2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» -...

25
2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» «Өсүмдүктөр» аттуу тема мектепке чейинки балдар үчүн прогаммасында маанилүү темалардын бири. Балдар өсүмдүктөр дүйнөсүн негизги түзүүчүлөрүн, алардын түрлөрүн, өсүү этаптарын жана адамдын айлана-чөйрөнү сактоодогу ролун билиши керек. Бул бөлүмдүн максаты – өсүмдүктөрдүн өсүү процессин таанытуу. Мындан тышкары, алардын түрлөрүн окутуу: маданий, жапайы өсүүчү өсүмдүктөр, бадалдар, бактар жана бөлмө өсүмдүктөрүн кароо эрежелерин үйрөтүү. Ар бир балага өз жеринин өсүмдүктөрүн билүү зарыл, ошондуктан бул бөлүмдө балдарды өз жашаган жерлеринин фаунасы менен таанытуу максаты болгон сабактар берилген. 1-ЧИ САБАК. Сабактын максаты: с мд кт рд н маанисин йр т , бардык өү ү ө ү ү ө үү жандуулар с мд к катмарынын абалына к з каранды экендигин өү ү ө к рс т , с мд кт рг болгон кызыгын тарбиялоо, жаратылышта ө ө үү ө ү ү ө ө болуп аткан процесстерди т ш нд р . «Г» тамгасын йр т . ү ү ү үү ү ө үү Материалдар: конверт, космостун жана космонавтардын с р т , т ст үөү ү үү калемдер, с р т тартууга барак, с мд кт рд н с р тт р үө өү ү ө ү үө өү 15 УЮШТУРУУ УЧУРУ Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет. Тапочкаларын кийишет. Гигиеналык процедуралар Кыскача саламдашуу. Бул жумада «Өсүмдүктөр» темасы экенин балдарга түшүндүрүп бериңиз. Балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз. 15 МҮН. ЭРКИН ОЮН Балдар оюнчуктар менен ойношот. 5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат. Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз. Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз. 15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз. Балдардан бүгүн сабактан кийин эмне кыларын сураңыз. Балдардын күн режими жөнүндө сүйлөшкүлө. Балдар негизи канчада ойгонорун, канчада укташарын, сабакка чейин жана кийин эмне кыларын сураңыз. Балдар өзүнүн күн режимин билишерин баалагыла. 15 МҮН. «Г» ТАМГАСЫН ӨТҮҮ

Upload: others

Post on 13-Sep-2019

48 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР»«Өсүмдүктөр» аттуу тема мектепке чейинки балдар үчүн прогаммасында маанилүү темалардын бири. Балдар өсүмдүктөр дүйнөсүн негизги түзүүчүлөрүн, алардын түрлөрүн, өсүү этаптарын жана адамдын айлана-чөйрөнү сактоодогу ролун билиши керек.

Бул бөлүмдүн максаты – өсүмдүктөрдүн өсүү процессин таанытуу. Мындан тышкары, алардын түрлөрүн окутуу: маданий, жапайы өсүүчү өсүмдүктөр, бадалдар, бактар жана бөлмө өсүмдүктөрүн кароо эрежелерин үйрөтүү. Ар бир балага өз жеринин өсүмдүктөрүн билүү зарыл, ошондуктан бул бөлүмдө балдарды өз жашаган жерлеринин фаунасы менен таанытуу максаты болгон сабактар берилген.

1-ЧИ САБАК.

Сабактын максаты: с мд кт рд н маанисин йр т , бардыкө ү ү ө ү ү ө үү жандуулар с мд к катмарынын абалына к з каранды экендигинө ү ү ө к рс т , с мд кт рг болгон кызыгын тарбиялоо, жаратылыштаө ө үү ө ү ү ө ө болуп аткан процесстерди т ш нд р . «Г» тамгасын йр т . ү ү ү үү ү ө үү

Материалдар: конверт, космостун жана космонавтардын с р т , т стү ө ү ү үү калемдер, с р т тартууга барак, с мд кт рд н с р тт рү ө ө ү ү ө ү ү ө ө ү

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу. Бул жумада «Өсүмдүктөр» темасы экенин балдарга түшүндүрүп бериңиз.

Балдардын бири бирине болгон жардамдашуусун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

5 мүнөттүн ичинде оюнчуктарын жыйнашат.

Балдар оюнчуктарды сылыктык менен сурай алышарын баалаңыз. Оюнчуктарды өз ордуларына коюшун көзөмөлдөңүз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдардан бүгүн сабактан кийин эмне кыларын сураңыз.

Балдардын күн режими жөнүндө сүйлөшкүлө. Балдар негизи канчада ойгонорун, канчада укташарын, сабакка чейин жана кийин эмне кыларын сураңыз.

Балдар өзүнүн күн режимин билишерин баалагыла.

15 МҮН. «Г» ТАМГАСЫН ӨТҮҮ

Page 2: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

2 «Я смогу!»

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл тамга менен башталарын сураңыз.

«Г» тамгасын өтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз жана аны кайталаттырыңыз.

Балдардан «Г» тамгасынан башталган сөздөрдү сураңыз.

Балдарга «Г» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла.

«Г» тамгасы жөнүндө ыр окугула.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

15 МҮН. МАЕК

Сиз: - Балдар, карагылачы, бизге кат келди. Конверттин ичинде сүрөт бар экен.

Балдар Айга барган космонавтардын сүрөтүн карап жатышат.

- Бул жерде эмне тартылып турат? (Ай.)

- Булар кимдер? (Космонавтар.)

- А силер кантип билдиңер? (Балдардын жооптору.)

- Алар эмне кийип алышкан? (Скафандр.)

- Эмне үчүн космонавтар космоско скафандр кийип чыгышат? (Дем алуу үчүн.)

- Космосто аба жокпу? (Жок.)

- Эмне үчүн космосто кислород жок? Ким билет? (Балдардын жооптору.)

- Космосто кислород жок, өсүмдүктөр да өспөйт.

- Балдар силер өсүмдүктөр жөнүндө айтып берип жатпадыңар беле? Бул эмне? (Булар чөптөр,бадалдар, бактар, гүлдөр ж.б.)

- Чөптөр, бактар, бадалдар өсүмдүктөр экендигин кантип билесиңер? (өсүмдүктөрдүн тамырлары, сабактары, жалбырактары, гүлдөрү жана мөмө-жемиштери болот.)

- Балдар, өсүмдүктөр жандуубу же жансызбы? (балдардын жооптору.)

- Эмнеге аларды жандуу деп эсептейсиңер? (анткени алар өсөт, тамактанышат, дем алышат, жашашат, көбөйөт, өлүшөт…)

- Аба өсүмдүктөрдүн жардамы менен кандайча тазаланат? (Балдардын жооптору).

Өсүмдүктөр жөнүндө маалымат берүү.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

15 МҮН. ЖОМОК

www.awaytoc.com

Page 3: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 3

Өсүмдүктөр жөнүндө жомок айтып бериңиз.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулаңыз, суроолорду бериңиз.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1-10 чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

Ар кандай сандардын, ошол сандагы буюмдардын сүрөттөрүн көрсөтүп сандарды сураңыз.

Балдарды 10го чейин санаттырыңыз.

«Козу карын» аттуу манжалар гимнастикасы (манжаларды чыпалактан баштап алмак-салмак бүгүү).

15 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ

Балдар жактырган гүлдөрүн же короолорундагы бактарды тартышат.

5 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 4: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

4 «Я смогу!»

2-ЧИ САБАК

Сабактын максаты: Балдарга адамдын жашоосу жаратылыш менен тыгыз байланышта экендигин окутуу. Балдарды чын ден-соолукта болууну тарбиялоо, жаратылышты кадырдоону окутуу. Балдардын коюлган суроолорго жооп бер с н улантуу. Балдардын ой ж г рт с н,үү ү ү ү үү ү кыялдануусун жетилт . «3» санын йр т .үү ү ө үү

Материалдар: ар т ст кагаз салфеткалары, кайчы, шире ч нү үү ү ү т т кч л р.ү ү ө ө

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Саламдашуу

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Эркин оюн

15 МҮН. МАЕК

Сиз: Балдар, биз бүгүн кереметүү гүлдөр дүйнөсүнө барабыз. Аны үчүн көпөлөктөргө айланышыбыз керек.

- Карагылачы, канча кооз гүлдөр тегерегибизде.

«Жандуу-жансыз» аттуу оюн.

Жандуу жана жансыз жаратылыштын буюмдарын айтыныз, балдарга аныктоону сунуштаңыз. Жандуу жаратылышка адам, жаныбарлар,

өсүмдүктөр кирет. Жансыз жаратылышка болсо таштар, жылдыздар, тоолор кирет.

Сиз: Балдар, гүлдөр жандуу же жансыз жаратылышка киреби? Эмнеге? (Балдар жоопторун далилдешет.)

- Балдар, гүлдөрдү жөн эле үзсө болобу? (Балдардын жооптору.)

- Айланабыздагы жаратылышка кандай мамиле кылышыбыз керек? (этияттык жана урмат менен.)

15 МҮН. ТАМГАЛАРДЫ КАЙТАЛОО

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл тамга менен башталарын сураңыз.

Балдарга тамгалардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз жана аларды кайталаттырыңыз.

Балдардан ар кандай тамгадан башталган сөздөрдү сураңыз.

Балдарга ар кандай тамгалардан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

10 МҮН. ОЮН

Кооз гүлдүү талаа (ар бир колдун манжаларын чымчым кылып чогултуу керек),

www.awaytoc.com

Page 5: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 5

Көрүнөт экен ала-була (колдорду талааны көрсөтүп жаткандай жайуу).

Септик күн карама данын (эки колдун манжаларын бириктирип, бармак менен данды себелеп жаткансып манжаларды ушалоо),

Күндү өстүрдүк сонун («Күн» аттуу манжалар оюнун ойноо).

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, 15 мүнөт бөлүңүз.

Тамактануудан кийин столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

20 МҮН. КОЛГО ЖАСАЛГАН БУЮМ

Буюм «Жөнөкөй кагаз гүлү»

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ 1,2,3

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1-10 чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

3 санынын, үчтөн турган буюмдардын сүрөттөрүн (3 алма, 3 куурчак) көрсөтүңүз.

Балдарды 10го чейин санаттырыңыз.

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

3 санынын жазылышын көрсөтүңүз.

«Бир, эки, үч, төрт, беш» аттуу эсептеме.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

5 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 6: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

6 «Я смогу!»

3-ЧҮ САБАК

Сабактын максаты: балдардын с мд кт р жана б лм с мд кт рө ү ү ө ө ө ө ү ү ө ү ж н нд билимин бекемд , б лм сумд кт р н жакшы к р ,ө ү ө өө ө ө ө ү ө ү ө үү аларды ст р каалоосун тарбиялоо. «Д» тамгасын йр т .ө ү үү ү ө үү

Материалдар: «Дары с мд кт р», «Б лм с мд кт р » плакаттары.ө ү ү ө ө ө ө ү ү ө ү Темага ылайыктуу мультфильм. Сунушталган мультфильмдер: «Кызыл г л», «Желекче учуп-учуп кет» ү

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

25 МҮН. ОЮН

Сиз: Балдар бул өсүмдүктөрдү дары чөптөр деп аташат. Эмнеге? Жооп берүүнүн алдында келгиле биринчи ойнойбуз.

«Эстеп тезирээк айт» оюну

Балдар бир шеренгага тизилип турушат. Ким дары чөптүн атын туура тапса, бир кадам алдыга жылат.

Ыр окуп бериңиз. (Тиркемени караңыз).

Сиз: Бүгүн баары эмнеге ооруп калышты? Пилдин баласына, көк кытанга жана чочкого кантип жардам беребиз? Эмнеден дары жасайбыз? Кыш үчүн даярдалган чөптөр түгөнгөн, жаңы чөптөр өсө элек. Эмне ойлоп табабыз? Балдар, силер кандай ойлоп жатасыңар? (Балдардын жоопторун угуу). Мен билдим окшойт. Айланага көңүл салгылачы. Байкап билдиңерби?

Бөлмө өсүмдүктөрүнүн да дарылык касиети бар экендигин билдиңер беле? Ар бир адам ооруганда дарыканадан дары чөп сатып алып айыгат. Көбү болсо үйдө өсүп турган гүлдөр да сонун дары болорун күмөн салышпайт. Аларга алоэ, каланхоэ, каз тамак, чырмоок, зайтун жыгачы, цитрус багы кирет.

15 МҮН. АЛФАВИТ ҮЙРӨНӨБҮЗ. «Д» ТАМГАСЫ.

Бардык балдар тамганы айтып жатабы текшериңиз. Сүйлөө проблемасы бар балдарга кошумча убакыт бөлүңүз.

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл

тамга менен башталарын сураңыз.

«Д» тамгасын үйрөтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз жана аны кайталаттырыңыз..

Балдардын «Д» тамгадан башталган сөздөрдү сураңыз.

www.awaytoc.com

Page 7: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 7

Балдарга «Д» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла.

«Д» тамгасы жөнүндө ыр окугула.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

15 МҮН. МУЛЬТФИЛЬМ

Мультфильм көрүп, эң кызыктуу учурларын талкуулайбыз.

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

Тамактануудан кийин столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

5 МҮН. КЕТТИК, КЕТТИК

Кеттик, кеттик

Козу карын тергени, жаңгактарды тергени.

(Дөңгөлөктүн тегеренип жатканын колдор менен көрсөтүү.)

Козу карын теребиз,

(Сол колуңуздун муштумун козу карындын «буту» кылып көрсөтүңүз, муштумдун үстүнө оң колдун алаканын козу карындын «калпагына» окшоштуруп койуңуз.)

Жаңгактарды теребиз,

(Эки муштумду көрсөтүү – алар «жаңгактар».)

Өңгүлдөрдөн өтөбүз,

(Беш манжаны дөбө түрүндө ийүү.)

Аңгектерди буйтайбыз,

(Манжаларды ажыратпай туруп, беш манжаны ылдый каратып чуңкур кылуу.)

Түз жолдон айдайбыз.

(Манжаларды ажыратпай туруп, көкүрөктүн алдына түз коюп андан соң манжаларды бошотуп колдорду эки тарапка чоюу.)

Манжалар гимнастикасы.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Эсеп чыгаруу

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар оюнчуктар менен ойношот.

10 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет

Колдорду жууйбуз.

www.awaytoc.com

Page 8: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

8 «Я смогу!»

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 9: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 9

4-ЧҮ САБАК

Сабактын максаты: Балдардын дары ч пт рд таануу жана туураө ө ү айтуусун бекемд (5-6 т р). Алардын пайдасын жана колдонууөө ү ж н нд билимди ке ейт . ө ү ө ң үү

Материалдар: кургатылган дары ч пт рд н тутамдары, ч пт р, итө ө ү ө ө мурундун ширеси, к м ч-оюнчук. ө ө

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күндү кандай өткөргөнүн сураңыз.

Балдардан бүгүн сабактан кийин эмне кыларын сураңыз.

Аба ырайы жөнүндө сүйлөшкүлө.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

15 МҮН МАЕК

Көмөч (Сиз): Саламатсыңарбы, балдар! Мен талаалар, чабындылар, жолдор боюнча тоголонуп келдим. Көп дары чөптөрдү чогултуп келдим,

бирок алардын аттарын билбейм. Мага жардам бергилечи.

Сиз: Келгиле, көмөчкө жардам берелик, чөптөрдүн аттарын айтып берелик (Корзинадан чөптөрдү алып, балдарга көрсөтүп, аттарын айтып бериңиз).

Ыр окуп бериңиз. (Тиркемени караңыз).

Чөптөр кандай сакталарын ким билет? (Кагаз баштыкчаларда, кутуларда кургак түрүндө).

Кургатылган өсүмдүктөрдөн дагы эмне жасаса болот? (Маңыз, шире).

Туура кургатылган өсүмдүктөрдү кутуларга, баштыктарга салышат же брикет кылып пресстешет. Анан алар дарыканаларга, складдарга жеткирилет. Үйдө аларды кургак, күн тийбеген жерде сакташыбыз керек.

15 МҮН . ТАМГАЛАРДЫН ҮСТҮНДӨ ИШТӨӨ

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

Балдарга тамгалардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз жана балдардан аларды сураңыз.

Балдар менен чогуу «Г» жана «Д» тамгалар боюнча кроссворд толтургула.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

www.awaytoc.com

Page 10: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

10 «Я смогу!»

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

Столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

15 МҮН. ЖОМОК

Өсүмдүктөр жөнүндө жомок айтып бериңиз.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулаңыз. Суроолорду бериңиз.

10 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1-10 чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

Эсеп чыгаруу

10 МҮН. ФИЗМҮНӨТ

Каакым, балдар, талаада өсөт,

Жаан жааганда,

Күн тийгенде,

Каакым деген көбөйөт. (Балдар акырын өйдө турушат.)

Мына шамал келди-келди, (Балдар колдорун өйдө көтөрүп чайпалтышат.)

Каакымды жулуп кетти-кетти. (Балдар ар кайсыл жакка качышат.)

«Ак парашюттар» жерде жатты, (Балдар ылдый отурушат.)

Ордуна каакымдар өсүп калды. (Балдар жай көтөрүлүп турушат.)

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет.

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 11: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 11

5-ЧИ САБАК

Сабактын максаты: Балдарга бактар жана бадалдар ж н нд окутуу,ө ү ө с мд кт рг болгон кызыгуусун, с мд кт р д йн с н урматтоонуө ү ү ө ө ө ү ү ө ү ө ү

тарбиялоо. «Е» тамгасын йр т .ү ө үүМатериалдар: «Бактар» ж н нд кроссворд, коенек-жумшак оюнчук,ө ү ө план-схема (к пт г н кирпичтер жана таажыларынын с р тт рө ө ө ү ө ө ү менен).

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

20 МҮН МАЕК

Кайгылуу Коен балдарга жардам сураганы келет. Чочкодон кат келгендигин айтып берет. Чочко аны конокко чакырган жана үйүн таап баруу планын жиберген. Бирок Коен жалаң кирпич жана таажылар тартылып турган схеманы түшүнбөй жатыптыр. (Планды көрсөтөт.) Балдар планды карашат. Сиз болсо балдарга планды түшүнгөнгө жардамдашасыз. Кирпич – бактын схемасы, ал эми таажы бадалдын схемасы деп айтып бересиз.

«Бак же бадал экенин кантип билип жатасыңар?» - деп Коен сурайт.

Бактар бир сөңгөктүү бийик, бадалдар болсо бир нече сөңгөктүү жана жапыз болушат деп түшүндүрүп сүрөттөрүн көрсөтөсүз.

Кроссворд табуу

15 МҮН. АЛФАВИТ ҮЙРӨНӨБҮЗ. «Е» ТАМГАСЫ.

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл тамга менен башталарын сураңыз.

«Е» тамгасын өтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз жана аны кайталаттырыңыз.

«Е» тамгасынан башталган сөздөрдү сураңыз.

Балдарга «Е» тамгасынан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла.

«Е» тамгасы жөнүндө ыр окугула.

15 МҮН. ОЮН

«Туурасын танда» оюну

Бактын схемасына бактардын сүрөттөрүн, ал эми бадалдын схемасына бадалдардын сүрөттөрүн коюу керек. Коен балдарга жардам берем деп жаңылып калат. Балдар өз алдынча тууралап

www.awaytoc.com

Page 12: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

12 «Я смогу!»

коюшат.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Тамактанабыз.

Гигиеналык процедуралар

20 МҮН. КОЛГО ЖАСАЛГАН БУЮМ

«Балыкты» колго жасоо

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

20 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Эсеп чыгаруу

Өткөн темаларды кайталоо

5 МҮН. ФИЗМҮНӨТ

Биз күзгү жалбырактарбыз,

Шактарда илинип турабыз. (Балдар барактар менен тегеректеп турушат.)

Шамал болсо учабыз, (Балдар ар тарапка качышат.)

Учуп жүрө беребиз. (Балдар барактар менен булгалап отуруп туруп чуркашат.)

Шамал качан токтосо,

Жерге түшөбүз ошондо. (Балдар отурушат.)

Шамал кайра башталды,

Бизди өйдө учурду. (Балдар туруп барактарды ыргытышат.)

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет.

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 13: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 13

6-ЧЫ САБАК

Сабактын максаты: Жандуу жаратылыштын объектилеринин жана айлана-ч йр н н ортосунда болгон з ара байланышын йр т .ө ө ү ө ү ө үү Балдардын жандуу жаратылыштын объектилерин байкоосун тарбиялоо, жаратылыштын жардамга муктаж болгон объектилерине боорукердик жана жардам бер г каалоо сезимдерин тарбиялоо; с мд кт рдүү ө ө ү ү ө ү кароо машыгууларын бекемд .өө

Материалдар: кумурадагы жаман жана жакшы ск н г лд р, кагазө ө ү ө карточкалары, тамыры жайылып кеткен пияз.

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

15 МҮН. МАЕК

Сиз: - Балдар, мен бүгүн коридордон кумурадагы гүлдү таап алдым. (Жаман өскөн гүлдү көрсөтүңүз.)

- Силер мунун атын билесиңерби? (Эгер балдар билбесе, гүлдүн атын айтыңыз.)

Столго эки гүл коюлат. Балдар аларды салыштырат. Жаман өскөн гүлгө жардам керек экенин айтышат, анткени анын жалбырактары күңүрт жана солуган, топурагы кургак.

- Биздин жаңы досубузга жардам берүүнүн алдында, келгиле эстейлик, гүл – бул өсүмдүкпү? (Ооба.)

- Башка дагы кандай өсүмдүктөрдү билесиңер? (Бактар, бадалдар, чөптөр ж.б.)

- Бардык өсүмдүктөр уруктан өскөнүн билесиңерби?

- Келгиле, азыр карточкаларды колдонуп урукту жерге сепкенде эмне болорун көрөлү.

- Гүлдөр солуганда ордуна мөмө-жемиш пайда болот. Кандай мөмө-жемиштерди билесиңер? (Алма, алмурут, клюква, черника)

- Өсүмдүктөр үчүн тамырлар эмнеге керек? (Суу ичкенге керек.)

15 МҮН. АЛФАВИТ ҮСТҮНДӨ ИШТӨӨ

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

Балдарга ар башка тамгалардан башталган буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

www.awaytoc.com

Page 14: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

14 «Я смогу!»

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

Столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

20 МҮН. ПРАКТИКАЛЫК САБАК

Сиз: - Балдар, суу тамыр менен өсүмдүккө кантип өйдө барганын билесиңерби?

Тажрыйбаны көрсөтүү: кызарган суусу бар стаканга ак кездемени салуу, суу кездемеде өйдө чыга баштайт.

- Мен жерди тарттым, ал эми силер өсүмдүктүн жердин астында жана үстүндө эмне болорун тарткылачы. ( Балдар тамырларын, жалбырактары менен сабагын жана гүлдү тартышат.)

- Бардык өсүмдүктөрдүн сабагы болобу, айткылачы? ( Жок, бакта сөңгөк болот.)

- Анда азыр карточкалардан ар бир өсүмдүккө өсүш үчүн эмне керек экенин тандагыла. (Аба, күн, суу, жылуулук, сүйүү жана камкордук.)

- Биз бардыгын кайталадык, эми жаңы досубузга жардам берелик. Эмне кылабыз? (Суугаруу, жылуу сөздөрдү айтуу.)

- Эң жарык жерге биздин гүлүбүздү орноштуралык. Ар күн сайын гүлдү жакшы карайлы, эмне болорун байкайлык.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ 1,2,3,4

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1-4 чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

Ар кандай сандардын, ошол сандагы буюмдардын сүрөттөрүн көрсөтүп сандарды сураңыз.

Балдарды 20-га чейин санаттырыңыз.

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

5 МҮН. ФИЗМҮНӨТ

Бир дегенде алдыга

Колубузду сунабыз,

Эки десем көтөрүп

Какайып түз турабыз.

Үч дегенде кайра эми

Алга колду суналы,

Төрттө тегиз түшүрүп

Эс алалы, тыналы.

Бир, эки, үч, төрт

Бир, эки, үч, төрт

Бир, эки, үч, төрт

www.awaytoc.com

Page 15: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 15

10 МҮН. МАЕК

Ыр окуңуз. (Тиркемени караңыз.)

Балдар менен биздин планетабыздын жашоосунда өсүмдүктөрдүн ролу жөнүндө талкуулагыла.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 16: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

16 «Я смогу!»

7-ЧИ САБАК

Сабактын максаты: Б лм с мд кт р ж н нд окутуу. Схемалардыө ө ө ү ү ө ү ө ү ө окуганды, жалбырактарды, сабакты, г лд рд жана тамырлардыү ө ү айырмалаганды окутуу. с мд кт рд н жашоо шарттары ж н ндӨ ү ү ө ү ө ү ө билимди аныктоо. «4» санын йр т .ү ө үү

Материалдар: б лм с мд г , группадагы с мд кт рд н с р тт р ,ө ө ө ү ү ү ө ү ү ө ү ү ө ө ү « с мд кт рд н жашоо шарттары» схемасы, тамыры менен болгон жанӨ ү ү ө ү бутак, кичинекей кумура же топурагы менен йогурттун идиши, жумшартуу таякчасы, суусу менен суугаргыч, ар бир балага-алжапкыч (фартук).

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

10 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күнү эмне кылышканын сураңыз.

Балдардын бүгүнкү күндүн планын сураңыз.

Балдардын үйүндө бөлмө өсүмдүктөрү бар экенби сураңыз

Бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүү жөнүндө билимин текшериңиз.

15 МҮН. МАЕК

Балдар бөлмө өсүмдүктөр турган текчелердин маңдайына тизилип турушат.

Сиз: - Карагылачы, биздин бөлмөдө өсүмдүктөр көп. Алар имаратта, биздин бөлмөдө өсүшөт, ошондуктан бөлмө өсүмдүктөрү деп аталат. Келгиле, чогуу айтабыз: «Бөлмө өсүмдүктөрү».

Балдар сөз айкашын чогуу жана өзүнчө айтышат.

Сиз: - Биздин бөлмөдө алар жакшы өсүп жатышабы, кандай ойлойсуңар? (Балдардын жооптору.) Мен жакшы өсүшөт деп ойлойм. Бөлмөбүз жарык жана жылуу. («Өсүмдүктөрдүн жашоо шарттары» схемасын көрсөтүңүз.) Биз аларды жакшы карайбыз. Кантип карайбыз? (Балдардын жооптору.)

Туура, биз аларды суугарабыз, кумуралардагы топуракты жумшартабыз. Келгиле, өсүмдүктөрдүн бөлүктөрүн эстейли. (Балдардын жооптору.) Ооба, өсүмдүктүн сабагы, жалбырактары, гүлдөрү жана тамыры болот. (Бөлмө өсүмдүгүн көрсөтүңүз.)

Бул өсүмдүктүн сабагын ким көргөзөт?

15 МҮН. АЛФАВИТ

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

Балдарга тамгалардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз жана алардан тамгаларды сураңыз.

Балдарга ар кандай тамгалардан башталган буюмдардын, нерселердин,

www.awaytoc.com

Page 17: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 17

жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

Столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

20 МҮН. ПРАКТИКАЛЫК САБАК

Сиз: - Бөлмө өсүмдүктөрүн которуп отургузуу керек. (Бөлмө өсүмдүктөрдүн жан бутактарын жана топурагы менен идишти көрсөтүңүз.) Азыр биз бул жан бутактарды жерге отургузабыз, андан соң ар бириңер өсүмдүктү апаңарга белек кыласыңар.

Өсүмдүктөрдү белгиленген тартип боюнча отургузабыз:

- фартук кийебиз;

- алдыбызга топурагы менен кумураларды коебуз;

- таякча менен топуракка чуңкур жасайбыз;

Тамырларына зыян кылбоо үчүн тыкандык жана сактык менен өсүмдүктү чуңкурга отургузабыз;

- бир колубуз менен өсүмдүктү кармап, экинчи колубуз менен тамырларды топурак менен көмөбүз;

- өсүмдүктү суугарабыз;

- колдорубузду жууйбуз.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ 1,2,3

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

Сандардын, ошол сандагы буюмдардын сүрөттөрүн көрсөтүп сандарды сураңыз.

Балдарды 10-го чейин санаттырыңыз.

4 санынын сүрөтүн көрсөтүңүз.

Төрттөн турган буюмдардын, жаныбарлардын, оюнчуктардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз.

Балдардан 4 буюмду айтууну сураңыз.

Балдарды түгөйлөргө бөлүп, төрт оюнчукту чогултууну сураңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды куурчактар, конструкторлор, үйлөр менен ойнотуңуз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 18: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

18 «Я смогу!»

www.awaytoc.com

Page 19: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 19

8-ЧИ САБАК

Сабактын максаты: Балдардын байкагычтыгын, к л буруусун, ойөңү ж г рт с н бекемд (анализ кылуу, жалпылоо, жыйынтык чыгаруу);ү ү үү ү өө эки бакты тышкы белгилери боюнча айырмалоону йр тү ө үү (бутактардын жоондугу, ийилгичтиги, кабыктын зг ч л г жана т сө ө ө ү ү ү ү боюнча, жалбырактын формасы жана бутактагы ийнелери боюнча.)

«Ё» тамгасын йр т .ү ө үүМатериалдар: суусу бар вазадагы кайы дын, кызыл карагайдын, байң теректин бутактары, жылдын ар бир мезгилиндеги токойлордун с р тт р , идишке салынган карагайлардын ийне жалбырактары,ү ө ө ү тобурчактары, топ, жалгыз бактардын с р тт р менен карточкалар,ү ө ө ү чымчыктардын сайраганынын аудиокассетасы.

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күнү эмне кылышканын сураңыз.

Балдардан бүгүн сабактан кийин эмне кыларын сураңыз.

Аба ырайы жөнүндө сүйлөшкүлө.

Достору жөнүндө сураңыз.

15 МАЕК – ОЮН

Балдар группа бөлмөсүнө киришсе, куштар сайрап жаткан болот.

- Балдар, биз кайсыл жерге келип калдык?

- Токойго.

- Эмнеге токойго деп жатасыңар?

- Куштар сайрап жатышат жана айланабызда бактар көп.

- «Бактын атын айт» деген топ менен оюн ойнойлук.

- Бактар бири бирине эмнелери менен окшош?

- Алардын сөңгөгү, бутактары, жалбырактары, тамырлары бар.

- Биздин жергебизде силер айткан бактардын баары өспөйт. Келгиле кеттик, биздин токойдо кайсыл бактар өсөрүн көрөлүк.

15 МҮН. АЛФАВИТ ҮЙРӨНӨБҮЗ. «Ё» ТАМГАСЫ.

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла. Балдарга

www.awaytoc.com

Page 20: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

20 «Я смогу!»

буюмдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көрсөтүп, алардын кайсыл тамга менен башталарын сураңыз.

«Ё» тамгасын үйрөтүү.

Балдарга тамганын сүрөтүн көрсөтүңүз жана аны кайталаттырыңыз.

Балдарга «Ё» тамгасы бар буюмдардын, нерселердин, жаныбарлардын, аракеттердин сүрөттөрүн көрсөтүңүз (фонетикалык зарядка).

Мурунку жумада өткөн тамгаларды кайталагыла.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

20 МҮН. МААЛЫМАТ

- Кайың бак теректен эмнеси менен айырмаланат, балдар, силер билесиңерби?

- Алардын сөңгөктөрүнүн түстөрү ар башка. Кайыңдын сөңгөгү ак кара сызыктары менен, ал эми бак теректики бозала-жашыл.

- Дүйнөдө кайың жалгыз ак сөңгөктүү бак болуп эсептелинет.

- Балдар, эмне үчүн кайыңдын кара сызыктары бар? (Балдардын жооптору.)

- Кара сызыктардын жардамы менен кайың дем алат экен.

- Дагы эмнеси менен бири биринен айырмаланып турат?

- Жалбырактарына көңүл бургула. Алар окшошпу?

- Ар башка. Бак теректин жалбырагы тоголок, чети тармал, кайыңдын жалбырагы болсо кичине тиштүү.

- Келгиле, бутактарын карап чыгалык. Кармалап салыштыргыла.

- Бак теректин бутактары бекем, катуу. Кайыңдын бутактары болсо ичке, ийилчээк.

- Кайыңдын өрүлгөн чачы бар деп коюшат. Силер билесиңерби эмне үчүн ошентип айтылат?

- Шамал болгондо кайыңдын бутактары чачтай болуп өрүлөт.

- Сүрөттү карагыла, бул жерде көп кайыңдар тартылган. Мындай токой кайың токою болуп эсептелинет. Кайталагыла.

- Жалгыз бак терек өссө, бак терек токою деп айтылат. Кайталагыла.

Кайың, бак терек жана башка жалбырактуу бактар өскөн токойду жалбырактуу деп аташат. Кезек эми ийне жалбырактууларга жетти. Буларга эмне кирет?

- Карагай, кызыл карагай.

- Эмне үчүн бул бактар дайыма жашыл?

- Алардын ийне жалбырактары эч күбүлбөйт.

- Карагай жөнүндө эмне айтып бере аласыңар?

- Карагайдын үстүнкү бутактары жаш, кыска, ал эми астыңкылары кары, узун болот. Кабыгы каралжын жана бодуракай.

- Кызыл карагайдын сөңгөгү кандай болот?

- Ачык, алтын сымал. Астынкы кары бутактары куурап калышат, ошондуктан сөңгөктүн жарымы жылаңач. Кызыл карагайлар дайыма бийигирээк өсүшөт.

- Токойду аралап чарчадыңарбы? Келгиле отуруп эс алгыча карагайлардын бутактарын

www.awaytoc.com

Page 21: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 21

жана алардын тобурчактарын карап чыгабыз.

- Эмнеси менен бири бирине окшош?

- Экөөнүн тең бутактары жашыл, ийнелери бар.

- Кызыл карагайдын ийнелери узун, жумшак, ачык.

- Карагайдыкы болсо кыска, каралжын, тикенектүү.

- Кызыл карагайдын ийнелери экиден болуп өсөт, карагайдын ийнелери бирден болуп өсөт.

- Эки ар башка тобурчактарды алып, кайсыл бакка тийиштүү экенин аныктагыла. Сүрөттү карагыла. (Карагай тобурчактын сүрөтү)

- Карагай тобурчагы кандай экен?

- Сүйрү болот экен. Түрпүлөрү жумшак экен.

- Кызыл карагайдын тобурчагы жөнүндө эмнени айтып бересиңер?

- Түрпүлөрү катуу жана тоголок экен.

- Кызыл карагайдын тобурчактары эки жылда өсөт. Экинчи жылы тобурчактар бышып жетилгенде түрпүлөрү ачылат жана аларды шамал учуруп жайылтат. Уруктар түшкөн жерде кызыл карагайлар өсүп баштайт.

25 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак үчүн убакыт бар болсо, ага 15 мүнөт бөлүңүз.

Столдун үстүн жыйнайбыз. Ар бир бала өзүнүн идишин жуушка алып барсын.

Туалет

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Мурун өткөн сандарды кайталагыла.

1-10го чейин буюмдарды (оюнчуктарды) алып туруп, балдардан сизде канча экендигин сураңыз.

1,2,3,4 деген сандардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз.

Балдарды 10-го чейин санаттырыңыз

Балдарга 1,2,3,4,5,6,7,8,9,10 сандарын кубиктер менен кошууну айтыңыз.

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет.

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 22: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

22 «Я смогу!»

9-ЧУ САБАК

Сабактын максаты: Б лм с мд кт р ж н нд билимди аныктоо, 3-4ө ө ө ү ү ө ү ө ү ө т р н бил жана таануу; с мд к б л кт р н туура айтып к рс т :ү ү үү ө ү ү ө ү ө ү ө ө үү тамырын, сабагын, сабын, жалбырагын, г л н; сапты топуракка туураү ү отургузууну йр т , тыкандык менен сугаруу, б лм с мд кт р нү ө үү ө ө ө ү ү ө ү ө этият мамиле кылууну, балдардын б лм с мд кт р н ст рө ө ө ү ү ө ү ө ү үү кызыгуусун жана каалоосун тарбиялоо.

Материалдар: клеенка, фартук, кагаз идиштери, 1-2 см. жазуусу бар таякча, суугаргыч, топурагы менен чака, калактар, сууга салынган саптар, бир нече б лм с мд кт р .ө ө ө ү ү ө ү

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

15 МҮН. ЖАҢЫЛЫКТАРДЫ СУРОО

Балдардан мурунку күнү эмне кылышканын сураңыз.

Балдардын бүгүн сабактан кийин эмне кыларын сураңыз.

Аба ырайы жөнүндө сүйлөшкүлө.

Бүгүн жуманын канчанчы күнү экендигин сураңыз.

Балдардан мурунку күнү үйдөгү гүлдөрүн суугарышканбы сураңыз.

15 МҮН. ТАМГАЛАРДЫ КАЙТАЛОО

Мурунку жумаларда өткөн тамгаларды кайталагыла.

Балдарга тамгалардын сүрөттөрүн көрсөтүңүз жана балдардан аларды сураңыз.

Бир тамга менен башталган сөздөрдү сураңыз.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдар сиздин карооңузда ойношот.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак, гигиеналык процедуралар.

15 МҮН. ПРАКТИКАЛЫК САБАК

Бөлмө өсүмдүктөрүн уруктан башка эмнеден өстүрсө болот экендигин талкулоо. Саптарды кантип даярдап алуу жөнүндө баян (капталдагы жан бутактардын учунан алган жакшы).

Балдарга саптар кайсыл өсүмдүктөн алынгандыгын аныктоону сунуш кылыңыз.

www.awaytoc.com

Page 23: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 23

Бир баланы чакырып, сап кесип алуусун сунуштоо (бүчүрдүн же жалбырактын алдынан кесип алуу, саптарда 3-4 жалбырак болуусу керек).

Саптарды отургузуу жөнүндө түшүндүрүү жана көрсөтүү.

15 МҮН. ЖОМОК

Жомок айтып бериңиз.

Балдар менен жомокту, анын маанисин талкуулагыла.

25 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Эсеп чыгарабыз

15 МҮН. ГИГИЕНАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Туалет.

Колдорду жууйбуз.

Кийинебиз.

www.awaytoc.com

Page 24: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

24 «Я смогу!»

10-ЧУ САБАК

Сабактын максаты: Б л мд н алган билимди бекемд .ө ү ө өөМатериалдар: т ст барак, гуашь, жазы кисточка, калем, скотч, бакү үү жалбырактары, с р т тартканга барак. ү ө

15 УЮШТУРУУ УЧУРУ

Балдар сырткы кийимдерин чечип илишет.

Тапочкаларын кийишет.

Гигиеналык процедуралар

Кыскача саламдашуу.

15 МҮН. ЭРКИН ОЮН

Балдарды оюнчуктар менен ойнотуңуз.

15 МҮН. МАЕК

Өсүмдүктөр жөнүндө суроо бериңиз.

Өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сураңыз.

Өтүлгөн практикалык сабактар жөнүндө суроо бериңиз.

Өсүмдүктөрдүн биздин жашообуздагы ролун сураңыз.

Бөлмө өсүмдүктөрүн кароо тартиптерин сураңыз.

15 МҮН. АЛФАВИТ

Өткөн тамгаларды кайталоо.

15 МҮН. ОЮН

«Тобурчак, эмен уругу, жаңгак» аттуу кыймылды керек кылуучу оюн

10 же 10-дон ашык балдар катышат. Оюнга түз аянтча талап кылынат.

Оюнчулар үчтөн бөлүнүшөт жана колдорунан кармашып тегеректеп турушат. Алпаруучу аянтчанын ортосунда туруп «Тобурчак» деп

кыйкырганда, «Тобурчак» тобун түзгөн балдар ордуларын алмаштырышы керек. Бул учурда алпаруучу да орун алганга аракеттениши керек. Орун ээлеп калса, анда ал «Тобурчак» болуп калат, ал эми орунсуз калган бала алпаруучу болуп оюнду улантат.

«Жаңгак!», «Эмен уругу» деген команда болсо, ошол топтордун оюнчулары орун алмашышат. Оюндун кызуу маалында «Тобурчак, жаңгак,эмен уругу!» деп команда берсе болот. Анда бардык оюнчулар орун алмаштырат.

15 МҮН. ТҮШКҮ ТАМАК

Түшкү тамак, гигиеналык процедуралар

20 МҮН. ОЮН

«Коендун пирогу» оюну

6-8 бала ойнойт. Ар бир бала бир бактын жалбырагын алат, мисалы, кайыңдын, теректин, эмендин. Бир оюнчу коенек болот, анын

www.awaytoc.com

Page 25: 2-ЧИ БӨЛҮМ: «ӨСҮМДҮКТӨР» - awaytoc.comawaytoc.com/images/preschool/lp_02_kg.pdf(Дем алуу үчүн.) - Космосто аба жокпу? (Жок.) - Эмне

«Я смогу!» 25

жалбырагы жок. «Коенек, пирог бышырчы» деп балдар айтышат.

Коенек колунун алаканын өйдө каратып тизелеринин үстүнө коет, бул пирогдун ылдыйкы сырты. Анан кийин бардык балдарды кезек менен сурайт: «Ичине эмне салайын?»

Балдар өзүнүн жалбырактарын айтышат да колдорун жалбырагы менен кошо пирогдун сыртынын үстүнө коюшат.

«Коенек, бизге пирог берчи!»

Кайсынысын берейин? - деп коенек бир баладан сураганда, ал жалбырагынын атын туура айтышы керек. Коенек ар бир баланы кезеги менен сурайт. Эгер оюнчу жаңылып калса, оюндан чыгып калат.

15 МҮН. МАТЕМАТИКА САБАГЫ

Эсеп чыгарабыз

15 МҮН. СҮРӨТ ТАРТУУ

Токой, гүлдөр талаасын же өз бакчасын тартуу

15 МҮН. САБАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

Сабактын жыйынтыгы. 3, 4 сандарын жана «Г», «Д», «Е», «Ё» тамгаларын кайталоо.

www.awaytoc.com