disability rights kg ardi_hrab

40
Бишкек-2013 АдАм укуктАры боюнчА кеңеш Совет по прАвАм человекА Human rigHts advisory board THE DANISH INSTITUTE FOR HUMAN RIGHTS Ден соолугунун м³мк³нч³л³г³ чектелген Баланын укуктарын кантип коргоо керек Ата-энелер ³ч³н колдонмо

Upload: association-of-parents-of-disabled-children

Post on 12-Jan-2017

338 views

Category:

Law


3 download

TRANSCRIPT

Page 1: Disability rights kg ardi_hrab

Бишкек-2013

АдАм укуктАры боюнчА кеңешСовет по прАвАм человекАHuman rigHts advisory board

THE DANISHINSTITUTE FORHUMAN RIGHTS

Ден соолугунун м³мк³нч³л³г³ чектелген

Баланын укуктарын кантип коргоо керекАта-энелер ³ч³н колдонмо

Page 2: Disability rights kg ardi_hrab

УДК…ББК…

Р….

Түзгөндөр: Дыйканбаева С., Машаева В.

Р- Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укукта­рын кантип коргоо керек. Ата-энелер үчүн колдонмо. – Бишкек: ST.art Ltd, 2013. – 40 б.

ISBN…

Бул колдонмо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар ата-эне-лерге арналган.Ата-энелердин эл аралык жана улуттук мыйзамдардын ченемдеринин негизин-де балдардын укуктарын коргоо боюнча ырааттуу иш-аракеттерин баяндоо түзүүчүлөрдүн милдети болду.Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укукту, билим алууга укукту, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын иштеген ата-энелеринин эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн ата-энелердин иш-аракеттери толук ка-ралган.

Даниянын Тышкы иштер министрлигинин, Адам укуктары боюнча Дания инс­титутунун «Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүү жана коргоо» дол­боорунун финансылык колдоосу менен Адам укуктары боюнча кеңештин ишинин алкагында жарыяланды.

Авторлордун ой­пикирлери Адам укуктары боюнча Дания институтунун жана Адам укуктары боюнча кеңештин ой­пикирлерине дал келбей калышы мүмкүн.

P… УДКISBN.. ББК

© Адам укуктары боюнча кеңеш, 2013 © Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (МБАА), 2013

Page 3: Disability rights kg ardi_hrab

МазМуну

1. Ай сАйын БеРилүүчү социАлДыК жөлөКпУл АлУУгА УКУК . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 41.1. Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу

үчүн эмне кылуу керек? . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 41.2. Майыптуулуктун болушун ким аныктайт? . . . . . . . . . . . . . . . . . . 61.3. МсЭКтин чечимине даттануу тартиби . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 91.4. ДМч балдарды кайра күбөлөндүрүү тартиби . . . . . . . . . . . . . . 10

2. БилиМ АлУУгА УКУК . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 12

2.1. ДМч баланы мектепке чейинки мекемеге кантип киргизүү керек? . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 12

2.2. ДМч баланы мектепке кантип киргизүү керек? . . . . . . . . . . . . 13

3. ДМч БАлДАРДын иштеп жАтКАн АтА-ЭнелеРинин ЭМгеК УКУКтАРы . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 17

тиРКеМелеР

1­тиркеме. ДМч балдардын ата-энелерине жардам көрсөтүүчү уюмдардын тизмеси . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 192­тиркеме. ДМч баланы тарбиялоо. Патриция Мак Гил Смит. сиздер жалгыз эмессиздер . . . . . . . . . . 253­тиркеме. Балага кантип колдоо көрсөтүү керек. ДМч балдардын ата-энелери үчүн эскерткич . . . . . . . . . . . . . . . . . . . 37

Page 4: Disability rights kg ardi_hrab

4 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

1.айсайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуугаукук

сиз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (мындан ары – ДМч) бала төрөдүңүз дейли. 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 10-беренесине ылайык ал ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алууга укуктуу1.

1.1. ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу үчүн эмне кылуу керек?

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул алуу үчүн медициналык-социалдык экспертиза чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекет-тик органдан, аймактык (райондор аралык) – медициналык-со-циалдык эксперттик комиссиядан (мындан ары – МсЭК) майып-туулугунун болушун аныктоо максатында күбөлөндүрүүдөн өтүү зарыл.

1 ошондой эле 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 38 «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» КР Мыйзамынын 6, 7-беренелерин караңыз.

Page 5: Disability rights kg ardi_hrab

5Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

айсайынберилүүчүсоциалдыкжөлөкпулалуугаукук

Андан кийин ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулду дайын-доо үчүн баланын жашаган (катталган) жери боюнча социалдык коргоо органдарына арыз берүү керек:

▪шаарларда – жарандардын жашаган (катталган) жери боюн ча социалдык жактан коргоо органдарына;

▪ айыл жергесинде – баланын жашаган (катталган) жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына – айыл өкмөттөрүнө1.

Мамлекеттик жөлөкпул алуу үчүн кайрылган адам төмөнкүдөй до кументтерди тапшырышы керек:

▪ баланын ким экендигин ырастоочу документтин көчүр-мөсүн жана түп нускасын (паспортту же туулгандыгы туу-ралуу күбөлүктү);

▪ анкета-арызды (арызды);▪жашаган жеринен маалымкатты;▪ үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкатты;▪майыптуулугу тууралуу МсЭКтен маалымкатты2.

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпул 18 жашка чейинки ДМч балдарга – МсЭК майыптыгын белгилеген учурдан баш-тап, эгерде МсЭК маалымкат берген күндөн тартып 6 айдан кечикпестен жөлөкпул үчүн кайрылса жана бардык керектүү до-кументтерди тапшырса, көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин – жөлөкпул үчүн кайрылган айдын биринчи күнүнөн тартып алар 18 жашка чыкканга чейин чектелет3.

1 2009-жылдын 29-декабрындагы № 318 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 12-беренесин караңыз.

2 ошол эле жерде, 4-бөлүк.3 ошол эле жерде, 14-берене.

Page 6: Disability rights kg ardi_hrab

6 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Ай сайын берилүүчү социалдык жөлөкпулдардын өлчөмдөрү жа-шоо минимумун эске алуу менен бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан белгиленет1.

Баланы ДМч адам деп табуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр эсеп-телет:

а) оорунун, жаракат алуунун же кемтиктеринин кесепет-тери менен шартталган органдардын жана системалардын функцияларынын туруктуу бузулушунан улам ден соолук-тун бузулушу;

б) тиричилик аракеттеринин чектелиши (жарандын өзүн тейлегенге, бир жерден башка жерге өз алдынча барууга, багыт алууга, сүйлөшүүгө, өз жүрүм-турумун контрол-доого, эмгектенүүнү үйрөнүүгө же аны аткарууга жарам кудуретин же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготкондугу);

в) реабилитацияны кошо алганда, социалдык коргоо чарала-рына муктаждык2.

1.2. майыптуулуктун болушун ким аныктайт?

Мурда көрсөтүлүп кеткендей, баланын майыптуулугунун болу-шун МсЭК аныктайт, ал жакка баланын мыйзамдуу өкүлдөрү

1 «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 11-беренесин караңыз.

2 КР өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 токтому менен бе-китилген жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобонун 4-беренесин караңыз.

Page 7: Disability rights kg ardi_hrab

7Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

айсайынберилүүчүсоциалдыкжөлөкпулалуугаукук

(ата-энеси, камкорчулары, көзөмөлчүлөрү ж.б.) төмөнкү доку-менттерди бериши керек:

▪ 16 жашка чейинки балдар – туулгандыгы тууралуу кү-бө лүгүн (кароо үчүн түп нускасын жана көчүрмөсүн), 16 жаштан жогорулар – паспортун;

▪иштеген адамдар – эмгек китепчесин же нотариалдык күбө-лөндүрүлгөн эмгек китепчесинен көчүрмөнү (көр сөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү медициналык актыга тирке-лет);

▪ саламаттык сактоо уюмунун жолдомосу (№ 88 форма):– 18 жашка чейинки жарандарга – медициналык-социал-

дык экспертизалоого 18 жашка чейинки балага саламат-тык сактоо уюмунун жолдомосу;

▪ амбулатордук карта, стационарда дарылангандык жө нүн-дө көчүрмө, ооруну ырастаган медициналык доку менттер (консультациялык корутундулар, тек ше рүү лөр дүн жыйын-тыгы ж.б.)1.

жарандарды экспертизалоо баланын туруктуу жашаган (каттал-ган) жерине же убактылуу жашаган жерине ылайык аймактык ички иштер органдарында же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү түрдө катталуу менен МсЭК тейлеген аймакта жүргүзүлөт2.

1 жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобонун 16-пунктунун «б» пунктчасын караңыз.

2 ошол эле жерде, 3-пункт.

Page 8: Disability rights kg ardi_hrab

8 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Медициналык документтерди алуу үчүн жашаган жери боюнча бейтапканага же бала дарыланган стационардык мекемеге кай-рылуу керек1. МсЭКке жолдомону бейтапкана берет. Балага «майып-бала» категориясын белгилөө жана анын патологиялык абалдар боюнча колдонулушунун мөөнөттөрү жөнүндө маселе өнүгүүнүн тубаса аномалияларынан тышкаркы 4 айдан кем эмес стационардык жана амбулатордук-бейтапканалык шарттарда за-рыл комплекстүү дарылануу жүргүзүлгөндөн кийин чечилет2.

МсЭК өткөрүүчү ден соолугунун начарлашына диагностика са-ламаттык сактоо уюму тарабынан берилген медициналык доку-менттерди алдын ала текшерүүнү жана аларга талдоо жүргүзүүнү камтыйт.

Документтерди топтоп, МсЭКке арыз бергенден кийин тек-шерүү күнү дайындалат. текшерүү – бул баланы ДМч адам деп таануу, ал баланын ден соолугуна жана жашоо тиричилигинин чектелген деңгээлине комплекстүү баа берүүгө, белгиленген клас-сификацияларга жана критерийлерге ылайык клиникалык-функ-циялык, социалдык-тиричиликтик, кесиптик-эмгектик жана пси-хологиялык маалыматтарга баа берүүгө негизденип, экспертиза жүргүзүүдө ишке ашырылат.

Эгерде бала ден соолугунун абалы боюнча комиссияга келе алба-са, саламаттык сактоо уюмунун корутундусуна ылайык экспер-тиза үйүндө, стационарда жүргүзүлүшү мүмкүн3.

1 жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобо, 6-пункт.

2 ошол эле жерде, 6-пункт.3 ошол эле жерде, 42-пункт.

Page 9: Disability rights kg ardi_hrab

9Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

айсайынберилүүчүсоциалдыкжөлөкпулалуугаукук

Эгерде майыптуулук белгиленсе, анда майыптуулугу белгилен-гендиги тууралуу маалымкат берилет жана реабилитациялоонун жеке программасы иштелип чыгат1.

Экспертизанын маалыматтары жана адистердин корутундулары күбөлөндүрүү актысына жана жыйналыштарды каттоо журналы-на жазылат, аларга чечим кабыл алган МсЭКтин комиссиясынын төрагасы, мүчөлөрү кол коёт. Күбөлөндүрүү актысы МсЭКтин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт2.

МсЭКте күбөлөндүрүүдөн өткөн балага күбөлөндүрүүнүн на-тыйжалары жөнүндө маалыматтар медициналык социалдык-экс-пертизага саламаттык сактоо уюмунун жолдомосунун айрып алуучу талонуна жазылат, ал МсЭКтин төрагасынын колу менен күбөлөндүрүлөт3.

1.3. мсЭктин чечимине даттануу тартиби

Эгерде күбөлөндүрүүдөн өткөн балага анын майыптуулугунун болушу белгиленбесе жана ата-энеси МсЭКтин мындай чечими-не макул болбосо, ага КР социалдык өнүгүү министрлигине же соттук тартипте даттанууга болот.

18 жашка чейинки балдарды күбөлөндүрүүдө майыптуулук то-бу аныкталбайт. МсЭКтин маалымкатында «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала» деп көрсөтүлөт.

1 жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобо, 54-пункт.

2 ошол эле жерде, 55-пункт.3 ошол эле жерде, 63-пункт.

Page 10: Disability rights kg ardi_hrab

10 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

стационардык түрдө текшербестен экспертизага жиберүүгө укук берген оорулардын тизмесин келтирели:

а) анатомиялык кемтиктер;б) дүлөйлүк, дудуктук;в) сезгенүү ооруларын жана ыкчам дарылоону талап кылган

ооруларды кошпогондо, көрүү органдарынын оорулары;г) ритмдин байкалган бузулуулары жана жүрөктүн байкал-

ган жетишсиздиги болбостон жүрөктүн тубаса жана рев-матикалык жетишсиздиги;

д) кыймыл-аракеттин байкалган туруктуу бузулушу менен борбордук жана чет жактардагы нерв системасынын оору-лары;

е) тубаса кем акылдык (акыл-эстин ар кандай даражадагы кем өнүгүшү);

ж) Даун оорусу;з) өнүгүүнүн тубаса жетишсиздиги1.

Компенсация (жеңилдиктерди акчалаштыруу) 18 жашка чейин-ки балдарга жана көрүүсү жана угуусу боюнча гана I, II, III топто-гу майыптуулугу бар чоң кишилерге төлөнүп берилет2.

1.4. Дмч балдарды кайра күбөлөндүрүү тартиби

18 жашка чейинки «ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектел-ген бала» категориясы бар балдарды кайра күбөлөндүрүү

1 жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобонун 139-пунктун караңыз.

2 КР өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 токтому менен бекитилген жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация-ларды чек төөнүн тартиби жөнүндө жобону караңыз.

Page 11: Disability rights kg ardi_hrab

11Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

айсайынберилүүчүсоциалдыкжөлөкпулалуугаукук

ушундай категориясы бар балага белгиленген мөөнөткө (1 жылга, 2 жылга, 5 жылга, 18 жашка толгонго чейин) ылайык жүргүзүлөт1.

Эреже катары, ата-энелер МсЭКтин корутундусунун колдо-нуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кээде 2-3 ай өткөндөн кийин «ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала» категориясын-дагы балдарды кайра күбөлөндүрүү үчүн документтерди топтой баштайт. натыйжада бала ушул мезгилде жөлөкпул албай калат. ошондуктан ата-энелерге кайра күбөлөндүрүүгө даярданууну МсЭКтин корутундусунун колдонуу мөөнөтү аяктаганга 2 ай калганда баштоону сунуштайбыз.

социалдык коргоо чөйрөсүндө бардык иш-аракеттерди КР со-циалдык өнүгүү министрлиги ишке ашыраарын эскерте кетели. Балаңыздардын майыптуулугу менен байланышкан проблема-ларды чечүү жана укуктарды ишке ашыруу максатында ата-энелер кызыктыруучу маселелерди чечүү үчүн ушул министр ликке жазуу жүзүндө арызы менен кайрылышы керек. сиздер арызга жазуу жүзүндө жоопту 30 күндүк мөөнөттүн ичинде күтөөрүңүздөрдү сөзсүз көрсөтүңүздөр2.

1 жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп эсептөө жөнүндө жобонун 71-пунктун караңыз.

2 2007-жылдын 4-майындагы № 67 «жарандардын кайрылууларын ка-роо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын 8-беренесине киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу (алар 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет) мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башка-руу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде ка-ралат.

Page 12: Disability rights kg ardi_hrab

12 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

Билим алууга укук инсандын да, бүтүндөй коомдун да өнүгүшү үчүн өбөлгө түзүүчү адамдын кыйла маанилүү конституция-лык социалдык укуктарынын бири болуп саналат. Бул укук КР Конституциясынын 45-беренесинде бекемделген.

2.1. Дмч баланы мектепке чейинки мекемеге кантип киргизүү керек?

Эгерде сиздер балаңыздар үчүн өзгөчө шарт түзүүгө талап­танбасаңыздар, сиздер балаңыздарды кезекте тургандардын тизмесине киргизүү жөнүндө Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына арыз жазышыңыздар керек.

Эгерде сиздерге баш тартышса, бул баш тартууну жазуу жүзүндө берүүнү талап кылыңыздар. жазуу жүзүндө баш тартууну алган-да бул чечимге КР Билим берүү жана илим министрлигине, сотко, прокуратурага даттанууга болот.

Эгерде сиздерге балаңыздарды мектепке чейинки мекемеге кабыл алуудан баш тартууну жазуу жүзүндө бербесе, сиздер бул чечимге прокуратурага даттана аласыздар.

2.билиМ алууга укук

Page 13: Disability rights kg ardi_hrab

13Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

билималуугаукук

Эгерде сиздердин балаңыздарга мектепке чейинки мекемеде өзгөчө шарттарды түзүү зарыл болсо, сиздер психология-лык-медициналык-педагогикалык консультация (мындан ары – пМпК) алышыңыздар керек.

Эгерде пМпК сиздердин балаңыздарга өзгөчө шарттарды түзүү менен кадимки же адистештирилген бала бакчага барууну сунуш-таса, Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгына өзгөчө шарттарды түзүү менен баланы бала бакчага кабыл алуу жөнүндө арыз жазуу керек.

2.2. Дмч баланы мектепке кантип киргизүү керек?

Массалык жалпы билим берүүчү мектепте ДМч балдарды оку-туу ошондой эле мектепке чейинки мекемеде алардын болуу мүмкүндүгү ата-энелер же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча пМпКнын корутундусунун негизинде анык талат.

пМпК ата-энесинин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) көзүнчө жеке тартипте баланын психофизикалык өзгөчөлүктөрүн текше-рет жана анын массалык жалпы билим берүүчү мекемеде окуу мүмкүнчүлүгүн жана шарттарын аныктайт1.

өзүнүн баласын массалык жалпы билим берүүчү мектепте оку-туу ну каалаган ДМч балдардын ата-энелери (алардын мыйзам-дуу өкүлдөрү) пМпКга төмөнкүдөй документтерди берет:

1 2008-жылдын 10-июлундагы № 423/1 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чек телген балдарды массалык жалпы билим берүүчү мектептерге, ин-клю зивдүү билим берүү идеяларында иштеген мектепке чейинки меке-мелерге кабыл алуу боюнча нускаманы караңыз.

Page 14: Disability rights kg ardi_hrab

14 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

▪ туулгандыгы тууралуу күбөлүктү;▪ врачтардын корутундулары менен пМпКга жолдомону;▪мектепке чейинки мекемеден, мектептен (эгерде бала

мурда ал жерде окуса) психологиялык-педагогикалык мү нөздөмөнү, тарткан сүрөттөрүн, эне тил, математика боюн ча дептерлерин.

Эгерде сиздер балаңыздар үчүн өзгөчө шарт түзүүгө талап­танбасаңыздар, сиздер аны мектепке кабыл алуу жөнүндө арыз жазышыңыздар керек. Баш тартылган учурда бул баш тартууну жазуу жүзүндө берүүнү талап кылыңыздар. жазуу жүзүндө баш тартууну алганда аны даттануу үчүн билим берүү башкармалыгы-на, сотко, прокуратурага берсе болот.

Эгерде сиздерге балаңыздарды кабыл алуудан баш тартууну жа-зуу жүзүндө бербесе, сиздер бул чечимге прокуратурага даттана аласыздар.

Эгерде сиздердин балаңыздарга мектепте өзгөчө шарттарды түзүү зарыл болсо, сиздер пМпКдан өтүүгө жазылышыңыздар керек1. Республикада төмөнкүдөй типтеги пМпКлар иштейт:

▪облустар аралык пМпКлар;▪облустук, Бишкек шаардык пМпКлар – облустук

пМпКлардын укугунда;▪райондук, шаардык пМпКлар.

1 КР Билим берүү жана илим министрлигинин 1999-жылдын 21-июнун-дагы буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим бе-рүү, илим жана маданият министрлигинин психологиялык-медицина-лык-педагогикалык консультациялары жөнүндө жобону караңыз.

Page 15: Disability rights kg ardi_hrab

15Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

билималуугаукук

облустар аралык пМпК КР Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин алдында иштейт; облустук, Бишкек шаардык, райондук жана шаардык пМпКлар билим берүүнүн тиешелүү органдарында иштейт.

Балдарды жана өспүрүмдөрдү пМпКга жиберүү төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүдө билим берүү, саламаттык сактоо, со-циалдык камсыз кылуу мекемелеринин, ошондой эле ата-энелер-дин же аларды алмаштырган адамдардын демилгеси боюнча ишке ашырылат:

▪ баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;▪ баланын өсүп-өнүгүүсүнүн (оорусунун) таржымалынан

көчүрмө-жолдомо;▪ балдар мекемесинде тарбияланып жаткан балага психоло-

гиялык-педагогикалык мүнөздөмө, ал жетекчинин мөөрү жана колу менен күбөлөндүрүлөт;

▪ балдардын эне тил, математика боюнча иш дептерлери жана тарткан сүрөттөрү.

пМпК баланы текшерүү маалыматтарынын негизинде анын өсүп-өнүгүүсүндө бузулуулардын мүнөзү жөнүндө корутунду тү зөт жана баланын психофизикалык мүмкүнчүлүгүн жана жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аны окутууну, тарбиялоону жана дарылоону уюштуруу формасы жөнүндө сунуштама берет.

пМпКнын корутундусу сунуш берүүчү мүнөзгө ээ жана балдар менен өспүрүмдөрдү алардын ата-энеси же аларды алмаштырган адамдардын макулдугу боюнча республиканын атайын балдар мекемелерине жиберүү үчүн негиз болуп саналат.

Эгерде пМпК сиздердин балаңыздарга өзгөчө шарт түзүү менен кадимки мектепте же адистештирилген мектепте окууну сунуш-

Page 16: Disability rights kg ardi_hrab

16 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

таса, жашаган жери боюнча мектепте шарттарды түзүү менен ба-ланы мектепке кабыл алуу жөнүндө арыз жазуу керек.

Эгерде пМпК сиздердин балаңыздарга акыл-эси же дене бой жагынан өнүгүүсү артта калган балдар үчүн атайын билим берүү мекемесинде окууну сунуштаса, сиздер жолдомо алуу үчүн КР Билим берүү жана илим министрлигине же ушул окуу жайы кара-магында болгон жер-жерлердеги мамлекеттик билим берүү баш-кармалыгынын органдарына кайрылышыңыздар керек1.

Баланы акыл-эси же дене бой жагынан өнүгүүсү артта калган бал дар үчүн атайын мектепке же мектепке чейинки мекемеге киргизүү үчүн психиатрдын атайын корутундусу зарыл.

Эгерде сиздердин балаңыздарды анын майыптуулугу боюнча мек-тепке кабыл албай коюшса же окуу үчүн кирүү акысын төлөөнү ж.б. сурашса сиздер проблеманы көрсөтүп, жазуу жүзүндө арыз менен жашаган жериңиздер боюнча Билим берүү башкармалыгы-на кайрылып, ошондой эле арыздын көчүрмөсүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүшүңүздөр керек. Арызда сиз-дер арызыңыздарга жазуу жүзүндө жоопту 30 күндүк мөөнөттүн ичинде күтөөрүңүздөрдү көрсөтүү керек2.

сиздердин арызыңыздарды каттаган адамдын аты-жөнүн, кызмат ордун жана каттоодо коюлуучу кириш номерди жазып алууну су-нуштайбыз.

1 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 Кыргыз Республикасынын Би-лим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жобону караңыз.

2 2007-жылдын 4-майындагы № 67 «жарандардын кайрылууларын ка-роо тартиби жөнүндө» КР Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктун ка-раңыз.

Page 17: Disability rights kg ardi_hrab

17Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

3.дМчбалдардын иштепжаткан ата-энелеринин эМгекукуктары

ДМч балдары бар иштеп жаткан ата-энелерге мамлекет бир катар жеңилдиктерди берет. КР Эмгек кодексине ылайык төмөнкүлөргө укук берилет:

▪жазуу жүзүндөгү арыз боюнча ай сайын орточо күндүк иш-теп тапканын төлөп берүү менен жумуштан бошотулган 1 күн алууга (311-бер.);

▪ толук эмес жумуш күнүнө же толук эмес иш жумасына (93-бер.);

▪ ата-энеси үчүн ыңгайлуу убакта жыл сайын 14 календардык күнгө чейинки узактыктагы эмгек акысы сакталбаган ко-шумча өргүү алууга (311-бер. 2-б.);

▪ ата-эне каалаган ыңгайлуу убакта же белгилүү бир мезгилде жыл сайын эмгек өргүүсүн алууга (34-бер. 1-п.).

Андан тышкары, КР Эмгек кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык ДМч балдардын ата-энесинин жазуу жүзүндөгү макулдугусуз аларды иш сапарга жиберүүгө, мөө-нөтүнөн ашыкча ишке, түнкү убакытта, дем алыш жана иш эмес майрам күндөрүндө ишке тартууга болбойт.

Page 18: Disability rights kg ardi_hrab

18 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

ДМч балдардын ата-энелеринин укуктары бузулган учурда, алар КР жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетине, КР президентине, ушул чөйрөдө иштеген өкмөттүк эмес уюм-дарга кайрылса болот.

ДМч балдардын укуктарын коргоо боюнча кошумча маалымат-ты төмөнкү сайттардан табууга болот:

▪h t t p : / / w w w.u n . o r g / r u / d o c u m e n t s / d e c l _ c o n v /conventions/disability.shtml

▪h t t p : / / w w w.u n . o r g / r u / d o c u m e n t s / d e c l _ c o n v /conventions/childcon.shtml

▪h t t p : / / w w w.u n . o r g / r u / d o c u m e n t s / d e c l _ c o n v /conventions/cedaw.shtml

▪http://www.gov.kg/?page_id=263▪http://vescc.az/constitution/kyrgyz-constitution-rus.html

Page 19: Disability rights kg ardi_hrab

19Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

1-тиркеме

тиркеМелер

1-тиркеме

Дмч балдардын ата-энелерине жардам көрсөтүүчү уюмдардын тизмеси

Уюмдун аталышы Байланышуу маалыматтары

КР жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитети

жалпы бөлүм

Коомдук кабылдама

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., чүй проспекти, 205тел.: +996 (312) 639149тел.: +996 (312) 626359,

+996 (312) 638779 тел.: +996 (312) 638917, +996 (312) 638807 сайт: www.kenesh.kg

КР президентинин Аппаратысоциалдык саясат бөлүмү

жарандардын кайрылуу-лары менен иштөө боюн-ча бөлүм

Кыргыз Республикасы, 720040 Бишкек ш., чүй проспекти, 205тел.: +996 (312) 638582 +996 (3120 961480 тел.: +996 (312) 638934

Page 20: Disability rights kg ardi_hrab

20 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

КР социалдык өнүгүү ми-нистрлиги

Кыргыз Республикасы,720040, Бишкек ш., тыныстанов көчөсү, 215тел.: +996 (312) 623400, +996 (312) 624541 Факс: +996 312 665724E-mail: [email protected] сайт: www.mlsp.kg

КР саламаттык сактоо министрлиги

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Москва көчөсү, 148 тел.: +996 (312) 622680, +996 (312) 662614 Факс: +996 (312) 660717 E-mail: [email protected]сайт: www.med.kg

КР Билим берүү жана илим министрлиги

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., тыныстанов көчөсү, 257 тел.: +996 (312) 662442, +996 (312) 621198 Факс: +996 (312) 621520 E-mail: [email protected]сайт: www.moik.edu.kg

Page 21: Disability rights kg ardi_hrab

21Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

1-тиркеме

КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Раззаков көчөсү, 8/1 тел.: +996 (312) 300232 +996 (312) 300281Факс: +996 (312) 300790E-mail: [email protected]сайт: www.mz.kg

КР социалдык фонду Кыргыз Республикасы, 720005, Бишкек ш., Радищев көчөсү, 62 тел.: +996 (312) 563025 +996 (312) 542932Факс: +996 (312) 542932E-mail:central@socfond. сайт: bishkek.gov.kg

КР Акыйкатчысы (омбудсмени)

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., тыныстанов көчөсү, 120тел.: +996 (312) 663141, +996 (312) 663280Факс: +996 (312) 663332E-mail: [email protected]сайт: www.ombudsman.kg

Page 22: Disability rights kg ardi_hrab

22 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

КР социалдык өнүгүү ми-нистрлигинин алдындагы социалдык камсыз кылуу департаменти

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., тыныстанов көчөсү, 215 тел.: +996 (312) 624543Факс: +996 (312) 662259

КР социалдык өнүгүү ми-нистрлигинин алдындагы Республикалык протез-дик-ортопедиялык буюм-дар мекемеси

Кыргыз Республикасы, 720047, Бишкек ш., Кривоносов көчөсү, 208тел.: +996 (312) 211125

КР социалдык өнүгүү министрлигинин алдын-дагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды медициналык-социалдык экспертизалоо борбору

Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек, Бөкөнбаев көчөсү, 144 «А» тел.: +996 (312) 300575Факс: +996 (312) 300823

Майып-балдардын ата-энелеринин ассоциациясы (МБАА)

Кыргыз Республикасы, 720088, Бишкек ш., Көк-жар кичи району, 1, п/п 4Тел.: +996 (312) 517634 +996 (555) 407709 Факс: +996 (312) 517634E-mail:mailto:[email protected]@gmail.com сайт: www.kelechek.kg

Page 23: Disability rights kg ardi_hrab

23Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

1-тиркеме

МБААнын күндүзгү борбору

Кыргыз Республикасы, 720088, Бишкек ш., Ахунбаев көчөсү, 184 «А»тел.: +996 (312) 88 02 45 E-mail:mailto:[email protected]@gmail.comсайт: www.kelechek.kg

«Адилет» укуктук кли-никасы» КФсы

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., үмөталиев көчөсү, 39тел.: +996 (312) 653513, +996 (312) 651516, +996 (312) 651452Факс: +996 (312) 653 513E-mail: [email protected]

«жаштардын укук коргоо тобу» КБсы

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көчөсү 41«В», кв. 8тел.: +996 (312) 486649Факс: +996 (312) 486650E-mail: [email protected]

«Баланын укуктарын коргоочулардын лигасы» КФсы

Кыргыз Республикасы720040, Бишкек ш., а/я 127 тел.: +996 (312) 66 25 87,

Page 24: Disability rights kg ardi_hrab

24 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

+996 (312) 90 86 18 E-mail:[email protected], [email protected]

«Кыргыз Республикасында бал-дардын укуктарын жана кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча КЭУлар ассоциациясы» юридикалык жактардын бирикмеси

Кыргыз Республикасы, 720000, Бишкек ш., Минин көчөсү, 47 тел.: +996 (312) 565085E-mail: [email protected]сайт: www.childrenetwork

Page 25: Disability rights kg ardi_hrab

25Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

2-тиркеме

Дмч баланы тарбиялоо

Ата­энелер өзүнүн баласынын майыптуулугу же башка бир өнөкөт оорусу тууралуу билгенде, алар чоң кайгы тартуу­га толгон, ар түркүн адистер менен кезиге турган, дайыма жаңы маалыматка жана кызмат көрсөтүүлөргө зар болгон жашоо­турмушка кабылышат. Алгач ата­энелер абдырап, өздөрүн жалгыз сезип, эмнеден баштаарын, маалыматты кайдан алып, кимден жардам сураарын билбей калат. Бул колдонмо маалымат жетишсиз болгон, өзүнүн баласынын майыптуулугу тууралуу жаңы гана билген же бир нече мез­гилден бери ушул жаңылык менен жашап келген, ошондой эле жаңы маалыматка жана колдоого муктаж болгон бардык ата­энелер үчүн атайын чыгарылды. Төмөндө келтирилген маалыматтар ата­энелерге жана үй­бүлөлөр менен иштеген адистерге майып баланын болушу үй­бүлөнүн жашоо­тур­мушуна кандай таасир этээрин аңдап түшүнүүгө жардам берүү менен пайда алып келет деген ишеничтемин.

Патриция Мак Гил Смит

Сиздер жалгыз эмессиздер1

«сиздер балаңыздардын өсүп-өнүгүүсү начар же так анык-талган башка бир майыптуулуктун формасы бар экендигин

1 толук текст http://www.parus-nad.ru/pamyatka-dlya-roditelej-detej-invalidov/ сайтында жеткиликтүү.

Page 26: Disability rights kg ardi_hrab

26 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

билгениңиздерде, бул сиздер үчүн жөн эле маалымат эмес, бул «Кабар». Бул саптарды ушундай кырдаалды башынан өткөргөн эне жазган.

сиздердин балаңыздардын өсүп-өнүгүүсүндө проблема бар экен диги тууралуу маалымат – бул сокку. Мен бул кабарды ка-пысынан уктум, мен ошол күндөрдү жүрөгүм жарылып кеткен-дей эстейм. Кимдир-бирөө муну башына кара мүшөк кийгизип, көрүүгө, угууга жана ойлонууга тоскоолдук болгон сезим менен салыштырмак. Бир ата-эне өзүнүн сезимин жүрөккө бычак менен сайгандай деп сүрөттөгөн. Балким бул сүрөттөөлөр өтө эле кай-гылуу көрүнүшү мүмкүн, бирок өзүмдүн тажрыйбамда алар тес-керисинче, ата-энелер өздөрүнүн баласы тууралуу начар кабар укканда, жүрөгүн оорутуп, ар түркүн ойлорду туудурган эмоция-ларды толук эмес сүрөттөөрүн айта алам.

Ушул оор күндөрү өзүңүзгө жардам берүү үчүн көп нерсе жасоо-го болот. Бул кыйын мезгилди баштан өткөрүүгө сиздерге эмне жардам берээрин талкуулоо үчүн, келгиле, кыйла типтүү реакция-ларды карап көрөлү.

Типтүү реакциялар

Ата-энелер өздөрүнүн баласынын майыптуулугу тууралуу угуп, бирдей түрдө реакция кылышат. Биринчи реакциясы – кабыл албоо – «мындай абал менде болбош керек эле», ал бат эле ачууланууга айланат, бул баланын майыптуулугу жөнүндө сиз-дерге айткан медицина кызматкерлерине багытталышы мүмкүн. Ачуулануу жубайлар ортосундагы өз ара мамилелерге, чоң атасы менен чоң апасынын, башка тууган-туушкандарынын мамилеле-рине да таасир этиши мүмкүн. Ачуулануу – ушундай кырдаалга туш болгондордун бардыгы башынан өткөрө турган өтө күчтүү

Page 27: Disability rights kg ardi_hrab

27Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

сезим. Аны чоң кайгы тартуу, күтүүсүздөн жоготуу сезими жара-тат, аны түшүндүрүү же токтотуу мүмкүн эмес.

Коркуу – типтүү реакциялардын бири. Адамдар белгилүү бир нерсеге караганда, белгисиз нерседен көбүрөөк коркушат, бала-нын диагнозу жана анын келечеги тууралуу так маалымат белги-сиз нерсеге караганда азыраак чочутат. Баланын келечеги үчүн коркуу – бул баары сезе турган сезим: ал бешке, он экиге, жыйыр-ма бирге чыкканда кандай болот? Мен өлүп калсам ал эмне болот? Анан башка суроолор келип чыгат: ал колледжди аяктай алабы; ал бирөөнү сүйүп, жашап, күлүп, биз кыялданган нерселерди жа-сай алабы?..

КОШ КЕЛИңИЗДЕР!Бала бакчага жазылуу

БЛАНКТЫ ТОЛТУРУУ:– бала басатже чуркайт;– бир буттап секиргенди билет;– өзү

кийинет;– жардамгамуктаж;– дайыма олтурат.

...бул бланкттарды кантип толтурса болот?

жообу жок суроолор корку-нучту жаратат. Ата-энелер баланын абалы өтө начар бо-луп кетишинен коркушат. Мен көптөгөн жылдар бою ата-энелер менен сүйлөшүп келдим, алар ойлору жалаң гана терс жакка ооп келген-дигин айтышат. Мурда жолу-гуп жүргөн майып адамдар жөнүндө ойлор эске түшөт. Коом тараптан да кабыл ал-боо коркунучу бар, мындай

жагдай ага-инилеримдин, эже-карындаштарымдын же эже-сиңдилеримдин жашоо-турмушуна кандай таасир этет деген кор-кунучтар болот. үй-бүлөдө дагы ден соолугу чың балдар болобу – деген суроолор пайда болуп, күйөөм же аялым бул баланы жакшы көрөөр бекен деген күмөн саноолор болот.

Page 28: Disability rights kg ardi_hrab

28 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Андан ары алар – ата-энелер – өздөрү баланын майып болушу-на себеп болгондугу боюнча өзүн айыптоо сезими пайда болот. Алар өздөрүнө төмөнкүдөй суроолорду берип кыйнала берет: балким мен бир нерсени туура эмес кылгандырмын; мен бир нер-се жасагандыгым үчүн жазаланып жатсам керек; мен кош бойлуу кезимде өзүмдү жакшы карабай койгондурмун; менин келинче-гим кош бойлуу кезинде өзүн карачу беле ж.б.у.с. Менин кызым кичинекей кезинде керебеттен учуп кетип, башы менен жерге тийген, мага дайыма аны агалары же эжелери кулатып алып, мага айтпай койгондой сезилчү.

Кээде өзүн айыптоо сезими диний түрдө болушу мүмкүн: бул Кудайдын жазасы. Көп учурда ата-энелер кыйналып, өздөрүнө: эмнеге мен ушуга туш болдум, эмнеге бул менин балам менен болду? – деген суроолорду берет. Биз көп учурда жаратканга кайрылып, ушунчалык эмне кылгандыгыбыз үчүн бул сыноодон өтүп жатканыбызды сурайбыз. Бир жолу мага бир жаш эне бу-ларды айтып берди: «Мен өзүмдү күнөөлүү сезем, анткени менин жашоо-турмушумда бир да жолу кыйынчылык жана жокчулук болгон эмес, азыр болсо Кудай мага ушуну берди».

Ырксыздануу да ушул мезгилге мүнөздүү. Ал адам дагы эмне болуп кетээрин аягына чейин түшүнбөй тургандыгы менен шартталат. ырксыздануу уйкусуздукта, зарыл чечим кабыл алуу-га жөндөмсүздүктө, эмоционалдык жактан кыйналганда били-нет, алган маалымат түшүнүксүздөй жана бузулгандай болушу мүмкүн. Анткени сиздер мурда эч бир укпаган сөздөрдү, сиздер түшүнбөгөн нерсени сүрөттөгөн терминдерди угасыздар. сиздер аңдап түшүнүүгө жана алган маалыматтан маани-маңызды та-бууга аракет кыласыздар. Көп учурда ата-энелер жана баланын

Page 29: Disability rights kg ardi_hrab

29Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

майып туулугу тууралуу маалыматты жеткирүүгө аракет кылган-дар түрдүү тилдерде сүйлөшөт.

өзүнүн алсыздыгын сезүүнү, кырдаалды өзгөртүү мүмкүн эмес-тигин кабыл алуу абдан оор. Бирок ата-энелер алардын бала-сы майып болгондугун өзгөртө алышпайт – бул факт. Мындай кырдаалда алар ушул турмуштук проблеманы чечүүгө күчү же-тээрине ишениши зарыл. Адистерди, башка адамдарды угууга жана алардын сунуштарын, ой пикирлерин сактоого өзүн маж-бурлоо абдан кыйын. Андан дагы, бул башка адамдар – азырынча ишенимдүү мамиле курула элек чоочун адамдар.

Көңүл калуу. Баласынын кемчилиги бардыгы ата-энесинин на-мысына тийип, алардын баалуулук системасына чакырык козгойт. Бул сезим буга чейинки бала тууралуу элестетүүлөр менен бирге оорукчан баланы баалуу, өсүп-өөрчүп жаткан инсан катары ка-был албоо мүмкүндүгүнө алып келиши ыктымал.

Кабыл албоо балага, медиктерге, жубайга карата пайда болушу мүмкүн. Бул сезимдин эң күчтүү формаларынын бири болуп ба-ланын өлүмүн көздөгөн жашырын каалоо саналат. Ал каалоо ка-туу депрессияда болгон ата-энелерде болот.

Ата-эненин жүрөгү ар түркүн сезимдерге толуп турган бул мезгилде тигил же бул сезим канчалык күчтүү экендигин аңдап билүү кыйын. Албетте, бардык эле ата-энелер дал ушундай ыраат-туулуктагы сезимдерди башынан өткөрбөйт. Бирок бардык оор кыр даалда ата-энелер үчүн алар сезип жаткан сезимдерди жана эмоцияларды түшүнүүсү, алар жалгыз эмес экендигин жана жардам, колдоо ала турган уюмдар болгондуктан иштиктүү иш-аракеттерди жасай ала тургандыгын аңдап билүүсү абдан маанилүү.

Page 30: Disability rights kg ardi_hrab

30 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Башка ата-энелердин жардамын издеңиздер

Бир баланын атасы мен өзүмдүн баламдын диагнозу тууралуу билгенден 22 саат өткөндөн кийин мага абдан чоң жардам берди. Ал мага өмүрү эсимден кетпей турган мындай сөздөрдү айткан: «сен муну азыр түшүнбөшүң мүмкүн, бирок кийин сен өзүңдүн майып кызыңды Кудайдын сага берген ырыскысы катары кабыл аласың». Мен ушул сөздөрдү анча түшүнө берген эмесмин, би-рок дал ошол сөздөр мага үмүт берген эң чоң белек болгону эсим-де. Ал мени менен келечекке болгон үмүттөрү жана пландары, жардам бере турган уюмдар жана адамдар бар экендиги, ал өзү акыл-эси жагынан артта калган баланын атасы экендиги жөнүндө айтып берди.

ошондуктан менин биринчи кеңешим: майып баласы бар башка ата-энелерди издеңиздер жана алардан жардам сураңыздар. Баш-ка ата-энелерге жардам берген көптөгөн уюмдар жана майып балдардын ата-энелеринин топтору бар.

өзүңүздүн жубайыңыз, башка үй-бүлө мүчөлөрү жана сиздер үчүн чоң мааниге ээ болгон адамдар менен сүйлөшүңүздөр. Мен иштеген көптөгөн жылдар ичинде жубайлар, эреже катары, ба-ланын проблемасы боюнча келип чыккан сезимдерди бири-бири менен бөлүшпөй тургандыгын көрдүм. Башка жагынан алганда, жубайлар көп учурда бири-бирин колдой албастыгына тынч-сызданат. Бирок кыйынчылыкты бирге жеңүү менен бул жуптар күчтүүрөөк болуп калат. сиздер өзүңүздөрдүн ролуңуздарды ата-эне катары ар түрдүү кабылдап, проблеманы чечүүнүн ар кан-дай жолдорун көрө алганыңыздарды түшүнүү маанилүү. Бири-бириңиздерге эмнени сезип жатканыңыздарды айтып, сиздердин оң-пикириңиздер дал келбесе, башка бирөөнү түшүнүүгө аракет жасаңыздар.

Page 31: Disability rights kg ardi_hrab

31Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

Эгерде сиздердин баш-ка балдарыңыздар бол-со, алар менен да сүй-лөшүңүздөр, алардын эмо ционалдык керек-төөлөрүн канааттанды-рып, аларды унутуп койбоңуздар. Эгерде сиз дер өзүңүздөрдү ал-сыз сезип, башка бал-дарыңыздар менен нор малдуу сүйлөшө ал-ба саңыздар, үй-бүлө ңүз-дөрдөн ушул милдеттер-

ди убактылуу өзүнө ала турган адамды табыңыздар. Кайгыны тең бөлүшүү жеңилдик берет. Кээде кесипкөй пси холог да жардам бе ре алат. Эгерде бул сиздерге натыйжа бере тургандай болсо, кесип көйлөрдүн жар дамын да колдонуңуздар.

Бүгүнкү күн менен жашаңыздар

Келечек жөнүндө ой лор сиздерди алсыз дан дырып салышын эси-ңиздерден чыгарба ңыз дар. «Келе чекте ..... болуп кетсе эмне бо-лот?» – деген темадагы суроолорду четке кагуу керек. Бул мүмкүн эместей сезилиши ыктымал, бирок сиздер жакшылык жагын гана ойлосоңуздар, жакшы окуялар, мейли майда-чүйдө болсун, күн сайын боло баштайт. Келечек жөнүндө тынчсыздануу сиздердин ансыз деле чектелген ресурсуңуздарды түгөтүп салат. жөн гана күн сайын, алга кадам таштап жашай бериңиздер.

О Кудай,буга эмне болгон?!

Буга суук тийди

Ким кандай көрөт...

Page 32: Disability rights kg ardi_hrab

32 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Терминдерди өздөштүрүңүздөр

Эгерде сиздер өзүңүздөр үчүн жаңы түшүнүктөргө туш бол-соңуздар, сөздөрдүн маани-маңызын билүүдөн коркпоңуздар. Эгерде сүйлөшүп жаткан мезгилде кимдир-бирөө сиздерге түшүнүксүз бир сөздү колдонуп сүйлөсө, сүйлөшүүнү токтотуп, анын маанисин билиңиздер.

Маалымат издеңиздер

Кээ бир ата-энелер көптөгөн пайдалуу маалыматтарды табышат, башкалары болсо анчалык тырышчаак эмес. Эң маанилүүсү – так жана туура маалыматты издөө. суроо бергенден коркпоңуздар. Аларга жоопторду издөө проблеманы түшүнүүгө биринчи теп-кич болот.

суроолорду туура түзүү – бул искусство, ал келечекте сиздер-дин жашоо-турмушуңуздарды жеңил кылууга жардам берет. жолугушаардын алдында суроолорду жазып алуу, ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө пайда болгон суроолорду жазуу жакшы болот. Врачтардан, педагогдордон жана башка адистер-ден сиздердин балаңыздар жөнүндө бардык документтердин көчүрмөлөрүн сураңыздар. Балага тиешелүү болгон бардык до-кументтерди сактай турган бир папка алуу керек.

Өзүңүздөрдү коркутпаңыздар

Көптөгөн ата-энелер медиктердин же педагогдордун кесиптик тажрыйбасынан, ал эми кээде алардын манерасынан улам өздөрүн алардын көзүнчө эркин сезе алышпайт. сиздердин балаңыздар ме-нен иштеп жаткан адамдардын кесипкөйлүгүнөн коркпоңуздар, сиздердин эмне болуп жаткандыгы тууралуу баарын билүүгө

Page 33: Disability rights kg ardi_hrab

33Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

укугуңуздар бар. сиздер адиске суроо берип тажатып жибердим деп кыжалат болбоңуздар: бул сиздердин балаңыздар, бул кыр-даал барыдан мурда анын жана сиздердин жашооңуздарга таасир этет, ошондуктан сиздер үчүн мүмкүн болушунча көп билүү абдан маанилүү.

Өзүңүздөрдүн сезимиңиздерди билдирүүдөн коркпоңуздар

Көптөгөн ата-энелер, айрыкча аталар өздөрүнүн сезимдерин ба-сып коюшат. Аларга сезимдерди билдирүү алсыз экендигин көр-сөткөндөй сезилет. Мен билген майып балдардын эң күчтүү ата-лары өздөрүнүн сезимдерин билдирүүдөн коркушпайт, анткени бул аларды алсыз кылбай тургандыгын түшүнүшөт.

Өзүңүздөрдүн капа болуу жана ачуулануу сезимдериңиздер менен иштөөнү үйрөнүңүздөр

сиздер бала менен байланышкан өзүңүздөрдүн бардык план-дарыңыздарды жана кыялдарыңыздарды баштан-аяк карап чы-гуу керек экендигин түшүнгөндө капа болуудан жана ачуулануу-дан качып кутулуу мүмкүн эместигин билесиздер. Алгач сиздер ачууланып жатканыңыздарды аңдап түшүнүп, башка бирөөнүн жардамы менен ушул ачууланууга каршы иштөө абдан маанилүү. Балким сиздер азырынча ишенбейсиздер, бирок жашоо-турмуш оңоло баштайт жана сиздер баарын кайрадан жакшы өңүттө көрө баштаган күн келет. өзүңүздөрдүн терс сезимдериңиздерди түшүнүү жана аларга каршы иштөө сиздерге күчтүүрөөк болууга жана жашоонун башка чакырыктарына даяр болууга жардам бе-рет, ошондой эле ушул сезимдер сиздердин күч-кубатыңыздарды албай калат.

Page 34: Disability rights kg ardi_hrab

34 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Оптимизм – бул проблемаларга каршы мыкты каражат. чын-дыгында бардык эле болуп жаткандарда бир жакшы нерсе бар. Мисалы, мен кызым майып экендигин билгенде, мага анын дене бой жагынан ден соолугу абдан жакшы экендигин да айтышкан. Анын дене бой жагынан ден соолугу мага бир белек болду, ал ме-нин бардык балдарымдын ичинен дени сак кыз. жакшы жагын көрө билүү жамандыкты ойлоодон болгон ооруну басаңдатат. турмуштук көйгөйлөрдү да жөнөкөйлөтөт.

Реалист болуңуздар

Реалист болуу – жашоодо биз өзгөртө ала турган нерселер бар экендигин түшүнүүнү билдирет. Бирок биз өзгөртүүгө алыбыз жетпеген нерселер да бар. Биздин милдет – эмнени өзгөртүп, эм-нени өзгөртө албасыбызды түшүнүү.

Убакыт сиздер тарапта экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар

Убакыт чындыгында дарылайт. Бул майып баланы тарбиялоо абдан оңой экендигин билдирбейт, бирок убакыт өткөн сайын көптөгөн проблемалар чечилет. ошондуктан убакыт сиздер та-рапта.

Өзүңүздөрдү унутуп койбоңуздар

стресс учурунда ар бир адам ар кандай абалга туш болот, бирок баары бир айрым жалпы кеңештерди берүүгө болот:

▪өзүңүздөрдү унутуп койбоңуздар, жакшы эс алыңыздар;▪ каалаганча тамак ичиңиздер;

Page 35: Disability rights kg ardi_hrab

35Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

2-тиркеме

▪ үйдөн чыгып, сиздерге эмоционалдык жардам көрсөтө ала турган адамдар менен сүйлөшүңүздөр.

Аяганды токтотуңуздар

Баланы оорудан да сиздердин жана башка адамдардын аяган-дыгы чыныгы майып кылаарын эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Аягандык – бул сиздердин балаңыздарга керек нерсе эмес. Ага сиздердин колдооңуздар гана керек.

Айланадагыларга кандай реакция кылуу керек

сиздерге же сиздердин балаңыздарга болгон башка адамдардын мамилеси сиздерди капалантып же жиниңиздерди келтириши мүмкүн. Бирок олуттуу проблемаларга адамдардын көпчүлүк реакциясы билбегендик, түшүнбөстүк, белгисиз бир нерседен коркуу же жөн гана абдырап калуу менен шарттала тургандыгын унутпаңыздар. Көптөгөн адамдар майып балдар менен жолук-канда эмне кылышты билбей тургандыгын түшүнүңүздөр. теше тиктегендерге, суроо бергендерге кандай мамиле кылуу керек-тигин өзүңүздөр үчүн чечиңиздер, чоочун адамдардын сиздерге болгон жагымсыз мамилесине капа болууга көп күчүңүздөрдү кетирбеңиздер.

Көнүмүш болгон күн тартибинде жашоого аракет кылыңыздар

Бир жолу менин апам сен чече албаган проблема келип чыккан-да, проблема болбогон ишиңди жасай бер деп үйрөттү. Мындай жүрүм-турум туруктуулукка алып келет, татаал жана чаташкан кырдаалды туура түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Page 36: Disability rights kg ardi_hrab

36 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

Бул СИЗДЕРДИН балаңыздар экендигин эсиңиздерден чыгарбаңыздар

Бул сиздердин балаңыздар, ушул эң башкысы. Балким анын өсүп-өнүгүүсү башка балдардыкына караганда айырмаланып тураар, бирок бул жагдай бала анча маанилүү эмес жана көңүл буруу-га, сүйүүгө муктаж эмес экендикти билдирбейт. өзүңүздөрдүн балаңыздарды сүйүп, андан ыракат алыңыздар. Биринчиден  – бул бала, ал эми экинчиден, ал оорулуу, ушуну эсиңиздерден чыгарбаңыздар. Балага жакшы кадамдарды жасоого аракет кы-лыңыздар, бул экөөңүздөр үчүн тең пайдалуу, ошондо сиздер ке-лечек жөнүндө үмүт менен ойлонууга үйрөнөсүздөр.

Эсиңиздердин чыгарбаңыздар, сиздер жалгыз эмессиздер

жалгыздык жана обочолонуу сезими майып балдардын ата-эне-леринин бардыгына тааныш. Ушул сезимдерди башка көптөгөн адамдар башынан өткөрөөрүн түшүнүү, ошондой эле сиздерге жардам бере турган уюмдар жана адамдар бар экендигин аңдап түшүнүү сиздерге, демек сиздердин балаңыздарга дем-күч берет.

Page 37: Disability rights kg ardi_hrab

37Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

3-тиркеме

3-тиркеме

балага кантип колдоо көрсөтүү керек

ДМЧ балдардын ата-энелери үчүн эскерткич1

Психологиялык колдоо

Психологиялык колдоо – бул баланын өзүнө өзү баа берүүсүн көтөрмөлөө максатында чоң кишилер анын жакшы жактарына жана артыкчылыктарына топтолгон процесс, балага өзүнө жана өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ишенүүгө жардам берет, жолу болбо-гон учурда колдоо көрсөтөт.

ДМч баласы бар ата-энелер өсүп келе жаткан инсандын өзүнө ишенимдүүлүгү, жайлуулугу, өзүнө жана башка адамдарга ыраазы болгондугу алардын балага болгон мамилелерине, өзүнүн жүрүм-турумун туура тандагандыгына, ички үй-бүлөлүк психологиялык чөйрөгө жараша болот. төмөнкүлөр аркылуу колдоо көрсөтүүгө болот:

▪өзүнчө сөздөр менен: «сонун», «жакшы», «мык-ты», «мен сенин жардам бергениңе ыраазымын», «сен азаматсың» ж.б. деп айтуу;

▪жакындоо, биргелешип аракет кылуу менен: кучактоо, сылап-сыйпоо, колунан кармоо;

▪мимикалар менен: жылмаюу, баш ийкөө, ымдоо.

Ишенимди чыңдоо

өзүңүздөрдүн балаңыздарды терең психологиялык доо кетүүдөн сактоонун эң ишенимдүү ыкмасы – бул анын жанында ата-энеси

1 iz-obr.ucoz.ru/Deyatelnost/Dosh_obr/.../kak_podderzhat_rebenka.doc сайтынан окуса болот.

Page 38: Disability rights kg ardi_hrab

38 Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелерүчүнколдонмо

дайыма болооруна жана кандай гана проблемалуу учурлар болбо-сун ага жардам берүүгө даяр экендигине, ал ата-энесинин жакшы көргөн баласы жана инсан катары баалай тургандарына ишеним-ди чыңдоо. «сени билем жана сага ишенем, бул колуңдан келет»; «ооба, бул кыйын, бирок сенин колуңдан келет деп ойлойм» ж.б. колдоо берген сөздөрдү көбүрөөк айтыңыздар.

Жактырууну билдирүү

Балаңыздар өзү маанилүү деп эсептеген бир ийгиликке жетиш-кенде аны сөзсүз түрдө жактырып туруңуздар. жактыруу өзүнө ыраазы болгон сезимди жаратып, жаңы максаттарга жетүүгө ум-тулууну чыңдайт, жеңүүчүнүн позициясын түзөт: «мен сени ме-нен сыймыктанам»; «меники мынчалык болмок эмес»; «сеники сонун болуптур»; «сен керекке жарадың».

Башка адамдардан жакшы нерселерди көрө билүү

Бирок баланын өзүнө гана даректелген мактоо сөздөрдү уга бе-рүүсү жетишсиз экендигин эскертебиз. Аны башка адамдардын жакшы жактарын көрө билүүгө үйрөтүңүздөр. Бүт үй-бүлөңүздөр менен көбүрөөк чогулуп, бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн ийгилик-терин талкуулаңыздар.

Достук мамилелерди колдоо

Дос издөө – бала үчүн маанилүү проблема. Достук сенин баш-каларга керек экендигиңди баалап түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Балага курдаштарынын арасында болуу, аны топ – окуу классы же ийрим болсун кабыл алгандыгын сезүү абдан маанилүү. Эгерде сиздердин балаңыздар түшүнүктүү себептерден улам убактысы-нын көбүн өзүнүн бөлмөсүндө өткөрүүгө мажбур болсо, анын

Page 39: Disability rights kg ardi_hrab

39Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

3-тиркеме

бөлмөсүнүн эшиги достору үчүн ар дайым ачык болсун. Ага үйгө келип, бирге сабак окуп убакыт өткөрө турган курдаштары ме-нен баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүүгө колуңуздардан келишинче жардам бериңиздер.

ДМЧ баланын курчап турган чөйрө менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу

Баланы чоочун адамдар менен жолугушууга даярдаш керек экендигин унутпаңыздар. Эгерде бала сиздерди түшүнө турган болсо, ага кайда бараарыңыздарды, ал адамдар (балдар) эски таа-ныштардан эмнеси менен айырмаланаарын түшүндүрүңүздөр. Эгерде бала сиздер айтканды түшүнбөсө, күч-аракетиңиздерди жолугуша турган адамдарды даярдоого жумшаңыздар.

Өзүңүздөрдүн балаңыздардын өзгөчө эмоционалдык кабыл­доосуна көз жүгүртүп туруңуздар. Ал жашынып, сиздердин жаныңыздардан чыкпоого аракет кылышы мүмкүн экендигине даяр болуңуздар. Бир аз убакыт чыдап, сабырдуу болуңуздар. тышкы чөйрө менен баарлашууну туура чектөө зарыл. Убакытты акырындык менен көбөйтүп, бир нече мүнөттөрдөн баштаңыздар.

Эгерде кимдир­бирөө сиздердин балаңыздарды кабыл алба­са, аны «мажбурлабаңыздар». Мында анын күнөөсү жок, ой-ноо же баарлашуу үчүн болжолдонгон чөйрө аны кабыл алууга даяр эмес, чөйрөнү сиздердин балаңыздардын келишине даярдоо ыкмаларын дагы бир караштырып көрүңүздөр, ал эми коюлган милдеттердин реалдуу эместигин сезген учурда үмүтүңүздөрдү үзбөңүздөр, башка адамдарды, башка курдаштарды издеңиздер. Ушундай проблемадагы балдары бар адамдарды өзүңүздөрдүн үйүңүздөргө чакыруу же ушундай үй-бүлөлөрдү бириктирүү ишенимдүү жана текшерилген ыкма болуп саналат.

Page 40: Disability rights kg ardi_hrab

Түзгөндөр С. Дыйканбаева, В. Машаева

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланын укуктарын кантип коргоо керек

ата-энелер үчүн колдонмо

Редактору, корректору Ы. Кадыров

Басууга кол коюлду 02.10.2013.Форматы 60×841/16. гарнитурасы «Arno Pro». офсеттик басма. 2, 32 шарттуу б.т.тиражы 500 нуска.

«ST.art Ltd» басмаканасында басылды, Бишкек ш., самойленко көчөсү, 7 «В».