    “Аталарыңар никеленген аялдарга никеленбегиле”- деген.

    وال بامراة ابنه وبنى اوالد

    Баласынын жана неберелерин аялдарына (келин жана

    небере келиндерине) никеленүү арам. Анткени Алла Таала

    Курани Каримде:

    حالئل ابنائكم الذين من اصال بكمو ى ال الحالل حليلة االبن من الرضاعةذكر االصالب السقاط اعتبار التبنو

    “Өзүңөрдүн белиңерден болгон балдарыңардын аялдарын

    (никелеп алууңар) арам”- деген. (Аятта) белиңерден болгон

    балаңар деп айтуу менен бакма баланы этибарга албоону

    эскертет. Аялын эмип баласына эмчектеш болгон баланын

    аялын адал деш үчүн эмес.

    وال بامه من الرضاعة وال باخته من الرضاعة

    Сүт эмген энесине жана эмчектеш карындашына да

    никеленүүгө арам. Себеби Алла Таала:

    عةامهاتكم الالتى ارضعنكم واخواتكم من الرضا

  • 12

    “Силерди эмизген энелериңер жана эмчектеш эже

    карындашыңар (никеленүүгө арам)”- деген. Пайгамбар

    саллаллоху алейхи вассалам:

    يحرم من الرضاع ما يحرم من النسب

    Тек жагынан (никеленүүгө) арам болгондой эле эмчектеш

    (сүт эмүү) жагынан да арам болот деген.

    وال يجمع بين اختين نكاًحا وال بملك يمين وطيا

    Эже-сиңдинин ортосун нике менен кошпойт. (Тактап

    айтканда экөөнүн кайсы бирин никесинде болсо экинчисине

    никеленбейт). Ал экөө күң болсо бирине жыныстык катнаш

    кылса экинчисине кошулбайт. Себеби Алла Таала ان تجمعوا بين

    (эже-сиңдинин никесин кошууңарды (арам кылынды االختينдеген аят далил. Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам:

    نن ماء في رحم اختيعيجم ومن كان يؤمن باهلل واليوم االخر فال

    Ким Алла Таалага жана кыямат күнүнө ыйман келтирсе

    эжели-сиңдинин жатынына бел суусун топтобосун деген.

    فان تزوج اخت امة له قد وطيها صح النكاح لصدور من اهله مضافا الى محله

    Эгер мүлкүндө жыныстык катнаш кылып жүргөн күңүнүн

    эжесине үйлөнсө, никеси дурус болот. Нике орунуна

    ылайыктуу жана никеге татыктуу кишиден нике ишке

    ашкандыктан.

    واذا جاز اليطأ االمة وان كان لم يطأ المنكوحةيطأ المنكوحة للجمع اال اذا حرم الموطوءة على ال الن المنكوحة موطؤة حكما و

    حة ان لم يكن نفسه بسبب من االسباب فحينئذ يطأ المنكوحة لعدم الجمع وطيًا ويطأ المنكو

    ليست موطوءةً حكًما وطى المملوكة لعدم الجمع وطيًا اذ المرقوقة

    (Кошулуп жүргөн күңдүн эжесинин) никеси дурус болсо,

    мындан кийин ал күңгө кошула албайт. (Экөөнүн ортосун

    жыныстык кошулуу менен кошкон болбоосу үчүн). Канчалык

    никеленип алган (күңүнүн эжесине) кошулбаган болсо да.

    Анткени никелеп алуу өкүм жактан жыныстык кошулуу болуп

  • 13

    саналат. Эже-сиңди бир кишинин күңү болуп турган мезгилде

    экинчисин никелеп алса никелеп алган аялына да жакындык

    кылбайт. Бирок саткан же тартуу кылган себебинен кошулуп

    жүргөн күңүн өзүнө арам кылса анда никелеп алган (күңдүн

    эжесине) кошулса болот, жыныстык катнаш жактан экөөнү

    кошпогондуктан. Никелеп алган (күңүнүн эжесине) жыныстык

    катнаш кылат (буга чейин) күңүнө кошулбаган болсо,

    жыныстык жактан кошулуу экөөнө бир мезгилде табылбаганы

    үчүн. Себеби мүлкүндө күң болуу өкүмдө жыныстык жактан

    кошулуу болуп саналбайт.

    ق بين ج اختين في عقدتين واليُدَرى ايتهما اولى فرَّ ه فان تزوَّ

    وبينهمانفيذ مع هما باطل بيقين وال وجه الى التعيين لعدم االولوية وال الى التحدَ إالن نكاح

    التجهيل لعدم الفائدة او للضرر فتعين التفريق

    Эгер бир киши, эже-сиңдиге эки нике менен үйлөнсө,

    кайсы биринин никеси обол болгонун билбесе ал киши менен

    эже-сиңдинин никеси ажыратылат. Себеби ал экөөнүн

    биринин никеси батыл (бекер) болушу анык. Кайсы биринин

    никеси биринчи болгону анык болбогону үчүн бирөөсүнө

    (нафака) дайындоого жол жок.

    Кимисинин никеси обол болгону белгисиз болуп никеси

    пайдасыз (кошула албагандыктан) же (эки аялга тең) зыян

    болгондуктан никелери орундалбайт. Демек никелерин

    ажыратуу анык болот.

    ولهما نصف المهرانعدمت االولوية للجهل باالولوية فينصرف اليهما وقيل النه وجب لالولى منهما و

    البد من دعوى كل واحدة منهما انها االولى او االصطالح لجهالة المستحقة

    Ал эки аялга жарым махр (калың) берет. Анткени жарым

    калың берүү важиб, ал экөөнүн биринчи нике болгонуна.

    Биринчи нике болгону белгисиз болгондуктан биринчилик

    белгисиз болуп жарым калың экөөнө сарпталат. Ал экөөсүн ар

    бири менин никем биринчи болгон деп доо кылуусу, же калың

  • 14

    кимисине берилиши белгисиз болгондуктан ал эки эже

    сиңдинин келишим түзүүсү зарыл деп да кеп кылынат.

    هابين المرأة وعمتها او خالتها او ابنة اخيها او ابنة اختوال يجمع

    Аял киши атасы менен бир тууган эжеси же энеси менен

    бир тууган таежеси же агасынын кызы же эжесинин кызы

    менен чогуу бир кишинин никесинде турбайт. Себеби

    Пайгамбар саллоллоху алейхи васаллам:

    ال التها وال على ابنة اخيها وخْنِكُح المرأة على عمتها وال على والتُ

    على ابنة اختها وهذا مشهور يجوز الزيادة على الكتاب بمثله

    Аял киши атасы менен бир тууган эжесинин, таежесинин,

    агасынын кызынын жана эжесинин кызынын никесинин

    үстүнө никеленбейт деген.

    Бул хадис машхур (белгилүү) мындай машхур хадисти

    куранга кошуп амал кылса болот.

    واليجمع بين امرأتين لوكانت احدهما رجال لم يجز له ان يتزوج

    باالخرىع ولو الن الجمع بينهما يفضى الى القطعية والقرابة المحرمة للنكاح محّرمة للقط

    لما روينا من قبل كانت المحرميةُ بينهما بسبب الرضاع تحرم

    Эки аял бир кишинин никесинде чогуу тура албайт, ал

    экөөнүн кайсы бирин эркек деп сүрөттөлсө, ал үчүн экинчиси

    адал болбосо (мисалы: эже-сиңди бир кишинин никесинде

    чогуу тура алышпайт. Эгер эжесин эркек деп сүрөттөсөк

    карындашын ала албайт. Эгер карындашын эркек деп

    сүрөттөсөк эжесин никесине ала албайт). Анткени алардын

    никесин кошуу өз ара туугандык мамилени үзүүгө алып барат.

    (Адатта күңдөштөр бирин-бири жек көргөндүктөн).

    Нике үчүн арам кылынган жакын туугандык туугандык

    мамиленин үзүлүшүнө себеп болгон үчүн арам кылынган. Эки

    аялдын ортосундагы жакын туугандыгы сүт эмүү себебинен

    болсо да биз жогоруда хадисте риваят кылгандай алардын бир

    кишинин никесине туруусу арам кылынган.

  • 15

    وال بأس بان يجمع بين امرأة وبنت زوج كان لها من قبل ها ذكرا القرابة بينهما والرضاع وقال زفر رح ال يجوز الن ابنة الزوج لو قدرت النه

    هذه اليجوز له التزويج بامرأة ابيه قلنا امرأة االب لو صورتها ذكرا جاز له التزّوج ب

    والشرط ان يصور ذلك من كل جانٍب

    Аял киши (мурда ажырашкан) жолдошунун кызы (өгөй

    кызы) менен чогуу башка бир кишинин никесине турса болот.

    Себеби ал экөөнүн ортосунда туугандык да эмчектештик да

    жок. Имам Зуфар )р.м.( (ал экөөсү бир кишиге турмушка

    чыкса) болбойт дейт. Анткени аялдын өгөй кызын эркек деп

    сүрөттөлсө, анда ал атасынын аялына үйлөнсө болбойт. Биз

    эгер атасынын аялын эркек деп сүрөттөсөк ал эркек бул кызга

    үйлөнсө болот. (Ал чоочун кишинин кызы болгондуктан)

    (Нике жүрбөө) шарты ал экөөнүн ар бирин эркек деп

    сүрөттөгөндө (бири экинчисине арам болсо).

    ومن زنى بامراة حرمت عليه امها و بنتهاور الشافعى رح الزناء اليوجب حرمة المصاهرة النها نعمة فالتنال بالمحظ وقال

    يصير ولنا ان الوطى سبب الجزئية بواسطة الولد حتى يضاف الى كل واحد منهما كمال ف

    فى اصولها وفروعها كاصوله وفروعه وكذلك على العكس االستمتاع بالجزء حرام اال

    م من حيث انه سبب الولد المن حيث انهموضع الضرورة وهى الموطوءة والوطى محر

    زناء

    Ким бир аял менен ойноштук кылса, ал эркекке ошол

    аялдын энесинин жана кызынын никеси арам. Имам Шафий

    )р.м(. ойноштук үйлөнүү арам болгон кайын журттукту милдет

    кылбайт, анткени (үйлөнүү арам) болгон кайын журттук

    ниемат (жакшылык) ага арам жол менен жетилбейт дейт.

    Бизде жыныстык кошулуу (кошулуучу менен кошулгандын

    бир кишидей болуп) түзүлүүсүнө себеп бала аркылуу. Кала

    берсе бала эркек менен аялдын ар бирине таандык болуп

    айтылат. (Баланча эркектин же баланча аялдын баласы деп):

    Демек аялдын негиздери (аталары) жана балдары (арам же

    адал болууда) эркекке эркектин өзүнүн энелери менен

    кыздарындай. Тескерисинде да ошондой (эркектин аталары

    менен балдары аялга аялдын өзүн аталары менен балдарындай)

    (кошулган аялдын өзүндө арамдык бар себеби ал кошулуучу

    эркектин бир бөлүгү) деген сөзгө жооп ирээтинде (өзүнүн)

  • 16

    бөлүгүнөн пайдалануу арам, бирок зарылдык ордунан

    пайдаланса болот, ал деген жакындык кылган аялы.

    Жыныстык катнаш баланын пайда болушуна себеп болгону

    үчүн (кайын журтка никеленүүнү) арам кылат. Жыныстык

    катнаштын зынаа (ойноштук) болгондугунан эмес.

    ومن مسته امرأة بشهوة حرمت عليه امها وابنتهاه امرأةً بشهوة ونظره الى فرجه ا وقال الشافعى رح التحرم وعلى هذا الخالف مسُّ

    ق يسا فى معنى الدخول ولهذا اليتعلونظرها الى ذكره عن شهوة له ان المس والنظر ل

    سبب بهما فساُد الصوم واالحراِم ووجوِب االغتسال فال يلحقان به ولنا ان المس والنظر

    لة او داع الى الوطى فيقام مقامه فى موضع االحتياط ثم ان المس بشهوة ان ينتشر اال

    عند ذلك اال تزداد انتشارا هو الصحيح والمعتبر النظر الى الفرج الداخل واليتحقق

    االنزال اتكائها ولومس فانزل فقد قيل انه يوجب الحرمة والصحيح انه ال يوجبها النه ب

    تبيّن انه غير مفض الى الوطى وعلى هذا اتيان المرأة فى الدبر

    Аял киши эркек кишини дүүлүгүп (кучактап) кармаса ал

    эркекке ошол аялдын энеси жана кызы арам болот. Имам

    Шафий (р.м.) кучактоо арам кылбайт дейт. Эркек кишинин

    дүүлүгүп аялды (кучактап) кармашы, аялдын жыныстык

    мүчөсүнө кароосу, жана аял эркектин жыныстык мүчөсүнө

    берилип кароосу жогорку пикир келишпестикте. Имам Шафий

    (р.м.) Аялды кармоо жана жыныстык мүчөсүнө кароо кошулуу

    маанисинде эмес, ошол үчүн ал экөөсүн (кармап кароо)

    аркылуу орозо менен эхрам бузулбайт, гусул (жууну) да

    милдет болбойт. Бизде кармоо менен кароо жыныстык

    кошулууга түрткү болууга себеп, этияттыктан ал экөөнү

    жыныстык кошулуунун ордуна коюлат. Анан берилип кармоо

    деген эркектин жыныстык мүчөсү кыймылга келип

    аракеттениши эгер кармабастан мурда кыймылга келе элек

    болсо же кыймылга келип анан анын андан бетер күчөйүүсү.

    (Берилип кармоонун ушул көрүнүштө болуусу) бул туура.

    (Анткени айрым машайыхтар жүрөгү менен эле каалап

    жыныстык мүчөсү кыймылга келбесе да кармаган болот

    дешет).

    Жыныстык мүчөнүн ички бөлүгүнө кароо этибарга алынат

    (кайын журт болуп никеси арам болуш үчүн). Аял киши бир

    нерсеге сүйөнүп жамбаштаса гана жыныстык мүчөсүнүн ички

  • 17

    бөлүгүнө кароого мүмкүн болот. Эгер аялды берилип

    кармаганда бел суусу чыгып кетсе арамдыкты милдет кылат

    деп да айтышкан. Кармоо менен бел суусу түшүп арамдык

    (кайын журттук) милдет болбошу туура. Анткени бел суусу

    түшкөндөн кийин кармоону жыныстык кошулууга алып

    барбашы анык болду. Жогоркудай эле пикир келишпестикте

    аялдын арткы түтүгүнө кошулса (бел суусу түшсө аялдын

    энеси кызы арам болбойт эгер түшпөсө арам болот).

    هاواذا طلق امرأته طالقا بائنا او رجعيا لم يجز له ان يتزوج باخت

    احتى تنقضى عدته ح وقال الشافعى رح ان كانت العدة عن طالق بائن او ثلث يجوز النقطاع النكا

    الولى بالكلية اعماال للقاطع ولهذا لو وطيها مع العلم بالحرمة يجب الحد ولنا ان نكاح ا

    َر عملُه ولهذا بقى القي د والحد قائم لبقاء احكامه كالنفقة والمنع والفراش والقاطُع تاَخَّ

    ة كتاب الطالق وعلى عبارة كتاب الحدود يجب الن الملك قد زالاليجب على اشار

    فى حق الحل فيتحقق الزناء ولم يرتفع فى حق ما ذكرنا فيصير جامًعا

    Эгер аялына байын же ражи талак берсе аялдын иддасы

    өтмөйүнчө аялын эже-сиңдисин никесине ала албайт. Имам

    Шафий (р.м.) байын же үч талактын иддасында болсо нике

    биротоло үзүлгөндүгү үчүн (аялын эже-сиңдисине) никеленсе

    болот, никени бузуучу талакка амал кылып дейт. Нике толук

    үзүлгөнү үчүн (байын талактын иддасында) кошулуу

    арамдыгын билип туруп кошулса хад урулат. Бизде оболку

    нике турат (биротоло үзүлө элек) никенин өкүмдөрү күчүндө

    тургандыгы үчүн, мисалы нафака (аялды камсыз кылуу)

    эркектин аялды сыртка чыгуудан тыюу жана (талак бергенден

    кийин эки жылга жетпей төрөсө) баланын теги ошол эркектен

    деп саналуу сыяктуу. Никени кесүүчү талактын өкүмү (идда

    бүткөнгө) чейн кечиктирилет. Ошол үчүн аялга үйдөн чыгууга

    тыюу салынат. Талак китебинин багытына караганда (байын

    же үч талактын иддасында олтурган аялына кошулса) хад

    уруу важиб эмес. Хаддар китебинин айтканына караганда хад

    уруу важиб. Себеби жыныстык кошулуу адал болуш үчүн нике

    үзүлдү. Демек кошулса акыйкатта эле зынаа (ойноштук

    кылган) болот. Биз айтып өткөн амалдардын (нафака, үйдөн

    чыгарбай кармоо жана баланын теги такталуу) акында нике

  • 18

    үзүлө элек. (Талак болгон аялдын иддасында анын сиңдисине

    үйлөнсө) ал экөөнө бир учурда никеленген болот.

    ج المولى امته والالمرأة عبدها وال يتزوَّتنافى الن النكاح ما ُشرع اال مثمراً بثمرات مشتركة بين المتناكحين والمملوكية

    المالكية فيمتنع وقوع الثمرة على الشركة

    Кожоюн өзүнүн күңүнө, (кожоюн) аял өзүнүн кулуна

    никеленбейт. Анткени нике эки баш кошкондордун

    ортосундагы шериктеш болгон мөмөлөрдөн пайдалануу үчүн

    гана негизделген. (Ал пайдалар эркектин аялды сыртка

    чыгуудан тыюусу жана жыныстык жактан кошулуусу. Ал эми

    аялдын пайдасы калың алуу, турак-жай, кийим-кечек жана

    оокат-аш менен эркек жактан камсыз болуусу). Мамликият

    (күң же кулдун бир кишинин мүлкү болуусу). Мааликияга

    (кайра ошол кишиге кожоюн болууга) каршы келет. Демек

    мөмө (пайда) шериктеш болуудан тыйылат.

    ويجوز تزّوج الكتابيات

    Китабий (китеп түшкөн жөөт жана христиан) күң аялдарга

    никеленсе болот. Себеби Алла Таала:

    والمحصانت من الذين اوتوا الكتاب اى العفائف وال فرق بين الكتابية الحرة واالمة على ما نبين ان شاء هللا

    Китеп ээлери болгон таза аялдарга никеленүү силерге адал

    кылынды деген. Мухсанаат деген таза (сойку эмес) деген

    мааниде. Китеп ээлеринен болгон аялдын күң же хур (эркин)

    аял болуусу никеге турууда айырмасы жок, Алла буюрса ал

    боюнча жакында айтабыз.

    وال يجوز تزوج المجوسياتبائحهماكحى نسائهم وال اكلى ذسنّوا بهم سنة اهل الكتاب غير ن لقوله عليه الّسالم

    Отко сыйынган аялдарга никеленсе болбойт. Себеби

    Пайгамбар саллаллоху алейхи васаллам: от парастар менен

    китеп ээлерине жасаган мамилеңерди жасагыла бирок

    аялдарына никеленбей жана сойгон малдарынын эттеринен

    жебестен деген.

  • 19

    وال الوثنيات

    Бутка сыйынган аялдарга да никеленбейт. Анткени Алла

    Таала:

    وال تنكحوا المشركات حتى يؤمن

    Мушрик (ширк келтирүүчү) аялдарга ыйман

    келтирмейинче никеленбегиле деген.

    بويجوز تزوج الصابيات ان كانوا يؤمنون بدين ويقّرؤن بكتا النهم من اهل الكتاب

    Соби аялдарга үйлөнсө болот эгер алар бир (пайгамбардын)

    динине ишенип (асмандан түшүрүлгөн китептерден) бир

    китепти кабыл алышса. Анткени алар китеп ээлери болуп

    саналышат.

    وان كانوا يعبدون الكواكب والكتاب لهم لم تجز مناكحتهمول فيه محمول على اشتباه مذهبهم فكلٌّ اجاب النهم مشركون والخالف المنق

    على وقع عنده وعلى هذا حال ذبيحتهم

    Эгер собилер жылдыздарга сыйынышса алардын китеби

    жок болсо анда аларга никеленип болбойт.

    Себеби алар мушриктерден (Аллага шерик санагандардан)

    болуп эсептелет. (Абу Ханифа (р.м.) соби аялга никеленсе

    болот десе, эки имам болбойт дешет). Бул пикир келишпестик

    собилердин тутунган мазхабы (жолдору) анык

    болбогондуктан.

    Имамдардын ар бири өзүндөгү түшүнүгүнө карап жооп

    беришет. (Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде собилер Забурду

    китеп катары түшүнүшүп жылдыздарга сыйынышпайт).

    Эки имамда Абу Юсуф (р.м.) менен Имам Мухаммадда

    (р.м.) собилер жылдыздарга сыйынышат алардын китеби жок

    ошондуктан аларга никеленип болбойт). Алардын сойгон

    малдары да жогорку пикир келишпестикте.

    والمحرمة ان يتزوجا في حالة االحرامويجوز للمحرم وقال الشافعى رح اليجوز وتزويج الولِّى المحرم وليتَه على هذا الخالف

  • 20

    Эхрам байлаган эркек менен эхрам байлаган аял эхрамда

    болгон учурда никеге турушса болот. Имам Шафий (р.м.)

    болбойт дейт. Эхрам байлаган вали (жаш кызга жоопкер киши)

    ал кызды (башка бирөөгө) эхрам учурунда никелеп турмушка

    берсе бул да жогорку пикир келишпестикте. Имам Шафийнин

    (р.м.) далили Пайгамбарыбыз саллоллоху алейхи васаллам:

    وال ينكح المحرم وال يُْنِكحُ وهو محِرم وما رواه محمول ىضوج بميمونة رزولنا ما روى انه عليه الّسالم ت

    على الوطى

    “Эхрамдагы киши никеленбейт жана башка бирөөнү

    никелебейт” деген деп далил кылат. Бизде Пайгамбарыбыз

    саллоллоху алейхи васалламдын эхрам учурунда Маймуна

    энебизге никеленгени риваят кылынат. Имам Шафий (р.м.)

    риваят кылган хадис эхрам байлаган киши жыныстык катнаш

    кылбайт деген мааниде айтылган.

    يجوز تزوج االمة مسلمة كانت او كتابية

    وقال الشافعى رح ال يجوز للحر ان يتزوج بامة كتابية الن جواز نكاح االماء

    لمسلمة ضرورى عنده لما فيه من تعريض الجزء على الرق وقد اندفعت الضرورة با

    ولهذا جعل طَْول الحرة مانعا منه وعندنا الجواز مطلق الطالق المقتضى وفيه امتناع عن

    ل الوصف ل االصل فيكون له ان اليحص تحصيل الجزء الحر ال ارقاقه وله ان اليحص

    Хур (эркин) киши мусулман күңгө да китеп ээси болгон

    күңгө да үйлөнсө болот. Имам Шафий (р.м.) эркин киши китеп

    ээси (христиан же жөөт) күңгө үйлөнсө болбойт дейт. Анткени

    Имам Шафийнин (р.м.) оюнда күңдөргө никеленүү

    зарылдыктын иши. Күңгө никеленүүдө өзүн жүзүн (бөлүгүн

    же өзүнөн боло турган баланы) кулдукка сунуштаган болот

    (себеби күңдүн баласы энесине эрчип кул болот).

    Зарылдыктан мусулман күңгө никеленип (өзүн) арамдан

    сактаса болот. Күңгө никеленүү зарылдыктан болгону үчүн

    хур (эркин аялдын) калыңына күчү жетүү күңгө үйлөнүүдөн

    тыйат. Бизде (силерге адал болгон аялдарга никеленгиле деген)

    аяттагы далил жалпы жөнүнөн келгендиктен зарылдык

    болбосо да күңдөргө никеленсе туура. Күңгө үйлөнүүдө

  • 21

    хурдук (эркиндик) бөлүктүн жүзөгө чыгуусунан тыйылуу

    болуп, кул кылуу болуп саналбайт.

    Эркек (аялдын макулдугу менен бел суусун сыртка

    түшүрүп) негизи баладан баш тартууга укугу бар, демек ал

    үчүн эрктүү баладан баш тартса да болот.

    وال يتزوج امة على حرة

    Хур (эрктүү) аялдын үстүнө күңгө үйлөнүп болбойт.

    Себеби Пайгамбар саллоллоху алейхи васаллам:

    والتنكح االمة على الحرةلشافعى رح فى تجويز ذلك للعبد وعلى مالك رح وهو باطالقه حجة على ا

    ره فى تجويزه برضاء الحرة والن للرق اثرا فى تنصيف النعمة على ما نقر

    النضمامفى الطالق ان شاء هللا فيثبت به حّل المحلية فى حالة االنفراد دون حالة ا

    “Хур аялдын үстүнө күңгө никеленбейт” деген. Ал

    хадистин жалпы жөнүнөн айтылышы Имам Шафийнин (р.м.)

    кул хурдун үстүнө күңгө никеленсе жана Имам Маликтин

    (р.м.) хур аялдын макулдугу менен күңгө никеленсе болот

    деген сөзүнө каршы келет. Анткени кулдук (никеленүү)

    ниъматын (бакытын же жакшылыгын) жарым кылууга

    таасирин тийгизет. Талак китебинде Алла кааласа баян

    кылабыз.

    Демек жалгыз (үйлөнө элек) учурда күңгө никеленсе

    болот, хур аялга никеленгенден кийин ага кошуп күңгө

    никеленсе болбошу аныкталган.

    ويجوز تزوج الحرة عليها

    Күң аялдын үстүнө хурга үйлөнүү туура. Пайгамбар

    саллоллоху алейхи васаллам:

    تنكح الحرة على االمةف فى حقها والنها من المحلاّلت فى جميع الحاالت اذ المنص

    “Күңдүн үстүнө хурга никеленсе туура болот” деген,

    себеби хур аялдын бардык учурда никеси адал кылынган. Хур

    аялдын акында нике ниъматын (бакытын) жарым кылуу жок.

    فان تزوج امة على حرة فى عدة من طالق بائن لم يجز

  • 22

    لو عند ابى حنيفة رح ويجوز عندهما الن هذا ليس بتزوج عليها وهو المحّرم ولهذا

    بقاء حلف اليتزوج عليها لم يحنث بهذا والبى حنيفة رح ان نكاح الحرة باق من وجه ل

    يرها فى اليمين الن المقصود ان اليُدِخل غ بعض االحكام فيبقى المنع احتياطا بخالف

    قسمها

    Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде байын талактын

    иддасында олтурган хур аялдын үстүнө күңгө никеленсе

    болбойт. Абу Юсуф р.м менен Имам Мухаммаддын (р.м.)

    пикиринде болот. Анткени хур аялдын иддасында күң аялга

    үйлөнүү хур аялдын үстүнө үйлөнүү болуп саналбайт. Ал хур

    аялдын үстүнө (күңгө) никеленүүгө арам кылынган.

    Ошондуктан хур аялдын үстүнө үйлөнбөймүн деп ант

    берген киши анын иддасында (башка аялга) үйлөнсө, анты

    сынбайт.

    Абу Ханифанын (р.м.) оюнда албетте хур аялдын никеси

    бир жагынан бар (толук кесиле элек) никенин айрым бир

    өкүмдөрү үзүлбөй тургандыктан (аялды турак-жай оокат-аш

    менен камсыз кылуу сыяктуу). Демек этияттан хур аялдын

    иддасында анын үстүнө никеленүүнү тыят. Ант берүү мунун

    каршысында. Анткени ант берүүчүнүн максаты хур аял үчүн

    бөлүнгөн түнөккө андан башканы шерик кылбаш.

    ر وللحر ان يتزوج اربعا من حرائر واالماء وليس له ان يتزوج اكث

    من ذلك

    Эркин эркек үчүн хур (эркин) аялдардан же күңдөрдөн төрт

    аялга үйлөнсө болот. Андан көбүнө үйлөнүүгө болбойт.

    Себеби Алла Таала:

    فانكحوا ما طاب لكم من النساء مثنى وثالثى ورباعمة واحدة والتنصيص على العدد يمنع الزيادة عليه وقال الشافعى رح اليتزوج اال ا

    ى النه ضررى عنده والحجة عليه ما تلونا اذ االمة المنكوحة ينتظمها اسم النساء كما ف

    الظهار

    “Силерге адал болгон аялдардан экөөсүнө, үчөөсүнө

    жана төртөөсүнө үйлөнгүлө” деген.

    Төрт санга келген далил андан ашыкчасын тыят. Имам

    Шафий (р.м.) күңдөн бирөөгө гана үйлөнөт, себеби күңгө

    үйлөнүү зарылдыктын жумушу. Имам Шафийге (р.м.) биз

  • 23

    тилават кылган аят далил. Себеби никеленген күң аялды

    (аяттагы аялдар деген сөз) өз ичине камтыйт зихардагыдай.

    وال يجوز للعبد ان يتزوج اكثر من اثنينذن ر اوقال مالك رح يجوز النه فى حّق النكاح بمنزلة الحّر عنده حتى َملَكه بغي

    حريّةا لشرف الف فيتزوج العبد اثنين والحّر اربعا اظهارالمولى ولنا ان الرّق منص

    Кул экиден ашык аялга үйлөнсө болбойт. Имам Малик

    (р.м.) (кул экиден ашык аялга) үйлөнсө болот, анткени кул

    нике укугунда хурдун (эркин кишинин) ордунда, жада калса

    кул, кожоюндан уруксатсыз эле никеленет дейт. Бизде албетте

    кулдук, нике ниъматын (бакытын) жарым кылат, демек кул эки

    аялга гана үйлөнөт. Хур (эркин киши) төрт аялга үйлөнөт,

    эркиндик шарапатын ачыктап.

    عة فان طلق الحر احدى االربع طالقا بائنا لم يجز له ان يتزوج راب

    حتى تنقضي عدتهااالختالف الشافعى رح وهو نظير نكاح االخت فى عدة خوفيه

    Эгер эркин киши төрт аялынын бирөөсүн байын талак

    кылса анын иддасы бүтмөйүнчө төртүнчү аялга никеленбейт.

    Бул маселеде Имам Шафий (р.м.) кайчы пикирде (төртүнчү

    аялга никеленсе болот, нике үзүлгөнү үчүн дейт). Ал

    (төртүнчү) аялдын никесинин жарабаганы эжесинин

    иддасында сиңдисине никеленсе никеси болбогондой.

    قال وان تزوج حبلى من زناء جاز النكاح وال يطأها حتى تضع

    حملها

    ل وهذا عند ابى حنيفة ومحمد رح وقال ابو يوسف رح النكاح فاسد وان كان الحم

    رمة الحمل االصل لحثابت النسب فالنكاح باطل باالجماع والبى يوسف ان االمتناع فى

    وهذا الحمل محترم النه الجناية منه ولهذا لم يجز اسقاطه ولهما انها من المحلاّلت

    ق بالنص وحرمةُ الوطى كيال يسقى ماؤه زرع غيره واالمتناع فى ثابت النسب لح

    صاحب الماء والحرمة للزانى

    Имам Мухаммад (р.м.) айтат:

    “Ойноштон боюна бүткөн аялга никеленсе болот боюндагы

    баласын төрөгөнчө ага жыныстык катнаш кылбайт”. Бул Абу

    Ханифа менен Имам Мухаммаддын (р.м.) пикиринде. Имам

  • 24

    Абу Юсуф (р.м.) нике фасид (бузук) нике болот. Эгер

    ойноштон болгон баланын кимден экени теги такталган болсо

    нике батыл (бекер, жараксыз) болушу талашсыз. Абу Юсуф

    (р.м.) негизинде эле түйүлдүктүн (курсактагы баланын)

    урматынан энесине никеленүүдөн тыйылат. Бул түйүлдүктүн

    урматы бар. Себеби анда эч кандай жинаят (кылмыш) жок.

    Ошол үчүн аны түшүрүүгө болбойт. Абу Ханифа менен Имам

    Мухаммаддын (р.м.) пикирлеринде албетте ал ойноштон кош

    бойлуу болгон аял никеси адал болгон аялдардын катарында

    экенине далил (аят) менен такталган. (Никеленгенден кийин)

    жыныстык кошулуунун арамдыгы, бел суусу менен башканын

    эгинин сугарып койбос үчүн. Суу ээсинин урматы үчүн теги

    такталган (түйүлдүктүн) энесине никеленүүгө тыйылган. Арам

    иш жасагандыктан ойноштук кылган кишинин бел суусунун

    урматы жок. Ошондуктан ойноштон кош бойлуу болгон аялга

    никеленсе болот.

    فان تزوج حامال من السبى فالنكاح فاسدنه ثابت النسبال

    Туткунга түшкөн кош бойлуу аялга үйлөнсө, никеси туура

    нике болбойт. Себеби түйүлдүктүн (баланын) теги, аялдын

    жолдошунан болуп саналат.

    ج اّم ولد وهى حامل منه فالنكاح باطل وان زوَّ لو صح النكاحالنها فراش لموالها حتى يثبت نسب ولدها منه من غير ِدعوة ف

    غير لعان فال شين اال انه غير متأكد حتى ينتفى الولد بالنفى منالحصل الجمع بين الفر

    يعتبر ما لم يتصل به الحمل

    Эгер кожоюн өзүнөн кош бойлуу болгон умму валадын

    (баласынын күң энесин) башка бирөөгө никелесе никеси батыл

    (жараксыз бекер) болот. Анткени ал умму валад өзүнүн

    кожоюну үчүн төшөк, кала берсе умму валаддын баласынын,

    теги кожоюндан болуп саналат, кожоюн менин балам деп

    айтпаса да.

    Эгер нике дурус боло турган болсо, анда эки төшөк

    (кожоюндун төшөгү менен умму валадка никеленген кишинин

    төшөгү чогуу болуп калат). Бирок ошондой болсо да умму

  • 25

    валаддын баласынын теги, кожоюндун тегинен саналышы

    бекем туруктуу эмес. Каргышсыз эле бала кожоюндун баласы

    болбой да калат, кожоюн кабыл кылбаса. Демек (төшөктү)

    этибарга алынбайт, төшөк менен түйүлдүк (бала)

    туташмайынча.

    ومن وطى جاريته ثم زوجها جاز النكاحة اال ان النها ليست بفراش لموالها فانها لو جاءت بولٍد اليثبت نسبه من غير ِدعو

    عليه ان يستبرأها صيانةً لمائه

    Ким өзүнүн күңүнө кошулуп, анан аны башка бирөөгө

    турмушка берсе (күң жатынын тазаланбастан мурда) никеси

    дурус болот. Анткени ал күң кожоюнга төшөк эмес. Эгер ал

    бала төрөсө кожоюн бала меники,- деп өзүнүн тегине тартпаса

    баланын теги белгисиз болот. Бирок ошондой болсо да күң

    этек кир көрүп, жатыны таза болгончо кожоюндун күтүүсү

    милдет, өзүнүн бел суусун сакташ үчүн.

    واذا جاز النكاح فللزوج ان يطأها قبل االستبراءاُحّب له ان يطأها قبل ان عند ابى حنيفة رح وابى يوسف رح وقال محمد رح ال

    الحكم يستبرأها النه احتمل الشغل بماء المولى فوجب التنزه كما فى الشراء ولهما ان

    الشراء النه يؤمر باالستبراء الاستحبابا والوجوبا بخالفبجواز النكاح امارةُ الفراغ فال

    أها يجوز مع الشغل وكذا اذا راى امرأة تزنى فتزوجها حل له ان يطأها قبل ان يستبر

    عندهما وقال محمد رح ال احب له ان يطأها مالم يستبرأها والمعنى ما ذكرنا

    Эгер нике дурус болсо, күңдүн эри (жолдошу) күңдүн

    жатыны таза болбостон мурда, күңгө жыныстык катнаш кылса

    болот. Абу Ханифа менен Абу Юсуфтун (р.м.) пикирлеринде.

    Имам Мухаммад (р.м.) жатын таза болбостон мурда, күңдүн

    күйөөсүн ага кошулуусун жакшы иш деп санабаймын дейт.

    Себеби күңдүн жатыны кожоюндун бел суусу бош болбой

    калуу ыктымалы бар. Демек (сатып алганда) жатындын бел

    суудан таза болуусу важиб болгондой эле, мындай көрүнүштө

    да жатындын (кожоюндун бел суусунан) таза болуусу важиб.

    Абу Ханифа менен Абу Юсуфта (р.м.) албетте никени

    дурус болот деп өкүм чыгаруу (жатындын кожоюндун бел

    суусунан) бош экендигине белги. Жатынды тазалоого буюруу

    мустахабда, важибда эмес.

  • 26

    Сатып алуу, никеленүүнүн каршысында. Жатын бош эмес

    учурда сатып алса болот. Абу Ханифа менен Абу Юсуфдун

    (р.м.) пикирлеринде, бир киши бир аялдын ойноштук

    кылганын көрүп ошол аялга үйлөнүп (жатыны) таза болбостон

    мурда ал аялга жыныстык катнаш кылса адал болот. Имам

    Мухаммад (р.м.) ал аял этек кир көрүп таза болмоюнча

    эркектин жыныстык катнаш кылуусун жакшы иш деп

    санабаймын дейт. (Анткени ойноштук кылган кишинин бел

    суусунан аялдын жатыны бош болбой калышы мүмкүн). (Бул

    маселе да) биз айтып өткөн күңдүн маселесинин маанисинде.

    قال ونكاح المتعة باطله وهو ان يقول المرأة اتمتع بك كذا مدة بكذا من المال وقال مالك رح وهو جائز الن

    وابن عباس ىناسخة قلنا ثبت النسخ باجماع الصحابة رض بقى الى ان تظهركان مباحا في

    صح رجوعه الى قولهم فتقرر االجماع ىرض

    Жазуучу (р.м.) айтты: “Мутъа (убактылуу пайдаланууга)

    нике кыйса батыл (бекер жараксыз)”.

    Эркектин аялга сенден ушунча мөөнөт ушунча каражат

    берип пайдаланам деп айтуусун мутъа нике деп айтылат. Имам

    Малик (р.м.) мутъа нике болот анткени ал никеге жол коюлган

    анын өкүмүн жоюучу ачык болмоюнча өз күчүндө кала берет

    дейт. Биз сахабалардын бир бүтүмү менен мутъанын өкүмүнүн

    жоюлганы анык такталган дейбиз.

    Ибни Аббастын (р.з.) сахабалардын мутъа арам деген

    сөзүнө кайтып (аларды колдогону) туура, демек (мутъанын

    арамдыгы) ижмаъ менен бекемделген.

    والنكاح الموقت باطل مثل ان يتزوج امرأة بشهادة شاهدين عشرة ايام وقال زفر رح صحيح الزم

    العقود للمعانى لشروط الفاسدة ولنا انه اتى بمعنى المتعة والعبرة فىالن النكاح ال يبطل با

    تعة وقد والفرق بين ما اذا طالت مدة التاقيت او قصرت الن التاقيت هو المعيّن لجهة الم

    وجد

    Убактылуу нике кыюу да батыл (жарабайт).

    Мисалы: эки күбөнүн күбөлүгү менен аялга он күнгө

    никеленүү. Имам Зуфар (р.м.) убактылуу нике туура жана

    лаазим (милдет), себеби нике бузук шарттар (убакыт белгилөө)

  • 27

    менен батыл (бекер) болбойт дейт. Бизде албетте убактылуу

    нике мутъа (убактылуу пайдалануу) маанисинде болуп жатат.

    Келишим түзүүдө (сөзү эмес) мааниси эске алынат.

    Убакытты белгилеп нике кыюуда, убакыт узак болсун же

    кыска болсун айырмасы жок.

    Анткени убакыт белгилөөнүн өзү (үч ай же үч жыл деп)

    мутъа (убактылуу пайдалануу) жагын дайындайт. Демек

    никенин убактылуу экенин жүзөөгө чыгарат.

    رأتين فى عقدة واحدة واحداهما ال يحل له نكاحها ومن تزوج ام

    صح نكاح التى حل نكاحها وبطل نكاح االخرىل هما بخالف ما اذا جمع بين حرٍّ وعبٍد فى البيع النه يبطاوالن المبطل فى احد

    بالشروط الفاسدة وقبول العقد فى الحر شرطٌ فيه

    Ким эки аялга бир нике келишими менен үйлөнсө, ал

    экөөнүн биринин никеси ага адал болбосо, никеси адалдын

    никеси дурус болуп экинчисинин никеси батыл (бекер) болот.

    Себеби никени бекер кылуучу амал, экөөнүн биринде.

    Тескерисинче хур (эркин) киши менен кулду кошуп сатса

    экөөнүн тең соодасы батыл (бекер) болот. Анткени соода бузук

    шарттар менен батыл (бекер) болуп ишке ашпайт. Соода

    сатыкта (сатып алуу) келишимин кабыл кылуу, хур (эркин

    кишиде) да шарт.

    Хур киши менен кул чогуу сатылганда, сатып алуучу

    экөөнү тең кабыл кылат, же экөөнү тең кабыл кылбай кайтарат

    бирин кабыл кылып экинчисин кабыл кылбаса соода

    орундуктабайт).

    ثم جميع المسمى للتى حل نكاحها عند ابى حنيفة رح وعندهما يقسم على مهر مثليهما وهى مسألة االصل

    Анан Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде аталган калыңдын

    баары никеси адал болгон аял үчүн берилет.

    Имам Абу Юсуф менен Имам Мухаммаддын (р.м.)

    пикирлеринде, аталган калың, экөөнүн окшошунун калыңына

    карап бөлүнөт. (Мисалы: экөөнө нике кыйганда 1000 дирхам

    калың деп аталса никеси адал эмес махрамынын калыңы 2000

    дирхам, ал эми никеси адал болгон аялдын калыңы 1000

  • 28

    дирхам болсо, демек 333 дирхам жана бир дирхамдын үчтөн

    бир бөлүгү никеси адал болгон аялга берилет. Бул калыңга деп

    аталган 1000 дирхамдын үчтөн бир бөлүгү, үчтөн эки бөлүгү

    666 дирхам жана бир дирхамдын алтыдан бир бөлүгү никеси

    адал эмес аялга тиешелүү болуп ал эркектин төлөө милдетинен

    калтырат). Бул асыл (Мабсуттун) маселеси.

    ومن ادعت عليه امرأة انه تزوجها واقامت بيّنة فجعلها القاضى

    امراته ولم يكن تزوجها وسعها الُمقاُم معه وان تدعه يجامعها وفى قوله االخر وهو قولوهذا عند ابى حنيفة رح وهو قول ابى يوسف رح اواًل

    محمد رح اليسعه ان يطأها وهو قول الشافعى رح الن القاضى اخطأ الحجة اذ الشهود

    ده وهو البى حنيفة رح ان الشهود صدقة عنوكذبة فصار كما اذا ظهر انهم عبيد او كافر

    ر يستهما مالحجة لتعذر الوقوف على حقيقة الصدق بخالف الكفر والرق الن الوقوف علي

    لمنازعة بخالف طًعا لقذا ابتنى القضاء على الحجة وامكن تنفيذه باطنا بتقديم النكاح نُفّذ وا

    االمالك المرسلة الن فى االسباب تزاحما فال امكان وهللا اعلم

    Бир аял бир кишини мага никеленди деп доо кылып, күбө

    алып келсе, казы ал аялды ошол кишинин аялы деп өкүм

    чыгарат, ал киши ал аялга никеленбеген болсо да, аял эркек

    менен турууга мүмкүнчүлүк туулат да аял эркекти талап кылса

    эркек аялга жыныстык катнаш кылат. Бул маселе Абу

    Ханифанын (р.м.) пикиринде, ал Абу Юсуфдун баштапкы сөзү.

    Абу Юсуфдун башка бир сөзүндө аны Имам Мухаммад (р.м.)

    колдойт эркек ал аял менен жыныстык катнаш кылууга

    болбойт. Имам Шафийнин (р.м.) да сөзү ошондой. Анткени

    казы далилге таянып ката иш кылды. Себеби күбөлөр

    жалганчылар. Демек (казынын далилине таянып ката кылуусу)

    күбөлөрдүн кул же капыр экендиги ачык болгонго окшоп

    (өкүмдү бекер кылат). Абу Ханифанын (р.м.) пикиринде,

    күбөлөр казынын оюнда чынчыл, казынын күбөлөрдү чынчыл

    деп ойлошу далил болуп саналат, чындыктын акыйкатына

    жетүү үзүрлүү болгон үчүн. Мунун тескерисинче кулдук

    менен капырлык, анткени ал экөөн тактап билүү оңой эле.

    Эгер далилге негизделип өкүм чыгарыла турган болсо, нике

    мурда болгон деп жашыруун өкүм чыгарылып, өкүм иш

    жүзүнө ашырылат чырды токтотуш үчүн. Мунун каршысында

    (жашыруун өкүм менен иш жүзүнө ашырылбайт) жалпы

  • 29

    мүлктөрдө. (Күңдү же оокат-ашты меники деп, себебин айтпай

    сатып алдым же мураска калды дебестен доо кылып келсе

    казынын өкүмү иш жүзүнө ашырылбайт. Анткени алардын

    мүлк болуу себептеринде таймашуулар көп. (Өкүмдү

    жашыруун жүргүзүү) мүмкүн эмес. Алла Таала аныгын билет.

    باب فى االولياء واالكفاءВалилер (өкүмдү башка бирөөгө

    жүргүзүүчүлөр) жана теңдештер өкүмү

    ها ولى وينعقد نكاح الحرة العاقلة البالغة برضائها وان لم يعقد علي

    بكرا كانت او ثيباانه ال عن ابي حنيفة رح وابي يوسف رح في ظاهر الرواية وعن ابي يوسف رح

    الشافعي رح ال ينعقد ورح ينعقد موقوفا وقال مالك رح ينعقد اال بولي و عن محمد

    النكاح بعبارة النساء اصال الن النكاح يراد لمقاصده و التفويض اليهن مخل بها اال ان

    محمدا رح يقول يرتفع الخلل باجازة الولي ووجه الجواز انها تصرفت في خالص حقها

    عاقلة مميزة و لهذا كان لها التصرف في المال و لها اختيار انهمن اهله لكو وهي

    ي ظاهر الرواية ال فرق فاالزواج وانما يطالب الولي بالتزويج كيال تنسب الي الوقاحة ثم

    بين الكفو و غير الكفو لكن للولي االعتراض في غير الكفو وعن ابي حنيفة رح وابي

    كم من واقع ال يرفع و يروي رجوع محمد يوسف رح انه ال يجوز في غير الكفو النه

    رح الي قولهما

    Абу Ханифа менен Абу Юсуфдун (р.м.) пикиринде, акыл

    балыг, эрктүү аялдын никеси кыз же жубан болсун өзүнүн

    ыраазылыгы менен байланат, валиси (ага жоопкер кишиси)

    болбосо да, бул ачык риваят. Абу Юсуфдан (р.м.) болгон

    башка бир риваятта валисиз нике байланбайт. Имам

    Мухаммаддын (р.м.) пикиринде валисиз нике байланса,

    валинин руксатына токтотулат. Имам Малик менен Имам

    Шафийде (р.м.) аялдардын жетектөөсү менен негизинен эле

    нике байланбайт дешет. Себеби нике өзүн максаттарын ишке

    ашыруу үчүн негизделген. Нике келишимин аялдарга

    тапшыруу максаттарды иш жүзөсүнө чыгарууга тоскоол болот.

    Бирок ошондой болсо да Имам Мухаммад (р.м.) валинин

    макулдугу менен тоскоолдук жоюлат дейт. Валисиз нике дурус

  • 30

    болуу жолу албетте аял калыс өзүнүн акында тасарруф кылат.

    Аял тасарруф кылып башкарууга татыктуу акыл балыг болуп

    (пайда, зыянды) ажыратуучу болгондон кийин. Валисиз эле өз

    ишин өзү башкарып тасарруф кылат. (Пайда зыянды ажыратып

    акыл балыг болгону) үчүн өз мал дүйнөсүн өзү башкарып

    сарптайт. Демек өмүрлүк жар тандоого да укугу бар. Аял

    уятсыз деп аталып калбаш үчү