Бейиш - nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам...

16
Бейиш туура жолду танда №9 (18) 24.09.2014 Кыргызстан Ислам Университети КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН КООМ – КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН ЧЫГА АЛБАЙТ 8-БЕТ КУРМАН АЙТ КУБАНЫЧТЫН МАЙРАМЫ Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын. Оболу, ааламдардын жаратуучусу Алла Таалага мактоо, Анын акыркы пайгамбары Мухаммадга салам жана дуба айтамын. Андан соң, Алланын буйругун аткарып, пайгамбардын жолу менен жүр- гөн бардык мусулман бир туугандарымды алдыбызда келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктаймын. Курман айт, курмандык чалуу, бул күндөрдөгү ибадаттар тууралуу ай- туудан мурда бул айдын башталуусуна жана анын артыкчылыктарына ток- толо кетели. Алгачкы он күн. Зул хиджа айынын онунчу күнүнөн баштап, андан кийинки үч күн кур- мандык күндөрү болуп эсептелет. Ага чейинки он күндүн да динибизде өзүн- чө орду бар. Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Башка амалдарга караганда мына ушул он күндө аткарылган амалдар Алла Таалага абдан жагымдуу болот» – деп айтат. Ошондо сахабалардын бири: Башка учурда аткарылган Алла жолундагы жихад да буга жетпейби? – деп сурайт. Пай- гамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Ооба, башка учурда- гы жихад да бул күндөрдөгү ибадатка тең келе албайт. Бирок, бүтүндөй мал-жаны менен жихадга чыгып, андан кайра кайтпай калган адамдын жихады гана тең келе алат» – деп жооп берет. Бул хадисти имам Бухари жана Имам Муслим жазып калтырган. Ушундай эле маанидеги экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Алла Таа- ла үчүн мына ушул он күндөн өткөн баалуу күн жок жана бул күндөрдөгү амалдарды Ал абдан жакшы көрөт. Ошондуктан бул күндөрдө тахлил, (ке- лиме) такбир (Аллаху Акбар), жана тахмидди (Алхамду лиллаа) көбүрөөк айткыла!» – деп буйруган. Бул хадисти Имам Ахмад хадистер жыйнагында жазып калтырган... Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишъкър Нарматов 12-БЕТ

Upload: others

Post on 24-Oct-2020

8 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

Бейиштуура жолду танда

№9 (18) 24.09.2014 Кыргызстан Ислам Университети

КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

КООМ – КЫЙЫНЧЫЛЫКТАН

ЧЫГА АЛБАЙТ

8-БЕТ

КУРМАН АЙТ КУБАНЫЧТЫН МАЙРАМЫ

Мээримдүү жана Ырайымдуу Алланын аты менен баштаймын.Оболу, ааламдардын жаратуучусу Алла Таалага мактоо, Анын акыркы

пайгамбары Мухаммадга салам жана дуба айтамын. Андан соң, Алланын буйругун аткарып, пайгамбардын жолу менен жүр-

гөн бардык мусулман бир туугандарымды алдыбызда келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктаймын.

Курман айт, курмандык чалуу, бул күндөрдөгү ибадаттар тууралуу ай-туудан мурда бул айдын башталуусуна жана анын артыкчылыктарына ток-толо кетели.

Алгачкы он күн.Зул хиджа айынын онунчу күнүнөн баштап, андан кийинки үч күн кур-

мандык күндөрү болуп эсептелет. Ага чейинки он күндүн да динибизде өзүн-чө орду бар. Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Башка амалдарга

караганда мына ушул он күндө аткарылган амалдар Алла Таалага абдан жагымдуу болот» – деп айтат. Ошондо сахабалардын бири: Башка учурда аткарылган Алла жолундагы жихад да буга жетпейби? – деп сурайт. Пай-гамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Ооба, башка учурда-гы жихад да бул күндөрдөгү ибадатка тең келе албайт. Бирок, бүтүндөй мал-жаны менен жихадга чыгып, андан кайра кайтпай калган адамдын жихады гана тең келе алат» – деп жооп берет. Бул хадисти имам Бухари жана Имам Муслим жазып калтырган. Ушундай эле маанидеги экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Алла Таа-ла үчүн мына ушул он күндөн өткөн баалуу күн жок жана бул күндөрдөгү амалдарды Ал абдан жакшы көрөт. Ошондуктан бул күндөрдө тахлил, (ке-лиме) такбир (Аллаху Акбар), жана тахмидди (Алхамду лиллаа) көбүрөөк айткыла!» – деп буйруган. Бул хадисти Имам Ахмад хадистер жыйнагында жазып калтырган...

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишъкър Нарматов

12-БЕТ

Page 2: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 БУЛ ЖУМАДА ЭМНЕ КЕП?

Бул жумада эмне кеп?

Ата мекенде

3-сентябрь күнү Кыргызстандагы Сауд Аравия падышачылыгынын консулу Султан На-сыр Аль-Утейди жана анын консулдук кызматы быйылкы ажылык сапарга зыяратка кетип жа-тышкан атуулдарыбыздын алгачкы документте-рин виза ачуу үчүн кабыл алышты.

“Быйылкы жылы Кыргызстан үчүн 3685 квота бөлүнгөн болсо, 3685 адамга гана виза ачы-лат. Бул көрсөтүлгөн сандан тышкары Королдук чакырык менен 20 адамга виза берилет” - деп баса белгиледи консул Султан Насыр Аль-Утей-ди мырза.

КМДБ нын билдирүүсүнө караганда ажылардын алгачкы тобу 8-сентябрда Бишкек шаарынан, 9-сентябрда Ош шаарынан учуп ке-тет. Ажыларды ташуу жыйырма күнгө, тагыраак айтканда, 28-сентябрга чейин уланмакчы.

Парламентте хижаб кийүү укугун бузган мектеп директорлорун камоо сунушталды

КСДП партиясынын депутаты Төрөбай Зулпукаров, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин жы-йынында мектептерде диний кийим болгон хи-жабды кийүүгө тыюу салган мектеп директорло-рун камоо сунушун көтөрүп чыкты.

- Окуучуларга мектеп формасын кирги-зүүдө адамдардын кызыкчылыгы менен укукта-ры эске алыныш керектигин айтып 20 депутат кайрылуу жасады.

Ар бир бала татыктуу социалдык жа-шоого жана жеке пикирин билдирүү укугуна ээ. Бул кызыкчылыктар туулгандан баштап эле кор-голууга тийиш”- дейт Зулпукаров.

“Элге биз өзүбүз диний эркиндик берген соң, диний кийимдерди кийүүгө тыюу салган ар бир директорго прокуратура тарабынан кылмыш ишин козгоо керек”- деп билдирет депутат.

АаламдаБыйыл 2,000,000 мусулман

ажы амалын аткаратБул маалыматты Arabnews сайты билдир-

ди. Маалыматка ылайык, бул жылы ажылык зыя-ратка келүүчүлөрдүн 1,3 миллиону чет өлкөлүк-төр. Алардын көпчүлүгүн, тагыраак айтканда, 410 000ге жакынын Түштүк Азиялыктар, андан кийин араб өлкөлөрүнөн келүүчү 250 000 киши түзмөкчү. Алардын ичинен Индонезия жана Малайзия мамлекеттери кирген Түштүк Чыгыш Азиядан 228 000, Түркия жана Европа өлкөлөрү-нөн 190 000, Африкадан 170 000, Ирандан 63 000 зыяратчы келүүсү күтүлүүдө.

Чехияда мектептеги окуучу кыздар хижаб кийишет

Чехиянын билим берүү министри Мар-цел Хладек орто мектептерде окуган кыздардын хижаб кийүүсү эч кандай көйгөй жаратпастыгын кабарлады. “Мусулман кыздардын хижаб кийип мектепке келүүсүнөн эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун”- дейт министр, жергиликтүү те-леканалга берген маегинде. “Бирок, паранжа ме-нен бетин жаап алуу кайсы бир деңгээлде кооп-туу, кыздар бетин ачык алып жүрүүгө тийиш, кыздардын кийими бетин бекитпөөсү керек”- деп кошумчалады Хладек.

Малайзияда стюардессалар-дын хижаб кийүүсү сунушталууда

Бириккен Малай Улуттук Уюму (UMNO) саясий партиясынын мүчөлөрү Малайзиядагы эң алдыңкы аба каттамы болгон Malaysia Airlines компаниясын стюардессаларына хижаб кийүүгө уруксат берүүгө жана бортко алкоголдук ичим-диктерди киргизүүгө тыюу салууга чакырды.

“Биз Malaysia Airlines (MAS)тин жетек-чилигинен мусулман-стюардессалардын хижаб жана авретин бекиткен униформа кийүүсүнө уруксат берүүсүн, керек болсо, милдеттенди-рүүсүн сунуштап жатабыз”- дейт UMNO пар-тиясынын жаштар канатынын лидери Дазма

Шах Дауд Malay Mail Online маалымат каража-тына берген интервьюсунда.

UMNOнун диний бюросунун төрагасы Азмир Юзайми Мухаммад Юнус малайзиялык авиакомпаниянын бортуна алкоголдук ичимдик-терди киргизүүнү токтотууну жана ар бир сапар-га чыгаардан мурун экипаж мүчөлөрүнүн баары чогулуп дуба кылып туруусун сунуштады.

Мындай пикир малайзиялык эки ири учактын кыйрап жана жүздөгөн адамдын өлүмгө учуроосунан улам сунушталгандыгы айтылууда. Кээ бир малайзиялыктар бул каргашалуу окуялар Алланын кандайдыр бир деңгээлдеги жазасы деп түшүнүшүүдө.

Islamjolu.kg

Индияда 18 жаштагы Мангли Мунда аттуу кыз жолбун итке турмушка чыкты.

Динсиздиктин жеткен чегин далилдеген окуя жакында Индияда болуп өттү. 18 жаштагы кыз итке турмушка чыкканын чет элдик басыл-малар жазып чыгышты. Алардын айтымында күйөө болуучу ит үлпөт тойго унаада алынып келинген жана аны тургундар кыйкырык-сүрөөн-дөр менен тосуп алышкан.

Кыздын итке турмушка чыгуусу айылда-гы аксакалдар кеңеши тарабынан кабыл алынган. Алардын ишениминде мына ушул жөрөлгө кыз-га, анын үй-бүлөсүнө жана айылга жетүүчү жа-мандыктардан сактап калат имиш. Эгер кыз итке турмушка чыкпаса, анын башына балээ түшөрү эскертилген. Мангли Мунда бир нече айдан ки-йин гана чыныгы эркек адамга турмушка чыга алат. Ага чейин кыз үй жаныбарына кам көрүшү керек экен.

Бул окуяга оюн билдирген Мунда: «Буга чейин жаман сөз, каардуу каргыштан сактануу үчүн кыздардын итке турмушка чыгышканын жана алар азыр бактылуу жашап жатышканын кошуналарыбыз айтып келет», - деп билдирген. Тообо.

2

Page 3: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 ТАРБИЯ 3

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Му-хаммад пайгамбарыбызга салам-ду-балар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, бу-лардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үй-дүн түркүгү аял заты. Ошондуктан

улуу сөздө "Эне – бул, мектеп" деп айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыйман-дуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А баш-калар аял затын оңдой албайт. Бир макалда "Аялдар туз сыяктуу. Аны

менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даа-мына келтире албайсың" деп айты-лат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учур-дан баштап берүү зарыл? Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каала-ган эне тарбияны бала төрөлө элек-те баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

1. Эне көбүрөөк Куран окуш ке-рек. Эгер окуй албаса окулган Ку-ранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акыл-дуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.

2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Иба-дат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсакта-гы бала да эс алып, жакшы жетилет.

3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Не-гизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жа-шаса, бала да ошончолук тынч, оор

басырыктуу болот. 4. Болочок ата менен эненин ор-

тосунда бири-бирине мээрим төгү-лүп туруусу керек. Айрыкча эне баш-калардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.

5. Эне таза эмес (арам) тамактар-дан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону ме-нен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийги-зет.

6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.

7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү ай-тып туруусу зарыл.

Мына ушул сыяктуу жакшы иш-тер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кы-луу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Токон Жээнмырзаева, ардак-туу эс алууда.

(Уландысы бар)

Бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага мактоолор, сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)га салам салаваттарыбыз болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)дын хадисинде айтылат: «Сен аалым бол, же илим талап кы-луучу бол, же алардын кызмат-чысы же жок эле дегенде аларды жакшы көрүүчү бол, андан баш-ка адам боло көрбө, халак боло-суң (өлөсүң)»

Куранда болсо: «Аллах Таала жүрөктөрдү ээлеген сырларды билүүчү» - деп айтылат. Демек кимдин жүрөгүндө канчалык Ал-лага, динге, акыйкатка талап бар ошого жараша Алла хидаят (туура жол) көрсөтөт. Илим берет жана динге кызмат кылдырат. Алла Таала адамдардын өңү-түсүнө, байлыгына, бийлигине акылы-на, илимине, күчүнө, тегине ж.б. карабайт. Жүрөгүндөгү талабы-на карайт. Абу Лахаб Пайгамба-рыбыз (с.а.в.)дын жакын абасы (атасы менен бир тууган) болгон. Меккелик, Каабага үйү жакын, Пайгамбарыбызга кошуна эле. Курайш бийлеринин бири, колун-да байлыгы, бийлиги болуп эл ичинде кадыр-баркы, даражасы жогору эле. Өзүнүн жакын иниси Мухаммад (с.а.в.)ды эрчүү менен көп жакшылыкка жетмек. Бул

дүйнөдө да, акыретте да даража-сы бийик болмок. Бирок жүрөгүн-дө талаптын жоктугунан кандаш иниси болгон Мухаммад (с.а.в.)га колдоо көрсөтмөк тургай, Пай-гамбарыбызга пайгамбарлык мил-дет берилгенден кийин исламдын эң биринчи душманы болуп чыга келди. Аялы экөө пайгамбарыбыз (с.а.в.)га канчалык кордуктарды көрсөттү, көңүлүнө, денесине канча азар беришти. Алгачкы са-хабаларды аёсуз жазалагандардын бири болду. Анын күнөөсү үчүн Алла Таала аны Куранда каргыш-тады: «Абу Лахабтын колу куру-сун, аныгында анын колу куруду». (Масад, 1-2-аяттар). Өтө кор бо-луп өлдү. Анын өлүгүнүн сасык жытынан балдары да жийркенип, эптеп сүйрөп бир чункурга алып барып көмүп, таш менен басты-рып коюшту. Эми Исламга чейин-ки убакта Абу Лахабка салыштыр-малуу Билил Хабаший (р.а.) ким эле? Канча ата бабаларынан бери кулдун тукуму, өзү да буюм ката-ры колдон-колго өтүп келип, акы-ры Меккелик ак сөөктөрдүн бири, жеткен наадан Умаййа бин Ха-лафтын кулу болчу. Денеси кара, эриндери дөрдөйгөн, көзү кызар-ган, өңү куник (серт) эч ким тоот-погон, кара курсактын гамы менен гана жашаган бир бечара кул эле.

Пайгамбар (с.а.в.)дын дааватын угуп жүрөгүндө талап пайда бол-ду. Аллах Таала анын жүрөгүн ыйман нуруна бөлөдү. Анын му-сулман болгонун уккан ырайым-сыз Умаййа бин Халаф болуп көрбөгөндөй таш боордук менен азаптап аны исламдан чыгаргы-сы келди. Жүрөгү ыйманга толгон Билал (р.а.) мээ кайнаткан ысыкта берилип жаткан азаптарга карабай эси оогончо Аллаху Ахад (Алла Жалгыз) деп кайталап жатты. Бир нече күндүк кыйноодон кийин Абу Бакр Сыддык (р.а.) аны ын-сапсыз Умаййа бин Халафтан өтө чоң баага сатып алып, кулдуктан бошотуп эркиндике чыгарды. Ал-бетте бул Абу Бакр (р.а.) малы ме-нен, Билал (р.а.) жаны менен кыл-ган алгачкы курбанчылыктары эле. Алла Таала алардан ыраазы болсун. Балким бул курбанчылык-тар Алла Тааланын кийинчерээк бул заттарга берилчү чоң дара-жалардын, жакшылыктардын ал-дындагы сыноолору болчу. Алла Таала Билал (р.а.) даражасын кө-төрүп аны Пайгамбарыбыздын азанчысы кылды. Билалдын (р.а.) бутунан чыккан дабышты Пай-гамбар (с.а.в.)га бейиштен угуз-ду. Жүрөгүндөгү исламга болгон талаптын себебинен Билал (р.а.) кандай жогорку даражага жетти.

Былтыр бир Бангладештен келген дааватчы таксырдын Абу Лахаб менен Билал (р.а.)ну салыштырып айткан диний баянын уктум эле, ошондо аябай таасирленген элем ошонун негизинде ушул макала-ны жазып жатам, албетте ал киши көз жашын агызып жатып айткан-дай жаза алганым жок. Алла ал кишиден да ыраазы болсун. Ур-маттуу окурман Алла Таала сизге да, бизге да ислам талабы менен жашоону насип кылсын.

Султан Ислам

ЖҮРӨК ТАЛАБЫ

БОЛОЧОК ЭНЕГЕ БОЛУМДУУ НАСААТ

Page 4: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 БИЛИП АЛ

«КЫРК ХАДИС» ЖАНА АНЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮОн биринчи хадис: пайдалуу

иштер менен алек болуу

Абу Хурайра (Алла андан ыраа-зы болсун) кабарлаган хадисте, Ал-ланын элчиси (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айтты: “Пайдасы жок иштер менен алек болбогон мусулман – мыкты мусулман”. (Тирмизи, Ибн Маажа).

Хадистин мааниси: Бул хадис кыска болгону ме-

нен диндеги адеп-ахлакты толук өз ичине камтыйт. Адамдын, айрык-ча мусулман адамдын пайдасы жок иштерге кийлигишүүсү чоң жоготуу болуп эсептелет. Адам баласы Жа-раткан тараптан берилген убакытты туура пайдаланууга тийиш. Антпесе эртеби-кечпи өкүнүч болбой кой-бойт.

Хадистен алына турган сабактар:1. Тынчтык жана бейпилдик.

Ислам дини адамдарды тынч-тыкта, бейпилдикте жашоого чакы-рат. Белгилүү болгондой, бирөөлөр-дүн ишине, айрыкча өзүнө тиешеси жок учурда кийлигишүү уруш-та-лашка алып келет. Ар ким өз жолу менен, өз жумушун кылган учурда гана коомдо тынчтык болот.

2. Убакыт текке кетет. Биз аткарган амалыбыз, өткөр-

гөн мүнөттөрүбүз жана сүйлөгөн сөздөрүбүз үчүн жооп беребиз. Эгер айланадагы ар кандай иштерге кий-лигише берсек, алтындай болгон убактыбызды кантип жоготуп алга-ныбызды билбей калабыз. Бир жолу сахабалардын бири дүйнө салганда, бирөө пайгамбарыбызга кайрылып: - Бул адамдын бейишке кирери сизге белгилүүбү? – деп сурайт. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Алланын са-лам-салаваты болсун):

- Сен аны кайдан билесиң, бал-ким ал өзүнө тиешеси жок болгон сөздөрдү сүйлөп койгондур, же ма-

лынан зекет-садакасын чыгарган эмес болуусу да мүмкүн – деп жооп берген.

3. Керексиз нерселерден алыс болуу такыба жана илимдүү бо-лууга шарт түзөт.

Жогоруда айтылгандай, керек-сиз иштерден алыс болгон адамдын убактысы кенен болот жана пай-далуу иштерди аткарганга жетише алат. Мындан сырткары пайдасыз иштерге аралашпаган адамга такыба болуу да жеңил. Анткени, пайдасыз сөздөр, ушак-айыңдар адамдын жү-рөгүн карартып, ибадат кылуудан алыстатат.

Имам Малик минтип жазат: - Сиздин даражаңыздын бийик

болуусуна эмне себеп болду? – деп, Улукман акимден сурап калышты эле, ал:

- Чынчылдык, аманатка бек бо-луу жана пайдасыз иштерден баш тартуу -деп жооп берди.

4. Пайдасыз иштерден сакта-нуунун жолу.

Адам баласы ар дайым кандай-дыр бир иш менен алек болуп ту-руусу керек. Эгер адам бош калса ар кандай жаман иштерди жасоосу мүмкүн. Ошондуктан мусулман пен-де өзүнө жана коомуна пайдалуу иш менен алектенүүсү зарыл. Баш-каларга жакшылык кылууга аракет кылуусу керек, эгер жакшылык кыла албаса, анда жамандык кылуудан сактануусу зарыл. Жараткан Алланы эстеп, Ага ибадат кылуу менен алек болуусу лаазым. Алла тарабынан берилген өмүрдүн өтө кыска экен-дигин, мүнөт сайын ал кемип бара жатканын ар дайым эстеп туруусу зарыл. Мына ошондо гана анын пайдасыз иштер менен алек болууга убакыт табылбай калат.

Бүбүназира Канат кызы

Жалган тообанын жамандыгыУрматтуу туугандар! Келгиле

бүгүн кечирим кербенине отуруп, тооба шаарына сапарга чыгалы. Эй, Алланын пенделери! Эй, өзүнө-өзү зулумдук кылган пенделер. Качанга чейин күнөө деңизинде чөгүп жүрө-бүз, качанга чейин адашуу көлүн ке-чип, качанга чейин каалоо, азгырык дарыясында чабак урабыз?!

Алла Таала айтып жатат: «Айткын! (Оо, Мухаммад) "Эй өз жандарына зыян кылган пенделерим, Алланын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Чын-дыгында, Алла күнөөлөрдүн баа-рын кечирет, анткени Ал Кечирүүчү жана Ырайымдуу». (Зумар, 53-аят). Ооба, Алла Таала - Кечирүүчү. Ал күнөөлөрдүн баарын кечирет. Чоң күнөөлөрдү да, кичинесин да кечи-рет. "Мен тоодой болгон күнөөлөрдү

кылдым, канча жылдан бери күнөө-гө малынып келе жатам, эми Алла Таала мени кечирбейт" - деп Алла-нын ырайымынан үмүт үзбөгүн! Алла Таала - Кечирүүчү, кечиргенди жак-шы көрөт. Бирок, бир шарт менен, ал шарт тооба кылуу. Аллага кайтуу. Чын жүрөктөн тооба кылуу. Чын жү-рөк менен тооба кылсаң, Алла Таала кабыл кылат. Күнөөлөрүңдүн баары-сын жууп кетирет. Чыныгы тообаны кабыл кылат, жалган тообаны кабыл кылбайт. Бүгүн тооба кылдым деп, эртең баягы эле тас кейпиңе түшсөң, анда бул тооба эмес. Көптөгөн адам-дар тооба кылат, бирок алардын азы гана өздөрүнүн тообасында чынчыл, бекем боло алышат.

Сөзүм куру болбосун үчүн бир окуяны саймедиреп берейин. Ман-сур бин Аммар деген аалым айтат:

Менин бир досум бар эле, ал көп кү-нөөлөрдү кылды, бирок кийин тооба кылып, күнөөдөн кайтты. Мен аны Аллага сыйынуучулар, намаз окуу-чулар, орозо туткандар менен чогуу жүргөнүн көп көрчү болдум. Анын көп ибадат кылганын, тахажжуд на-мазын окуганын көрөөр элем. Ко-кустан, аны бир канча күн көрбөй калдым. Мага: ал ооруп калыптыр - деп айтышты. Үйүнө зыярат кылуу үчүн барсам, кызы чыгып: - атам ооруп жатат, жанына эч кимди кир-гизбе деп суранган – деп мени үйгө киргизүүдөн баш тартты. Мен ата-сынын досу экенимиди айтып, дагы бир жолу кирүүгө уруксат сурадым. Ал атасына кирип чыкты да, мага ки-рүүгө уруксат берди. Кирсем оорулуу короодо, төшөктө жатыптыр. Жүзү капкара болуп кетиптир, көзүнөн жаш агып жатат, эриндери көгөрө шишип, салаңдап калыптыр. Мен анын мындай кебетесин көрүп кор-куп кеттим. Анын өлүмгө жакындап калганы жүзүнөн билинип турду. Мен ага: - досум, Лаа илааха иллал-лах деп көбүрөөк келме айтыңыз – дедим. Менин үнүмдү угуп, көздөрүн ачты, бирок сүйлөй албастан эсинен танып калды. Бир аздан кийин кайра өзүнө келди. Мен ага: келмени көбү-рөөк айтыңыз – деп кайталадым. Ал дагы эле тил күрмөй албады. Мен ага бир аз жакындап келмени кайталап олтурдум: лаа илааха иллалаах, лаа илааха иллалаах. Кокустан ага тил бүтүп сүйлөй баштады. Бирок, мен күткөндөй келмени айтпастан, кай-ра мага кайрылып: - ээ, досум, мага бул келмени айтып убара болбо, аны айтуудан менин тилим тыйылып кал-

ган – деди. Оозума кеп кирбей кал-ды, кантип эле жапжакшынакай сүй-лөп жаткан адам, эки ооз келмени айта албасын? Менин оюмду бузуп, ал арманын айта баштады: - досум, мен Алла үчүн бир да амал жасаба-дым. Менин окуган намазым, туткан орозом, баары элдин сөзүнөн сакта-нуу үчүн эле. Мен эл бар жерде гана ибадат кылчумун, эл көзүнөн оолак-таганда баягы эле күнөө эшигине ки-рип кетчүмүн. Өзүң көрүп тургандай мындан мурда да эки жолу ушундай оорууга чалдыккам. Анда колума Куранды кармап, андагы аяттарды окуп, Аллага дуба кылганымда, ал оорума шыпаа берген. Бирок, айык-канымдан кийин Алланы унутуп, шайтандын жолуна түштүм. Кайра күнөөгө баттым. Мына эми үчүнчү жолу жыгылдым. Бул жолу Куранды колума кармасам, тамгалары көзүмө көрүнбөйт. Келме айтууга тилим кү-мөлбөйт.

Досум сөзүн токтотуп, бир азга тынчып калды. Анын жүзүнөн эм-негедир дагы тооба кылууга, кайра туура жолго кайтууга кызыкпагандай түрү көрүнүп турду.

Туугандар! Тооба кылууга ша-шылалы, чын жүрөктөн тооба кыла-лы! Кекиртекке өлүм келгенде тооба эшиги жабылып калат, бул учурда тооба кыууну кааласак да, кеч болот. Андыктан, эртерээк ойгонолу, эрте-рээк ойлонолу…

Максат Иброхим, Каир шаары, Ал-Азхар университети

4

Page 5: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 ИШЕНИМ

Бейишке байлардан мурун кедейлер киришет

Абдуллах бин Амр кабарла-

ган хадисте, пайгамбар : “Кыя-

мат күнү мухажирлердин (Меккеден Мадинага кө-чүп келген мусулмандар) кедейлери байларынан кырк жыл мурун бейишке кирет” - деп айткан.

Башка бир хадисте бул кедейлердин бейиш-ке мурда кирүүсүнө, алар-дын жихад кылуусу жана эсеп-кысап бере турган мал-мүлкү жок болгондугу себеп болот деп айтылган. Абдулла бин Амр айтат: бир жолу пайгамбарыбыз

мен-ден: “Менин үммөтүмдөн бейишке биринчи кире турган топту билесиңби?” – деп сурап калды. Мен: “Алла жана Анын элчиси билет” – деп жооп бердим. Пайгамбарыбыз: “Бейишке мухажирлердин кедейле-ри биринчи кирет, алар кыямат күнү бейиштин дарбазасына келип, анын ачылуусун талап кылы-шат, ошондо кароолчу-лар: “Силер эсеп-кысаптан өттүңөрбү?” – деп сураш-канда, алар: “Биз эмне үчүн суралабыз, биз Алла жолунда кылычтарыбыз ийиндерибизден түшпөй,

ошол абалда көз жумган адамдарбыз” – деп жооп беришет. Кароолчулар дарбазаны ачышат да алар, башкалардан кырк жыл мурда кирип кети-шет” - деди. (Мустадрак, 2389).

Усама бин Зайд кабарлаган

хадисте, пайгамбарыбыз : “Мен

бейиш дарбазасынын жа-нында турдум, ага кирген-дердин көбү кедей-кемба-галдар экен, байлар болсо эсеп-кысапка тартылып, суралып жатышыптыр, ал эми тозок ээлери тозокко киргенге буюрулуптур” - деди. (Бухари, 5196).

Жогоруда айтылган ха-дистин биринде бейишке кедейлер байлардан кырк жыл мурун кирет деп ай-тылган. Башка бир хадисте болсо беш жүз жыл мурун кирет деп айтылган. Бул хадистерди имам Куртубий мындайча чечмелейт: Ый-ман жана ыйманга келүү жа-гынан кедейлерде да, бай-ларда да айырмачылыктар бар. Эгер убакыт жагынан бейишке биринчи кире тур-ган кедейлер менен акыркы кирүүчү байлардын орто-сундагы мөөнөттү санасак, анда беш жүз жыл болот. Ал эми бейишке акыркы ки-рүүчү кедей менен биринчи

кире турган байдын убакыт аралыгы кырк жыл болот.

Бейишке биринчилер-ден болуп кирүүчү үч түр-дүү адам тууралуу

Абу Хурайра кабарлаган

хадисте, пайгамбарыбыз : “Мага

бейишке эң алгачкылар-дан болуп кире турган үч түрдүү адам көрсөтүлдү. Алар – шейит болгон адам, абийирдүү, өзүн жаман жолдон сактаган адам жана Аллага ибадат кы-лып, кожоюнуна насаат айткан кул” - деди. (Тирми-зи, 1642).

Күнөөкөр мусулман-дардын бейишке кирүүсү

Абу Сайид кабарлаган хадис-те, пайгамбарыбыз

: “Тозок-тогу тозок ээлери өлүш-пөйт да, тирилишпейт, би-рок тозоктун оту аларды кылган күнөөлөрү үчүн куйкалап өлтүрүп, алар күл болуп калышканда, колдоого уруксат бери-лет, анан аларды топ-топ кылып алып келишип, бейиштин дарыяларына киринтишет. Анан “Оо, бейиш ээлери, аларга суу чачкыла” – деп айтылат,

анан алар сел агызып кел-ген уруктай өсүп чыгышат - деп айткан. (Муслим, 477).

Жабир бин Абдулла кабарлаган

хадисте, пайгамбарыбыз : “Жүзү-

нөн башка жеринин баа-ры күйгөн бир топ адам-дар тозоктон чыгып, бе-йишке киришет” - деген. (Муслим, 492).

Имран бин Хусайн кабарлаган

хадисте, пайгамбарыбыз : “Му-

хаммаддын шапааты ме-нен бир топ адам тозоктон чыгып, бейишке кири-шет. Бейиштегилер алар-ды тозокулар деп аташат” - деген. (Бухари, 6566).

Жабир ка-барлаган хадисте, пайгамба-рыбыз : “Адамдарга шапаат кы-лынган соң алар тозоктон ичке бадыраң сыяктуу ак түстө чыгышат” - деп айт-кан. (Бухари).

Абу Хурайра кабарлаган дагы бир ха-дисте, пайгамбарыбыз

: “Алла Таала пенделерин сурак-собол кылгандан кийин, мээрими менен тозоктогу-лардан чыгаргысы келип, периштелерге тозоктон Аллага шерик кылбаган, “ла илаха иллаллах” деп

айткандарды чыгаргыла дейт. Периштелер аларды саждасынын изинен улам таанышат. Анткени от кү-нөөкөрлөрдүн сажда кыл-ган мүчөлөрүнөн башка мүчөлөрүн гана күйгүзөт. От Алла Тааланын буйру-гу менен пенденин сажда кылган мүчөлөрүн күй-гүзбөйт. Алар тозоктон күйгөн абалда чыгышат, анан аларга жашоо суу-су төгүлүп, анан алар сел агызып келген уруктай өсүп чыгышат” – деп айт-кан. (Муслим, 469).

Алла Таала кимдин жү-рөгүндө кымындай ыйман болсо, атүгүл эч бир ибадат кылбаган адамдарды да то-зоктон чыгарат деген хадис-тер айтылган.

Абу Саьид ал-Худри кабарлаган

хадисте, пайгамбарыбыз : “Алла

Таала кимди кааласа Өз мээрими менен бейиш-ке киргизет. Ал эми тозок ээлерин тозокко кирги-зет, анан периштелерге: “Жүрөгүндө кымындай ыйманы барларды кара-гыла да, тозоктон чыгар-гыла деп айтат” - деген. (Муслим, 475).

Тозоктун ордуТозоктун азыркы тур-

ган жайы кайсы жерде экени аалымдар арасында талаш маселе. Кээ бирөө-лөр азыр жердин астын-да деп айтышса, кээ бири асманда деп айтат. Дагы башка бир топ аалымдар анын кайда экени Аллага гана белгилүү дешет. Биз дагы мына ушул үчүнчү пикирди колдойбуз. Ант-кени аят, хадистерде то-зоктун кайсы жерде эке-ни ачык-айкын айтылган эмес. Мындай пикирди колдогондордун бири Имам Суютий: “Тозоктун кайда экени айтылбайт, анткени аны Алладан башка эч ким билбейт, ага далил кылып таяна тур-ган бир да хадисти бил-бейм”, – деп айткан.

Шейх Валийуллах

Дахлави акыйда китебин-де: “Бейиш менен тозок-тун кайсы жерде экени аят, хадистерде ачык-ай-кын айтылган эмес, алар Алла каалаган жерде, ант-кени Алла жараткан нер-селердин баарын биз бил-бейбиз” – деп айткан. Са-дик Хасан Хан шейх Дах-лавинин сөзүн кубаттап: “Ушул пикир сөздөрдүн эң туурасы жана такыба-лыкка жакыны” – деп айт-кан.

Тозоктун кенендиги жана тереңдиги жөнүн-дө

Тозок өтө кенен жана өтө терең жай, бул туура-луу көптөгөн аят, хадис-тер айтылган.

Биринчиден: Тозокко киргендердин саны эсеп-сиз көп болгонуна кара-бастан, алардын ар бирөө-

сүнүн тулку-бою чоңоёт. Тозокто анын бир азуу тиши Ухуд тоосундай, эки далынын ортосу, үч күн-дүк жолдой узун болот. Бул дүйнөдө жашап өткөн кылмышкер, каапырлар-дын көптүгүнө карабас-тан, тозок толуп калбайт. Бул туурасында Алла Таа-ла минтип айтат: «Ошол күнү Биз тозокко: «Каа-пырларга толдуңбу?» - дейбиз. Ал: «Дагы бар-бы?» - деп сурайт». (Коф сүрөсү, 30-аят).

Анас кабар-лаган хадисте, Пайгамба-рыбыз : «Адамдар тозокко ыр-гытыла берет, ыргыты-ла берет. Ал эми тозок: «Дагы барбы?» – деп талап кыла берет. Алла

аны тебелемейинче толбойт, ошондо анын чекелери биригип жа-былат да: “Улуулугуңа, Берешендигиңе ант! Жетишет, жетишет, же-тишет!” – деп айтат» - деген.

Экинчиден: Тозокко таш ыргытылса, анын тү-бүнө өтө узак убакытта жетиши, анын өтө терең экендигин билдирет. Бул туурасында, Абу Хурайра

кабарлаган хадисте, минтип айтат: бир жолу пайгамбарыбыз

менен бирге олтурсак, капысы-нан бир добуш угулду. Ошондо пайгамбарыбыз

: «Бул эмне экенин билесиңер-би?» – деп сурады. Биз:

«Алла жана Анын элчи-си жакшы билет» – деп айттык. Пайгамбарыбыз

: «Бул жетимиш жыл мурун то-зокко ыргытылган таш, ал азырга чейин анын тубүнө жете элек» - деди. (Муслим, 2184, 2844).

Үчүнчүдөн: Кыяматта тозокту алып келген пе-риштелердин көптүгү да, анын өтө чоң экендигин билдирип турат. Алла Таала айткан: «Ошол күнү тозок жакын алып келинет». (Фажр сүрөсү, 23-аят). Хадисте, ошол күнү тозокту жүз чылбыр менен алып келерин жана ар бир чылбырды жети-миш миң периште тартып келери айтылган. (Мус-лим, 2184).

Бактияр Токтогазы уулу

5

Page 6: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Акыр заман болордоАкыр заман болоордо угуп койбой атасын, Уулу кетет урумга. Кызмат кылбай энеге кызы кетет кырымга. Кыянат кылган кишинин кыңыр иши бат болот. Мээнэт кылбай пул табып, мингени темир ат болот. Оомал төкмөл заманда окуганы кат болот. Береке турбай үйүндө, бир туугандар жат болот. Жокчулук келип жылоолоп загыра наны кант болот. Алдаган киши көбөйүп, айткан бир сөзү ант болот. Аялы укпай күйөөсүн бетине кара дак болот. Ыймандан чыгып жаш-карың ыдырап кеткен чак болот. Акыр заман болоордо көзү ачыктар көп чыгат. Көп жерлерди күйгүзүп жерден жайнап өрт чыгат. Адамдардын ичинен асылдары аз чыгат. Желмогуздар көбөйүп, жер астынан газ чыгат. Күйөөгө чыкпай кыздары үйүндө төрөп олтурат. Бойго жеткен балдары болбогон ишти болтурат. Кан төгүлөт жөндөн-жөн күндө айылда чуу болуп. Ичкичтер өтө көбөйүп, арак агат суу болуп. Жата калып ичишет жакпаса да уу болуп. Атасынан баласы өтүп турат куу болуп. Акыр заман болоордо темирди жиптей оросуң, Отуруп алып очойуп ааламды үйдө көрөсүң. Жамандар менен бир басып, жакалашып жүрөсүң, Кой-ай деген кожоң жок өзүңө-өзүң төрөсүң. Арам тамак, арам иш арамдыгын сезбейсиң. Уят-сыйыт жоголуп катып калган бездейсин. Базарга кетет аялың кайсы жерден издейсиң. Кайда бардың катын деп калп эле аны тилдейсиң. Катынды үйдө сакташтын жол-жобосун билбейсиң. Айтып турса аалымдар айтылган сөзгө кирбейсиң. Акыр заман болоордо эркектен кубат, күч калат. Очойуп үйдө олтурат, катындар чыгып иш кылат. Береке-пейиз жоголуп беймаза жолго туш кылат. Кара далы кыздарың жигитти корсо ышкырат. Билмексен болуп калп эле бир динди бекем тутпайсың. Билип алдым көптү деп бириңди-бирин укпайсың. Ынтымагың ыдырап ыгын тапсаң муштайсың. Өзүңдү ойлоп өзгөнү балекетке туштайсың. Акыр заман болоордо шарият билбейт жакының. Сойкоңдоп барып ар жерде сойкулук кылат катының. Оруска кетет ойт берип табам деп үйдүн татымын. Арам тамак жеп-ичип ажырайт эстен акылың. Жан талашып бийликке жалганды чындай сүйлөйсүң. Акылы аздар деп коюп аалымдар менен жүрбөйсүң. Кембагал өлсө капилет жаназа окуп кирбейсиң. Өлүктү жууйт кепиндейт өлсөң да аны билбейсиң. Акыр заман болоордо тараза таштан алдашат. Арамдан таап жегенде айыкпас илдет жармашат. Болбогон ишке чырдашып, бирөөсүн-бирөө каргашат. Кусурга калып акыры карангы көрдү жайлашат...

(Уландысы, башы өткөн сандарда)

10. Тынчтык, аманчылык орнойт

Мусулмандар Мекке жана Мадинада жашап турган учурда, согушуу, ар түрдүү кагылышуулар көп болгон. Анткени, Ислам динине каршы чыккан уруулар мусулмандарга ар түрдүү каршылыктарын көрсөтө беришкен. Ошол учурда пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Кыямат жакындаганда бул чөлкөмдөрдө тынчтык болорун айткан. Хадисте: “Араб жерлери дарыялуу жашыл чарбактарга айланмайынча жана Ирактан чыккан адам Меккеге келгенге чейин адашып кетүүдөн башка эч нерседен коркпой калган заман келмейинче, Кыямат болбойт” - деп айтылган. (Имам Муслим).

Ошондой эле дагы бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) Аьдий бин Хаатимге кайрылып: Сен Хийра шаарын көргөнсүңбү? - деп сурады. - Жок, көргөн эмесмин, бирок ал жөнүндө укканмын, - деп, жооп берди Аьдий. Ошондо, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): - Эгер сен көп жыл жашасаң, анда Хийрадан чыккан аял Меккеге келгенге чейин Алладан башка эч кимден коркпой калганын көрөсүң, - деди. (Имам Бухарий).

11. Эл көрсүн үчүн ибадат кылуу көбөйөт

Ибадат бир гана Алланын ыраазылыгы үчүн аткарылууга тийиш. Ибадаттын кабыл болуусунун бир шарты да ушул. Бирок, азыркы учурда ибадатты эл көрсүн үчүн аткаруу көп кездешет. Адамдар ибадаттын акыйкатына түшүнө албагандыктан, көпчүлүк убакта элдин көзүнчө ибадат кылууну жакшы көрүшөт. Бир жолу Шаддад бин Австын (Алла андан ыраазы болсун) ыйлап отурганын көргөн адамдар, анын себебин сурашат. Ал: “Мен Алланын элчисинен өз кулагым менен уккан бир хадисти эстеп ыйладым” – дейт да, мындай дейт: “Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) минтип айткан

эле: “Мен үммөтүм үчүн ширктен жана кумар каалоосунан коркомун. Алар күн, ай, таш жана айкелдерге сыйынып кетишпейт. Бирок, амалдарын адамдарга көрсөтүү үчүн аткарышат. Ал эми кумар каалоосу болсо, алардын кармаган орозолорун бузуп коёт”. (Хааким).

Ибадатты башка адамдарга мактануу үчүн жасоо – жашыруун ширк болуп эсептелет. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар ибадаттарын мактануу, же башкаларга көрсөтүү үчүн аткарышат. Айрыкча садака, зекет берүүдө жана ажылык кылууда мындай нерселерди ачык байкоого болот. Мына ушундай эл көрсүн үчүн ибадат кылуучулардын көбөйүүсү – Кыяматтын белгиси.

12. Хижаз деген жерде өрт чыгат

Хижаз - Мадина шаарына жакын жайгашкан бийик (дөңсөөлүү) жердин аталышы. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Хижаз жеринен өрт чыкмайынча Кыямат болбойт, анын жарыгынан Басрадагы төөлөрдү көрүүгө болот” - деген. (Басра - азыркы Сириядагы шаар), (Бухари).

Кийинки аалымдардын кээ бирлери, бул окуяны 654-хижри жылында болгон өрткө байланыштырышат. Ушул жылы Хижазда чоң өрт чыккан болчу. Алхаафиз бин Касир айтат: “Хижаз жеринен алоолонгон өрт чыгып, анын жарыгы Басрага чейин жетип турду”. Башка айтымдарда, от үч ай күйүп турган, мадиналык аялдар анын жарыгында жип ийришет эле. Абу Шаамма бул окуяны минтип сүрөттөйт: “654-жылдын, Жумадал аахир айында, жуманын үчүнчү күнгө караган түнүндө Мадинанын жанында чоң түтүн пайда болду. Бир аздан кийин катуу жер титиреди. Катуу титирегендиктен жер жарылып кетти, дубалдар, шыптар жарылып кулап түштү. Жума күнгө чейин ушундай абал уланып турду. Андан кийин алоолонгон өрт чыгып, Курайза уруусуна чейин жетти. Биздин көзүбүзгө, өрөөндүн ичи менен толо от дарыя агып жаткан сыяктуу көрүндү”.

(Уландысы бар).

6ИШЕНИМ

Page 7: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 ТАРЫХ

“АСР ” СҮРӨСҮНҮН ТАФСИРИ Кыргызстан Ислам университетинин проректору

Равшан Акимбай уулуТүшүүсү: Меккеде түшкөнАяты: 3 аяттан туратАталышы: Сүрөнүн башында Алла

Таала асрга ант ичип, анын инсанга өтө маанилүү экендигин эскертүү менен баштаган. Аср - кылым, заман дегенди билдирет. Кылымдар өз ичине инсанды таң калтыра турган нерселерди камтып турат: кубаныч менен кайгы, ден соолук менен оору, байлык менен кедейлик, сый-урмат менен кордук ж.б.

Байланышы: Бул сүрөдөн алдыңкы «Такаасур» сүрөсүндө дүйнөдө мал, дү-нүйө топтоо жана аны менен гана алекте-нүүнүн акыбети жаман экендиги баян-далган болчу. Ал эми бул сүрөдө инсан-дын милдети болгон ыйман жана жакшы амалдар менен алек болуу тууралуу баяндалат.

Артыкчылыгы: Убайдулла бин Хафс (Алла андан ыраазы болсун) мин-тип айтат: «Алланын элчисинин сахаба-лары жолуккан учурда, бири-бирине Аср сүрөсүн окуп бермейинче ажырабайт эле».

Имам Шафи (Алланын ага рахматы болсун): “Эгер инсандар бул сүрөгө туу-ра ой жүгүртө бишикенде, Курандын башка сүрөлөрү түшпөсө деле ушул сүрө жетиштүү болмок” – деп айткан.

Котормосу: والعصر

Мааниси: Асрга ант.Тафсири: Асрга ант болсун, касам

болсун. Аалымдар асрды үчкө бөлүш-көн:

1. Заман, кылым, доор деген маани-де. Убакыт адам баласынын өмүрү. Күн менен түндүн алмашуусу. Мына ушулар-дын баарында Жаратуучунун белгилери бар. Заманды жараткан да Алла Таала. Алланын Элчиси (Ага Алланын салам-салаваттары болсун) минтип айтат: «Алла Таала айтат: «Адам баласы за-манды сөгүп, акаарат кылып Мага азар берет, а заман деген Менмин. Бар-дык иштер Менин ыктыярымда, түн-дү күнгө алмаштырып турам». Ошон-дуктан “заман бузулду” деген сыяктуу сөздөрдү айтууга болбойт.

2. Аср (Дигер) намазы. Күн менен түндүн ортосун бөлүп турган намаз, ошол мезгилде периштелер алмашат. Күндүн акырында окула турган намаз. Анын көптөгөн артыкчылыктары бар. Пайгамбарыбыз (Алланын ага салам-са-лаваттары болсун) минтип айткан: «Ба-гымдат жана аср намаздары учурунда силер менен түн ичинде чогуу болгон периштелер, силер менен күндүзү чо-гуу боло турган периштелер менен орун алмашат. Анан түнү силер менен болгон периштелер асманга көтөрүлү-

шөт. Ошондо ансыз да мыкты би-лүүчү Алла Таала алардан сурайт: «Менин кулдарым эмне менен алек болуп калышты? Алар минтип жооп беришет: «Биз аларды намаз окуп жаткан учурда таштап келдик, ал эми эртең менен биз барганыбызда да алар намаз окуп жатышкан экен».

3. Алтын доор. Алланын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) жашап өткөн доор. Ал доор исламдын, ыймандын туу чокусуна жеткен доор. Алланын Элчисинин шарапаты менен са-хабалардын ыйманы көтөрүлүп, ыйман-дын туу чокусуна, бийик даражасына чыккан эле. Мисал катары Алинин (Алла андан ыраазы болсун) бир сөзүн келтир-сек болот. Ал: «Эгер мага арш көрсөтүл-сө да, ыйманыма кыпынчалык да өзгөрүү кирбейт» деп айткан. Себеби, алар көр-бөгөн нерселерине да көргөндөй ише-нимде болушкан.

نسان لفي خسر إن الМааниси: албетте инсан зыянга учу-

роочу. Тафсири: Аяттагы инсан деген сөз

эки мааниде: биринчиси, жалпы инсанды өз ичине камтыйт. Бул аят алдыңкы аят-ты тафсирлеп турат б.а инсан убакытка көңүл бурбай, убакытты баалап, кадыр-лабай ага аманатка берилген өмүрүн пай-

дасыз өткөзгөнү үчүн зыйанга учурайт. Экинчиси, белгилүү инсандарга гана тиешелүү. Алар ислам динине, өзгөчө пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты болсун) көп зыян жеткизген, динге каршы мушриктер эле. Алар Валид бин Мугыйра, Умай бин Халаф, Ахнас бин Шурайх сыяктуулар. Булар сыяктуу динге каршы болгон каапырлар кыяамат-ка чейин ушул аятта айтылгандай зыянга учурай беришет.

وتواصوابالحق الحات آمنواوعملواالص الذين إلبر وتواصوابالص

Мааниси: Бир гана ыйман келтирген-дер, жакшы амалдарды жасагандар, жана актык менен сабырдуулукка бири-бирин насаат кылгандар (зыянга учурабайт).

Тафсири: адам баласын зыянга, кый-роого учуроодон ушул төрт амал сактап турат. Бул амалдар: ыйман келтирүү, жакшы амалдарды жасоо, чындыкка ча-кыруу жана сабырдуу болууга үндөө. Албетте, булардын баары чогуу болууга тийиш. Бир гана ыйман келтирип коюу, же жакшы амалдарды аткарып коюу же-тиштүү болбойт. Чыныгы ыймандуу му-сулман мына ушул төрт амалды ар дайым аткарып жүрүүсү кажет.

Усмандын (Алла андан ыраазы бол-сун) шейит болуусу.

(Уландысы, башы өткөн сандарда)

Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) халифалык доорунун аяк ченинде Мадинада Абдуллах бин Саба аттуу жөөт пайда болот. Ал өзүн өтө ыймандуу мусулман сыяктуу көрсөтүп, мусулмандардын коюн-колтугу-на кирип жашай баштайт. Бир канча убакыт мусулмандар менен чогуу болгон соң Абдул-ла бин Саба сапарга чыгат. Ал алгач Хижаз-га барат. Андан ары Басра, Куфа жана Шам өлкөлөрүнө чейин жетет. Анын негизги максаты мусулмандарды бири-бири менен душмандаштыруу жана Усмандын халифа-лыгын жок кылуу болчу. Ар бир токтогон жеринде ар кандай жалган ушак-айыңдар-ды таратып жүрүп олтуруп Мисирге чейин барат. Мисирдеги мусулмандарга өзүн пай-гамбардын үй-бүлөөсүнө жакын адам ката-ры тааныштырат. Пайгамбар менен бирге жүргөндүгүн жарыя кылып чыгат. Ал пай-гамбар өзүнөн кийинки халифалыкты Али-ге (Алла андан ыраазы болсун) осуят кылып кеткен болчу деп жалган маалымат тара-тып, адамдарды жана шаар башчыларын Усманга каршы тукура баштайт. Мындай иш аракетин ал “жакшылыкка чакырып, жаман-дыктан кайтаруу” деп түшүндүрөт. Анын тынымсыз аракетинин натыйжасында, ага ишенген бир топ адамдар пайда болот. Бул адамдардын арасында чындап эле чындык-ты билбей, Абдулланын сөзүн чындык деп кабыл алган адамдар, чындыкты билип тур-са да, ушундай жол менен бийлик, байлыкка жетүүнү көздөгөн адамдар жана сыртында мусулман болуп көрүнгөн эки жүздүү адам-дар бар эле.

Натыйжада хижранын 35-жылы, “даа-ват үчүн” деген шылтоо менен бир топ адам Мисирден Мадинага келишет. Алардын негизги максаты халифага кирип, анын “кемчиликтери” тууралуу сүйлөшүү болгон.

Усман (Алла андан ыраазы болсун) аларды жылуу маанай менен тосуп алып, алардын койгон талаптарына жеткиликтүү жооп бе-рет. Бул сапардан эч кандай майнап чыгара албаган келгиндер кайра кайтышат. Бирок, ошол эле жылы Шаввал айында ажы амалын шылтоолоп кайра келүүгө убада кылышат. Бул жолу Абдулла бин Саба мисирликтер ме-нен бирге Куфа жана басралык жан-жөкөр-лөрүн да алып келүүгө жетишет. Мадинага жакын айылдардын биринде Усман (Алла андан ыраазы болсун) алар менен жолугат. Мисирликтердин талаптарын угуп, мен си-лердин талабыңарды аткарам, силер да мага баш ийгиле деген мааниде келишим кылат. Ал эми басралыктар менен куфалыктардын эч кандай жүйөөлүү себептери да жок болчу. Алар Мисирликтердин артынан өз шаарла-рына жолго чыгат. Бирок, ушул учурда абал такыр өзгөрүп кетет. Өз шаараларына кетип жаткан мисирликтердин жолунан бир адам жолугуп, аларга табышмактуу катты көрсө-төт. Кат Мисир валисине (губернаторуна) багытталып, анда: “Төңкөрүш жасоону каа-лаган адамдар Мисирге жетээри менен баа-ры өлүм жазасына тартылсын” деп жазы-лып, халифанын мөөрү басылган болчу. Кат-ты алып бара жаткан адам өзүн Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) чабарманымын деп тааныштырат. Буга ачууланган мисир-ликтер кайра Мадинага келишет да, Усман-га (Алла андан ыраазы болсун) кат туура-луу айтышып, аны келишимди бузган адам катары күнөөлөй башташат. Усман (Алла андан ыраазы болсун) кат жөнүндө эч нерсе билбестигин жана аны жазбагандыгын ай-тып касам ичет. Катты алып бара жаткан ча-барманды алып келгиле дейт. Бирок, аны эч жерден таба алышпайт. Катты жазганымды көргөн күбөлөрдү алып келгиле дейт. Күбө да таба алышпайт. Бирок, ошого карабас-тан Усманды үйүнөн сыртка чыгарбастан курчап алышат. Усман (Алла андан ыраазы болсун) катты жазбагандыгын, аны башка бирөө жазып, усталарга окшош мөөр жаса-

тып аны басып коюусу мүмкүн деген шек-тенүүсүн айтат. Бирок мындай учурду кол-дон чыгарууну каалабаган бузукулар, анын сөзүнө кулак салышпайт. Зулкаада айынын аяк ченинен, Зулхиджанын 18-күнүнө чейин алар Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) үйүн акмалап курчап турушат. Ушундай абал сакталып турган күндөрдүн биринде Усман (Алла андан ыраазы болсун) Куран окуп олтурган учурда бирөө келип артынан найза сайып кетет. Куран аяттары анын ка-нына сиңген сыяктуу эми анын каны Куран аяттарына сиңип жатты. Ошентип 12 жыл халифалык кылган сүйүктүү сахаба, 82 жаш курагында шейит кетип, анын сөөгү Вакиь көрүстөнүнө коюлган.

Эми бул окуялардан пайда болгон кээ бир суроолорго жооп бере кетели.

1. Эмне үчүн сахабалар Усманды (Алла андан ыраазы болсун) коргоп, сырттан кел-гендерге каршы чыккан жок?

Мунун негизги себеби төмөнкүчө. Ми-сирликтердин алгачкы келүүсүндө эле Али, Хасан, Хусайн, Абу Хурайра, Абдуллах бин Умар ж.б. аттуу-баштуу сахабалар Усманга келип, аларга каршы чыгууга уруксат су-рашкан. Бирок, Усман (Алла андан ыраазы болсун) “Эгер чындап мага баш ийсеңер ар кимиң өз үйүңө таркап кеткиле жана экин-чи жолу чогулуп мага жардам берүү үчүн келбегиле” деп аларды кайтарып жиберет. Анын себебин, кыяматта кимдир бирөөңөр-дүн каны үчүн жооп бергим келбейт деп тү-шүндүрөт да, пайгамбардын “Сенин башыңа кыйынчылык келет, ага сабыр кыл, Алла сага кийгизген көйнөктү эч качан чечпегин” деген осуяттарын эске салат. Пайгамбары-быздын “көйнөк” дегени халифалык кыз-мат болчу. Бийликке кызыккан адамдар аны оңой эле басып алууга болот экен деген ишенимден алыс болсун үчүн пайгамба-рыбыз ушул осуяттарын айткан болчу. Усмандын (Алла андан ыраазы болсун) жа-кын адамдарынын айтуусунда, шейит боло турган күнү түндө Усман түш көрөт. Анда

пайгамбарыбыз, Абу Бакр жана Умар менен жолугат. Пайгамбарыбыз ага “Сен эртең биз менен бирге ооз ачасың” деп айтат. Бул тү-шүн жакын адамына айткан Усман (Алла андан ыраазы болсун) эртең менен ооз беки-тип, уяттуу жерлери ачылып калбасын үчүн узун кийимдерин кийген болчу. Өзү болжо-гондой эле ушул күнү ооз ачарга жетпестен шейит болуп кете берди.

2. Катты ким жазышы мүмкүн?Бул каттын кайсы бир дин душманы

тарабынан жазылгандыгына бир канча да-лилдер бар:

а) Усман (Алла андан ыраазы болсун) аны жазбагандыгын айтып касам ичкен. Та-кыба сахабалар эч качан жалган ишке касам ичкен эмес.

б) Мисирликтер катты алып кайра ке-лишкенде, эбак эле жолго чыгып кеткен куфалыктар менен басралыктар да кайра келишет. Бул жерден суроо туулат, башка тарапка кеткен куфалыктар менен басра-лыктар кат тууралуу кайдан угушту. Демек, мунун баары алдын ала уюштурулган иш болгон.

в) Эгерде катты алып бара жаткан адам халифанын чабарманы болсо, өлүмгө буй-рулуучу адамдарга катты көргөзмөк эмес, анткени анын бул амалы өзүнүн башынын кетүүсү менен бүтөрү белгилүү да. Демек, ал жалган чабарман болуп, катты атайын тиги-лерге алып барган.

г) Ушул мезгилде Мисир валиси Палес-тинада сапарда болчу. Бул Усманга белгилүү болгон. Демек, өз ордунда жок адамга хали-фа кат жолдоосу мүмкүн эмес эле.

Мына ушундай далилдерден улам, ата-йын уюшкан мунафык эки жүздүүлөр хали-фаны жок кылуунун ушундай жолун ойлоп чыккандыгы баарыбызга белгилүү.

Арзыкул Раимкулов, Искандария шаары

САХАБАЛАР ДИНДИН КЪЗГЪСЪ

7

Page 8: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Биздин бүгүнкү маектеши-биз он баланы тарбиялап өстү-рүп жаткан жаш ата, жакында "KG ГРУПП" курулуш компания-сы тарабынан көп балалуу үй-бүлөөлөргө уюштурулган кон-курстун жеңүүчүсү табылып, үч бөлмөлүү батирге ээ болгон Шамсудин Кадыров агайыбыз болмокчу. Шамсудин агай учур-да Кыргызстан Ислам универси-тетинде жалпы бөлүм башчы жана арапча сулуу жазуу боюн-ча мугалим болуп эмгектенет. Анда эмесе 42 жаш курагында он баланын атасы болуп, аларга татыктуу тарбия берип, тун уулун үйлөп, эми небере жытын жыттай турган убакты күтүп турган Шамсудин агай менен болгон маекке көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Ассаламу алайкум, агай, ал-гач жаңы батирге ээ болушуңуз менен жалпы окурмандардын атынан куттуктаймын. Өзүңүздү кандай сезип турасыз?

Ва алайкум ассалам, ырахмат. Чындыгында, бул мен үчүн күтүл-бөгөн окуя болду. Албетте, куба-нычтабыз. Азыркы оош-кыйыш заманда үч бөлмөлүү батирге ээ болуу кыйын экени баарыбызга белгилүү. Алла насип кылган экен, жакшы адамдардын себеби ме-нен бул үйгө биз ээ болуп калдык.

Шамсудин агай, сөзүңүзгө аралжы, бул сынак тууралуу ал-гач кайдан уктуңуз, ким себеп болду, ушул тууралуу айтып өт-сөңүз?

Бул компания тарабынан жа-рыяланган сынакты алгач "Же-тиген" журналынан окуган бол-чумун. Бирок, аны жөн гана окуп коюп эч кандай ага катышууга аракет кылган эмес элем. Кийин чогуу иштеген мугалимдер ал жөнүндө сөз козгоп, мени доку-менттерди даярдап тапшырууга көндүрүштү. Ошентип документ-терди тапшырып калдым. Бирок, жеңүүчү болорума ишенген деле эмесмин. Качан гана сиз жеңүүчү болдуңуз деп кабар беришкенде ишендим.

Эми батир маселесин коё ту-руп, үй-бүлөңүз тууралуу сүй-лөшсөк. Жеңем менен кантип тааныштыңыз эле, үйлөнгөн

учурларыңыз жөнүндө айта кет-сеңиз?

Менин ата-энем да шарият жолунда жүргөн адамдар болгон-дуктан, биз өз алдынча болбой ата-эненин көрсөткөн жолу менен өстүк. Үйлөнгөндө да алардын көрсөтмөсү менен "Энем сүйдү мен алдым" дегендей, үйлөн-

дүм. Ал кезде азыркыдай интер-нет, агент ж.б. нерселер жок эмес беле. Кадимки эле кыргыз каада-сы менен ата-энем куда түшүп, ке-линчегим менен баш коштук. Бул мындан 22 жыл мурун, тагыраак айтканда, 92-жылы болчу. Неги-зи ата-эненин каалоосу, тандоосу эч качан туура эмес болбойт деп ойлойм. Буга мен өз турмушумду далил кылып айтып жатам. Жы-йырма эки жылдан бери ынтымак менен "казан аяк да кагышпай" жашап келе жатабыз. Кудайга шүгүр жети кыз, үч баланы тар-биялап өстүрүп келебиз. Тун уулу-бузду үйлөдүк. Азыркы "сүйдүм, күйдүм" деп өз башынча үйлөнүп, анан эки айдан кийин кайра ажы-рашып кетип жаткан жаштарды көрүп туруп, биз ата-эненин баа-сы, ата-эненин каалоосу деген өтө зарыл баалуулукту жоготуп бара

жатканыбызга өкүнөм. Агай, жаш болсоңуз да таж-

рыйбалуу ата катары айтсаңыз, балага жакшы тарбия берүүнүн сыры эмнеде деп ойлойсуз?

Тарбиянын башаты динде жа-тат. Биз бир канча жыл динсиз доордо жашап калгандыктан, динди дагы эле жакшы түшүнө ал-бай жатабыз. Көпчүлүк ойлогон-дой дин - бул намаз окуп, орозо кармоо эле эмес. Динде бүтүндөй жашоо маңызы катылып жатат. Динди туура түшүнгөн адам жа-шоодо эч качан адашпайт. Менин тун уулум Куранды толук жатта-ган. Анын Куранды толук жат-тоосу акырети үчүн пайдалуу, би-рок Куран аны бул жашоодо адам кылып тарбиялап койду. Ал кайсы жерде жүрсө да, апасы экөөбүз тынч уктайбыз. Анткени, анын эч кандай жаман жолго барбасы бизге белгилүү. Мен көп ата-эне-лерди билем, өздөрү илимдин кандидат, доктору болушкан. Бал-дарын канаттууга кактырбай ба-гып өстүрүшкөн. Бирок, балдары чоңойгондон кийин ошолордун айынан чачтары агарып олтуру-шат. Балдар ата-эненин тилин ал-байт, ар кандай жаман иштерге барат. Анткени, аларда чыныгы тарбия болгон эмес. Ошондук-тан ким келечекте тынч уктагысы келсе, балдарына дин тарбиясын берсин. Ата-эне, милиция көрбөй калуусу мүмкүн, бирок эч нерсени көз жаздымда калтырбай турган Жаратуучу бар экенин балдардын дээрине сиңирүү керек.

Кийинки мезгилдерде үй-бү-лөнү пландаштыруу деген сөздөр көп айтылып келет. Эки баласын багуудан коркуп аборт жасатып жаткандар толуп жатат. Буга сиз-дин көз карашыңыз?

Алла Таала Куранда: "Ырыс-кысынан коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө" деп айткан. Ар бир төрөлгөн наристе өз ырыскысы менен төрөлөт. Анын ырыскысы

болгону үчүн Алла аны жаратат. Ырыскысы түгөнгөн адам бул дүй-нөдөн кетет. Илгери ачарчылык замандарда деле ата-бабалары-быз он, он беш балалуу болуп жа-шаган. Ошолордун себеби менен кыргыз сакталып, эгемендүү өлкө болуп жашап жатабыз. Ал эми үй-бүлөнү пландаштыруу, экиден ашык балалуу болбоо деген сая-сат кыргызды жок кылууну каа-лаган душмандардын иши. Кыр-гызда "Эгиз улакка - айры шыбак" деген жакшы сөз бар. Баланын ырыскысы өзү менен чогуу келип, өзү менен чогуу кетет. Мен он балам менен өз үйүм жок батир-лерде жашап келдим. Бирок, бир да кыйынчылык көрдүм деп айта албаймын. Мен жумуштан кандай кыйналып келбейин, балдарым-дын бир жолку күлкүсү аны жууп, өзүмдү бактылуу сезип калам. Дүйнөдө баланын күлкүсүнөн өт-көн бакыт жок. Бала багуудан кор-куп аборт жасагандар эртедир-кечтир сөзсүз өкүнөт. Алар өзү үчүн, келечек урпагы үчүн сөзсүз жооп берет.

Агай, ушундай оор заманда жакшы жөрөлгөнү баштап жат-кан компания жетекчилерине эмне сөз айтасыз?

Мен жөнөкөй пенде катары кандай мактоо, ыраазылык айт-сам да жетишсиз болот. Жакшы-лыктын жообун бир гана Алла Таала татыктуу кылып кайтара алат. Куранда: "Ким бир жакшы-лык кылса, Алла аны жетимиш барабар кылып кайтарып берет" деп айтылган. Бул ишти уюштур-гандардын баарына, айрыкча компаниянын жетекчиси Ташов Имамидинге өзүмдүн жана үй-бүлөөмдүн атынан терең ыраазы-лыгымды билдирем. Коомчулукта ушундай адамдар болгону үчүн биздин өлкө сакталып турат. Бул жигитти көрүп, элдин келечегине күйүп-бышкан дагы башка азамат-тар чыгат деген ишенимдемин.

Окурмандарга каалоо тилеги-ңиз?

Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): "Үйлө-нүп көбөйгүлө, кыяматта мен үм-мөтүмдүн көптүгү менен сыймык-танам" деген. Андыктан, үйлөнгү-лө, балалуу болуудан коркпогула. Кыргыз элибиздин келечеги ар бирибиздин колубузда экенин унутпагыла. Элибизде ыймандуу, эл-жери үчүн жанын аябаган уул-кыздар өсүп чоңойсун.

Маектешкен: Алайчы Сеит-беков.

БАЛАЛУУ ҮЙ БАЗАР...8ЩЙ-БЩЛЁЁ

Page 9: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Үй ичинен бир тал чач көрүп калса, "чачыңарды бекемирээк жаппайсыңар-бы, атаңар көрсө эмне дейт" деп, ыраматылык апам эже-леримди урушуп калчу. Ал кезде аны-муну ажырата ал-баган жаш бала болсом да, чачты жаап, жашырып жүрүү зарыл экендигин балалык баё сезимим менен сезээр элем. Аял затынын чачы-нын сыйын, анын улуктугун кийинчерээк гана түшүнө алдым. "Кыздын кырк чачы улуу" деген сөз да жөн жери-нен келип чыккан эмес экен. Ар бир маселени кылдат ка-раган улуу кыргыз чачтын кадырын да баалай билип, өмүрү аны ачык алып жүргөн эмес тура. Чачын элге көрсө-түп жоолугун алып салуу, ча-чын жазып жиберүү эринен айрылган сыяктуу кайгылуу, оор учурларда гана кездеш-песе, аял затынын чачы жа-былуу боюнча гана жүргөн. Ооба, бул кыргыздын өтө жо-горку деңгээлге жеткен адеп-түүлүгү экенинде шек жок. Жоолук кыргыз аялы үчүн ыйык саналганын элибизде-ги "Ак жоолугуң башыңдан түшпөсүн" деп бата тилеп, жаңы келген келиндин ба-шына жоолук салганынан эле баамдасак болот. Тилек-ке каршы, жетимиш жыл-га жетпеген коммунисттик доор кылым карытып келе жаткан адеп-ахлагыбызды талкалап, анын ичинде аял-дардын жоолугун шыпырып, атүгүл жүнү түшкөн тооктой кылып чачтарын да мүлжүй-түп кетти. Ошентип, кылым карытып, кыргыз кыз-келин-деринин башынан түшпөй келген байкуш жоолук көзү-бүзгө жат көрүнүп "арабдар-дыкы" деген атка конду да калды.

Аны андай таштайлы да, биягынан баштайлы деген-дей, эмки сөз учугун учурда кызуу талаш жаратып жаткан мектеп кийимине буралы. Учурда мектептердин билим деңгээли да, таалим-тарбия деңгээли да чеке жылытар-лык эмес экендиги жашы-руун эмес. Үчүнчү класстан баштап, он биринчи класска чейинки "рекеттик", салык салмай сыяктуу терс көрү-нүштөр мектептердин кан-дай деңгээлде тарбия берип жатканын далилдеп турат. Ал эми окуучулардын илим дең-гээли айтпаса да түшүнүктүү. Атка минерлердин, илим-билим жаатындагы адистер-дин негизги максаты мына ушундай көйгөйлөрдү чечип, абалды өзгөртүү болуш ке-рек эле, бирок бул көйгөйлөр көңүл чордонунан сыртта калып, биздин акылдуулар алгачкы кадамын окуучулар-дын кийимин өзгөртүүдөн башташты. Баштаганда да жалпы кыргыз калкынын кы-зыкчылыгын эске албастан, жеке пикирлер менен чекте-лип калганы өкүндүрөт. Кал-кынын 85 пайызы мусулман болгон өлкөдө мусулман кыздар кантип жарым жы-лаңач мектепке барсын. Жөн эле светтик эмес, 90 пайыз калкы мусулман эмес батыш өлкөлөрүндө да азчылык мусулмандардын укугу кор-голуп, коомдук жайлардын баарында мусулман кыздар өз кийимдери менен жүрү-шөт. Биз эле асмандан түш-көнсүп аны-муну шылтоолоп тура калабыз. Бул жерде болгону өздөрү жарым жы-лаңач жүргөн, башкалардын да ошондой болуусун каа-лаган эжекей сөрөйлөрдүн сөзү сүйлөнүп жатат. Болбо-со, кыздардын узун көйнөгү

менен башындагы жоолугу анын илим алуусуна терс таасирин тийгизбөөсү сокур адамга да көрүнүп турат. Эгер жакшылап изилдеп көр-сөң жоолук салынган кыздар башкаларга караганда сабак-ты да жакшы окуп, коомдук иштерге да жакшы катышка-нына күбө болосуң.

Азыркы мектеп кийи-миндеги экинчи кемчилик ага түшүрүлгөн "улуттук ар-намент" деген атка жамын-ган умай эне колдойт деген түшүнүк. Албетте, биринчи эле сабакта бул кийимди таа-ныштырууда ушул белгини көрсөтүп умай эне колдойт деп айтылары турган кеп. Бул али ак-караны ажырата элек өспүрүмдөр үчүн өтө туура эмес маалымат. Алар-да ошол нерсеге ишеним пайда болот. Бул алардын келечеги үчүн зыянын тий-гизери бышык. Муну айтуу менен мен кыргыздын ой-мо-чиймесине каршы пикир айтып жатканым жок. Бирок, ар бир нерсенин өз орду бо-лууга тийиш. Акыркы күндө-рү италиянын костюмуна эки оймону сая коюп эле кыргыз-дын костюму деп чыккандар толуп кетти. Бул мерседестин тумшугуна бир оймону тарта коюп, бул кыргыздын маши-насы дегендей эле кеп. Ага канча оймо-чийме тартпагын ал баары бир немис тууган-дардыкы боюнча кала берет. Эгер биз чындап кыргыздын кийимин кийүүнү кааласак анын оймо-чиймесине гана карабастан, узун-туура, этек-жеңине да көңүл бурушубуз керек. Ошол эле учурда тең укуктуу өлкөнүн жараны, жараткан Жаратуучунун буй-ругун аткарган ыймандуу мусулмандардын да укугуна көңүл буруу зарыл. Меним-че ыймандуу кыздар жоолук салынып, узун көйнөк кийип мектепке барса анын эте-гине эч ким деле "чалынып жыгылбаса" керек. Демек, эч кимге зыяны тийбеген бул маселени дагы бир жолу ойлонуп, оң тарабына чечүү зарыл. Антпесе, эртедир-кеч-тир мунун зыянын моюнубуз менен тартып каларыбыз турган кеп.

Алайчы Сеитбеков

Асел, студентМенин пикирим мектеп формасы-

нын бирдей болгону жакшы. Сонун жарашып турбайбы. Маселе жоолук салынган кыздар жөнүндө болуп жат-са керек. Алар жоолук салынууга урук-сат берип, юбкасын узунураак кылып чыгарса болот да. Бирок, окуучулар-дын арасында эч кандай айырма бол-бошу керек. Окуучу деген окуучудай болгону жакшы. Ар кандай баалуу ки-йимдерди да кийе берсе мугалим ме-нен окуучунун ортосунда да айырма болбой калат.

Айганыш, студентАлбетте мектеп формасына кар-

шы эмесмин. Бирок баардык окуучу-лар сатып ала алышпайт го деп деп ойлойм. Баасы бир топ эле кымбат бо-луп калыптыр. Анан жоолук салынган кыздарга деле атайын ошол эле үлгү-дөгү форманын узунураагын тигип койсо болот деп ойлойм. Бул жерде та-лашып-тартышып отуруунун керекги деле жок болсо керек.

Мырзабек, студент Азыркы көргөзүлүп жаткан мек-

теп формасын колдобойм. Себеби биз мусулманбыз, кыргызбыз. Биз Европа же башка өлкө же башка эл эмеспиз. Бизде уят бар, намыс бар. Мурдагы жылдары Италия өлкөсүндө эле мек-тепте кыска юбка кийгенге тыюу салабыз деп айтышпадыбы. Мектеп-те окуучу балдар эле эмес, мугалим-дердин да кыздарга тийишкендиги көп катталып, зордук-зомбулукка дуушар болгондордун көбөйгөндүгүнөн улам алар ушундай жыйынтыкка ке-лишкен. Кыргыздын сонун оймо-чиймелерин түшүрүп, татынакай эле узун кылып тиксе деле болот деп ойлойм. Жети өлчөп бир кесели демекчимин. Бул жөнөкөй иш эмес, мында биздин балдар-кыздарыбыздын келечеги жатат. Андыктан жети өлчөп, бир кесүү зарыл.

Кайриниса, ардактуу эс алуучу Азыркы чыгып жаткан кийимге

каршылыгым деле жок. Мектеп окуу-чусу деген алар жаш кыздар да ошон-дуктан хижаб салынбай деле мектеп-тин формасын кийе берсе болот деп ойлойм. Албетте, өтө кыска кийим жакшы эмес. Бул окуучу кыздардын өздөрүнө деле ыңгайсыздык жаратат. Ал эми жоолукчан кыздардын кийи-мин узунураак кылып коюшса, бир аз материал эле ашык-ча кетпесе, анын эч кимге зыяны деле жок болсо керек деп ойлойм.

Шааркан, ардактуу эс алуучуМектеп формасы көйгөйлүү масе-

ле деле эмес. Негизи биз жарандардын эркиндиги бар деп айтчу демократия өлкөсүбүз. Бул көп улуттуу өлкө үчүн жана ар түрдүү дин тутунгандар үчүн чоң жетишкендик. Ал эми мектепте тартип жана бирдиктүү эрежелер-дин болгондугу жакшы нерсе. Окуу-чулардын окшош кийим кийүүсүнө каршылык деле жок, ар кандай оюна келген кийимдерди кийип атаанда-шып жүргөндөн көрө. Бирок, адамдын ыйык деп тутунган ишенимин сыйлашыбыз керек. Азыр сонун тигилген шым сыяктуу кийимдер бар эмеспи, ошого окшогон кийимдер менен денесин жаап жүрсө, жакшы эле болмок. Буга кайчы пикирлерди айтуунун деле кереги жок. Рахмат.

Суроо салган: Султан Ташматов

Азыркы чыгарылган мектеп формасына көз карашыңыз?

9КЁЙГЁЙ

Page 10: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 НАСААТ

Пайгамбарыбызды жакындан тааныйлы

Он алтынчы адеп: туу-гандар менен болгон адеп

Туугандар менен карым-катнашта болуу - бул дүйнөдө ырыскынын кенен, өмүрдүн узун болуусуна, ал эми Акы-ретте Алла Тааланын ыраазы-лыгына жетүүгө себеп болот. Бул туурасында Алланын эл-чиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): «Ким-де-ким, ырыскысы кенен, өмүрү узун болуусун кааласа, жакындары менен тууган-дык байланышын үзбөсүн»! – деп айткан. (Бухари: 5986. Муслим: 2557).

Жакын туугандар - ата-тек-теги туугандар жана кайын-журт себептүү түзүлгөн туу-гандар.

Мусулмандын жакын туу-гандарына карата болгон мил-деттери төмөнкүлөр:

1. Алар менен жакшы ма-миледе болуп мээримин төгүү.

2. Алардын алсыздарына жардам берип, жакшылык кы-луу.

3. Кедейлерине материал-дык жардам көрсөтүп туруу.

4. Орууларынан кабар алып,

оруу эместеринин абалдарын сурап туруу.

5. Алар менен болгон мами-лени үзүүдөн сактануу (эгерде алар мамилени үзүп коюшса да). Анткени туугандык мами-лени үзүү - пенденин бейишке кирбей калуусуна себеп болот. Бул туурасында пайгамбары-быз (Ага Алланын салават-са-ламдары болсун) минтип айт-кан: «Тууганчылыктан кол үзгөн адам - бейишке кир-бейт». (Бухари: 5984. Муслим: 2556).

6. Эгерде кошуна болсо, туугандык жана кошуналык милдетти аткаруу керек. Ыйык Куранда Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчу-лук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата - энеңерге, тууган-урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган ко-шунага, бөтөн кошунага, жа-ныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдары-ңарга жакшы мамиле кыл-гыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят).

Ошондуктан башкаларга

караганда жакын туугандар-га садака берүү жогору турат. Алла Таала айткан: «(Оо, Му-хаммад) сенден эмнени (жана кимдерге) кайрымдуулук кылууну сурашат. “Кандай жакшылык кылсаңар (анын баарын) ата-энеге, тууган-урукка, жетимдер менен бей-бечараларга жана жолоочу-мусаапырларга кылгыла. Кандай жакшылык кылса-ңар, Алла Таала баарын кө-рүп, билип турат». (Бакара сүрөсү, 215-аят).

Бир жолу пайгамбарыбыз

(Ага Алланын салам-салава-ты болсун) кайсы бир адам-дар тууралуу айтып жатып: "Алардын үй-бүлөсү менин жакындарым эмес. Менин жакындарым – Алла Таала жана момундардын жакшы-лары. Бирок, алар менен туугандыгыбыз бар. Ошон-дуктан алар менен тууган-дык байланышта болом» - деп айткан. (Бухари: 5990, Муслим: 215).

Пайгамбарыбыздын тамактануусу жөнүндө

74-хадис. Айша энебиз айтты: “Эң жакшы татымал - уксус”. (Муслим, 2052).

75-хадис. Нуман бин Башир айтты: “Силер каалаган

тамак жана суусундукту жеп, ичип жатпайсыңарбы? Мен пайгамбары-ңар курсагын тойгузуу үчүн начар курма да таба албай калганын көргөнмүн”. (Муслим, 2977).

76-хадис. Захдам ал-Жармий айтты: Биз Абу Муса ал-

Ашъаринин үйүндө олтур-ган элек, бир убакта тоок эти алып келинди эле, адамдардан арасынан бир киши четтеп калды. Абу Муса ага карап: Сага эмне болду? – деди. Ал: Мен анын чириген сасык нерсени жеп жатканын көрүп, такыр жебей-мин деп ант ичкен элем – деди. Абу Муса: “Кел (жакын олтур) мен пай-гамбардын тоок этин жеп жатканын көргөм” – деди. (Бухари, 5518).

77-хадис. Абу Усайд айтты: Пайгамбар мындай деди: “(Оливка) майын жегиле жана андан өзүңөргө да сүрткүлө, антке-ни ал берекелүү дарактан алынат”. (Тирмизи, 1851).

78-хадис. Анас бин Малик айтты: “Пайгамбар

ашкабакты жакшы көрчү. Тамак алып келишкенде, мен ашкабакты терип, анын алдына коюп койчумун”. (Буха-ри, 5420).

79-хадис. Анас бин Малик айтат: “Тикмечи тамак бы-

шырып пайгамбарыбызды чакырды. Мен аны менен бирге тамакка бардым. Пайгамбарыбыз-га арпа нан, кургатылган эт жана ашкабак кошулган сорпо алып келишти. Пайгамбарыбыздын

табактын айланасынан аш-кабакты издеп жатканын көрдүм, мен да ошол күндөн тартып, ашка-бакты жакшы көрүп калдым”. (Ма-лик, 1161).

80-хадис. Айша энебиз айтты: “Пайгамбарыбыз ши-

риндикти жана балды жакшы көрчү”. (Бухари, 5431).

81-хадис. Умму Са-лама Аллах-тын элчисине (эттин) куурулган жеринен алып кел-ди, Пайгамбарыбыз

андан жеп, кийин даарат ал-бастан намазга турду. (Ахмад, 26082).

82-хадис. Абдул-лах бин Ал-Хаарис

айтты: “Биз Аллахтын эл-чиси менен бирге мечитте куурдак жедик”. (Ибн Маажа, 3311).

83-хадис. Абу Хурайра айтты: “Пайгамбарга эт алып келишти, кийин ага кар жи-лик тартышты, аны Пайгамбарыбыз

жакшы көрчү, анан ал андан тиштеп жеди”. (Бухари, 3340).

84-хадис. Ибн Масъуд айтты: “Пайгамбарыбыз кар жиликти жакшы көрөт эле. Ибн

Масъуд айтты: Пайгамбар кар жилик менен ууландырылган. Ал аны жөөттөр кылды деп эсептечү”. (Абу Дауд-3780).

85-хадис. Айша энебиз айтты: “Аллахтын элчиси үчүн эттин эң жакшысы кар жилик эмес эле. Ал этти кээде гана жечү, кар жилик тез бышканы үчүн гана аны (пайгамбарга) тартканга шашы-лышат болчу”. (Тирмизи, 1838).

Шермухаммад Акматжан уулу

ТУУГАНДАР МЕНЕН БОЛГОН АДЕП

10

Page 11: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014 ХИКАЯ

Кара катын профессорду кантип динге киргизди?

- Менин ислам динине кирүүмө ысырык саткан кара катын себеп болгон, - деп сөзүн баштады про-фессор. Студенттер менен болуп жаткан жолугушууда, андан эмне үчүн ислам динин кабыл алгандыгы тууралуу айтып берүүсүн өтүнүш-көн болчу. Профессор мурун учуна илинип турган көз айнегин өйдөгө түртүп коюп, сөзүн улады: - Ысы-рыкты баарыңар билесиңер, эгерде үйдө тумоо башталса, аны сөзсүз түтөтүү керек. Ал микробдорду өл-түрүп, тумоонун жайылуусуна бөгөт коёт. Бир жолу менин үй-бүлөмдө да ушундай абал болду. Кокустан эле кемпирим чүчкүрүп-бышкырып калды. Өзүмдүн да денем оорлого-нун байкадым. Кызымдын да мур-ду бырылдап калыптыр. Дароо эле тээ кабат үйлөрдөн ары боштуктагы жайма базарды көздөй жөнөдүм. Ал жерден эмнелерди гана табууга болбойт? Адамдар ал жердегилер-ди "тентигендердин базары" деп тоотушпайт. Мен болсо майда-чүй-дө нерселерди ал жерден көп таап келем. Бул жолу да жолум болду. Базардын оозундагы катарда эле ысырык сатып олтурушуптур. Сөзү-нүн ушул жерине келгенде, профес-сордун көз айнеги дагы мурун учуна түшүп калды. Бирок, сөзгө берил-гендиктенби, же түшмөктөн түшүп калсын дедиби, айтор ага көңүл бур-бастан сөзүн уланта берди: - Мен ал-гачкы олтурган, кара жолукчан кара катындан эле ысырык алып кайтууну ниет кылдым да, бир боосун колума алып, акча төлөмөкчү болдум. Би-рок, тиги: - Мырза, булар сатылбайт, сиз мобул кошунамдан алыңыз, - деп калды. Мен колумдагы ысы-рыкты ага кайтарып берип, кошуна-сына кадам таштадым. Ал жоолугу жок, дене-мүчөсү ачык эле аял экен. Анын ысырыктары тигиникине кара-ганда кичирээк байланыптыр. Эмне-си болсо да андан ысырыкты алып, артка кайттым. Ушул учурда менде кандайдыр бир кызыгуу пайда бол-ду. Эмне үчүн бул аял мага ысыры-гын сатпай койду? Кыязы, бул менин башка дин өкүлү экенимди билип саткысы келбеди окшойт. Демек, ислам дини ушинтип адамдарды бө-лүп-жарат окшобойбу? Дароо артка кайрылып, азыр эле ысырык сатып алган аялдан сурадым: - Сен кайсы диндесиң? Менин кескин узаткан суроомо чочуп кеткен тиги: - хрис-тиан, - деп оозун араң кыбыратты. Анан беркиден сурадым: - А сен кай-сы диндесиң? Бул да чочуп кеткен-сиди, бирок тигиден айырмаланып, бийик үнү менен сыймыктана жооп узатты: - Мен мусулманмын.

Мен анын маңдайына басып ке-лип, дагы суроо узаттым: - ошол үчүн сен мага мобу чөбүңдү сатпай кой-дуңбу? Тигинин өңү бир аз өзгөрүп, жүзүнө жылмаюу аралады. – Жок, мырза, мен эртенин бери эки боо чөп саттым, а кошунам болсо бирди да сата элек. Биздин динибизде ко-шунага жакшы мамиле кылууга буй-рук берилген. Ал да эки боо чөбүн сатмайынча, мен чөптөрүмдү сатпай

турам. Профессор мурун учуна илинип

турган көз айнегин стол үстүнө алып коюп, кол жоолугу менен көзүнө ай-лана түшкөн жашын сүртүп алды. – Ушул сөздү укканда, өзүмдүн жаман оюмду тиги билип алгансып кирерге жер таппай калдым. Оозума сөз кир-беди. Унчукпастан артка кайттым. Ошол күндөн баштап, ислам динине болгон көз карашым өзгөрдү. Динди изилдей баштадым, Куран, хадис ко-тормолорун окуп чыктым. Акыры ис-ламдын адам баласы үчүн негиздел-ген чыныгы дин экенине ынанып, динди кабыл кылдым. Намазды үй-рөндүм, орозо кармоого жетиштим. Баардык жашоомду динде айтыл-гандай өткөрүүгө аракеттене баш-тадым. Азыр ошол күнгө чейин өтүп кеткен өмүрүмө ичим ачышат. Ооба, ошол кара катындын ысырыгы мени тумоодон айыктырса, анын чыныгы мусулмандык сыпаты мени "динсиз-дик" ооруусунан айыктырды.

Кийин ошол жайма базарга бир канча жолу бардым. Барган сайын ошол кара аялга ыраазылык бил-дирүү үчүн жанына баргым келди. Бирок, анын алдында өзүмдү күнөө-лүдөй сезип, жанына бара албадым. Ырас бир жолу барганымда жөн гана салам айтып өттүм. Ал мени таңыркап карап калгансыды. Дагы бир кызыгы, анын жанында ысырык саткан аял да жолук оронуп алып-тыр, кыязы ал да ислам динине кир-ген окшойт. Туура кылат, исламдын мынчалык бийик даражадагы адеп-ахлагын көрүп туруп, андан акылдуу адам кыйгап өтө албайт...

* * *Бул окуя Францияда болуп өт-

көн экен. Мен бул профессордун көптөгөн лекцияларына катыштым. Ар бир лекциясында ушундай ары кызыктуу, ары таасирдүү окуяларды айтып берчү. Анын ар бир сөзүнөн, ар бир кыймылынан чыныгы мусул-манга тиешелүү сыпаттарды кезик-тирээр элек.

Соолуган гүл кайра ачыл-байт

Ойчул адамдардын бирине жаш жигит келип кирди. Салам айтып чөк тизелеп олтурду да, суроосун узат-ты:

- Таксырым, мен жөн жерден эле катуу сүйлөп келинчегимдин жүрө-гүн оорутуп алдым, эми аны айыкты-руунун жолу барбы? Жанатан көзүн жумуп, башын жерге салып олтурган карыя акырын башын көтөрүп, көзүн ачты да, жигитке суроо салды:

- Гүлгө суу куйсаң эмне болот? - Гүлгө суу куйсам ал гүлдөп өсөт.- Гүлдү жулуп алсаң эмне болот?- Гүлдү жулуп алсам, ал куурап

калат.- Куурап калган гүлүңдү кайра

жерге сайып койсоң эмне болот?- Ал кайра өсүп чыкпайт, анткени

ал куурап калган да. Анын акыркы жообунан кийин

карыя бир аз жылмайды да, жигитке акырын шыбырады:

- Уулум, жүрөктү эч качан куура-

ган гүлдүн абалына жеткирбе. Эгер жүрөктү оорутуп кууратып алсаң, ага канча суу куйсаң да кайра тирил-бейт.

Ийри суроого түз жооп

Бир жолу Али (Алла андан ыраа-зы болсун) намаздан чыгып бара жатса, жөөттөрдүн бири ага суроо узатып калды. Сыноо максатында-бы, же шылдыңдоо үчүнбү, же чын-дап эле билүүгө кызыкканбы, айтор эмнеси болсо да, суроо абдан кызык болду.

- Сенин абдан билимдүү экениң белгилүү, - деди жөөт Алиге, - мага айтып берчи, кандай жаныбарлар жумуртка тууп, жумурткадан чыгат, а кандай жаныбарлар тирүү туулат?

Али (Алла андан ыраазы болсун) эч ойлонбостон шыдыр жооп берди:

- Кайсы жаныбардын эки кулагы дөмпөйүп, же шалпайып билинип турса, алар тирүү туушат. Ал эми ку-лагы билинбеген жаныбарлар жу-муртка тууйт.

* * *Алинин (Алла андан ыраазы бол-

сун) он үч кылым илгери айткан бул жоромолун азыркы илим да анык-тап-тактады. Чындап эле эки кула-гы билинген жаныбарлар жумуртка туубайт экен. Кит дагы жумурткадан чыкпай, тирүү туулат. Көрсө анын да кадимкидей эле эки кулагы бар экен.

Гезит ээси: Кыргызстан Ислам УниверситетиРектору: Абдишүкүр НарматовБашкы редактору: Алайчы СеитбековРедакциялык кеңеш: Абдишүкүр Нарматов Чубак ажы ЖалиловОрозали АдрановРавшан Акимбай уулуБаяндамачылар: Бакыт Ниязов,Эрмек Айтышев, Мирланбек АкматалиевКабарчылар: Султан Ташматов, Заирбек Калыков, Абдуллаева МухаббатДизайнер: Руслан Абдырахманов

Окурмандардын жана маектештердин материалдары гезиттин көз карашын билдирбейт.

Редакцияга келген кол жазмалар жана сүрөттөр кайтарылбайт. Гезиттен алынган материалдарга "Бейишке" шилтеме берилүүгө тийиш

Сүрөттөр өздүк архивден жана интернет булактарынан алынды. Гезит редакциянын компьютердик басма бөлүмүндө даярдалды.

2014-ж, 24-сентябрьРедакциянын дареги: Бишкек шаары,

Гогол көчөсү 53. тел: 0773 40 50 42 E-mail: [email protected] Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

Каттоо күбөлүгү №1099«ММК колдоо борбору» фондунун басмаканасында басылды

Нускасы: 7000. Буйрутма №1520

ГЕЗИТ ЖАМААТЫ

11

Page 12: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Мээримдүү жана Ыра-йымдуу Алланын аты ме-нен баштаймын.

Оболу, ааламдардын жаратуучусу Алла Таалага мактоо, Анын акыркы пай-гамбары Мухаммадга са-лам жана дуба айтамын.

Андан соң, Алланын буйругун аткарып, пай-гамбардын жолу менен жүргөн бардык мусулман бир туугандарымды алды-бызда келе жаткан Курман айт майрамы менен куттук-таймын.

Курман айт, курмандык чалуу, бул күндөрдөгү иба-даттар тууралуу айтуудан мурда бул айдын башта-луусуна жана анын артык-чылыктарына токтоло кете-ли.

Алгачкы он күн.Зул хиджа айынын онун-

чу күнүнөн баштап, андан кийинки үч күн курмандык күндөрү болуп эсептелет. Ага чейинки он күндүн да динибизде өзүнчө орду бар. Ибн Аббас (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салава-ты болсун): «Башка амал-дарга караганда мына ушул он күндө аткарыл-ган амалдар Алла Таалага абдан жагымдуу болот» – деп айтат. Ошондо са-хабалардын бири: Башка учурда аткарылган Алла жо-лундагы жихад да буга жет-пейби? – деп сурайт. Пай-гамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): «Ооба, башка учурдагы жихад да бул күндөрдөгү ибадатка тең келе албайт. Бирок, бүтүндөй мал-жа-ны менен жихадга чыгып, андан кайра кайтпай кал-ган адамдын жихады гана тең келе алат» – деп жооп берет. Бул хадисти имам Бухари жана Имам Муслим жазып калтырган. Ушундай эле маанидеги экинчи бир хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-сала-ваты болсун): «Алла Таала үчүн мына ушул он күндөн өткөн баалуу күн жок жана бул күндөрдөгү амалдар-ды Ал абдан жакшы көрөт. Ошондуктан бул күндөрдө тахлил, (келиме) такбир (Аллаху Акбар), жана тах-

мидди (Алхамду лиллаа) көбүрөөк айткыла!» – деп буйруган. Бул хадисти Имам Ахмад хадистер жыйнагын-да жазып калтырган.

Жогорудагы хадистерде айтылгандан сырткары бул он күндүн өзгөчө артыкчы-лыгы төмөнкүлөрдөн бай-калып турат:

1. Алла Таала Куранда ушул он күн менен касам ичип кайрылган. Куранда, Фажр сүрөсүнүн 1-2-аят-тарында: «Таңга жана он түнгө касам» деп айтылган. Алла Таала жөнөкөй нер-селер менен касам ичпейт. Касам ичүүдө колдонулган нерселердин баары өзгөчө мааниге ээ.

2. Мына ушул он күндүн акырында, биздин дини-биз жана бизге берилүүчү нээмат жакшылыктар толук болгон. Анткени, Куранда-гы акыркы аяттардын бири «Бугүн силердин дини-ңерди толук кылдым...» (Мааида, 3-аят) деген аят ушул күндөрдө түшкөн.

3. Алла Таала бул күн-дөрдө көбүрөөк ибадат кы-лууга чакырып, бул күндөр-дү Куранда: «...анан бел-гилүү күндөрдө (Зул хид-жанын алгачкы он күнүндө Алла) ырыскы кылып бер-ген чарба малдарын (кур-мандыкка чалуунун) үстүн-дө Алланын ысмын эске-ришсин» (Хаж, 28-аят) деп айтып өткөн.

4. Бул он күн ичинде кү-нөөлөр кечирилүүчү, ажы-лыктын бир парзы атка-рылчу, эгер орозо кармалса өткөн жана андан мурдакы жылга жетиштүү боло тур-ган – Арафа күнү бар. Бул күндө дубалар кабыл бо-лот. Бул туурасында хадис-те: «Дубанын эң эле жак-шысы – Арафа күнүндөгү дуба» – деп айтылган.

5. Бул он күндүн ичин-де Аллага өтө жагымдуу болгон Курмандык чалуу күнү бар. Бул Зул хиджанын онунчу күнү. Бул күндө жер бетиндеги ар бир мусул-мандын жүзүндө күлкү, жү-рөгүндө кубаныч болот. Бул күнү миллиондогон мусул-мандар Аллага жакындоо максатында курмандык ча-лышат.

6. Бул он күндө маани-

лүү ибадаттардын баары, тагыраак айтканда, намаз, орозо, ажы, садака жана курмандык чалуу ибадат-тары аткарылат. Жыл мез-гилинин мындан башка эч кайсы учурунда бул ибадат-тар чогуу аткарылбайт.

Бул күндөрдө эмне кы-луу керек?

Мына ушундай артык-чылыктарга ээ болгон Зул хиджа айынын алгачкы он күнүн кандай амалдар ме-нен өткөрүү зарыл? Эмки сөз учугу ушул багытта уланмакчы. Зул хиджа айы биздин жыл санак боюнча 25-26-сентябрда башталат. Кимге ушул күндөрдү кө-рүү насип кылган болсо, ал бул күндөрдү төмөнкүдөй амалдар менен өткөрүүсү талапка ылайыктуу болот:

1. Өткөн күнөөлөргө тооба кылуу зарыл. Антке-ни, бул күндөр Алла Таалага сүйүктүү күндөр, бул күн-дөрдө пенденин ар бир каа-лоосу аткарылат. Менимче, мусулман пенде үчүн тоо-басы кабыл болуудан ар-тык баалуу нерсе болбосо керек.

2. Көбүрөөк намаз окуу. Бул күндөр Аллага жакын-доочу күндөр болгондук-тан нафил намаздарды көп окууга аракет кылуу керек.

3. Орозо кармоо. Бул күндөрдө, айрыкча Арафа күнүндө орозо кармоо жак-шы. Бирок, ажы амалын аткаруу үчүн баргандарга Арафа күнү орозо кармаба-ганы оң.

4. Ажы жана Умра амал-

дарын аткаруу. Бул эки амал, айрыкча ажы амалы дал ушул он күндө аткары-лууга тийиш.

5. Бул күндөрү такбир, тахлил жана тахмид айтуу зарыл.

6. Кайыр-садаканы кө-бүрөөк чыгаруу.

7. Ата-эне, тууган-урук-тар менен байланышуу.

8. Курмандык чалуу. Ибрахим пайгамбардан бери келе жаткан маанилүү амалды улантып, ар бир ко-лунан келген мусулман кур-мандык чалууга тийиш.

Курмандык.Ушундай амалдар ме-

нен Зул хиджа айынын он күнүн өткөрүп алсак, Алла кааласа, бул он күндүн акы-сын толук кайтарган боло-буз. Ал эми курмандык ча-лууда төмөнкү амалдарга көңүл буруу зарыл:

1. Курмандык чалынчу жандык арык, кесел, чолок, сокур ж.б.у.с. айыптар бол-бош керек.

2. Курмандыкты Айт на-мазы окулуп бүткөндөн ки-йин чалуу талапка ылайык болот.

3. Эгер колунан келсе курмандыкты өз колу ме-нен чалганы жакшы.

4. Курмандыктын этин үч бөлүккө бөлүп, бир бө-лүгүн кедей-кембагалдарга, экинчисин жакындарына, үчүнчүсүн өз үй-бүлөөсүнө иштеткени оң.

5. Жеке адам бир майда жандык (кой, эчки) курман-дык кылса болот. Ал эми чоң малды (төө, уй, топоз)

жети адам биригип курман-дык кылса болот.

Курман айт күнү атка-рылчу амалдардын эң маа-нилүүсү айт намазы. Айт намазын окууда жана айт күнүн өткөрүүдө төмөнкү иштерге маани берүү за-рыл:

1. Арафа күнү багымдат убагынан, айттын үчүнчү күнү дигерге чейин «Так-бир-ташрик» айтуу жакшы.

2. Айт намазына жөө ба-руу мүмкүн болсо, анда жөө басып барган жакшы.

3. Айт намазына таза ки-йинип, жыттууларды себи-нип жагымдуу болуп баруу жакшы.

4.Айт намазындагы кут-баларга көңүл буруп олту-руу керек.

5. Намаздан кайтканда, эгер мүмкүн болсо, келген жолунан башка жол менен кайтуу жакшы.

6. Мусулмандарды айт күнү менен куттуктап, жак-шы тилектерди айтуу да сүннөт.

7. Бул күнү туугандарга барып зыярат кылуу жакшы иш.

Мына ушундай амалдар менен Курман айт майра-мын тосуп, айтты талапта-гыдай узатууну Аллахым ар бирибизге насип кылсын. Ажы амалын аткаруучулар-дын ажысы, курмандык чалгандардын курмандыгы кабыл болсун. Курман айт ар бир үйгө кубаныч, бакыт тартууласын. Ар бир үйдө ыйман нуру жанып, береке төгүлүп турсун.

Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишъкър Нарматов

КУРМАН АЙТ КУБАНЫЧТЫН МАЙРАМЫ

12ЖУМА КУТБАСЫ

Page 13: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Адатта күч эмгеги менен иш-теген адамга караганда акыл эм-геги менен иштеген адам көп чарчайт. Анткени ал кыймылды аз жасагандыгы үчүн организми алсыз болот жана нерв системасы бат чарчайт. Акыл эмгеги менен иштеген адамдар көбүрөөк кый-мыл жасабаса, же спорт менен шугулданбаса жугуштуу оорулар-

га туруштук берүү жагынан алсыз болуп калат. Ошондуктан мындай адамдарга мезгил-мезгили менен кыймыл жасоо жана дене тарбия-лык көнүгүүлөрдү жасап туруу сунушталат.

Адам ишке болгон жөндөм-дүүлүгүн арттыруу үчүн эс алуу-ну да туура пайдалануусу керек. Айрыкча, абасы таза ызы-чуудан алыс жерлерде эс алуу өтө пайда-луу. Мындан сырткары уйку мөө-нөтүн да туура бөлүштүрүү керек. Эгер акыл эмгеги менен иштеген адамдын уйкусу да аз болсо, бул анын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизет.

Иш бөлмөнүн жарык жана таза, ызы-чуудан алыс болгону абзел. Жумуш учурунда эч кандай тоскоолдук болбоосу керек.

Стол үстүндөгү буюмдар да иреттүү, туура жайланууга тийиш. Бытырап жаткан буюмдар адамды алагды кылып, анын нерв систе-масына терс таасирин тийгизет.

Акыл эмгеги зат алмашууну күчөтүп, мээнин жана ткандар-дын керектүү заттарды көп талап кылуусуна алып келет. Ошондук-тан алардын рационунда белок,

май. Углевод, минерал туздар, (В, В1, В12, С, РР) витаминдери же-тиштүү болууга тийиш. Андык-тан алар минералдарга бай болгон быштак, жумуртканын сарысы, икра, фасоль, жүгөрү, картош-ка, мейиз, бал сыяктуу азыктар-ды көбүрөөк колдонуусу керек. ошондой эле жогоруда айтылган витаминдерге бай келген абрикос,

фундук, миндал, анар, кулпунай, лимон, апельсин, алма сыяктуу мөмө жемиштерди жеп туруусу жакшы.

Ангина

Ангина – жугуштуу оору. Анда негизинен бадам сымал бездер сезгенип жабыркайт. Ангинаны ар кандай микроорганизмдер, не-гизинен стафилакокк жана стреп-такокк пайда кылат.

Оорунун пайда болуусу: оору

көбүнчө колдонулган идиш-аяктан жугат. Ангинада ооз көң-дөйүндө дайым жа-шоочу микробдор пайда болуп, ал адам-га суук тийгенде, чар-чаганда, башка оору-лар менен ооруганда, грипп болгондо козго-лот. Буттан сыз өтүү, муздак суусундуктар-ды ичүү да ооруну пайда кылат.

Оорунун алгачкы белгилери: алгач та-мак кычышып, анан шилекейди жутканда ооруй баштайт. Баш ооруйт, адамдын алы кетет жана денеде ысытма чыгат.

Оорудан сактануу: ангинадан сактануу үчүн тазалыкты сактоо зарыл. Муздак суусундуктарды ичпөө, айрыкча ысык суюктукту ичип, анын артынан муздак суюк-тукту ичүүдөн сактануу керек. Бутту ар дайым кургак алып жү-рүү зарыл.

Оорудан дарылануу: ангинасы козголгон адам дарыгерге кайры-

луусу зарыл. Ал эми үй шартын-да шалфей, ромашка, календулла чөптөрүн кайнатып, күнүнө 5-6 жолу тамакты чайкап туруу керек. Жылуу төшөктө, жылуу б.а. май-луу сорпо сыяктуу тамактарды ичиш керек. Оорулуу адам башка адамдардан оолак болуп, өзүнчө идиштерден тамактанганы оң.

Элдик табыпчылыкта: 1. Бир ашкана кашык алма уксусун 0,5литр жылуу сууга аралашты-рып, күнүнө бир канча жолу (3-5) мүнөт тамакты чайкоо керек.

2. Бир кесим лимонду чайнап, андан кийин 1 саатка дейре тамак ичпей туруу керек.

3. Алоенин ширесин балга аралаштырып тамактын сырты-нан компресс кылуу пайдалуу.

4. Бал менен лимон ширесин аралаштырып тамакты чайкоо да пайдалуу.

5. Таза техникалык керосинди пахтага сүртүп тамакка тийгизүү да оң таасирин тийгизет.

Кара зиренин касиети

Кара зире майынын көптөгөн касиеттери бар. Кара зирени кол-

донуу организмди чыңдоо үчүн өтө пайдалуу. Ошондуктан, анын майын же уругун күн сайын 1 чай кашыктан ичип туруу сунушталат. Кара зиренин майын апельсиндин ширеси же йогурт менен аралаш-тырып алса, даамы жакшыра тү-шөт. Аны сырттан компресс кы-луу же сүртүү үчүн да колдонуу маанилүү экенин унутпоо керек. Кара зиренин 1 чай кашыгын жа-рым стакан суу жана 1 аш кашык бал менен аралаштырып, таңкы тамактанууга 15 мүнөт калган-

да жана кечки тамактанууга 15 мүнөт калганда ичүү кажет. Кол-донор алдында аны жакшылап чайкап алуу зарыл. Балдарга жо-горуда айтылгандардын жары-мын гана берүү керек. Кээде аны ичкен адамдын өнөкөт оорулары козголушу мүмкүн. Бул - кадыре-се эле көрүнүш, андан чочулабаш керек. Кара зире - иммунитетти көтөрүүчү өсүмдүк болгондук-тан, бул учурда организм толугу менен дарыланып бүтө элек оору-ларга каршы иш жүргүзө баштайт. Организмди чыңдоо үчүн, тамак-тангандан кийин, 1 чай кашык кара зире колдонууга болот. Бир суткада андан ашык өлчөмдө колдонбоо зарыл. Көптөр «кара зиренин уругу баалуубу же майы баалуубу» деген суроону бери-шет. Экөөсү тең пайдалуу, бирок, майынын таасири күчтүүрөөк. Ошондой болсо дагы, кара зире-нин майы кымбатыраак турган-дыктан, элдин көбү анын уругун колдонушат.

Бетти даярдаган: Мухабат Абдуллаева

АКЫЛ ЭМГЕГИНИН ГИГИЕНАСЫ

13ДЕН-СООЛУК

Page 14: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

ТҮЗ СУРООГО ТАК ЖООПТОР

Суроо: Биздин айылда ажы-

га барып келип, анан кайра арак ичип жүргөн бир адам бар. Анын ажысы кабыл болдубу? Негизи ажыга барып келгенден кийин таза жүрүш керекпи? 0777 89 51 ..

Жооп: Ажы амалынын кабыл болгон-болбогону Алла Таала-га маалым. Бирок, ажыга барган адам ажылыктын кандай амал экенин билип, анын шарттарын, парздарын, важип, сүннөттөрүн толук аткаруусу керек. Намаз окуп, орозо кармап, динди тү-шүнүп калган адамдын ажыга баруусу жакшы. Анткени, ажы-лык Парижге, же Дубайга барып келгендей саякат эмес. Тилекке каршы бизде ажыга баруу мода-га айланып бараткансыйт. Акча-сы барлар эл көрсүн үчүн, же өзү эл көрүүсү үчүн эле ажыга барып жатышат. Мына ушундай “ажы-лардын” ажылыгынан эч кандай пайда жок.

Ал эми ажыдан келген адам таза болуусу керек деген албетте туура. Таза болуу, арам иштерден сактануу бир гана ажыга барып келген адам эмес, ар бир мусул-манга тиешелүү. Чындыгында, динден кабары жок адамдын кү-нөө иштерди жасаганына коом-чулук анча маани бербейт. Ал эми намаз окуган, ажыга барган адамдардын күнөөсүн дароо кө-рүшөт жана бул аларга терс таа-сирин тийгизет. Демек, мындай адамдар күнөө кылуу менен му-сулмандарга, исламга көө жаап, сөз тийгизет. Андыктан, алардын күнөөгө жараша азабы да оор бо-лору шексиз. Бирок, биз кайсы бир молдонун же “ажы акенин” жүрүм-турумунан үлгү издебей, үлгүнү динден гана издөөгө үй-рөнүшүбүз керек.

Суроо: Менде бир суроо бар. Бул суроого толук кандуу жооп бересиздер го деп ишенемин. Учурда шия дин тутумун кар-манган адамдарга сунний му-сулмандар кыздарын берип жат-кан учурлар көп кездешип жа-тат. Мен буларга кыз берип, кыз алууга болбойт деп уккан элем. Ушуну түшүндүрүп берсеңиздер. 0550 09 01 .. Мамасеитов Эргеш.

Жооп: Шиялар өз алдынча бир канча топко бөлүнүп кетет. Ислам (Ахлу сунна вал жамаат) аалымдары алардын көпчүлүгүн каапыр деп айтышкан. Антке-ни, алар пайгамбарыбызга (Ага Алланын салам-салаваты бол-

сун) ишенишпейт. Пайгамбар Али (Алла андан ыраазы болсун) болуш керек эле деп айтышат. Айша энебизди бузулган аял деп жалган жалаа жабышат. Улук сахабалар Абу Бакр, Умар жана Усманды (Алла алардан ыраазы болсун) мунафык деп эсепте-шет. Жабрейил периште адашып, Алиге берилчү пайгамбарлыкты Мухаммадга берип койгон деп айтышат. Мына ушундай туура эмес ишенимдердин негизинде шиялар мусулман эмес деп та-былган. Эгерде сиз айтып жат-кан шиялар мына ушундай топ-ко кирсе, б.а. пайгамбарыбызга моюн сунбай Алини (Алла андан ыраазы болсун) пайгамбар деп эсептешсе, анда аларга мусулман кыздарды турмушка берүүгө бол-бойт жана нике жүрбөйт. Алла Таала ыйык Куранда: “Ошондой эле (өзүңөргө караштуу кыз-жу-бандарды) мушрик эркектерге – алар ыйманга келмейинче – никелеп бербегиле. (Анткени,) кул болсо да ыймандуу эркек мушрик эркектен артык. Эгер ал мушрик силерге жагып тур-са да. (Себеби) алар (мушриктер сөзү, пейили жана абал-көрүнү-шү менен силерди) тозокко ча-кырышат. Алла болсо. Өз каа-лоосу менен Бейишке жана ке-чирүүгө чакырат...” – деп айт-кан. (Бакара сүрөсү, 221-аят). Эгерде ушундай туура эмес ишениминен кайтып, пайгамба-рыбызга ыйман келтирип, тооба кылган болсо жана ахлу сунна вал жамаат ишеними менен жа-шай баштаса, ага кыз берүүгө болот. Негизинен ата-эне кызын турмушка узатууда анын келечек урпактары тууралуу ойлонуусу керек. Исламда “куф” теңдик де-ген бар. Ыймандуу кыздын ый-мандуу балага турмушка чыкка-ны абзел.

Суроо: Мен намаз окуймун, бирок жоолук салынып жүрүүгө үйрөнө албай жатам. Намазым кабыл болуп жатабы? 0772 70 79 .. Нурай.

Жооп: Ушундай маанидеги суроолор абдан көп берилүүдө. Бул биз динди дагы эле жакшы түшүнө албай жатканыбыздан кабар берет. Албетте, намаз өзүн-чө ибадат. Алла намазыңызды кабыл кылсын. Бирок, сиз эмне үчүн намаз окуп жатканыңызды билишиңиз керек. Намазды Ал-ланын буйругун аткаруу үчүн окуп жаткан болсоңуз, анда жоо-лук да Алланын буйругу. Анда аны эмне үчүн аткарбайсыз? Дин – бул, дыйкан базардагы Акмат-жан ака сатып жаткан помидор эмес, жакканын алып жакпага-

нын таштап салгандай. Алла эм-нени буйруса анын баарын атка-рууга милдеттүүбүз. Мунун пай-дасы өзүбүз үчүн эле болот.

Суроо: Бизде жамгыр сурай-быз деп түлөө өткөрүшөт. Ушул шариятта барбы? 0555 46 03 ..

Жооп: Түлөө деген тилөө, тиленүү деген эле сөз. Жамгыр сурап тиленүү шариятта бар. Би-рок, пайгамбарыбыз (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун) көр-сөтүп кеткен тартиби бар. Жам-гыр суроодо айыл эли талаага чыгып имам менен эки ирекет намаз окуп, дуба кылат. Бул на-маздын тартиптери фикх китеп-теринде кенен айтылган. Ал эми түлөө өткөрөбүз деп, талаага бир койдун этин бышырып, арак-ша-рабын аралаштырып аны жеп, ага кошуп Бакиев баш болгон дагы бир топ адамдын этин кошо жеп (кыйбат, ушак кылып), анан тарап кетсе, бул эч кандай тилөө болуп эсептелбейт жана мындай түлөөгө жамгыр да берилбейт.

Суроо: Мен балдарым ток-тобой жүрүп баламдын атын Токтосун койгом. Азыр балам чоңоюп бой жетти. Бир даават-та жүргөн адам атыңды өзгөртүп ал деп айтыптыр. Ошондон бери балам атын өзгөртөм деп жатат. Атын өзгөртсө кандайдыр бир жамандык болуп кетчүдөй болуп мен макул болбой жатам. Эмне кылуу керек? 0778 88 43 ..

Жооп: Эгерде адамдын аты Исламга каршы болгон каапыр-лардын атына коюлуп калса, же шариятта адамга коюлууга туура келбеген (Алланын ысымдары сыяктуу) ат болсо, аны өзгөр-түүгө болот. Ал эми элибиздин арасында колдонулуп жүргөн ат-тарды өзгөртүүнүн кереги жок. Токтосун деген атты дегеле өз-гөртүүнүн кажети жок. Ал эми атты өзгөртүү анын тагдырына таасир берет деген да туура эмес түшүнүк. Ал атын өзгөртүп алса да, ага эч кандай жамандык бол-бойт. Негизи Токтосун, Токтосун бойдон кала берсин да, сиз кы-жалат болбой балаңызга ыйман тарбиясын бере бериңиз. Мына ушул эң жакшы чечим.

Суроо: Үч күн, кырк күн, төрт ай дааватка чыгуу парзбы, же сүннөтпү? Чыкпасаң окуган намазың кабыл болбойт деп да айтышат экен. Кеңири айтып бе-ресиздерби? 0773 76 12 ..

Жооп: Бул суроого да кеңи-ри жооптор бир канча жолу ай-тылган. Үч күн, кырк күн, төрт ай парз да эмес, сүннөт да эмес, болгону тартип. Ким буларды парз, же сүннөт десе адашат. Ал эми дааватка чыкпасаң намазың

кабыл болбойт деген сөз илим-сиз адамдардын айтканы болушу мүмкүн. Намаздын дааватка тие-шеси жок. Дааватка чыгасызбы, чыкпайсызбы, намазды чын ык-лас менен пайгамбарыбыз көр-сөткөн тартипте окусаңыз, нама-зыңыз кабыл болот, ин шааллах. Бирок, дааватты туура эмес деп айтканга да болбойт. Анын да пайдалуу жактары көп. Андык-тан дааватка чыккандар өз жолу менен чыга берсин, чыкпагандар аларга тоскоол болбосун. Ар ким өз арабасын тартса, жүк жеңил болот.

Суроо: Дааватчы кызын сала-фиге берсе болобу? 0779 09 54 ..

Жооп: Сонун болот. Нур үс-түнө нур болот деген ушул.

Суроо: Менин бир бутум ооруп, тизеден бүгүлбөй калган. Туруп намаз окуу абдан оор бол-гондуктан олтуруп намаз окуп жүргөм. Жакында бир мечитте бир буту түбүнөн жок адамдын туруп намаз окуп жатканын кө-рүп, өзүмдү күнөөлүүдөй сезип калдым. Кандай кылганым туура болот? 0700 45 54 ..

Жооп: Ислам дининдеги чоң артыкчылыктардын бири – анын жеңилдигинде. Алла Таала пен-де аткара албай турган ишти ага жүктөгөн эмес. Сизге олтуруп туруу, же тике туруу оор бол-со олтуруп намаз окуганыңыз жакшы. Бир буту жок адамдын туруп намаз окуганын биз да көргөнбүз, таң калыштуусу, ал эки бутту адамдарга караганда жеңил жана бат олтуруп, турат экен. Демек, ага олтуруп окуган-га караганда туруп окуган жеңил болушу мүмкүн. Ошондуктан ал өзүнө жеңил болгонун аткарат. Сиз да абалыңызга карап жеңи-лин аткара бериңиз. Алла окуган намазыңызды кабыл кылсын.

Суроо: Быйыл орозодо ооруп калып он эки күн кармай албай калдым эле. Эми ден соолугум жакшы болду. Бирөөлөр ар бир күн үчүн алтымыш күн орозо кармашың керек деп жатат. Эмне кылышым керек? 0550 42 36 ..

Жооп: Сиз орозону улантууга болбой турган катуу оору себеп-түү орозону уланта албай калса-ңыз, анда ошол күндөрдү гана, тагыраак айтканда он эки күндү гана кармап бересиз. Ал эми сиз айтып жаткан алтымыш күндүк орозо “кафарат” деп аталып, се-бепсиз эле оозун ачып алгандар-га тиешелүү болот. Алла оору-ңузга шыпаа берип, орозоңузду кабыл кылсын.

14СУРОО-ЖООП

Page 15: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

24.09.2014

Куран ичинен беш су-роонун жообу:

1. Куранды бир китеп кылып топ-тоо Умардын (Алла андан ыраазы болсун) пикири менен ишке ашкан.

2. Орозонун парз болуусу тууралуу аят Бакара сүрөсүндө келген.

3. Курандын жүрөгү деп аталаган сүрө - Ясин сүрөсү.

4. Курандын энеси, же Ку-рандын ачкычы деп аталган сүрө - Фатиха сүрөсү.

5. Куранда айтылган, тая-гына сүйөнгөн абалда жан берген пайгамбар Сулайман пайгамбар.

Өзүңдү текшер сынагы-нын жообу:

1. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) кайсы пай-гамбардын туткан орозосун эң жак-шы деп айткан?

а) Иса пайгамбардын б) Дауд пайгамбардынв) Муса пайгамбардынг) Нух пайгамбардын

2. Орозо кармоо кимге парз эмес?

а) Балакатка жете элек адамга

б) Өтө арык адамгав) Өтө семиз адамгаг) Жумуштагы адамга3. Бул амалдардын кайсынысы

орозону бузбайт?

а) Таң ата элек деген күмөн менен саарлык тамагын жесе

б) Чаңкаганда бир-эки ууртам суу ичип алса

в) Күн батты деген күмөн менен оозун ачып алса

г) Саарлыкта уктап калса

4. Булардын кимисине убактылуу орозо кармабай турууга уруксат?

а) Этек кири келген аялга б) Базарда соода кылган адамгав) Талаада дыйканчылык кылган

адамгаг) Курулушта иштеген адамга

5. Бул амалдардын кайсысын оро-зодо күндүзү аткарууга болбойт?

а) Баласын өбүүгөб) Үйлөнүүгө в) Футбол көрүүгөг) Аялы менен жакындык кылууга

Куран ичинен беш суроо:

1. Куранда "Уулул аьзм" чечкин-дүүлүк ээлери деп кайсы пайгамбар-лар аталган?

2. Тооба сүрөсүндө тообасы кабыл болгон үч адам тууралуу айтылган. Булар кимдер?

3. Курандагы эң кыска сүрө бо-луп эсептелген Аср сүрөсү тууралуу Имам Шаафи эмне деп айткан?

4. Хадисте: "Куранда отуз аяттан турган сүрө бар, ким бул сүрөнү окуп жүрсө, ал кыяматта ага колдоо көрсөтөт" деп айтылган. Бул кайсы сүрө?

5. Куранда кайсы пайгамбардын аты көп аталган?

Өзүңдү текшер:

1. Мухаммад деген атты пайгамба-рыбызга ким койгон?

а) чоң атасыб) апасыв) атасы менен бир тууган агасыг) уруунун аксакалдары

2. Мираж кечесинде алгач кан-ча жолу намаз окуу парз кылынган болчу?

а) 5 убакб) 10 убакв) 30 убакг) 50 убак

3. Алинин (Аллах андан ыраазы болсун) атасы ким болгон?

а) Абдурахманб) Абу Талибв) Абдулмуталибг) Абдуллах

4. Пайгамбарыбыздын (Ага Алла-нын салам-салаваты болсун) кайсы сахабасы "Пайгамбардын сыры" де-ген атка конгон?

а) Абу Бакрб) Абу Хурайрав) Усманг) Хузайфа

5. Хадис: "Ким өмүрү узун, ырыскы-сы мол болууну каалса...

а) көп уктасын б) көп тамактансынв) туугандары менен карым-кат-

нашта болсунг) дарыгерлер менен жакшы мами-

леде болсун

(Бул суроолордун жоопторун гезиттин кийинки санынан таба аласыздар)

ГЕЗИТТИН ӨТКӨН САНЫНДАГЫ СУРООЛОРДУН ЖООПТОРУ

15

Таң саарда азан чыкса мечиттен,Сопу акенин чакырыгын эшиткен.Атып тургун жылуу жумшак ордуңдан! Үмүт кылсаң акыретте Бейиштен.

Күн ыссыкта «бешим» намаз убагы,Кел мечитке тегиз сапка туралы.Ушул намаз жаратканды кубантып,Берээр сообу акылыңа сыябы?

Күн салкындап жумуш күчөп турганда,«Аср» намаз болот окуу убагы.Ишиң таштап мечит карай жүгүрсөң,Сообу канча акылыңа сыябы?

Күн кызарып уясына батканда,Жумуш бүтүп курсак катуу ачканда.Билесиңби мунун сообу канчалык, Даарат алып «шам» намазга шашканда.

Түн да кирди чарчаганга карабай,Таква момун мечит көздөй барат жай, «Куптан» намаз жамаат менен окуунун,Сообун билээр аны жалгыз бир Кудай.

Өмүр бүтүп акыретке бармак чын,Беш убак намаз - бул өкүмү Аллахтын.Беш убак намаз - кабырыңдын жарыгы,Беш убак намаз - ачкычыдыр жаннаттын.Султан Ислам

Беш убак намазБул китепте сүйүктүү пайгамбарыбыздын сыпаттары

тууралуу айтылган хадистер камтылган. Пайгамбарыбызды жакындан таанууну каалагандар бул китепти окуп чыгыңыздар. Китеп "Шам нуру" коомдук фонду тарабынан которулуп басылып чыкты. Маалымат үчүн 0 (778) 41-83-65 телефонуна кайрылсаңыздар болот.

Китеп окуйбуз!

СЫНАК БЕТ

Page 16: Бейиш - Nethouse...Бейиш туура жолду танда Кыргызстан Ислам Университети 9 (18) 24.09.2014 КЪН++Д+Н ТАЗАЛАНБАГАН

Кенжетайдын достору

Достор, эгер силер бир жаштан беш жашка чейинки аралыкта болсоңор, мага сүрөтүңөрдү салып жибергиле! Сүрөт, Ислам дининин, же кыргыздын улуттук баалуулуктарын чагылдырууга тийиш. Эсиңерде болсун, сапатсыз сүрөттөр кабыл алынбайт. Менин дарегим: Бишкек, Гоголь көчөсү 53. Тел: 0773 40 50 42. [email protected]

Нурислам Артыков, бир жарым жашта, Бишкек шаары

ЫЙЛАГАН ТӨӨ

Бир ирет сүйүктүү пайгамбарыбыз бак ичинде бара жатып, бир төөгө көзү түштү. Төө өтө көп жумуш аткаргандыктан абдан чарчап турган жана аябай элек арык болчу. Пайгамбарыбыз анын жанына келип, эки көзүнөн жаш агып жатканын көрдү да, жанындагылардан бул төөнүн ээсин таап келүүнү өтүндү. Бир аздан кийин төөнүн ээси пайгамбарыбыздын жанына келди. Пайгамбарыбыз ага салам айтып, анан: “Бул төөнү мынчалык кыйнаганың үчүн Алладан коркпойсуңбу? Аны сага Алла берген, карачы бул кыйналганын айтып, арызданып жатат” – деди.

Көрдүңөрбү балдар, жаныбарлардын баары биз сыяктуу эле чарчашат. Демек, аларды жакшы карап, убагында тойгузуп туруу керек.

АДИЛЕТТҮҮЛҮК

Алыскы шаарлардын биринде, адилеттүү казы бар эле. Бир күнү эки жигит бир абышканы жетелеп, казыга алып келишти. Алар жөн келбей абышканы токмоктоп да коюшкан экен. Байкуш абышка денесинин ооруксунганына чыдабай казынын алдында араң чыдап турду.

- Эмне үчүн улуу адамды токмоктодуңар? – деп сурады казы жигиттерден.

- Бул биздин набай канадан нан уурдап качты, - дешти жигиттер бир ооздон. Иштин жайын түшүнгөн казы абышкага кайрылып, эмне үчүн уурулук кылганын сурады.

- Оо, адилеттүү казы, - деди абышка жалооруй, - нан уурдаганым чындык, бирок бүгүн да нансыз калсак, кемпирим экөөбүз ачкадан өлүп калышыбыз мүмкүн эле.

Абышканын чындыкты айтканына ыраазы болгон казы: - Нан уурдаган адам жыйырма динар төлөөрүн билесиңби, буларга

жыйырма динар төлөп бер! – деди.- Казым, эгер менин жыйырма динарым болсо, нан уурдап башыма

таш тийдиби, - деп жалдырады абышка. Казы жыйырма динар алып абышкага сунду да:

- Бул жыйырма динар менден сага белек, аны нандын ээлерине кайтарып бер, - деди. Анан тиги жигиттерге карап:

- А силер болсо, бул абышкага жыйырма динардан төлөп бересиңер! – деди, - бул силердин жашы улуу адамды сабаганыңар үчүн жана бир шаарда жашап туруп, картайган абышкага каралашпай, анын уурулук кылуусуна жол бергениңер үчүн.

Гезитти таштанды жерге таштабаңыз Куран аяттары жазылган!