jbzl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана...

25
ЗАЯВКА на размещение учебно-методических материалов в образовательном портале КЭУ Кафедра государственного и официального языков. Автор: Жапаралиева Назира Жакыповна Вид (тип) материала:УМК по курсу «Манастаануу» Предназначен для студентов программ ВПО: Бакалавриат Направление: «Экономика» Профили: «Финансы и кредит», «Менеджмент», «Коммерция», Курс: 1,2. Аннотация материала Окуу-усулдук колдонмо КЭУнун Усулдук кеңешинде жактырылып, басууга сунушталган “Манастаануу” методикалык колдонмосунда “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушунда алган тарыхый орду, бүгүнкү күндөгү мааниси, эл оозунан жыйналуу тарыхы, изилдөөчүлөр, манасычылар, эпостун рухий-адептик, патриоттук дөөлөттөрү, дүйнөлүк гениалдуулугу баяндалат. Программа, модулдун, сынактын суроолору, студенттин өз алдынча иштөө темалары, негизги деп эсептелген адабияттар сунушталат. Первое издание (подчеркнуть) Переиздание (подчеркнуть) Подписи: Автор: Руководитель структуры/Зав. кафедрой: Жапаралиева Н.Ж. Дата: 25.09.13 Виза: ________________

Upload: others

Post on 18-Oct-2019

4 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

ЗАЯВКА

на размещение учебно-методических материалов в образовательном портале КЭУ

Кафедра государственного и официального языков.

Автор: Жапаралиева Назира Жакыповна

Вид (тип) материала:УМК по курсу «Манастаануу»

Предназначен для студентов программ ВПО:

Бакалавриат

Направление: «Экономика»

Профили: «Финансы и кредит», «Менеджмент», «Коммерция»,

Курс: 1,2.

Аннотация материала

Окуу-усулдук колдонмо КЭУнун Усулдук кеңешинде жактырылып, басууга

сунушталган

“Манастаануу” методикалык колдонмосунда “Манас” эпосунун кыргыз элинин

турмушунда алган тарыхый орду, бүгүнкү күндөгү мааниси, эл оозунан жыйналуу тарыхы,

изилдөөчүлөр, манасычылар, эпостун рухий-адептик, патриоттук дөөлөттөрү, дүйнөлүк

гениалдуулугу баяндалат. Программа, модулдун, сынактын суроолору, студенттин өз

алдынча иштөө темалары, негизги деп эсептелген адабияттар сунушталат.

Первое издание (подчеркнуть) Переиздание (подчеркнуть)

Подписи:

Автор:

Руководитель структуры/Зав. кафедрой: Жапаралиева Н.Ж.

Дата: 25.09.13

Виза: ________________

Page 2: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА

ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

М.РЫСКУЛБЕКОВ АТЫНДАГЫ

КЫРГЫЗ ЭКОНОМИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА РАСМИЙ ТИЛДЕР КАФЕДРАСЫ

МАНАCТААНУУ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН ОКУУ

ПРОГРАММАСЫ ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО

Page 3: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

БИШКЕК - 2010

УДК – 075.5.001.1 (575.2)

Рецензент: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти,

филология илимдеринин кандидаты, “Манастаануу” боюнча адис Н.Турдубаева

Программа Кыргыз экономикалык университетинин Усулдук кеңешинин жыйынында

жактырылып, басууга сунушталган.

“Манастаануу” курсунун окуу программасы жана методикалык колдонмосунда “Манас”

эпосунун кыргыз элинин турмушунда алган тарыхый орду, бүгүнкү күндөгү мааниси, эл

оозунан жыйналуу тарыхы, изилдөөчүлөр, манасычылар, эпостун рухий-адептик,

патриоттук дөөлөттөрү, дүйнөлүк гениалдуулугу баяндалат. Программа, модулдун,

сынактын суроолору, студенттин өз алдынча иштөө темалары, негизги деп эсептелген

адабияттар сунушталат.

Жогорку окуу жайларынын студенттерин окутуу үчүн арналат. Түзгөн педагогика

илимдеринин кандидаты, доцент Н. Ж..Жапаралиева.

Бишкек, 2010.

Page 4: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

БАШ СӨЗ

“Манас” эпосу - дүйнө жүзүндөгү теңдеши жок бирден бир улуу эпос. Бул эпос -

көлөмү жана сюжети боюнча да, эл турмушун, жүздөгөн каармандардын образдарын

көркөмдүү, элестүү сүрөттөө боюнча да дүйнө жүзүндөгү жападан жалгыз рухий кенч.

“Манас” - кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ата-бабаларыбыз өз табылгаларын бүт

чогулткан казынасын ыйык тутуп, укумдан-тукумга сактап келе жаткан улуу мурасы.

Ушундай руханий көркөм дөөлөттүн ээси, автору - уюткулуу улуу кыргыз эли.

Ошондуктан, кыргыздын ар бир инсаны “Манасты” билбейт деп айтуудан алыспыз, ал

эми билбей өсүп келе жаткан жаш муундарга жеткирүү, үйрөтүү - баарыбыздын

милдетибиз.

“Манас” - кыргыз элинин жашоо турмушун, үрп-адатын, каада-салтын,

маданиятын, тарыхын, санжырасын, идеологиясын түздөн-түз маалымдап, чагылдырып

турган энциклопедия.

Кыргыз эли башынан кечирген реалдуу жашоо-турмуш, жоокерчилик заман,

тарыхый окуялардын негизинде жаралган көркөм сөз аркылуу токулган, адамзат көтөрө

алгыс килемди андан ары токуп манасчылар, манас изилдөөчүлөр топтоп, толуктап,

Page 5: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

жамактатып айтып, миңдеген жылдардын таржымалын көркөм сөз менен жеткирип,

биздин күндөргө жеткиришти.

Улуу “Манас” эпосунда ата-бабаларыбыздын адеп-ахлагы, рухий асыл нарктары,

бийик идеялары, географиясы диний жана медициналык түшүнүгү, астрологиялык ой

тутуму, эл аралык мамилелери, келечекке карата умтулуулары чагылдырылган. Улуу орус

элинин окумуштуусу В.Циолковский : “Биз жомокту чындыкка айландыруу үчүн

төрөлгөнбүз” - деп айткандай, ушул көөнөрбөс кенчибиздин оозеки жомок катары айтчу

доорлор аяктап калды. Эми “Манасты” айтып, илимий жактан терең изилдеп, ачылбай

жаткан сырларын ачуучу мезгил келип жетти.

Окуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

планы, модулдук суроолор, рефераттын, студенттердин өз алдынча иштөөсү боюнча

(СРС) темалар, сынак, зачеттун суроолору, тиешелүү адабияттардын тизмеси сунуш

кылынды. Мында “Манас” эпосуна байланыштуу негизги маалыматтардын бардыгын

камтууга аракет кылдык. “Манастаанууну” окутуу процессинде илимий педагогикалык

тажрыйбадан, апробациядан өткөн сайын кем кемтиги жоюлуп, толукталып, оңдолуп,

түзөлөрү анык.

Бул эмгек боюнча ой-пикир, сунуштарды, кеп-кеңештерди күтөбүз.

Дарек:

Бишкек шаары,

КЭУ . Тоголок Молдо 58

105-кабинет, Мамлекеттик жана

расмий тилдер кафедрасы.

“Манастаануу” курсу боюнча маалымат

“Манас” эпосу - кыргыз элинин дүйнөгө атагы чыккан улуу көркөмдүк-рухий

мурасы. “Манас” - рухий нарк, тил казынасы, патриотизмдин бийик өрнөгү улут

сыймыгы. Ошондуктан, “Манас” казынасынан дайыма азыктанып туруу, анын ордолуу

ойлорун боюбузга, жан дүйнөбүзгө терең сиңирип, Ата Журтубуздун патриоту болуу,

улуу мурасыбызды ар тарабынан үйрөнүп, “Манасты” беш колдой жатка билүү, аны

менен сыймыктануу, аны кийинки муундарга туу кылып өткөрүп берүү биздин парзыбыз.

“Манастаануу” бүгүнкү күндө өз алдынча илимий тармак катары калыптанган.

Ошондуктан, “Манастаанууну” өз алдынча сабак катары окуп, үйрөнүү илимий талапка

шайкеш келет.

Андыктан Кыргыз экономикалык университетине Кыргыз Республикасынын

Билим берүү министрлиги тарабынан чыгарылган 2006-жылдын 10-октябрындагы № 631/

1 буйругунун негизинде адистигине карабастан бардык багыттагы тайпаларга (1-2-курс )

“Манастаануу” сабагын киргизүү бүгүнкү күндүн талабы.

Page 6: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Бул курс жогорку окуу жайдын окуу планына 34 саат өлчөмүнөн кем эмес ( 2,5

кредит саат өлчөмүнөн кем эмес) киргизилиши керек. Курсту алып баруу, адистиги дал

келген квалификациясы жогорку филологиялык билими бар окутуучулар курамы менен

камсыз болуш керек. Окуу программа базалык программанын негизинде түзүлдү.

Курстун максаты жана милдети.

Кыргыз көчмөн цивилизациясынын керемет кенчи, “Кыргыз рухунун туу чокусу”

элдик оозеки көркөм сөз өнөрүнүн эң бийик үлгүсү, дүйнөлүк адабияттын улуу

классикасы, “Манас” эпосун студенттер менен жаштарга жеткирүү үчүн жана эпостун

руханий-патриоттук, адеп-ыймандык мазмунун ачып берүү, элин жерин сүйүп,

патриотизмге тарбиялоо максатында окутулат.

“Манастаануу”- кыргыз фольклористикасынын туу чокусу болгон “Манас “ эпосун

илимий негизде изилдөөнүн жана окуп үйрөнүүнүн бир салаасы. “Манас” кыргыз эл

оозеки мурастарынын ичинен жергебизге алгачкы кадам жасаган саякатчылардын,

окумуштуулардын, түркологдордун назарларын өзүнө бурган чыгарма. Манастаануу -

бүгүнкү күндө, негизинен үч багытта өнүгүүдө: жыйноо, бастырып чыгаруу, аны ар

тараптан илимий изилдөө.

“Манастаануу” сабагын окутуунун максаты - студенттердин киндик каны

тамган Ата Журтун кашык каны калганча коргоого даяр, эл жерин жан дили менен

сүйгөн, башка улуттарды урматтап сыйлаган, өз улутунун прогрессивдүү салт-санаасын,

рухий, адеп-ахлак кенчтери боюнча сиңирген, жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү

өздөштүргөн, демократиялык аң сезимди алып жүргөн, улууну урматтап, кичүүнү

ызаттаган ыймандуу, адамкерчиликтүү инсандарды калыптандырууга иштиктүү түрдө

көмөктөшүү.

“Манастаануу” окуу курсу Манастын баалуулугу, кайталанбастыгы тууралуу

илимий жактан бир бүтүндүккө айланып, дүйнөлүк көркөм маданиятты жана

философиялык ой жүгүртүүнүн тарыхы үчүн бул окуу курсу зор милдетти аткарат.

“Манас таануу” окуу курсун кыргыз элинин улуу “Манас” эпосун заманбап көз караш

менен, тарыхый, адабий, маданий жактарынын концепцияларын илимий негизге салып,

“Манас” эпосунун дүйнөлүк көркөм маданиятта, тарыхта бирден-бир уникалдуу

баалуулугун студенттерге бир бүтүндүк экенин жеткирүү зарыл.

“Манасты” ар тараптан изилдеп, үйрөнүүгө студенттерди багыттоо.

Жогорку окуу жайларында “Манастаануу” курсун үйрөнүү объектиси - кыргыз

элинин коомдук турмушунун энциклопедиялык жыйнагы, дүйнөлүк көчмөн

цивилизациясынын кенчи, эпос чагылдырган доорлор, андагы жүздөгөн каармандардын

иш-аракеттери, көркөм образдар дүйнөсү эл аралык мамилелери дипломатиялык

өзгөчөлүктөрү, географиялык, астрологиялык түшүнүктөрү тууралуу маалымат берүү.

“Манастаануу” курсун окутуудагы дагы бир маанилүү маселе - студенттерди Ата

Журтун, эл-жерин жан дили менен сүйүүгө, башка улуттар менен ынтымактуу жашоого

тарбиялоо.

Элибиздин каада-салтын, үрп-адатын, даанышмандык ой-жүгүртүүсүн

өздөштүрүүгө жалпы адамзаттык дөөлөттөрдү, демократиялык аң сезимдерди алып

жүргөн, ыймандуу, адамкерчиликтүү, акыйкаттуу инсандарды, студенттерди

калыптандырууга иштиктүү түрдө көмөктөшүп, студенттердин жан-дүйнөсүн Манастын

артыкчылык касиеттери менен тарбиялоо болуп саналат. Маселен, Манас үчүн Ата Журт

ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карандысыздыгы ыйык. Ала-Тоонун бүтүндүгү,

ак калпак журттун биримдиги ыйык. Эне тили ыйык. Акыйкатка, актыкка негизделген

достук ыйык. Ата конушта агынан жаралган адал мээнет ыйык. Мекен алдындагы парз,

атуулдук ар намыс ыйык, Ата ыйык, эне ыйык. Ак мөңгүдөй таза абийир, адеп ыйман

Page 7: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

ыйык. “Манас” эпосу мына ушундай ыйык дөөлөттөрдү, бийик идеяларды, патриоттук

ыймандык шарттарды илгертен өзөгүндө сары майдай сактап, көк асабадай желбиретип

көтөрүп, укумдан-тукумга үгүттөп өткөзүп келген. Ошондой ыйыктыктарды жетектөөчү

жогорку идеяларды улуу “Манас” илгертен “Жүлүнгө жетер кеп айтып, жүрөгүн өрттөп

бек айтып” Ала-Тоолук кыргыздарды биримдиктүү кармап турган.

Бул курста улуу “Манас” эпосунун эл оозунан жыйналуу, китеп болуп басылуу

тарыхына кененирээк саякат жасайбыз. “Манас” эпосу жөнүндөгү ар түркүн кызыктуу,

терең омоктуу ойлору, идеялары, пикирлери менен таанышып, эпостун искусствонун

башка түрлөрү менен байланышын ачып берүү болуп саналат.

Азыркы учурда кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын чыңдоо жана бекемдөө

үчүн жаштарды “Манас” эпосу аркылуу тарбиялоо, азыктандыруу негизги максат болуп

эсептелет.

“МАНАСТААНУУ” КУРСУНУН ОКУУ ПРОГРАММАСЫ

№ Теманын аталышы Сааты Сабактын түрү

1. “Манас” эпосу - кыргыз элинин улуу

мурасы. “Манас” эпосунун жаралышы

андагы тарыхый доорлор. (Жалпы маалымат

жана “Манастаануу” курсун үйрөнүүгө

киришүү)

2 Дарс түрүндө

2. “Манас” эпосун изилдөө, жыйноо жана

кагаз бетине түшүрүү тарыхы. Манасчылар.

2

Page 8: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

“Манасты” чет тилдерге которуу иштери.

3. Сагымбай Орозбаков - белгилүү манасчы.

Саякбай Каралаев - XX кылымдын

даанышманы

2

4. “Манас” эпосунун сюжети 2

5. “Семетей”- Манастын ишин улантуучу.

“Сейтек”- трилогиянын үчүнчү бөлүгү

2

6. Кул болсоң да Мекениңди сатпагын.

“Манас” эпосу - руханий жана материалдык

маданияттын энциклопедиясы.

2

7. “Манас” эпосу искусствонун башка

тармактарында

2

8. Кыргыз мамлекеттүүлүгү “Манас” эпосунун

контексинде

2

9. “Манас”эпосунун кыргыз элинин рухий

турмушунда алган тарыхый орду жана анын

бүгүнкү күндөгү мааниси. “Манас”

эпосунун 1000 жылдыгы жана анда кабыл

алынган жети осуят

2

10. Бардыгы 18

1 - тема: “Манас” эпосу - кыргыз элинин улуу мурасы. (2 саат)

Кыргыз эли Борбордук Азияда жашаган тектеш түрк тилинде сүйлөгөн башка

элдерге караганда эң байыркы, 2200 жылдан ашуун мезгилдер мурда тарыхта белгилүү

мамлекеттүүлүгү болгон улуу, байыркы элдердин бири болуп саналары тууралуу кенен

маалымат берилиши керек.

Көчмөн цивилизациянын бардык баскычтарын басып өтүп, нечендеген кандуу

салгылашууларды башынан кечирип, өз эркиндигин, улутун сактап келиши жөнүндө

саресеп салып, саясатка чыгуу.

Ушундай татаал тарыхый окуялуу доорлордогу ата-бабаларыбыздын көчмөн

турмушу, душмандарга каршы баатырдык күжүрмөн күрөштөрү, социалдык, турмуштук

ал-ахыбалы, каада-салты, үрп-адаты кыргыз эли өзү жаратып, мурастап келе жаткан

“Манас” жана башка эпосторунун орун алышы. Кыргыз элинде улуу эпос, кенже эпостор

деп бөлүшүп, жыйырмадан ашуун эпосторунун бар экендиги жана эпикалык

чыгармаларга бай экендигин түшүндүрүү. Ал эпостордун көлөмүнө, маанисине, идеалык

мазмунуна, тематикасына карай бөлүнүшү. Алар төмөндөгүдөй түргө бөлүнөт:

Page 9: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

1. Баатырдык эпостор:

а) Улуу эпос (“Манас”) үчилтиги

б) Кенже баатырдык эпостор:

- баатырдык мифологиялык эпостор (“Эр Төштүк” ж.б)

- тарыхый баатырдык эпостор:

2. Социалдык - турмуштук эпостор:

а) Лиро - эпикалык дастандар (“Олжобай менен Кишимжан”)

б) Социалдык - турмуштук эпос (“Кедейкан” ж.б) болуп бөлүнүшү.

Кыргыз элинин жоокер көчмөндүү тарыхый турмуш шартына байланыштуу элдик

эпосторунун ичинен баатырдык эпостор басымдуулук кылып, өзгөчө орунда турушу.

Баатырдык эпостордун эң негизги идеясы-патриотизм кыргыз элинин көз каранды

болбостугу жана элдин биримдүүлүгү үчүн көркөм жүргүзгөндүгү.

“Манас” эпосу - кыргыз элинин кылымдарды карытып, айтылып келе жаткан

эпикалык улуу мурас экендиги. Кыргыз эли “Манас” эпосунун түздөн-түз автору жана

ээси болуп саналары. Башка эпостордон, дүйнөлүк эпикалык чыгармалардан

айырмаланышы жана өзгөчөлүктөрү. Ушул улуу эпосубуз “Манасты” окуп-үйрөнүүнүн

маани-маңызынын зордугу.

“Манас” эпосундагы тектештик жана тукумдаштыгы (генеологиялык циклизация)

жагынан “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” ж. б. болуп бөлүнүштөрү жана алардын идеялык

бир бүтүндүктү түзүп турушу.

“Манас” эпосунун жаралышы андагы тарыхый доорлор.

“Манас” эпосундагы тарыхый жактан так маалыматтарды келтирсек он эки

кылымды өз ичине камтыган (VI – XVIII кк) тарыхый бурулуш доорлор “Манас” эпосунда

өз изин калтырган, тактап айтканда он эки кылымдагы тарыхта болуп өткөн айрым

окуялар “Манас” эпосунда чагылдырылган:

• Байыркы Чыгыш түрк каганаты жана Кыргыз каганаттары доору VI - IXкк.

• Карлуктар жана Караханийлер мамлекеттеринин доору, X - XII кк.

• Монгол доору, XIII к.

• Алтын Ордо мезгили XIV - XVI кк.

• Жуңгар, Ойрот калмактарынын доорлору, XVI - XVIII кк.

• Кийинки доорлор, XIX к.

“Манас” эпосунун пайда болушун изилдөө иштери өткөн кылымдан бери

жүргүзүлүп келгендиги. Бирок, так маалыматтардын жоктугу. Изилдөөлөрдүн дагы эле

улантылып жатышы. Бул маселени чечмелөөдө өз ойлорун айтып, чындыкка өтө жакын

илимий жыйынтыктарын берген окумуштуулардын да бар экендиги. Алардын ичинен

“Манас” эпосунун пайда болушу жөнүндө илимий пикирлерин сунуштап келген

окумуштуулардын ичинен, ойлору чындыкка өтө жакын, көрүнүктүү илимпоздордун

пикирлерин келтирүү жана аларды атап кетсек:

• М.Ауэзов, А.Н.Бернштам - Орхон - Енисей доору - VII –IX кк.

• Б.Юнусалиев - Алтай доору - IX - XI кк.

• А.К Боровков, И.П. Климович - Жунгар доору - XVI - XVII кк.

Жогорудагылардын ичинен Б.Юнусалив, М. Ауэзов, А.Н Бернштамдардын

пикирлеринин чындыкка өтө жакын экендигин түшүндүрүү талапка ылайык. Атүгүл,

алардын илимий пикирлери жетекчиликке алынып, практикада колдонулуп жаткандыгы.

Өзгөчө Б.Юнусалиевдин пикирлеринин негизинде “Манас” эпосунун 1000 жылдык

мааракеси бүткүл дүйнөлүк деңгээлде белгилениши “Манас” эпосу менен Орхон-Енисей

эстеликтериндеги жазуулардын ортосундагы үндөштүктүн бар экендиги:

• Барсбек Ынанчы Алп Билге каган жана йоглакар эстеликтериндеги жазуулардын

“Манас” эпосуна үндөштүгү.

Page 10: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

• Байыркы Күл-Тегин эстеликтериндеги жазуулардын сюжети, андагы тарыхый

окуялардын мотивдери, “Манас” эпосунда чагылдырылышы жана башка

окшоштуктарынын орун алышы.

• Тонүкүк, Билге каган эстеликтериндеги жазууларда Кыргыз каганаты, кыргыз эли

туурасында кеңири маалыматтардын орун алышы жана “Манас” эпосуна үндөштүгү,

окшоштугу.

Жогорудагы инсандардын негизинде “Манас” эпосунун пайда болушу Орхон-

Енисей доорлоруна да тикеден-тике байланышып кетээрин жүрөккө сактоо зарылдыгы.

2 – тема: “Манас” эпосун изилдөө, жыйноо жана кагаз бетине түшүрүү тарыхы.

Манасчылар.“Манасты” чет тилдерге которуу иштери. (2саат)

“Манас” эпосу туурасындагы алгачкы тарыхый маалымат Сайф ад-дин Аксыкенти

жана анын уулу Нурмухаммед “Тарыхтардын жыйнагы”(“Мажму атут-товарих” XV-XVI

кылым) аттуу чыгармасынан улам белгилүү. “Манас” эпосун биринчилерден болуп кагаз

бетине түшүрүү. “Манасты” изилдөө жана жазып алуу иштеринде орус

окумуштууларынын ролу. ”Манастын” Октябрь революциясына чейинки жазылыш,

изилдениш тарыхы: Ч.Валиханов, В.В.Радлов, Д. Алмаши, В.Смирнов ж.б. Эпосту Совет

түзүлүшүнүн мезгилинде жазып алуу, изилдөө иштери. (К.Мифтаков, Т.Молдо,

Ы.Абдырахманов, П.Фалев, М.Ауэзов, В.М.Жирмунский, Е.Д.Поливанов, С.Мусаев,

Р.З.Кыдырбаева, М.Мамыров, А.Жайнакова, К.Кырбашев, Э.Абдылдаев, Р.Сарыпбеков

ж.б.). “Манасты” басып чыгаруу. “Манастаануу” илиминин калыптанышы. “Манас”

эпосунун варианттары. Эпостун негизги вариантынын идеялык-көркөмдүк мазмунунун

өзгөчөлүгү. Манас айтуучулардын улуу мурасы кийинки муундарга өткөрүп берүүдөгү

ролу. Легендарлык жана чыныгы “Манас” айтуучулар тууралуу обзордук маалымат берүү.

Дүйнө элдеринин адабиятындагы орду.

В.В.Радлов “Манастын” үч бөлүгүн бүт жазып алып, “Түндүк түрк урууларынын

элдик адабияттарынын үлгүлөрү” деген он бир томдон турган кеңири белгилүү эмгегинин

5-томунда транскрипцияланган орус тамгасы аркылуу 1885-жылы Санк-Петербургда

кыргыз тилинде бастырып чыгаргандыгынан маалымат берүү.

Венгер окумуштуусу профессор Георг Алмаши “Манастан” жазып алган үзүндүнү

1911-жылы Будапештте чыгуучу “Келети Сзелме” аттуу журналга түшүндүрмөлөрү менен

жарыялангандыгын айтып берүү.

“Манас” эпосун Е.Д. Поливанов, С. Липкин ж.б котормочулардын иштери жөнүндө

кыскача маалымат берүү.

Дүйнө элдеринин “кыргыз” деген этнонимди таанып билүүсү.

“Манас” эпосун изилдөөгө арналган 1952-жылкы Бүткүл Союздук илимий

конференция жана анда каралган негизги маселе “Манас” эпосунун элдүүлүгү туурасында

болушу. Конференцияда А.К.Боровков жана И.П.Климовичтин “Манас” эпосунун

элдүүлүгүн танган, жокко чыгарган баяндамаларын төгүнгө чыгарышкан М.Ауэзов,

Б.Юнусалиев ж.б окумуштуулардын нукура илимий көз караштарынын негизинде

“Манас” эпосунун элдүүлүгүнүн таасын далилдениши. Конференциянын кабыл алган

чечимдеринин мыйзам ченемдүүлүгү жана баалуулугу. “Манас” эпосун ар тараптан

комплекстүү изилдөөгө арналган 1990-жылкы Бүткүл Союзда каралган негизги

маселелер.“Манас” эпосун изилдөөнүн азыркы абалы.

Манасчылык өнөрдүн жеткен чеги - чоң манасчы болуу. Мындай наамга

айтуучулар чанда-чанда гана ээ болушат. Зор талантуу, эпостун өсүп-өнүгүшүнө орчундуу

салым кошкон Келдибек Карбоз уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Шапак, Акмат

Рысмендеевдер, Кенжекара Калча уулу, Чоюке Өмүр уулу, Чоңду,Тоголок Молдо,

Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбаков, Шаабай Азизов, Каба Атабеков, Уркаш

Page 11: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Мамбеталиев, Назаркул Сейдрахманов, Талантаалы Бакчиев, Ырыспай Исаков

ж.б.жөнүндө кененирээк токтолуу.

3-тема: Сагымбай Орозбаков - белгилүү манасчы. (2 саат)

Сагымбай Орозбаковдун өмүрү, чыгармачылыгынан маалымат. Манасчылык өнөр

дүйнө жүзү боюнча бир гана кыргыздарда экенин жана алар руханий маданияттын

сактоочулары болоорун. Манасчылык мектеп эмнеден башталат? Ал мектепте

тарбиялангандардын “Манас” айтуучулук өнөрүнүн салттуулугу.

Манасчынын эпосту аткарганын өзү көрүп уккан адамдар да, ал вариантты окугандар

менен изилдеген окумуштуулар да Сагымбай айткан “Манастын” көркөмдүк касиетине

өзгөчө жогору баа беришет. Мисалы, белгилүү акын Алыкул Осмонов: “Сагымбайдын бир

сөзү бир аттык”, - деп жазат. Бул вариантка жана аны жараткан айтуучунун талантына

Ч.Айтматов мындай баа берген: “Сагымбайдан жазылып калган тексттерди кунт коюп

окуп чыккан ар бир адам Сагымбайдын сөз байлыгына, акындын чеберчилигине,

ташкындаган сүрөткер кудуретине баш ийбей койбойт. Бул бир ааламда укмуш жаралган

уникалдуу талант. Балким эч убакта кайталанбас руханий көрүнүштүр. “Манас” “Манас”

болгондон берки эпостун тамчыга тамчы кошулуп, сөзгө сөз, ойго ой кыналып, байыркы

кыргыз журтунун бүткүл чыгармачылык кубатын Сагымбай бир өзү дилине сыйгызып

тургандай сезилет”.

Эпостун колдо болгон варианттарынын ичинен биринчи бөлүм болгон “Манасты”

өзүнчө эсептегенде С.Орозбак уулунун варианты көлөм жактан кагаз бетине

түшүрүлгөндөрдүн ичиндеги эң чоңу - 180378 сап ыр. Өзгөчө көркөмдүккө ээ болгон бул

вариант элибиздин маданий байлыгында ардактуу орундардын бирин ээлейт.

Саякбай Каралаев - XX кылымдын даанышманы.

Саякбай Каралаевдин өмүрү, чыгармачылыгынан маалымат.

С.Каралаевдин өз эскерүүсүнө караганда манасчы катары эл алдында эпостун айрым

эпизоддорун айтууну ал биринчи жолу ыктыярдуу отрядга мүчө болуп жүргөндө

баштаган экен. Бардык манасчылар сыяктуу эле С.Каралаев да “Манас” айтууну,

манасчылык кесипти арбак дааруу, түш көрүү менен байланыштырат. Айтканына

караганда Манас жана анын жакын жардамчылары Саякбай жаш жигит кезинде,

Караланын үй-бүлөсү Орто-Токойдогу бекетте турган учурда жолуккан экен.

Галлюцинациялык мүнөздөгү элести Саякбай айылчылап жүрүп үйүнө келе жаткан жолдо

өңүндө эле көрөт. Бул белги жаш жигитке өзгөчө катуу таасир эткендиктен ал көпкө

чейин толкунданып, токтоно албай да жүрөт. “Кийин ыктыярдуу отряддын катарында

жүргөндө экинчи жолу Алманбет түшүмө кирди. Ошондон кийин “Манасты” айта

баштадым”, - деп эскерет манасчы. Саякбайдын манасчылык өнөргө кызыгуусуна чоң

энесинин таасири да тийиптир.

Ошентип, С.Каралаев өзү айткандай 1930-жылдан тартып өмүрүнүн акырына чейин

“Манасты” айтты. С.Каралаевдин “Манасты” жазуу иши 1935-жылы башталып, алгачкы

эпизоддордун кагаз бетине түшүрүүгө К.Жумабаев, Ы.Абдрахмановдор катышкан.

Манасчынын вариантын жазып алуу 1947-жылдын 25-апрелинде аяктаган. Жыйырма

жылга жакын убакыттын ичинде айтуучунун оозунан эпостун биринчи бөлүгү “Манас”

(көлөмү 84513 сап ыр), экинчи бөлүк - “Семетей” (көлөмү 316157 сап ыр), “Сейтек”

(көлөмү 84697 сап ыр) жана “Сейтектин” уландысы - уулу Кенен баатыр, Кенендин

балдары Алымсарык, Кулансарыктар жөнүндө 15186 сап ыр көлөмүндөгү материал

жазылып аланган. С.Каралаевден жазылган эпостун бардык бөлүмдөрүнүн жалпы көлөмү

500553 сап ырды түзөт. “Манас” дүйнөдөгү өзү сыяктуу чыгармалардын арасындагы

Page 12: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

көлөм жактан теңдеши жок эпос болсо, С.Каралаев-биз билген манасчылардын ичиндеги

эң чоң варианттын жаратуучусу.

С.Каралаев кыргыз искусствосунун 1939-жылы Москвада өткөн биринчи жана андан

кийинки он күндүктөрүнүн катышуучусу. Ошол эле 1939-жылы ага Кыргыз ССРинин эл

артисти деген наам берилген. Элге сиңирген эмгеги үчүн С.Каралаев өкмөттүк жогорку

сыйлыкка ээ болуп, үч Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси” ордендерин, көптөгөн

медалдар, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталарын алган.

4- тема: “Манас” эпосунун сюжети. (2 саат)

“Манас” эпосунун сюжетин окуп үйрөнүү:

Манастын теги. Кыргыздын чабылып, чачылышы. Манастын төрөлүшү жана

балалык чагы. Баатырдын алгачкы эрдиктери. Манастын кан шайланышы. Кошойдун

окуялары. Манастын он бир дуудууга каршы согушу. Манастын Кайыпдаңды жеңип,

кызы Карабөрктү алганы. Ата-Журтту душмандардан бошотуу. Алтайдан Ала-Тоого

көчүү. Алооке хандын Манаска багынганы. Манастын Шоорук канды жеңип, кызы

Акылайды алганы. Алмамбеттин жомогу (баяны). Манастын Каныкейге үйлөнүшү.

Манастын Кыз Сайкал менен беттешкени. Көзкамандын окуясы. Көкөтөйдүн ашы. Жети

кандын чатагы-чоң казаттын башы. Чоң казат. Манастын өлүмү. “Семетей”, “Сейтек”,

“Манас” трилогиясынын уландысы.

“Манас” эпосундагы каада-салт, ырым-жырымдар, ишенимдердин

чагылдырылышы:

“Манас” эпосундагы каада-салттардын сүрөттөлүшү жогорку деңгээлде

көркөмдөлгөн. Эпостогу көчмөндүү кыргыз элинин жашоо-турмушу, каада-салты, үрп-

адаты, башка улуттар менен болгон карым-катнашы, согуштук жеңиштери, атактуу

баатырларга арналып өткөрүлгөн аш-тойлор ар дайым улуттук оюндар менен коштолгон.

Кыргыздар ат үстүндөгү оюндардан тартып, акыл-эсти тарбиялоочу оюндар (тогуз

коргоол, чатыраш ж.б) шамдагайлыкты талап кылган оюндарды ойношкон.

Эпостогу каада-салттардын өтө көркөмдүк жактан чагылдырылышы жана бардык

түрүнүн ойнолушу менен “Көкөтөйдүн ашы” эпизоду белгилүү. “Көкөтөйдүн ашында”

кыргыз элинин көркөмдүк маданияты, конок тосуу, узатуу белгилери таасын

чагылдырылат. Андан сырткары, кыргыз улуттук оюндарынын бардык түрү башка улуттун

өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн.

“Манас” эпосундагы өтө көп чагылдырылган оюндар бул - ат оюндары. Баса

белгилөөчү эпостогу окуялардан “Каныкейдин Тайторуну чабышы” бул эпизоддо Каныкей

жөн гана Тайторуну чапкан жок. Бул жерде, кыргыз элинин байыркы салт-санаасын атадан

балага өткөрүп берүүнү аламан байге (ат чабыш) аркылуу көрсөтө алган. Төмөндө “Манас”

эпосундагы өтө орчундуу сүрөттөлгөн оюндарга токтолуп, түшүндүрмө берели.

Ат чабыш (байге) - эпосто кеңири жолуккан кыргыз элинин улуттук салт

оюндарынын бири. Дагы бир аты - Аламан байге. “Манас” эпосунда ар бир той-тамаша ат

чабышсыз өткөн эмес. Эпосто “Атты айдатып ийгени, Атпай журттун баарысы Ашты

көздөй киргени”, - деп айтылат.

Page 13: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Ат чабылып кеткенден кийин башка оюндар аттар келгиче ойноло берген. Манасчылар

чабылчу күлүктөрдүн марага келишин өзүнчө сүрөттөгөн.

Көк бөрү, улак тартуу - кыргыздын улуттук мелдеш оюну. Атчан адамдар эки

тарапка бөлүнүп, башы кесилген улакты, кээде, торпокту белгилүү эрежеге ылайык

тартышат. Эпосто:

Бөлүнүп ордо, чын мөрөй,

Айтпай турган жер бекен?

Жатпай оюн, көк бөрү,

Тартпай турган жер бекен? - деп сүрөттөлөт.

Эр сайыш - жоокерчилик замандан бери аш-тойлордо ойнолуучу оюн-шоок,

баатырлардын жекеме-жеке ат үстүндөгү эрөөлү. Аталган оюндар аш-тойлордо

өткөрүлгөн.

Жоокердик оюндар - жоокерлердин курал-жарактарын колдонуу чеберчилигин

арттырып, аскердик ыкка машыгуулар. Жоокердик оюндар Көкөтөйдүн ашында айрыкча

апогейине жеткире сүрөттөлгөн. Эпос боюнча жоокердик оюндар жамбы атуу менен

башталат. Миң узун устун кыйдырылып, алты жүзү бири - бирине уланып, тигинен жерге

орнотулат. Алты жүз адамдын кунуна барабар го алтын жамбы орнотулган бийик устундун

учундагы туура жыгачка кырк эки танап болот зым менен байланат. Мергендер мылтык

октошуп, элүүдөн-жүздөн топтошуп атышат. Бирок эч ким жамбыны атып түшүрө албайт.

Ошол учурда Манас кырк чоросу менен өз өнөрлөрүн согуш оюнун башташат.

5 – тема: “Семетей” - Манастын ишин улантуучу. (2 саат)

“Семетей”- “Манастын” уландысы, үчилтиктин экинчи бөлүгү. Сөз негизинен

Манастын уулу Семетей, анын иштеген иши, башынан өткөргөн окуялар жөнүндө болот.

“Манаста” башталган окуя “Семетейде” андан ары улантылат, эки бөлүмдө тең бирдей

идея баяндалып, биринде катышкан каарман экинчисинде да катыша берет жана ал

каарманга биринчи бөлүмдө берилген мүнөздөмө экинчисинде толукталып, тереңдетилет.

Мисалы, Бакай, Каныкей, Коңурбай ж.б.

“Манаста” да, “Семетейде” да негизги максат - кыргыз элинин биримдүүлүгү, көз

каранды болбостугу үчүн күрөш, эли-жерин сүйүү, элге кызмат кылуу. “Семетейде” да

“Манастагы” сыяктуу эле эл баатырлары ички-сырткы душмандарга каршы чыгат, эл

күрөшүнүн башында турат. “Семетейде” сырттан басып кирген душман экинчи орунда

болуп, уруулар арасындагы чатак, ички карама-каршылык биринчи планда турат жана

негизги мааниге ээ. Бул абал “Манаста” уруу союздары түзүлүп, элдин биригүүгө карата

болгон умтулуусу зор тарыхый шарттын элестери берилсе, “Семетейде” патриархалдык

уруу феодалдарынын чыр-чатагы арбып, эл бытырап, уруу феодалдарынын арасындагы

бийлик, таасир үчүн болгон күрөш күч алган тарыхый шарттын көрүнүштөрү

сүрөттөлгөнүн далилдейт.

“Сейтек” - трилогиянын үчүнчү бөлүгү.

Page 14: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

“Сейтекте”мурдагы эки бөлүмдүн окуяларынын да идеалык багытынын да

жыйынтыгы чыгарылып, корутунду берилет.

“Сейтек” - өзүнчө чыгарма, ал эл арасында “Манас”, “Семетей” сыяктуу эле чоң

кадырга ээ. Анда элдин өз максатына, тилегине жетип, адилеттүүлүк, тынчтык

орногондугун баяндаган турмуштун көрүнүшүн сүрөттөгөн бөлүм катары өзгөчө мааниге

да ээ. “Сейтек” да “Семетей” сыяктуу эле манасчылардын негизги репертуарына кирет, эл

арасында көптөгөн варианттары бар.

“Манас” татаал сюжеттүү, мазмуну көптөгөн окуяларды камтыган, зор көлөмдүү

чыгарма. Ушуга ылайык анда сөз болгон каармандардын саны да арбын.

Манас - эпостун башкы каарманы. Чыгарманын сюжети негизинен Манас

баатырдын өмүр жолун сүрөттөө аркылуу курулат. Манастын өмүр жолу - типтүү

көрүнүш, образы - ошол эпос чагылдырган тарыхый шарт үчүн мүнөздүү элес. Эл

“Манас” жомогунда жеке эле өткөндүн изин бербестен, элдин кыялы менен үмүтүн,

тилеги менен ой жорууларын да бербегендиктен Манастын образында эл идеалы менен

келечектен күткөн тилек-үмүтү да баяндалат.

Чубак, Сыргак.Бакай. “Алышса адамдын алы жетпеген, арстандын тиши өтпөгөн,

көк ырапыс тон кийген, көгала сындуу ат минген, кан Балтанын Чубагы - арстандын бири

бу дагы”. Чубак - карандай күчтүн ээси, аны-мунуну көп байкабаган энөө, ишенчээк,

ачуучу чукул, кыялы чорт, чогоол баатыр. Бирок ак көңүл, ичине кир сактабаган адам. Ал

эми эпостогу белгилүү баатырлардын бири - Сыргак. Ал белгилүү баатырлардын эң

кичүүсү, баарынын сүймөнчүлүгү. Карандай күч өзгөчө мааниге ээ болгон ошол доордо

көпкөк темир кийген, жоо дегенде сүйүнгөн баатырлардын арасында өзүнүн

адамгерчилиги, ички дүйнөсүнүн тазалыгы, сезиминин тереңдиги, сыпайы жүрүш -

турушу менен бөтөнчөлөнүп, башкалардан бөлүнүп турат.

Бакай - эпостогу өзгөчө маани берилип, дыкаттык менен иштелип чыккан оң

каармандардын бири. Бакай - Манастын аталаш тууганы, Жакыптын бир тууган агасы

Байдын уулу.

6 – тема: Кул болсоң да, Мекениңди сатпагын! “Манас” эпосу - руханий жана

материалдык маданияттын энциклопедиясы. (2 саат)

Жер шарындагы бардык нерсе өзгөрүлүп тургандай, коомдук-экономикалык саясат,

тарыхый доор да бири-экинчисине алмаштырылып, жаңыланып келгендиги белгилүү. Доор

өзгөргөндөй эле жер шарындагы мамлекеттер, өлкөлөрдүн ортосундагы территориялар

жаңырып, бирөө кыйраса экинчиси түптөлүп күчтөнүп, ортодо чечилбей калган мезгилди

тарых ырастайт. Айтканга оңой болгону менен доорлордун алмашуусу адам баласынын

тагдырына маңдай жарган кубаныч гана алып келбестен, мамлекеттердин ортосундагы

кандуу кармаштарды жараткандыгы анык. Кандуу кармаштарда бирин экинчиси басып

алууга аракеттенсе, экинчиси өзүнүн көз каранды эместиги үчүн күрөшүп, багынбоого

далбастайт. Мындай эркке жетишүү каалаган эле пенденин колунан келбегендиктен, эл

арасында мындай адамдарга өзгөчө урмат-сый көрсөтүлүп, алардын ысымдары мейли

оозеки санжырада, мейли жазма тарыхта болсун одага айлангандыгы белгилүү. Мисалы,

“Манас” эпосунун биринчи бөлүмүндөгү Бакайды алсак жарашат. Бакай, Манас, Алманбет

же Чубак сыяктуу ашкан баатыр кара күчтүн ээси болбогону менен бардык учурда

маанилүү орунду ээлейт. Манас дайыма аны “алдыда жүрсө ак жолтой, артта калса сан

колдой” деп баалап, акылынан кыя өтпөй иш жасайт. Тагыраак айтканда, кан күйгөн улуу

жүрүштө чыныгы баатырлардын көзү өткөндөн кийин кимдин ким экендиги сынала

баштаганда Бакайдын колунун экинчи сан колго барабардыгы так аныкталат. Ошентип,

эпосто Канчоронун жеңилишинен кийин эпосто кыргыз элинде бейкутчулук орнойт. Бир

мезгилде кайып болуп кеткен Семетей табылат, негизги элине адал эмгек кылган адамдар -

Page 15: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Семетей, Айчүрөк, Сейтек, Күлчоролор өлбөстүккө айланышат. Алардын өлбөгөнү же

өлгөнү башка маселе болсо да, өлбөстүккө айлануусун шарттап турган бир жагдайды эстен

чыгарууга болбойт. Жыйынтыгында ар бир атуулга алардын баатырдык иштери тикелей

таасир тийгизбесе да, Мекенин сактоого башкы милдет экенин туюндуруп турат.

Руханий жана материалдык маданияттын, элдин тарыхы, жашоо образы, дүйнө таануу

түшүнүгү, каада-салты менен тыгыз байланышы. “Манас” эпосу кыргыз элинин руханий

жана материалдык маданиятын изилдөөнүн булагы катары: Турак жай (боз үй), тамак-аш,

кийим-кече. Кол өнөрчүлүк искусствосу. Элдик искусство: бий, күү, оюн. Элдик медицина.

Элдик философиянын фольклордо, акындар чыгармачылыгында орун алышы. Байыркы

кыргыздардын ааламды таанып билүү түшүнүгү. “Манас” эпосундагы мифологиялык

ойлор.

Аалам- адам, жакшы-жаман, ак-кара, дос-кас, өлүм-өмүр категорияларынын эпосто

чагылдырылышы. Нравалык-этикалык эреже, нормалардын (урмат-сый, адеп-ахлак, нарк-

нуска, ата-бала, эркек-аял, улуу-кичүү), элдик каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым

маселелеринин эпосто берилиши, идеялык мааниси. Диндердин, түрдүү диний

ишенимдеринин (тотемизм, анимизм, фетишизм, шаманизм, теңир, зорастризм, умай, кырк

чилтен, кыдыр, ислам ж.б.) “Манас” эпосундагы ролу.

Эпостун идеялык мазмуну: Мамлекет куруу, эл-жерди сырткы душмандан коргоо, көз

карандысыз жашоо. Баатырдык, адилетүүлүк, патриоттук түшүнүктөрүнүн

идеялизацияланышы. “Манастын жети осуятында” айтылган идеялардын эпостун

сюжетинде көркөм чагылдырылышы. Эпостогу жалпы адамзаттык проблемалардын

(эгемендүүлүк, биримдик, достук, патриоттук , акылмандык, гумандуулук, ыймандык,

экологиялык, философиялык) берилиши.

“Манас” эпосундагы образдар системасы: Бакай, Жакып, Манас, Семетей, Сейтек,

Кошой, Чубак, Абыке, Көбөш, Сыргак, Алмамбет, Каныкей, Чыйырды, Акбалта, Алооке,

Коңурбай, Кыз Сайкал, Айчүрөк, Кыяс ж.б. Оң жана терс каармандардын образдарынын

сүрөттөлүшү. Эпостогу тулпарлар.

7 – тема: “Манас” эпосу искусствонун башка тармактарында. (2 саат)

“Манас” эпосу искусствонун башка түрлөрүнөн кеңири орун алышы. “Манас”

эпосунун сюжеттеринин жана образдарынын кыргыз драматургиясында көркөм

иштелиши жана ал драмалардын кыргыз театрларында, коңшу өлкөлөрдүн театрларында

коюлушу.

1938-жылы К.Маликов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.. Турусбековдор тарабынан “Айчүрөк”

операсынын либреттосунун жазылышы, анын 1939-жылы Кыргыз музыкалык драма

театрында коюлушу. Ушул эле жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи

декадасында көрсөтүлүшү.

1946-жылы К.Маликов жана А.Токомбаев жазган “ Манас” эпосунун либреттосун

Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында коюлушу.

1982-жылы Ж..Садыковдун “Манастын уулу Семетей” драмасынын Кыргыз

мамлекеттик академиялык драма театрында ийгиликтүү коюлушу жана анын Токтогул

атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болушу, ошондой эле Ж..Сыдыков тарабынан

“Сейтек”, “Айкөл Манас” драмаларынын жазылышы, анын КМАДТда ийгиликтүү

коюлушу.

“Манас” эпосунун мотивдеринин кыргыз музыкасында кеңири орун алышы

А.Малдыбаев, В. Власов, В.Фере тарабынан жазылган “Айчүрөк”, “Манас” операларынын

музыкалары жазылгандыгы.

Композитор К. Молдобасанов тарабынан Ж..Садыковдун “Манастын уулу Семетей”,

“Сейтек”, “Айкөл Манас” драмаларына музыкалык сиюталардын жазылышы алардын

Page 16: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

көркөмдүк сапаты, ошондой эле К. Молдобасановдун “Манастын ордосунда” аттуу

симфониялык сүрөттөмөсү, М.Бегалиевдин “Манас” симфониясынын жазылышы.

“Манас” эпосу кыргыз сүрөт өнөрүнүн көркөм өнүгүүсүндө да зор таасир тийгизиши.

Сүрөтчүлөр: С.А.Чуйков, Г.Айтиев, Б. Жумабаев, Т. Курманов, С. Чокморов, Т. Герцен

ж.б. “Манас” эпосунун негизинде тарткан сүрөттөрү жана алардын көркөмдүк

өзгөчөлүктөрү.

Т.Садыковдун Кыргыз филармониясынын алдындагы “Манас” архитектуралык -

скульптуралык портреттеринин жасалышы.

“Манас” эпосу жана манасчылар туурасында кино жана телефильмдердин тартылып,

көрсөтүлүшү.

1962-жылы “Улуу Манас” аттуу эки бөлүктөн турган (режиссеру Л.Турусбекова)

телефильмдин тартылышы.

Б. Шамшиев тарабынан “Манасчы” аттуу даректүү фильмдин тартылып, эл аралык

сыйлыкка татыктуу болушу.

Кинорежиссер М.Убукеевдин “Саякбай Каралаев” аттуу үч бөлүктөн турган кино

тасмасынын жана “Манас” эпосу боюнча тартылган толук метраждуу кино тасмаларында

эпостун мотивдеринин көркөм чагылышы жана ал фильмдердин тарых менен болгон

байланыштары.

Кыргыз улуттук телерадио берүүлөрдүн корпорациясынын экс - президенти

Т.Айтикеева, Кытайдагы Кызыл-Суу автоном областынын губернатору Мамбет Асан

жана “Джум-Кун”, “Кытай” компаниясынын жетекчиси Хуан Нубонун 21-ноябрь 2003-

жылы 20 сериялуу “Манас” телефильмин биргелешип тартуу жөнүндө келишимге кол

коюшу жөнүндө маалымат берүү.

8-тема: Кыргыз мамлекетүүлүгү “Манас” эпосунун контексинде. (2 саат)

Фольклордук чыгармаларда көчмөн элдердин тарыхынын чагылдырылышы.

“Манас” эпосунда изин калтырган тарыхый доорлор. Эпостун жаралышына түрткү болгон

турмуштук жана тарыхый шарттар. “Манастын” баатырдык эпос катарында

калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый этаптары. Эпостун пайда болуу доору

боюнча илимий пикирлер: Бернштам А.Н., Ауэзов.М., Орхон- Енисей доору (VII-XVII

кылымдар); Юнусалиев Б., Сарыпбеков Р., Алтай доору (IX-XI кылымдар); Боровков А.К.,

Климович И.П., Жунгар доору (XVI-XVII кылымдар); Абдылдаев Э. Караханиддердин

доорунан (X-XI кылым) баштап XIX кылымга чейин ж.б. “Манас” эпосундагы биримдик,

эркиндик, мамлекеттүүлүк үчүн күрөштүн чагылдырылышы. “Манас” эпосунун улуттук

идеолгиядагы ролу.

Манастаануу илиминин өсүп-өнүгүшүнүн өзүнчө ыңгайлуу жана жетиштүү этабы

катары Кыргызстандын өз алдынча мамлекеттүүлүгү башталган кийинки он жыл

мезгилин атайын белгилөө жөндүү.

9-тема: “Манас” эпосунун кыргыз элинин рухий турмушунда алган тарыхый орду жана

анын бүгүнкү күндөгү мааниси.

Улуу “Манас” эпосу жалпы адамзаттык маанидеги терең мазмунга көөнөрбөс,

түбөлүктүү руханий дөөлөттөргө бай болгон улуу дастан. Кыргыздын көчмөн

цивилизациясынын керемети, кенчи. Ала-Тоолук ак калпак журттун көркөм сөз өнөрүнүн

Page 17: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

туу чокусу. Манас баатыр үчүн баарынан эмне кымбат? Эмне ыйык? Биринчи иретте, Ата-

Журт ыйык, анын боштондугу, эркиндиги, көз карансыздыгы ыйык. Ала-Тоонун

бүтүндүгү, ак калпак журттун биримдиги ыйык. Эне тил ыйык. Акыйкатка, актыкка

негизделген достук ыйык. Ата конушта агынан жаралган адал менээт ыйык. Мекен

алдындагы парз, атуулдук ар намыс ыйык, Ата ыйык, эне ыйык. Ак мөңгүдөй таза абийир,

адеп ыйман ыйык. “Манас” эпосу мына ушундай ыйык дөөлөттөрдү, бийик идеяларды,

патриоттук ыймандык шарттарды илгертен өзөгүндө сары майдай сактап, көк асабадай

желбиретип көтөрүп, укумдан-тукумга үгүттөп өткөзүп келген. Ошондой ыйыктыктарды

жетектөөчү жогорку идеяларды улуу “Манас” илгертен “Жүлүнгө жетер кеп айтып,

жүрөгүн өрттөп бек айтып” Ала-Тоолук кыргыздарды биримдүктүү кармап турган.

“Манас” эпосунун 1000 жылдыгы жана анда кабыл алынган жети осуят.

“Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесинин дүйнөлүк тарыхый мааниси жана

анын кыргыз элинин маданиятында алган орду.

“Манас” эпосу - миң жылдан ашуун убакыттан бери кыргыздардын бардык

табылгаларынын алгылыктууларын жыйнаган казынанын милдетин аткарып келген

чыгарма. Эл, анын ар бир өкүлү зарыл учурда ал казынадан өзүнө керектүүлөрүн алып,

ылайыгына жараша пайдаланышы - керегине жаратышы ата бабадан калган салт. Ошол

салтка ылайык кылымдар бою элдин ар бир мууну улуу мурастагы нуска сөздөрдү,

үлгүлүү жүрүм-турум, адам мамилелерин, жакшы-жаман, оң-терс жөнүндөгү

түшүнүктөрдү, дүйнө, жаратылыш, тирүүлүк, өлүм ж.б. тууралуу ишенимдерди, уруулар,

түрдүү элдер арасындагы мамиленин нускалуу жактарын ж.б. кыргыз эли адат, салттык

жөрөлгө катары кабыл алган. Ал акыл-насаатка жата турган жол-жоболорду жаштарга

тарбия берүүдө, өз күндөлүк турмушунда, башкалар менен мамиле, алака-катнаштарында

кеңири пайдаланышкан. Элдик ошол салт бүгүн да улантылууда.

“Жети осуят” “Манастын” өз мазмунунан алынган. Ар бири өз алдынча орчундуу

багытка арналганы менен түбү - негизи бир, эпостун башкы темасы - идеясы менен

түздөн-түз байланышып, ошондогу камтылган ой-түшүнүктөрдү элибиз мурдатан эле

жогору баалап, туу тутуп, ыйык катары эсептеп, өз турмушунда дайым кеңири

пайдаланып келген жана ошон үчүн эл арасында ата-бабанын осуяты, калтырган кымбат

мурасы болуп, ал осуяттарды аткаруу салтка айланган.

“Манастын жети осуяты” элдик улуу мурастагы жалпыга белгилүү, мурдатан калк

ичинде калыптанган салттык нуска түрүндөгү түшүнүк-ишенимдерди жаңы тарыхый

шартка, учурдун талабына ылайык пайдалануунун таасын үлгүсү.

“Манастын” жети осуяты

1. Эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички

биримдиги;

Эпосто Манас жана анын кырк чоросунун иш аракети аркылуу кыргыз элинин

биримдигинин сакталышы. Баатырдык салтка байланышкан жоокерлердин биримдиги

жана ынтымак идеясынын эпосто терең берилиши.

Манас баатырдын бүт аракети чабылып-чачылган эл-журтун бириктирип, Манас

өзү айткандай “Чачылганды курадым, үзүлгөндү уладым” дегендей элдин башын кошуп,

бириктиргендиги. Акылман Бакайдын “Чоң казатка” бараткан жолдогу Чубакка карата:

“Бөлүнсөң бөрү жеп кетет,

Бөлүнүп калды, кыргыз деп,

Бөлөк элге кеп кетет” - деген осуятынын мааниси.

2. Улуттар аралык ынтымак, достук жана кызматташтык.

“Манастын” бардык вариантында Манас менен Алмамбеттин улутуна карабастан,

бир туугандык сезимдеринин байыркы эпикалык ыкмада терең иштелип чыккандыгы.

Page 18: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Достук идеясы “Манастагы” өзөктүү идеялардын бири экендиги. Манастын бийлиги

учурунда кызматташтыкка жана ынтымакка умтулуунун “Көкөтөйдүн ашында” ачык

көрүнүшү. Ашка келгендерди элибиздин салты, турмушу, ак пейили, меймандостугу

менен тааныштырышы, түркүн оюн-шооктордун көрсөтүлүшү, андагы атаандашуулар.

3. Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет;

“Манас” эпосунда ар бир атуулду улуттук ар намыска тарбиялоо идеясынын орун

алышы Манастын кырк чоросунун намыскөйлүгү Ата Журтун сактоого, жанын да

аябастыгы, өлүмгө тике карап бара тургандыгын туу тутушу.

Маселен: Жоого намыс бергиче,

Ажалым жетсе өлөйүн.

Малым менен жанымды,

Олжого кантип берейин.

Өлбөй тирүү жүргөндө,

Не муратка жетейин.

Калкым кыргыз сен үчүн

Курман болуп кетейин - деп ажалдан кайра тартпай, алга сүрөгөн сөзү, ар

бир атуул Ата Журттун намысы үчүн керт башын канжыгага байлап коюшкандыгы.

Манастын образы аркылуу ар-намыстын чагылдырылышы. Улуттук ар-намысты баарынан

бийик туткан атуулдук ариет ушул азыркы учурда бизге абадай зарыл экендигин ар бир

студенттин аңдап билүүсү.

4. Арыбас мээнет, алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу;

Манас өз убагында өнөрлүү акылдуу, даанышман, ар тараптуу адамдарды өзүнүн

тегерегине топтоо менен жеңиштерге жетишкендиги. Алтайга айдалып барган

кыргыздардын жаңы жерге отурукташып, боз үй тигип, жер айдап , кен байлык казышы.

Аксакалдардын жаштарга берген тарбиясы, алтүгүл Манасты тарбия алсын деп, атасы

Жакып Ошпур койчуга малайлыкка берсе, Азиз хан уулу Алманбетти Көйкөпка жиберип,

ажыдаардан окуттурушу. Манас Баба Дыйканга кошулуп, жер айдап, анын акысына,

түшүмүнө Аккуланы сатып алышы.

5. Адамды, ата-бабанын арбагын жана келечек урпакты урматтоо;

Илгертен ата-бабалардын салтын жолдоо, элибиздин өткөн тарыхын үйрөнүү,

рухий мурасын сыйлоо, улуттун эртеңки келечегинин камын көрүү, өсүп келе жаткан

муундарга тарбия берүү, аларга урмат менен мамиле жасоо бүгүнкү күн үчүн аба менен

суудай зарыл экенин түшүндүрүү.

6. Табийгат менен таттуу мамиледе болуу

Табият менен адамдын тыгыз , бекем биримдигинин терең берилгендиги. Ала-

Тоонун ак карлуу, асман тиреген мөңгүлөрүнүн кооздугу, Таластын ажайып көрүнүшү,

Ысык-Көлдүн көгүлтүр суусунун мөлтүрлүгү - ар бир пенденин өз жерине болгон

сүйүүсүн арттырышы. Эпосто Теңир-Тоо, асман, күн, жер, тоолор, дарыялардын

сүрөттөлүшү, алардын ыйыктыгы. Демек, ар бир атуул жаратылышты сактоого милдеттүү

экендигин билиши.

7. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

Эпосто элди, мамлекетти сактоодо Манастын иш аракетинин терең берилиши.

Манас “Чачылганды курадым, үзүлгөндү уладым” - дегендей кыргыз урууларынын

мамлекетинин бошоңдошу жана аны калыбына келтирүү.

Азыркы мезгилде эгемендүү жаш кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактоо -

ар бирибиздин ыйык парзыбыз экендиги.

Page 19: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

Семинардык сабактардын суроолору:

1 -сабак

1. “Манас” эпосунун кыргыз руханий маданиятынын коомдук маанисинин

түбөлүктүүлүгү.

2. “Манас” эпосунун жаралуу доору боюнча илимий пикирлер.

3. Күчтүү душман тарабынан кыргыздардын чабылышы

Баатыр Манастын төрөлүшү

2 - сабак

1. Айтуучулук, манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүгү жана салттуулук.

2. Манасчылардын өмүрү жана чыгармачылыгы. ( С.Орозбаков, С. Каралаев ж.б)

3. Манастын бала чагы, алгачкы эрдиктери.

Ата Журтту баскынчылардан бошотуу

3 - сабак

1. “Манас” эпосунун изилдениш тарыхы.

2. “Семетей” Манастын ишин улантуучу “Сейтек” – трилогиянын жыйынтыгы

3. Манастын кыргыздарга кан болушу. Алтайдагы кыргыздардын Ала-Тоого кайра

көчүп келиши

4- сабак

1. “Манас” эпосунун эл оозунан жыйноонун тарыхы.

2. Нравалык-эпикалык эреже, нормалардын элдик каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым

маселелеринин эпосто берилиши.

3 Шоорук, Алооке окуялары

5 – сабак ( 1- модуль)

1. “Манас” эпосунун кыргыз элинин турмушунда алган орду жана бүгүнкү күндөгү

мааниси.

2. “Манас”эпосундагы достук темасы.

Page 20: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

3. Алмамбеттин тарыхы.

6-сабак

1. “Манастын” образдар системасы.

2. “Семетейдин” варианттары.

3. Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Көзкамандар окуясы

7 – сабак

1. “Манас” жана театр: “Айчүрөк”, “Манас” опералары. “Айкөл Манас”, “Манастын

уулу Семетей”, “Сейтек” драмалары.

2. Кино жана “Манас”: “Манасчы”, “Саякбай Каралаев”, “Улуу Манасчы”, “Жаш

манасчылар” аттуу кинолор. Сүрөт өнөрү, архитектура, скульптурадагы ролу.

3. Көкөтөйдүн ашы.

8- сабак

1. “Манас” эпосунун “Семетей”, “Сейтек” бөлүмдөрү менен болгон генеалогиялык

жана идеологиялык байланышы.

2. “Манас” эпосун комплекстүү изилдөө. “Манастаануу” илиминин калыптанышы.

3. Чоң казат. Баатырдын өлүмү

9 – сабак ( 2 – модуль)

1. Нарындык, Чүйлүк, Ысык-Көлдүк манасчылардын мектеби.

2. “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы жөнүндө жана анда кабыл алынган жети осуят.

3. “Семетейдин” жана “Сейтектин” кыскача сюжеттер

Студенттердин өз алдынча иштеринин темалары (СРС)

1. Кыргыз элинин маданий, адабий мурастарынын коомдук маанисинин түбөлүктүүлүгү.

Page 21: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

2. Элдик фольклор жана этнопедагогикалык тарбия.

3. “Манастын” жаралышына өбөлгө болгон тарыхый окуялар.

4. Кыргыз мамлекеттүүлүгү “Манас” эпосунун контекстинде.

5. “Манастын” баатырдык эпос катарында калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхый

этаптары туурасындагы илимий пикирлер.

6. Манасчылык өнөр.

7. С.Орозбаковдун өмүрү жана чыгармачылыгы.

8. Таланттуу айтуучу С.Каралаев

9. “Манас” эпосун жыйноо, жазып алуу, басып чыгаруу тарыхы.

10. “Манас” эпосун изилдөө тарыхы: “Манастаануу” илими.

11. “Манас” эпосунун башка элдердин тилдерине которулушу жана дүйнө элдеринин

адабиятындагы орду.

12. Жылкы жаныбарынын эпостогу сүрөттөлүшү.

13. Баатырдык, патриоттуулук, адилеттүүлүк жана эгемендүүлүк түшүнүктөрүнүн эпосто

чагылдырылышы

14. “Манас” эпосундагы аялдардын образы акылмандуулуктун, аруулуктун символу.

15. “Манастагы” ыйман сабактары.

16. Архитектура, скульптура жана “Манас”

17. “Манас” эпосу жана улуттук музыка искусствосунун тарыхы.

18. “Манас” эпосундагы диний ишенимдер.

19. “Семетей”- Манастын ишин улантуучу.

20. “Сейтек” - трилогиянын жыйынтыгы.

“Манастаануу” курсу боюнча модулдун суроолору.

1-модуль.

1. Элдик оозеки чыгармачылыктын түрлөрү.

2. “Манас” эпосунун жаралуу калыптануу тарыхы.

3.“Манас” эпосунун идеялык мазмуну.

4.“Манас” эпосундагы достук, биримдик, эркиндик, мамлекеттүүлүк идеяларынын

чагылдырылышы.

5.“Манас” эпосунун 1000 жылдык юбилейи.”Манастын” жети осуяты жана улуттук

идеялогиядагы ролу.

6. Манасчылар - руханий маданиятты сактоочулар

7. Манасчылардагы түш көрүү салты.

8. С.Каралаев - феномен айтуучу.

9. С.Орозбаков жана “Манас”

10. “Манас” эпосунун варианттары

11. Манастаануучу - ф.и.д. Р.З. Кыдырбаева.

12. С.Мусаев – “Манас” эпосун изилдөөчү.

13. “Манас” эпосун басып чыгаруу иштери

14. Т.Молдо, Ы.Абдрахмановдор - манасчы жана фольклорчу.

15. 1952-жылдагы “Манас” эпосуна арналган Бүткүл Союздук конференция.

2-модуль

1. Эр манастын эрдиктери

2. Алманбеттин жомогу

3. Көкөтөйдүн ашы.

4. Чоң казат

5. Каныкейдин Тайторуну чапканы.

6. “Манас” эпосундагы оң жана терс каармандар

Page 22: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

7. Эпостогу аялдардын эпостору

8. Эпостогу тулпарлар. “Ат адамдын канаты”.

9. Аалам-адам, оң-терс, дос-кас, жакшылык-жаманчылык, ак-кара түшүнүктөрүнүн

берилиши.

10. “Манас” жана улуттук искусство

11. “Манас” эпосундагы медициналык түшүнүктөр.

12. “Манас” эпосундагы байыркы адамдардын дүйнө таануу боюнча мифологиялык

түшүнүктөрү.

13. “Манас” эпосундагы астрологиялык түшүнүктөр.

14. “Манас” - улуттук материалдык маданиятты изилдөөнүн булагы катары.

15. “Манас” жана скульптура, сүрөт, архитектура искусствосу.

“Манастаануу” курсу боюнча сынак суроолор.

№1

1. Элдик адабий мурастардын көркөмдүк, идеялык, тарбиялык, эстетикалык функциясы.

2. Оозеки сөз өнөрүнүн көчмөн элдердин турмушундагы практикалык мааниси.

3. “Манас” эпосунун кыргыз руханий маданиятынын коомдук маанисинин

түбөлүктүүлүгү.

№2

1.”Манас” эпосунда изин калтырган тарыхый доорлор.

2. “Манас” эпосунун тарыхый баатырдык эпос катарында калыптанышына өбөлгө болгон

тарыхый жана турмуштук шарттар.

3. “Манас” эпосунун жаралуу доору боюнча илимий пикирлер.

№3

1.Кыргыз тарыхы, мамлекетүүлүгү - “Манас” эпосунда.

2.Айтуучулук, манасчылык өнөрдүн өзгөчөлүгү жана салттуулук.

3.Манасчылардын өмүрү жана чыгармачылыгы. (С.Орозбаков, С.Каралаев...ж.б.)

№4

1.”Манас” трилогиясынын варианттары.

2.Эркиндик, көз каранды эместик - “Манас” эпосунун негизги идеясы.

3.Кыргыз каны Эр Манастын эрдиктери.

№5

1.Көкөтөйдүн ашы. Чоң казат.

2.”Семетей”. Каныкейдин Тайторуну чапканы.

3.Жакып, Чыйырды, Манас, Каныкей, Бакай, Кошой, Чубак, Айчүрөк, Сыргак,

Алмамбеттердин образы.

№6

1. Кыргыздардын негизги душмандарынын эпосто берилиши.

2. Манастын образы - айкөлдүктүн, адилеттүүлүктүн, баатырдыктын, патриоттуулуктун

символу.

3. “Манастын жети осуятынын” мааниси.

№7

1. ”Манастагы” ыйман сабактары.

2. Нравалык-этикалык эреже, нормалардын, элдик каада-салт, үрп-адат, ырым-жырым

маселелеринин эпосто берилиши.

3.“Манас” эпосу материалдык маданиятты изилдөөнүн булагы: боз үй, тамак-аш, кийим-

кече, кол өнөрчүлүк искусствосу.

Page 23: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

№8

1.“Манас” эпосундагы мифология жана диний ишенимдер.

2. Манастын образынын сүрөттөлүшү.

3.“Манас” эпосундагы көркөм тилдик каражаттардын колдонулушу.

№9

1.“Манас” жана театр: “Айчүрөк”, “Манас” опералары, “Айкөл Манас”, “Манастын уулу

Семетей”, “Сейтек” драмалары.

2.Кино жана “Манас”: “Манасчы”, “Саякбай Каралаев”, “Улуу манасчы”, “Жаш

манасчылар” аттуу кинолор.

3.“Манас” эпосунун көркөм сүрөт өнөрү, архитектура, скульптурадагы ролу.

№10

1. “Манас” эпосу жана жашоодогу маани-маңызы.

2. “Манас” эпосунун “Семетей”, “ Сейтек” бөлүмдөрү менен болгон генеологиялык жана

идеологиялык байланышы.

3. Кыргыз маданиятынын өнүгүшү жана кыргыз элинин улуу “Манас” эпосу.

№11

1. “Манас” эпосунун текстологиясы жана Манасчылардын айтуучулук өнөрү.

2. В.В. Радловдун “Манас” жана кыргыздардын манасчылык өнөрлөрү тууралуу ойлору

жана баа берүүсү

3. С.Орозбаков менен С. Каралаевдин варианттары боюнча эпикалык салтты сактоодогу

манасчылык феномени

№12

1. “Манас” жана кыргыз музыкалык искусствосунун тарыхы: В.Власов, В.Фере, А.

Малдыбаев ж.б.

2. “Манас” эпосун Октябрь революциясына чейин, Совет түзүлүшүнүн мезгилинде

жыйноо, жазып алуу жана изилдөө тарыхы.

3.“Манас” трилогиясын басып чыгаруу.

№13

1.“Манас” эпосун комплекстүү изилдөө. “Манастаануу” илимиинин калыптанышы.

2. Нарындык, Чүйлүк, Ысык-Көлдүк манасчылардын мектеби.

3. “Манас” жана этнопедагогикалык тарбия.

№14

1. Саякбай Каралаев-XX кылымдын гомери.

2. “Манас” эпосундагы каада-салт, үрп-адаттардын колдонулушу.

3. Манастын сүрөттөлүшү.

№15

1.“Манас” эпосундагы жети осуят.

Page 24: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

2. Эпостогу аялдардын образынын чагылдырылышы.

3.“Манас” эпосунун бүгүнкү абалы.

КОЛДОНУЛУУЧУ АДАБИЯТТАР:

1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко - культурные связи. - Л.,

1971. )

2. Абдыразаков А. Орхон-Енисей жазуулары. – Б.: 1995

3. Абдыразаков А. Түрк атанын балдары болсок... же рух башаттары. - Анкара, 1995.

4. Абдылдаев Э. “Манас” эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. Ф.: 1994

5. Абдылдаев Э. “Манас” эпосунун эпикалык формалары. - Б.: 1997

6. Айтматов Ч. Байыркы кыргыз рухунун туу чокусу. Китепче: Манас 1-том. Фрунзе, 1978.

7- 13- беттер.

7. Айтбаева Ш. “Манас” эпосун алгачкы жыйноочу. Китепте: “Манас” – улуу рух. – Б.:

1995

8.Айтбаева Ш. “Манас” эпосундагы адам аттарынын образга маанилик жактан

шайкештиги. Китепте: Алп манасчы – С. Каралаевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына

арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциянын материалдары. – Б.: 1995

9. Акаев А. Манастан мамлекеттүүлүккө карай. – Б.: 1995

10. Акаев А. Кыргызская государстенность и народный эпос “Манас” . – Б.: 2002.

11. Асаналиев К. Көркөм нарк. – Ф.: 1988.

12.Асаналиев К. Көркөм мурас жана азыркы учур. Китепче:

13. Ауэзов М. Киргизская народная героическая поэма “Манас” // Киргизский

героический эпос “Манас” – М., 1961

14. Ауэзов М. Киргизский героический эпос “Манас”. Китепче:

15.Ауэзов М. Мысли разных лет. – Алма -Ата, 1961.

16. Алагушов Б. “Манас” музыкасында. – Б.: 1995.

17.. Акындар чыгармачылыгынын тарыхынын очерки. - Ф.: 1988.

18. Алп манасчынын албан элеси. – Б.: 1994.

19.Байгазиев С. Манастаануу. – Б.: 2002 – Б.: 1993.

20. Бегалиев С. “Манас” эпосунун поэтикасы. – Ф.: 1995.

21. Бернштом А.Н. Эпоха возникновение эпоса “ Манас” // “Манас” – героический эпос

киргизского народа. – Фрунзе., 1968.

22. Берков П.Н. Алтайский эпос и “Манас” // Тюркология – 88: Тезис. Доклад.

Всесоюзный түрколог. Конфер. ( 7 -9 сентября 1988 г) Фрунзе, 1988 г.

23. Биялиев А. Улуу манасчы, феномен Сагымбай Орозбаков. Б, 1996.

24. Жирмунский В.М. Тюркский героический эпос. – Л.: 1974.

25. Жирмунский В.М. Введение и изучение “Манаса” – Ф.: 1948

26. Жумалиев К. “Манас” эпосундагы жалпы адамзаттык идеялар. - Б.: 1999

27. Жумалиев К., Жумалиев М. Легендардык ырчылар жана жомокчулар. – Б.: 1999

28. Жумалиев К., Жумалиев М. Түштүктүк манасчылар жана семетейчилер. – Б.: 2001.

29. Жумалиев К. Манасчылар жөнүндө түшүнүк. Б., 1994

30 Исаков Б. “Манас” эпосун окутуу. Б., 1989

31. Кыдырбаева Р.З. Генезис эпоса “Манас” – Ф.: 1990.

32. Кыдырбаева Р.З. К проблеме традиционного и индивидуального в эпосе “Манас”, - Ф.:

1976

33. Кыдырбаева Р.З. Генезис эпоса “Манас”. – Ф.: 1980

34. Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын тарыхынын очерки. – Ф.: 1973.

35. Кыргыз адабиятынын тарыхы. 2 т.- Б.: Шам, 2002.

36. “Манас” – киргизский эпос. – Б.: 1994.

Page 25: jbZl - keu.page.kgkeu.page.kg/documents/materials/346.pdfОкуу программасы жана методикалык колдонмодо дарстык, семинардык сабактын

37. Кыргыз театры жана “Манас”. – Китепте: “Манас” энциклопедия. Б.: 1995, 1 том, 375-

376- беттер.

38.Кино жана “Манас”. – Китепте: “Манас” энциклопедия. – Б.: 1995, 1 том 296-297-

беттер.

39. Көркөм сүрөт өнөрү жана “Манас”. – “Манас” энциклопедия. – Б.: 1995, 1 том, 347-

348-беттер.

40. Манас 1- 2 к. – Ф.: 1958.

41. Манас. – Ф.: 1984, 1986. 1-2 том. (Сагымбай Орозбак уулунун варианты).

42. Манас – Ф.: 1984, 1986. 1-2 том. (Саякбай Каралаевдин варианты).

43.“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” 4 томдук Фрунзе, 1958-1962-беттер

44. Манас энциклопедиясы. – Б.: 1-2 том. 1995.

45. Мусаев С. Манастаануу илиминин тарыхы. – Б.: 2000

46. Мусаев С. “Манас” жомогу уруу түзүлүшүнүн учурунда. – Б.: 1999.

47. Мамыров М.С. Каралаевдин “Манас” эпосун идеялык – көркөмдүк өзгөчөлүктөрү. –

Ф.: 1962.

48. Мамыров М. “Семетей” эпосу – “Манас” үчилтигинин экинчи бөлүгү. – Ф.: 1963.

49.Мамыров М. “Манас” музыкада Б., 1995, 59-60-беттер.

50. “Манас” героический эпос киргизского народа. – Ф.: 1968.

51. Мусаев С. Эпос “Манас”. – Ф.: 1979.

52.Өмүрбай Макелек, Жусуп Мамай // Кырг. мад. 1988. 6-октябрь

53. Паливанов Е.Д. Киргизский героический эпос “ Манас”. Исследования и переводы. –

Бишкек., 1995

54. Плоских В.М. “Поливанов и Манас”. – Б., 1995

55. Радлов В.В. Образцы народной литература северных тюркских племен / собраны

В.В.Радловым. СПб., 1885. – ч.s.

56. Рахматулин К. Творчество манасчи. В книге: “ Манас” – героический эпос киргизского

народа. Фрунзе., 1968. Ст 75 – 148.

57. Сарыпбеков Р. “Манас” эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. – Ф.: 1987.

58. Сейтек. – Ф.: 1960.

59. Сейтек. – Ф.: 1991. (Саякбай Каралаевдин варианты.)

60. Семетей. – Ф.: 1960.

61. Семетей. – Ф.: 1987, 1989. 1-2 том. (Саякбай Каралаевдин варианты).

62. Энциклопедический феномен эпоса “Манас”. – Б.: 1995.

63.Юнусалиев Б.М. Киргизский героический эпос “Манас” // “Манас” – героический эпос

Киргизского народа. – Фрунзе., 1968.