КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК...

57

Upload: others

Post on 28-Dec-2019

9 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон
Page 2: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИКТИ БАШКАРУУНУН КАРЖЫЛЫК АСПЕКТТЕРИ

Айылдагы жергиликтүү

өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөттүрү) үчүн

МЕТОДИКАЛЫК КОЛДОНМО

2006 – жылы Ольга Каганова (Вашингтон)

жана Улара Нарузбаева (Бишкек) тарабынан даярдалган

Page 3: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Бул публикацияда айтылган ойлор сөзсүз түрдө АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агентствосунун же АКШнын Өкмөтүнүн, ошондой эле Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун көз карашын чагылдырбайт.

Page 4: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

3

МАЗМУНУ КИРИШҮҮ. Колдонмонун максаты................................................................................................ 4

1 - ТЕМА. Муниципалдык менчик укугунун мыйзамдык негиздери..................................... 5

2 - ТЕМА. Муниципалдык менчик деген эмне, анын курамына эмнелер кирет жана «муниципалдык менчикти башкаруу» деген эмнени түшүндүрөт?..................................... 8

3 - ТЕМА. Айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу маселелериндеги ыйгарым укуктары.................................................................... 10

4 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти инвентаризациялоо жана эсепке алуу.................... 12

5 - ТЕМА. Муниципалдык менчик объектилерини классификациясы.............................. 14

6 - TЕМА. Муниципалдык мүлктү пайдалануучулар жана алар менен болгон мамилелер ....................................................................................................................................... 18

7 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти башкаруунун каржылык аспекттери ....................... 20

7 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти башкаруунун каржылык аспекттери ....................... 21

8 - ТЕМА. Муниципалдык менчик жөнүндө зарыл каржылык маалымат ........................ 23

9 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу... 25

10 – ТЕМА. Муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн кирешелердин жергиликтүү бюджеттин структурасындагы ролу жана мааниси...................................... 29

1 - ТИРКЕМЕ. Имаратты, курулушту, имарат жайды ижаралоонун типтүү келишиминин үлгүсү ..................................................................................................................... 32

2 – ТИРКЕМЕ. Мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун типтүү келишиминин үлгүсү ................................................................................................................................................ 36

3 – ТИРКЕМЕ. Муниципалдык мүлктү оперативдик башкаруу укугунда берүү жана пайдалануу эрежелери ................................................................................................................. 39

4 - ТИРКЕМЕ. Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда бекитип берүү жөнүндө типтүү келишим ............................................................................................................. 40

5 - ТИРКЕМЕ. Имаратты (курулушту, имарат жайды), ага бекитилген жер участогун жана башка мүлктү соода-сатык келишиминин үлгүсү ........................................................ 43

6 – ТИРКЕМЕ. Ачык аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол............................... 46

7 - ТИРКЕМЕ. Кыймылсыз мүлк объектисине муниципалдык менчик укугун күбөлөндүрүүчү кыймылсыз мүлк бирдигине каттоо карточкасынын көчүрмөсү ...... 48

8 - ТИРКЕМЕ. Жер участкасын кыймылсыз мүлк (капиталдык курулуш) куруу укугусуз ижаралоо келишиминин үлгүсү ................................................................................. 50

9 – ТИРКЕМЕ. _____________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу жана аларды ижарага берүү эрежелери.................................. 53

Page 5: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

4

КИРИШҮҮ. Колдонмонун максаты Колдонмонун максаты – айыл өкмөттөрдүн

адистеринин, айылдык кеңештердин депутатта-рынын, жалпы эле жергиликтүү коомчулуктун му-ниципалдык менчикти башкаруу жаатындагы би-лим деңгээлин жогорулатуу, жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарына муниципалдык менчикти эл жыргал-чылыгы үчүн сарамжалдуу башкарууну жөнгө са-лууга жардам көрсөтүү.

Колдонмо төмөнкүдөй жөнөкөй, бирок

маанилүү суроолорго жооп берет:

• Эмне үчүн муниципалдык менчик жергиликтүү экономиканы жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн маанилүү?

• Жергиликтүү коомчулуктун менчигинде

кандай мүлк болушу керек жана эмне үчүн?

• Муниципалдык менчикти башкарууда ким жана эмне үчүн жооп берүүгө тий-иш?

• Жергиликтүү коомчулуктун мүлкүн юридикалык жактан коргоонун кандай ме-ханизмдери бар?

• Муниципалдык менчикти пайдалануучулар кимдер, аларга карата кандай саясат жүргүзүү керек?

• Муниципалдык менчикти пайдалануудан алынуучу пайданы калк үчүн кан-тип көбөйтүүгө болот?

Page 6: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

5

1 - ТЕМА. Муниципалдык менчик укугунун мыйзамдык негиздери

Кыргызстан, социалисттик системадан рыноктук экономикага өтүп жаткан башка өлкөлөр сыяктуу эле, жеке менчиктен тышкары коомдук менчиктин эки башка түрү: мам-лекеттик жана муниципалдык менчик болоорун мыйзамдык негизде белгилеген. Алардын бири – муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулуктардын атынан аракеттенүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигиндеги, пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү жергиликтүү коомчулук менчиги катары аныкталган. Муниципалдык менчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга карата ээлик кылуу, пайдалануу жа-на тескөө укугун жүзөгө ашыруучу активдерден турат. Ошентип, бул мамлекеттик орган болуп эсептелбеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан көзөмөлгө алы-нуусу менен мамлекеттик менчиктен айырмалануучу өз алдынча менчик формасы. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз менчик укуктарын (ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү кошкондо) жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө чектөөлөр, Өкмөт болобу же анын аймактык органдары болобу - мамлекеттик бийлик органдарынын чечимдери менен эмес, мыйзамдар тарабынан коюлушу мүмкүн. Бул коомдук менчик формаларынын орто-сундагы чектөө мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы жалпы чектөөнү чагылдырат жана бекемдейт.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин ортосундагы айырма Кыргызстандын не-гизги мыйзам актыларында, анын ичинде:

• Конституцияда (92 – ст.), • Жарандык кодексте (223, 225, 227 - статьялар), • 2002-жылдын 12-январындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана

жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында,

• 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында,

• 2003-жылдын 25-сентябрындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-лык-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ырааты менен чагылдырылган.

Муниципалдык менчик укугу төмөнкүчө келип чыгат: • объектилерге – мамлекеттик менчик объектилерин муниципалдык менчикке

өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому боюнча • жерге – Кыргыз Республикасынын Жер кодекси боюнча, жеке же мамлекеттик

эмес бардык жерлер муниципалдык болуп эсептелет. Муниципалдык менчиктеги жерлер

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 1998-жылы жерге жеке менчик киргизүү ме-

нен бирге, жерге муниципалдык менчиктин болуусун белгилеген (4.3-статья): «Жер менчик-тин мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн». Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жер мамилелери Жер жана Жарандык кодекстер менен жөнгө салынат. Практикалык көз караш менен айылдык (шаарчалык) кеңештин чектерин-деги муниципалдык жерлерди эки түргө бөлүүгө болот:

1. Объектинин (имараттын же курулуштун) алдындагы, б.а. объектиге бекитии-лип берилген жер участкалары.

2. Имараттар же курулуштар ээлебеген жерлер.

Жерлердин биринчи түрү боюнча:

Жергиликтүү коомчулуктарга муниципалдык менчикке мектептер, ооруканалар, соци-алдык жана инженердик инфраструктуранын объектилери өткөрүлүп берилген. Бул объек-тилердин алдындагы жер участкалары бул объектилердин иштеши үчүн зарыл болгон тер-риторияны өзүнө камтыйт. Мисал үчүн, бала бакчалары менен болгон учурда – балдар ой-

Page 7: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

6

ноочу курулуштар жайгашкан территория. Имарат менен жер участкасынын ортосундагы байланыштын мыйзамдык бекемделиши Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде жана Жер кодексинде каралган (КР ЖК 44-ст.):

«Имараттар менен курулуштар ушул имаратка жана курулушка бекитилип берилген жер участогуна укуктан ажыратылбайт. Эгерде тараптардын макулдашуусунда баш-кача каралбаса, имаратты жана курулушту же анын бир бµл‰г‰н башка бирµµгµ мен-чик укугу µткµр‰л‰п берилгенде, µткµр‰‰гµ, ипотекалоодо ал имараттын жана курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон шартта жана ошондой кµлµмдµ аталган имарат жана курулуш жайгашкан жер участогуна болгон укукка ээ болот.»

Жерлердин экинчи түрү боюнча:

Жер кодекси, 4–статья «Жерге болгон менчик», 3-пункт: «Айыл, шаарчалык кењештеринин чектериндеги … жеке жана мамлекеттик менчиктеги жерлерден башка жерлер муниципалдык менчик болуп эсептелет.».

Бул мындай курулушу жок жерлер өткөрүп берүүнүн кошумча процедуралары жок эле жергиликтүү коомчулуктарга муниципалдык менчикке катталууга тийиш дегенди түшүндүрөт.

Бул жерлер юридикалык көз караш менен алганда өзүнө эки башка топту камтыйт экендигин билүү маанилүү:

— жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке менчикке сата ала турган (менчиктештире ала турган) же ижарага, анын ичинде 50 жылга чейин бере ала турган, жөн гана курулбаган жер участкалары;

— менчиктештирүүгө жатпаган жана 5 жылга чейинки гана мөнөткө ижарага берүүгө мүмкүн болгон жалпы пайдалануудагы жерлер (жолдор, тротуарлар, скверлер, парктар).

Кыргыз Республикасынын жерлеринин классификациясы

Кыргыз Республикасынын Жер фондусу айыл чарба жерлерин жана айыл чарбасына жараксыз жерлерди өзүнө камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөнкү категория-ларга бөлүнөт: (1) айыл чарба багытындагы жерлер; (2) калктуу конуштардын (шаарлардын, шаарчалардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери; (3) өнөр жайынын, транс-порттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер; (4) өзгөчө кор-голуучу жаратылыш аймактарынын жерлери; (5) токой фондусунун жерлери; (6) суу фонду-сунун жерлери; (7) запастагы жерлер. Жана жерлердин категориясын биринен экинчисине КРнын Өкмөтүнүн токтому менен гана өзгөртүүгө мүмкүн. 1 – схема. Кыргыз Республикасынын Жер фондусунун категориялары

Кыргыз Республикасынын Жер фондусу

Айыл чарба багытындагы

жерлер

Калктуу конуштардын (шаарлардын, шаарча-лардын жана айыл-дардын) жерлери

Өнөр жайынын, транс-порттун, байланыш-тын, коргонуунун

жерлери жана башка багыттагы жерлер

Өзгөчө Корголуучу

жаратылыш ай-мактарынын жерлери

Токой фондусунун жерлери

Суу фондусунун жерлери

Запастагы жерлер

Page 8: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

7

Ушуга байланыштуу: 1) муниципалдык менчикте 1-, 2-, 3 – категориядагы жерлер гана болушу мүмкүн, ал

эми жерлердин башка категориялары сөзсүз түрдө мамлекеттик менчик гана бо-луп эсептелээрин

2) Өз кезегинде «калктуу конуштардын (шаарлардын, шаарчалардын жана айылдык калктуу конуштардын) жерлери» жерлердин курамы боюнча (ЖКнин 76-ст.) бөлүнөт, бирок мыйзамда аныкталган эмес, жерлердин түрлөрүн алардын кура-мында бөлүү керек, ошондуктан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы өзү жерлердин курамын белгилей жана аны өзгөртө ала тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Жер ресурстарын башкаруу үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында жерлердин эки балансы болушу керек:

1. Менчиктин түрлөрү боюнча жер балансы: канча жер муниципалдык, жеке жана мамлекеттик менчикте турат

2. Муниципалдык менчиктеги жерлердин балансы курамы боюнча.

Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери

Бул Фонддун жерлери мамлекеттик менчикте турат, бирок аларды башкаруу жана тескөө айылдык кеңештин аткаруу органдары тарабынан, башкача айтканда айыл өкмөтү тарабынан бул Фонд карамагында болгон мамле-кеттик орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт (КРнын Жер кодексинин 13.2 – статьясы). Андан тышкары, баштап-кы жергиликтүү кеңеш (башкача айтканда айылдык кеңеш) Фонддун жерлерин ижарага берүүнүн шарттарын жана тар-тибин жана ижара акысынын эң жогорку/төмөнкү чегин аныктайт. Эреже катары, Фонддун жерлери ижарага 5 жыл-дан кем эмес мөөнөткө берилет (КРнын Жер кодексинин 7.4 – статьясы).

Мамлекеттик каттоо

Кыймылсыз мүлккө болгон менчик укуктары милдеттүү мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш. (Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 24- жана 25-статьялары жана «Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 4-статьясы). Ошондуктан муниципалдык менчик укуктары азырынча Мамкаттоонун (Кыргыз Республикасыныны Өкмөтүнүн алдындагы Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агентствосунун) жергиликтүү органдарында каттоодон өткөрүлө элек, бул укуктар юридикалык күчкө ээ эмес.

Ошондуктан муниципалдык менчик объектисине укук белгилөөчү документти (өткөрүп берүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун, сатып-алуу же айыр-баштоо келишимин ж.б.) алгандан кийин, ал эми мындай документи болбогон курулушу жок участоктор үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү коомчулуктардын жерге болгон укук-тарын Мамкаттоодо каттоодон өткөрүүгө милдеттүү.

Азыркы учурда муниципалдык менчик укугун күбөлөндүрүүчү документ болуп каттоо карточкасы эсеп-телет, анын көчүрмөсүн укугу каттоодон өткөрүлгөн ар бир объектиге жана курулушу жок участокко Мамкатто-одон алуу зарыл. Карточкада толук каттоодон өткөрүлдү деп жазылгандыгын жана жер участкасынын өлчөмүнүн көрсөтүлгөндүгүн текшерүү маанилүү. Толук каттоодон өткөрүлгөн муниципалдык менчик объектисине толтурул-ган каттоо карточкасынын үлгүсү 7 – Тиркемеде келти-рилген.

Page 9: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

8

2 - ТЕМА. Муниципалдык менчик деген эмне, анын курамына эмне-лер кирет жана «муниципалдык менчикти башкаруу» деген эмнени түшүндүрөт?

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча муниципалдык менчик – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигиндеги, пайдалануусундагы жана тескөөсүндөгү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү коомчулуктардын менчиги.

Муниципалдык менчикке жер; кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк; жергиликтүү бюджеттин каражаттары; муниципалдык баалуу кагаздар кирет.

2 – схема. Муниципалдык менчиктин курамы

Иш жүзүндө мүлктү мамлекеттик менчиктен жергиликтүү коомчулуктун менчигине өткөрүп берүү айылдарды жана шаарчаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерине котор-гондон кийин болуп өттү. Бул өткөрүп берүүнүн жыйынтыгында айылдардын жана шаарчалар-дын калкы алар үчүн чоң материалдык жана функционалдык баалуулукту түзгөн кыймылсыз мүлк объектилеринин менчик ээлери болуп калышты. Ошентип, жергиликтүү коомчулуктар мен-чикке жалпы билим берүүчү жана атайын мектептерди, бала бакчаларды, маданий мекемелер-ди (мисал үчүн, клубдар) инженердик жана социалдык инфраструктуранын объектилерин (жол-дорду, суу менен камсыз кылуу тутумдарын, парктарды, стадиондорду, көрүстөндөрдү) турак жай эмес имараттарды жана имарат жайларды жана башкаларды алышты. Андан тышкары, жогоруда айтылгандай, калктуу конуштардын ичиндеги, мамлекеттик жана жеке менчик эмес, бардык жерлер дагы муниципалдык менчик болуп калды.

Бул мүлк эмне үчүн жергиликтүү коомчулуктун менчигине өткөрүлүп берилген? Барыдан мурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген кызматтарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка натыйжалуу көрсөтө алышы үчүн. Бирок азыркы учурда дүйнө жүзүндө жана Кыргызстанда да муниципалдык менчикке жаңы, адаттагы-дай эмес көз караштар практикаланып келе жатат. Атап айтканда, менчик жергиликтүү экономи-калык өнүгүү же жергиликтүү казынага кошумча кирешелерди (мисалы, объектилерди ижарало-одон жана сатуудан кирешелерди) алуу үчүн пайдаланылып жатат. Бүгүнкү күндө мындай прак-тика айылдарда жана шаарчаларда азырынча эң аз пайдаланылып жатат. Алардын көпчүлүгүндө муниципалдык менчик толук пайдаланылбаган жергиликтүү ресурстарга таандык, анын ичинде каржы жагынан да. Бул жерде бардыгы сиздин айылда, шаарчада муниципалдык менчик кандай башкарылып жаткандыгына байланыштуу.

Учурдагы практикада муниципалдык менчикти башкаруу мүлктү сатып алуу, ага ээлик кылуу жана пайдалануу, ээликтен ажыратуу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу ката-ры кабыл алынат.

Менчикти башкарууга тиешелүү бир нече типтүү абалдарды карап чыгабыз.

Муниципалдык менчик

Жер

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк

Жергиликтүү бюд-жеттин каражаттары

Муниципалдык баалуу кагаздар

Page 10: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

9

1- абал Айыл өкмөтүнүн менчигинде жарымы бош, бир бөлүгүн милициянын айылдык бөлүмү ээле-

ген мурдагы бала бакчанын имараты бар. Мындан ары эмне кылыш керек деген чечим кабыл алуу керек. Милицияны кичирээк башка имаратка которуп, имаратты конкурстук сатыкка коюу керекпи? Сатуу же узак мөөнөттүү ижарага берүү, кайсынысы жакшыраак?

2- абал

Жергиликтүү ишкер айыл өкмөтүнөн муниципалдык менчиктеги конкреттүү жер участогун акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жай үчүн сурап жатат. Берүү керекпи же жокпу, чечим кабыл алуу керек. Участокту бул ишкерге берүү же унаа токтотуучу жайды ачуу укугун ачык аукциондо сатууга аракет кылып көрүү керекпи? Жерди берүүнү кантип жолжоболоштуруу керек: жөн гана айыл өкмөтүнүн төрагасынын буйругу мененби? Пайдалануу жөнүндө келишимге кол коюу керекпи? Ижаралоо жөнүндө келишимге кол коюу керекпи? Эгер ижара болсо, кандай акыны белгилөө керек?

3 – абал

Айыл өкмөтүндө Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тескөө менен байланышкан маселе келип чыкты: бул жерлерди берүүнү кантип уюштуруу керек? Түз эле жеке жактарга ижарага өткөрүп берүү керекпи? Же конкурс боюнча ижарага берүү керекпи? Кайсы жол жергиликтүү бюджет үчүн көбүрөөк пайда алып келет жана адилеттүүрөөк болот?

Бардык үч абал тең - менчикти башкаруу түшүнүгүнө кирген типтүү мисалдар. Атап

айтканда, алар менчикти башкаруу жөн гана өз объектилерин күтүү жана эксплуатациялоо менен байланыштуу болбостон, ошондой эле чечимдерди кабыл алуу жана аларды ишке киргизүү менен да байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.

Эмне үчүн айыл өкмөтүнө муниципалдык менчикти натыйжа-

луу башкаруу маанилүү ? Анткени муниципалдык менчикти башкаруу ыкмаларын өркүндөтүү

айыл өкмөтү үчүн ПАЙДАЛУУ, барыдан мурда каржы жагынан. Бул айыл өкмөтүнүн кирешелеринин көбөйүшүнөн жана чыгымдарынын азайышынан көрүнөт, аны түздөн-түз калктын жыргалчылыгы үчүн пай-даланууга болот. Мисалы, эгер айыл өкмөтү муниципалдык мүлктү ижа-

ралоодон кирешелерди көбөйтө алса жана аларды мектептин чатырын оңдоого пайдаланса, анда эл муну тура деп баалайт.

Экономикалык жактан муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу айыл өкмөтүндөгү жалпы экономикалык климаттын жакшырышына таасирин тийгизет, ал эми жеке ишкерлер болсо бул айыл өкмөтүнө инвестицияларды көңүлдүүрөөк алып келишет, бул болсо өз кезегинде калктын иш менен камсыз болушунун өсүшүнө жана алардын кирешелерине таасирин тийгизет. Мисалы, эгер айыл өкмөтү участкаларды капиталдык курулуш үчүн аларды аукциондордо сатуу аркылуу жана уча-стокто эмне жана кандай өлчөмдө курулушу керек деген ашыкча талаптарды койбостон жеке менчик-ке бере баштаса – бул кадам бардыгы үчүн пайдалуу болот. Ишкерлер өз укуктарынын сакталып жат-кандыгын сезишет жана курулуш курууга, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү объектилерин ачууга кара-жаттарды көңүлдүүрөөк жумшашат1. Айыл өкмөтү өз тарабынан инвесторлорго менчик сыяктуу ушундай ишенимдүү укукту берүүнү камсыз кылып, аны соодалоонун мыйзамдуу процедурасы (аук-цион) аркылуу берет жана жер пайдаланууга болгон кереги жок чектөөлөрдү алып салып, жогорураак сатуу баасынын эсебинен участоктон көбүрөөк киреше ала алат.

Муниципалдык менчикти башкарууну жакшыртуу жергиликтүү бийликтер үчүн саясий көз караш менен алганда да ПАЙДАЛУУ болуп эсептелет. Муниципалдык менчик менен бай-ланышкан маселелер элге түшүнүктүү жана жакын, анткени алар жакшы көрүнгөн матери-алдык дүйнөгө таандык. Ошондуктан муниципалдык менчикти калк үчүн ачык, демократия-луу, пайдалуу пайдалануу калктын жогору ишенимине алып келет, акырында жергиликтүү жетекчилик үчүн саясий капитал болот.

1 Айыл өкмөттөрүнүн биринде болгон реалдуу абалдан айырмаланып, участок узак мөөнөттүү укуктарга кепилдик берген до-кументи жок берилип, андан соң ишкер курулушка каражаттарды жумшагандан кийин, айыл өкмөтү милицияны жана бульдо-зерлерди жиберип, ал курулушту түрттүрүп салган. Ушуну менен бир жагынан коомго пайда алып келе турган инвестициялар жок кылынган, экинчи жагынан айыл өкмөтүнүн экономикалык артыкчылыгын төмөндөтүп, айыл өкмөтү өзүн сарамжалсыз жер башкаруучу жана жеке инвесторлор үчүн ишенимсиз иш шериги катары көрсөттү.

Page 11: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

10

3 - ТЕМА. Айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу маселелериндеги ыйгарым укуктары

Айыл өкмөтү менен айылдык кеңештин ортосунда жоопкерчиликти туура бөлүштүрүү маанилүү.

Мисалы, төмөндө келтирилген маселелер кеңештин жоопкерчилигине таандык:

• муниципалдык менчик эмне үчүн керек экендигин аныктоо,

• өз менчигине карата стратегияга ээ болуу,

• «оюн эрежелерин» киргизүү: 1 - мисал Объектилерди (мисалы, айылдык бюджеттен кар-жылануучу жалпы билим берүү мектептер жана ба-ла бакчалар), бекер пайдаланууга кимдин укугу бар, объектилерди акылуу ижарага кимдер алууга тийиш (мисалы, мамлекеттик бийлик органдары жана жеке сектор) экендиги жөнүндө эрежелерди бекитүү. 2-мисал Муниципалдык объектилерди, муниципалдык жерди жана Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага конкурс аркылуу берүү процедураларын жана бул процедуралар боюнча берилүүчү объектилер менен участкалардын тизмесин бекитүү.

• Муниципалдык менчик объектилерин менчиктештирүү программалары жана баш-ка документтер аркылуу сатуу жана сатып алуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу (бирок ар бир конкреттүү бүтүмдүн жүргүзүлүшүнө кийлигишпөө).

• Муниципалдык менчик жөнүндө жылдык отчетту карайт жана бекитет.

• Мүлктү эсепке алуу жана ага көзөмөл жүргүзүү, айылдык кеңешке үзгүлтүксүз отчет берип туруу. Атап айтканда, объектилердин реестрин жүргүзүү, бухгал-тердик эсеп жүргүзүү, объектилер боюнча каржы маалыматын чогултуу, пайдала-нуучулар менен ижарачылардын эсебин жүргүзүү, муниципалдык менчик боюнча жылдык отчет даярдоо.

Айыл өкмөтү аткаруу органы катары өз кезегинде айылдык кеңештин бекитилүүгө тийиш болгон бардык чечимдерин даярдоого катышат, ошондой эле өз ыйгарым укуктарынын чектеринде күнүмдүк маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат. Негизги багыттар төмөнкүчө бириктирилиши мүмкүн.

Айылдык кеңеш өз ченемдмк укуктук актылары аркылуу «оюн эреже-лерин», башкача айтканда бул жаатындагы саясатты жана муници-палдык менчикти башкаруу (кимге, эмне, кандай укук менен жана кан-дай процедуралар менен берүү) принциптерин жана эрежелердин жана процедуралардын өздөрүн белгилейт.

Page 12: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

11

• Жергиликтүү коомчулуктун анын менчигине болгон укуктарын коргоо: муници-палдык менчикти каттоо, талаш объектилер, муниципалдык объектилерди мый-замсыз алып коюу же пайдалануу маселелери менен иш жүргүзүү,

• Чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматты топтоо, кармоо жана

талдоо (мисалы, объектилердин иш менен камсыз болуу даражасын, жеке сек-тордун объектилерге болгон суроо-талабын, жеке сектордогу ижара баасын бай-коо).

• Каржылык пландоо жүргүзүү (эксплуатациялоо чыгымдарына жана капиталдык

оңдоо чыгымдарына болгон керектөөлөрдү, объектилерди курууну жана сатып алууну пландоо.

• Муниципалдык менчикти пайдалануучулар менен бардык мамилелерди айылдык

кеңеш тарабынан белгиленген «оюн эрежелерине» ылайык жүргүзүү (мисалы: ижарага берүүнү, ижара келишимдерине кол коюуну кошуп, кеңеш тарабынан бе-китилген эрежелерге жана процедураларга ылайык жүргүзүү; келишим боюнча пайдаланууга берүү; кеңеш тарабынан бекитилген процедуралардын чегинде кеңеш тарабынан сатууга же сатып алууга бекитилген объектилер боюнча бүтүмдөрдү жүргүзүү).

• Менчиктеги өзгөрүүлөргө карата, атап айтканда, объектилерди пайдалануунун ал-

маштырылышы жөнүндө же аларды ээликтен ажыратуу жөнүндө чечимдерди негиздөө жана кабыл алуу (же кеңешке жолдомо берүү)

• Жакшы эксплуатациялоону камсыз кылуу. Анын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу, бирок аны менен милдеттүү түрдө эле өзү иш жүргүзбөйт, анткени экс-плуатациялоону уюштуруунун бир нече механизмдери бар жана алар объектиге байланыштуу бир эле учурда колдонулушу мүмкүн: подрядчикти жалдоо, объек-тини пайдалануучуга тапшыруу (бул аны менен болгон келишимге камтылат).

Page 13: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

12

4 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти инвентаризациялоо жана эсепке алуу

Активдерди башкаруу үчүн алар жөнүндө баш-тапкы маалымат болушу керек, ал өзүнө төмөнкү көрсөткүчтөрдү камтыйт: бул эмне болгон объект, кайсы жылы түзүлгөн (курулган, чыгарылган же не-гизделген), анын учурдагы абалы ж.б. Көптөгөн айыл өкмөттөрү өз жергиликтүү коомчулугунун мен-чигин түзүү процессинде объектилердин биринчи инвентаризациясын өткөрүштү жана реестрлерди түзө башташты, ага муниципалдык менчик объекти-лери жөнүндө маалымат да камтылган.

Айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикти

эсепке алууну жүргүзүүнүн бүгүнкү күндөгү практикасы айрым жетишпегендиктерди жарыкка чыгарды:

1) Кээ бир объектилер боюнча айрым техникалык маалыматтын жоктугу (жалпы аянты, жер участогунун аянты, имараттардын, курулуштардын техникалык параметрлери);

2) Учурдагы эсепке алуу тутуму менен каржы көрсөткүчтөрүнүн интеграциясынын жок-тугу (кирешелер, эксплуатациялоо чыгымдары, капиталдык оңдоого чыгымдар ж.б.);

3) түзүлгөн келишимдердин эсебинин жоктугу; 4) курулушу жок муниципалдык жердин эсебинин жоктугу - көпчүлүк айыл өкмөттөрдө

муниципалдык менчиктеги участкалардын тизмеси жок; 5) муниципалдык менчик боюнча жалпылаштырылган жана көрүнүктүү сандык кар-

тинанын жоктугу. Муниципалдык менчик объектилери жөнүндө маалыматты тутумдаштырууга арналган

Өкмөттүн 2001-жылдын 8-октябрындагы токтому менен Муниципалдык мүлктү эсепке алуу жана муниципалдык менчик объектилеринин реестрин жүргүзүү жөнүндө типтүү жобо беки-тилген. Бул документке ылайык Реестрдин эсепке алуу объектилери болуп:

1) муниципалдык менчиктеги жерлер жана объектилер; муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же муниципалдык мекемелерге оперативдик башкаруу укугунда бе-китилип берилген мүлк;

2) инженердик инфраструктуранын объектилери; 3) кыймылдуу мүлк. Муниципалдык менчиктеги мүлк объектилеринин эсебин жүргүзүү үчүн курал катары

карточка тутуму пайдаланылат, ал: - Муниципалдык менчик объектилерини реестрин; - Маалымат-справкалык картотекасын өзүнө камтыйт. Реестрде ар бир объект боюнча төмөнкүдөй маалыматты камтыган жазуу жүргүзүлөт: - жазуунун ирээт саны; - объектинин коду; - объектинин аталышы; - дареги; - объектини муниципалдык менчикке өткөрүп берген күн; - ообъектини муниципалдык менчикке өткөрүп берүү үчүн негиз; - объектинин Реестрде катталган күнү; - эскертүү. Ар бир объектинин карточкасында объектини мүнөздөй турган маалыматтар болууга

тийиш: объектинин жана кошумча курулуштардын аталышы, эксплуатацияга берилген жы-лы, объектинин жана кошумча курулуштардын аянты, иш жүзүндөгү наркы, жылдык эскири-ши, баланстык наркы, рынок баасы, кубаттуулугу, пайдалануучу, пайдалануунун түрү, өткөрүп берилген күн.

Page 14: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

13

Реестрди жүргүзүү ага объектилерди жана алар жөнүндө маалыматтарды киргизүү, маалыматтарды жаңылоо жана менчиктин түрү же эсепке алуу объектисине башка буюмдук укуктар өзгөргөндө аларды чыгарып салуу дегенди түшүндүрөт. Эсепке алуу объектилерин Реестрге киргизүү (чыгаруу) үчүн негиз болуп мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, айырбаштоо, тартуулоо, соода-сатык келишим-дери жана башка жарандык-укуктук бүтүмдөр эсептелет.

Реестр ачык болуп эсептелет жана андагы маалымат таламдаш каалаган жактарга КРнын мыйзамдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ченемдик укуктук актыла-рына ылайык берилет.

Курулушу жок жер участкалары үчүн эсепке алуу маалыматы объектилерге караганда жөнөкөйүрөөк болот, бирок бардык участкаларды тутумдуу эсепке алуу зарыл, анткени жер участкаларынын наркы муниципалдык менчиктин каалаган башка объектилеринин наркынан жогору болушу мүмкүн.

Page 15: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

14

5 - ТЕМА. Муниципалдык менчик объектилерини классификациясы

Муниципалдык менчикти натыйжалуу башкаруунун негизи болуп жалпысынан эле менчик эмне үчүн керек экендигин туура түшүнө билүү эсептелет. Жогоруда белгилен-гендей, муниципалдык менчик, барыдан мур-да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-гандары алар камсыз кылууга милдеттүү болгон функцияларды жана өз калкына кызматтарды көрсөтүүнү жүзөгө ашыра алышы үчүн керек.

Экинчиден, менчик жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарына жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү жана адаттагыдай эмес (мисалы, ижарадан кирешелер сыяктуу) кирешелерди алуу үчүн керек болушу мүмкүн.

Муниципалдык менчик кызмат кылган максаттарды мындай түшүнүү – муниципалдык менчиктин бардык объектилерин төмөндө аныкталган үч топко классификациялоого негиз2. Бул классификация ар бир топ үчүн айырмалануучу бюджеттик жана келишимдик саясат-тарды иштеп чыгуу үчүн керек. Башкача айтканда, классификация – бул объектилерди кар-жылоо жана күтүү боюнча мындан аркы кадамдар үчүн, ошондой эле алардан кирешелерди алуу тууралуу маселени чечүү үчүн негиз.

3 - схема. Муниципалдык менчиктин классификациясы

А тобу: Негизги объектилер

Бул топко төмөнкүлөр таандык:

Айыл өкмөтүнүн башкаруу функцияларын камсыз кылуу жана айыл-дын/шаарчанын жашоосун камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу объектилер.

Мисалы, айыл өкмөтүнүн (кеңештин) имаратынын өзү жана инженердик инфраструкту-ра объектилери ушул түргө таандык кылынышы мүмкүн;

2 Эң биринчи мындай типтеги классификация АКШнын Колорадо штатынын Денвер шаарында киргизилген. Азыр ал Кыргызстанда, Арменияда, Грузияда, Молдовада, Хорватияда жана башка өлкөлөрдө кеңири колдонулуп жатат. Классификация кыймылсыз мүлктү гана камтыйт, анткени кыймылдуу мүлк эреже катары кыймылсыз мүлк менен мүлк комплекстерине кирет жана ошондуктан аны менен тагдырлаш.

Муниципалдык менчик объектилери

А тобу. Негизги

объектилер Айыл өкмөтүнүн баш-каруу функцияларын камсыз кылуу жана айылдын/шаарчанын жашоосун камсыз кы-луу үчүн пайдаланы-луучу объектилер

Б тобу. Кошумча объектилер

Милдеттүү түрдөгү тизмегекирбеген, бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабы-нан социалдык же саясий жак-тан маанилүү катары тааны-луучу функцияларды жана

кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгөашыруу үчүн пайдаланылуучу

объектилер

В тобу. Ашыкча

объектилер Милдеттүү түрдөгү тиз-меге кирбеген, же социал-дык же саясий жактан

маанилүү тизмеге кирбе-ген функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пай-даланылуучу объектилер

Page 16: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

15

Мамлекеттик мыйзамдарда же жергиликтүү коомчулук тарабынан милдеттүү катары аныкталган кызматтарды көрсөтүү менен байланыш-кан объектилер.

Ошентип, билим берүү мектептери, негизги медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн объектилер жана негизги инженердик инфраструктура объектилери (жолдор, каналдар, суу түтүк линиялары) көпчүлүк учурда бул топко таандык катары каралат. Ошол эле учурда айыл өкмөтүнүн милдети болуп эсептелген жана айылдык бюджеттен колдоо көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн милдеттүү тизмесинен тышкары, жогорку билим берүү тутумунун мекемелери (университеттердин филиалдары, колледждер), атайын билим берүү (мисалы, музыкалык мектептер) жана атайын медициналык кызмат көрсөтүү (тиш дарылоо клиника-лары) мекемелери сыяктуу объектилерди бул топко киргизбөө сунушталат. Б тобу. Кошумча объектилер

Милдеттүү түрдөгү тизмеге кирбеген, бирок жергиликтүү өз алдынча баш-каруу тарабынан социалдык же саясий жактан маанилүү катары таанылуу-чу функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдала-нылуучу объектилер.

Бул топтун объектилерини мисалдары – атайын медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн пайдаланылуучу имараттар жана имарат жайлар, парктар. Мындай объектилер айыл өкмөтүнүн иши үчүн абдан зарыл объектилерге таандык эмес жана айыл бюджети чектелүү болгондуктан, ал толугу менен колдоо көрсөтө албайт. Ошол эле учурда саясий жана соци-алдык себептер менен бул объектилер айылдык бюджеттен айрым бир каржылоого ээ бо-лушу мүмкүн. В тобу. Ашыкча объектилер

Милдеттүү түрдөгү тизмеге да кирбеген, же социалдык же саясий жактан маанилүү тизмеге да кирбеген функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылуучу объектилер.

Бул топко бардык калган объектилерди, атап айтканда, болгон коммерциялык жана ту-рак жай эмес объектилерди киргизүү керек.

Мындай классификация айыл өкмөтү үчүн мүмкүн жаңыдыр, бирок Кыргызстандын көп шаарларында көптөн бери эле колдонулуп жатат. Демек, 1 – таблица шаар башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинин классификациясы-нын долбоорун көрсөтүп турат. Бул классификация муниципалдык менчикти башкаруунун жалпы узак мөөнөттүү планынын бир бөлүгү катары Өзгөн шаардык кеңеши тарабынан бе-китилген/Кеңештин сессиясынын 2000-жылдын 13-ноябрындагы №16-6/2 – чечими. 1- таблица. Өзгөн шаарынын муниципалдык менчигинин классификациясынын дол-боору үч негизги функционалдык топтор боюнча № Объектинин аталышы Топ Талкуулоо жана/же кайра

профилдөө талап кылынабы 1) С. Шарипов атындагы орто мектеп А 2) В.И. Ленин атындагы орто мектеп А 3) З.М. Бабур атындагы орто мектеп А 4) Кыргызстандын 60 жылдыгы атындагы орто мектеп А 5) А. Темур атындагы орто мектеп А 6) А. Навойи атындагы орто мектеп А 7) Х. Олимжан атындагы орто мектеп А 8) Курманджан Датка атындагы орто мектеп А 9) №1- балдар бакчасы Б + 10) №2- балдар бакчасы Б + 11) №3- балдар бакчасы Б + 12) Балдар музыкалык мектеби Б

Page 17: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

16

№ Объектинин аталышы Топ Талкуулоо жана/же кайра профилдөө талап кылынабы

13) Шаардык билим берүү жана маданиятбөлүмүнүн имараты Б +

14) Балдарга билим берүү борборунун имараты Б 15) Тиш дарылоо бейтапканасы Б + 16) Балдар бейтапканасынын имараты А 17) «Айчүрөк» кинотеатры В + 18) Шаар башкармалыгынын имараты А 19) «Мир» паркы Б 20) Унаа токтотуучу жай ТТС В 21) «Верность» унаа токтотуучу жайы В 22) Шаарсууканалынын административдик имараты Б 23) Насостук станция А 24) Суу түтүк линиясы А 25) Скважина –758д А 26) Скважина –790д А 27) Скважина –2930 А 28) Скважина –2931 А

29) Музейдин имараты (Тарыхый-архитектуралык комплекс) Б

30) Жолдор А 31) Стадион Б 32) Тротуарлар А 33) Каналдар А 34) Көпүрөлөр А 35) Көрүстөн А 36) Сыртка жарык берүү тармактары А 37) Соцфонддун имараты В

38) Муниципалдык ишканалар комбинатынын имараты Талаш мүлк

39) Жашыл чарба Б 40) Турак эмес жай 1 (байланыш бөлүмү) В

41) Турак эмес жай 2 (кварталдык/участкалык комитет) В

42) Турак эмес жай 3 (дүкөн) В 43) Турак эмес жай 4 (почта) В 44) Турак эмес жай 5 (участкалык инспектор) В 45) Турак эмес жай 6 (аялдарга кеңеш берүүчү жай) Талаш мүлк 46) Турак эмес жай 7 (тиш дарылоо кабинети) Талаш мүлк

47) Турак жай эмес фонд 1 Кондоминиумдарга өткөрүп берилүүгө тийиш

48) Турак жай эмес фонд 2 Кондоминиумдарга өткөрүп берилүүгө тийиш

49) Турак жай эмес фонд 3 Кондоминиумдарга өткөрүп берилүүгө тийиш

Ошондой эле муниципалдык менчик менен болгон абал өзгөрүп тураарын эске алуу

пайдалуу, анткени калктын коомдук кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрү жана айыл өкмөтүнүн мүмкүнчүлүктөрү убакыттын өтүшү менен өзгөрүп турат, ошондой эле бул чөйрөдөгү жергиликтүү саясат да өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан объектилердин үч топ бо-юнча классификациясы убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн жана объектилер бир топ-тон экинчи топко өтүшөт (мында баштапкы классификация кеңеште бекитилгенден кийин анын ар бир өзгөрүүсү да бекитилип турууга тийиш).

Page 18: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

17

Муниципалдык кыймылсыз менчик

объектилеринин классификациясын иштеп чыгуу үчүн иш жүзүндө эмне жасоо керек?

1. Бардык кыймылсыз мүлк объектилерин, бардык кошумча жана жардамчы имарат жайларды

кошуп, толук жана так инвентаризациядан өткөрүү. 2. Мыйзамга жана кайсы милдеттер чындыгында айылдын функциялары болууга тийиштигин

айыл өкмөтүнүн жетекчилигинин түшүнүүсүнө негизделген АЙЫЛ ӨКМӨТҮНҮН функцио-налдык милдеттеринин тизмесин түзүү. Мыйзамдарда азыркыга чейин жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун кайсы функциялары милдеттүү, кайсылары – кошумча экендиги жетиштүү так аныкталбагандыктан, бул чечимдер көпчүлүк учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна калып келүүдө.

3. Бардык объектилердин инвентаризациялык тизмегин түзүү, ар бир объект кайсы функцио-

налдык топко таандык экендигин көрсөтүү менен. 4. Иш жүзүндөгү практикага негизденип, ар бир объектини күтүүнү жана эксплуатациялоону

каржылоо булактарын көрсөтүү.

Ар бир объектинин сунушталган классификациясы жана аны күтүүнү жана эксплуатациялоону каржылоо булактары бири-бирине айкалышаарын текшерүү

(кийинки 7-теманы карагыла).

Ушундай эле А, Б жана В топторуна классификациялоону курулушу жок участкалар

үчүн дагы жүргүзүү керек, анткени ал участкаларды кандай укуктарда жана шарттарда берүүнү аныктоого жардам берет.

Page 19: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

18

6 - TЕМА. Муниципалдык мүлктү пайдалануучулар жана алар менен болгон мамилелер

Айыл экономикасы үчүн муниципалдык

менчиктин маанисин эске алып, бул менчикти пайдалануучулар менен туура келишимдик мамилелерди тутумдуу түрдө түзүү айыл өкмөтү үчүн, ошондой эле башка катышуучу-лар үчүн дагы өзгөчө маанилүү болуп эсепте-лет.

Келишимдик мамилелерди жазуу жүзүндө жолжоболоо муниципалдык мүлккө болгон каалаган укуктарды өткөрүп берүүдө, анын ичинде жер участкаларын коммерциялык мак-сатта убактылуу пайдалануу укугу сыяктуу бөлүктөлгөн же убактылуу укуктарды өткөрүп берүүдө абдан пайдалуу.

Жазуу жүзүндөгү келишимдин конкреттүү пайдасы эмнеде? Келишим: • айыл өкмөтүнүн мүлкүн пайдалануучунун зыян келтирүүсүнөн коргоого; • пайдалануучуну айыл өкмөтүнүн зомбулугунан коргоого; • тараптардын өз ара милдеттерин аныктоого; • мамилелердин убактылуу чектерин аныктоого мүмкүндүк берет. Азыркы мыйзамдарда объектилер муниципалдык мекемелерге жана ишканаларга кан-

дай укуктарда өткөрүлүп берилиши керектигине, башкача айтканда ал пайдалануучулар ме-нен болгон келишимдердин мүнөзүнө аныкталган чектөөлөр бар:

• Муниципалдык мекемелер менен – муниципалдык мүлктү оперативдик башкаруу укугунда берүү жана пайдалануу эрежелери боюнча (мектептер, эмканалар ж.б.);

• Муниципалдык ишканалар менен – муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүүгө өткөрүп берүү жөнүндө келишим (көрктөндүрүү комбинаты, сууканал ж.б.).

Мындай документтердин үлгүлөрү 3- жана 4- тиркемелерде келтирилген. Бардык башка пайдалануучуларга – мамлекеттик мекемелерге же ишканаларга, жеке жак-

тарга жана ишкерлерге, коммерциялык эмес уюмдарга - карата кайсы түрдөгү укукту берүү ке-рек экендигин жана, демек, кандай келишимдер түзүлүүгө тийиш экендигин: акысыз убактылуу пайдалануу (ссуда) келишими же ижара келишими, айылдык кеңеш өзү тандоого укуктуу. Ижара келишиминин акысыз убактылуу пайдалануу (ссуда) келишиминен негизги айырмасы ал объек-тини пайдалануу укугу үчүн акыны карагандыгында, ал эми акысыз убактылуу пайдалануу (ссу-да) келишими акысыз пайдаланууну карайт.

Муниципалдык менчикти ижаралоо КРнын Жарандык кодексинин 542-564-статьялары,

жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон Ижара жөнүндө жобо жана конкреттүү ижара келишими менен жөнгө салынат.

Мүлктү ижаралоо келишиминин маңызы төмөнкүдө: • ижарачы мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана аны пайдалануу укугун алат; • бул укук акы төлөнүүчү болуп эсептелет; • ээлик кылуу жана пайдалануу мөөнөтү келишимде так көрсөтүлөт; • ижарага берүүчү менен ижарачынын өз ара укуктары жана милдеттери келишимде

көрсөтүлөт; • мүлктү ижарага алуунун жыйынтыгында ижарачы алган кирешелер, эгер келишимде

башкача каралган болбосо, ижарачынын менчиги болуп эсептелет; • үч жана андан көп жылга кыймылсыз мүлктү ижаралоо келишими мамлекеттик кат-

тоодон өтүүгө тийиш.

Page 20: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

19

Ижара келишиминин өзүнүн сапаты жана анда каралган шарттар (атап айтканда, Ижа-рага берүүчү менен Ижарачынын таламдарынын балансташтырылышы) ижара мамилеле-ринен эки тарап тең максималдуу пайданы алуусу үчүн өтө маанилүү. Анын ичинде муни-ципалдык объектилер үчүн потенциалдуу ижарачылар төлөөгө даяр болгон ижара акысынын өлчөмү басымдуу түрдө айыл өкмөтү ижарага берүүчү катары кандай шар-ттарды сунуштаарына байланыштуу болот. Атап айтканда, тараптардын таламдарынын балансташтырылышына кошумча ижаралоонун жакшы келишими төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш:

• Ижаранын узактыгы ижарачы ишин ордуна коюп жана ошол жердеги өз ишин «ай-лантууга» кетирген чыгымдарын актоого жетишкендей болууга тийиш; ижара-нын зарыл болгон узактыгы иштин түрүнө байланыштуу болот, бирок практикада кандай болсо дагы Кыргызстанда практикаланып келе жаткан бир жылдык ижара жетишсиз. 5 жылдан кем эмес мөөнөткө ижарага берүү (эгер ижара капиталдык ку-рулушка укугусуз болсо) ижарачылар үчүн кадыресе артыкчылыктуураак болчудай жана жогорураак ижара ставкаларына чыгууга мүмкүндүк берээр эле, башкача айт-канда жергиликтүү коомчулукка көбүрөөк ижара кирешесин алып келет.;

• Эгер ижарага берүүчү ижара мөөнөтүнүн ичинде ижара акысын жогорулаткысы келсе, бул жогорулоо ижарачы үчүн эртерээк белгилүү болууга тийиш, башкача айтканда ижара акысын жогорулатуунун тездиги жана өлчөмү келишимде жетиштүү түрдө так баяндалууга тийиш.

Курулуш үчүн участкаларды берүү маселеси өзгөчө көнүлдү талап кылат. Массалык

түрдөгү абал – бул айыл өкмөтү курулуш курула элек участкаларды капиталдык курулуш үчүн бөлүп берип жатканда, бул участкалар болсо коомдук менчикте, бирок мамлекетке да, айыл өкмөтүнө да катталган эмес (жалпы бардыгы курулуш курула элек жер Жер кодексине ылайык айыл өкмөтүнүн менчигине өтөт деп күтүшөт). Участкаларды курулуш үчүн берүү учурунда көпчүлүк айыл өкмөттөр адаттагыдай куруучулар менен жер пайдалануу боюнча такыр эле эч кандай келишимдик мамилелерди жоболоштурбоону улантышууда. Мында участокту берүү жөнүндө токтомдо көп учурларда «туруктуу пайдаланууга» деп жазышат. Бирок аракеттеги Жер кодексине (25-статья) ылайык:

«2. Жер участоктору мµµнµтс‰з (мµµнµт‰н кµргµзбµстµн) м‰лк чарба ж‰рг‰з‰‰ же оператив䉉 башкаруу укугунда бекитилип берилген мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга берилет. Башка жеке жана юридикалык жактарга жер участоктору менчикке же мµµнµтт‰‰ (убактылуу) пайдаланууга берилет.».

Ошентип, курулуш үчүн участокту жеке жана юридикалык (мамлекеттик эмес жана муниципалдык эмес) жактарга туура – мыйзамды бузбастан – берүү) же сатуу келишимин, же ижара келишимин, же менчикке бекер берүү жөнүндө токтомду талап кылат.

1- жана 8- тиркемелерде муниципалдык менчик объектилерин жана жер уча-сткаларын ижаралоо келишимдеринин үлгүлөрү келтирилиген, алар кели-шимдерге жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды чагылдырат.

Page 21: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

20

2 - таблица жана 4 - схема. Объектилердин, пайдалануучулардын сунушталуучу айка-лыштары жана айыл өкмөтү менен пайдалануучулардын ортосундагы мамилелердин формалары

Объектинин тиби Пайдалануучунун жана келишимдик мамилелердин тиби

А тобу: Негизги объектилер

1. Айылдык бюджеттик уюмдар - муниципалдык мүлктү оперативдик баш-каруу укугунда берүү жана пайдалануу жөнүндө эрежелер боюнча. 2. Айылдык муниципалдык ишканалар – Чарба жүргүзүү келишимдери

3. Каалаган башка уюмдар же ишканалар – ижара келишимдери жакшы болмок (мүмкүн төмөн ижара акысы менен).

Б тобу: Кошумча объектилер

1. Айылдык бюджеттик уюмдар – Пайдалануу жөнүндө келишимдер. 2. Каалаган башка уюмдар же ишканалар же жеке жактар – ижара кели-шимдери гана (мүмкүн төмөн ижара акысы менен).

В тобу: Ашыкча объектилер Каалаган юридикалык же жеке жактар – ижара келишимдери гана.

А тобу. Негизги

объектилер

Б тобу. Кошумча объектилер

В тобу. Ашыкча объектилер

Объектилердин, пайдалануучулардын сунушталуучу айкалыштары жана айыл өкмөтү менен пайдалануучулардын ортосундагы мамилелердин формалары

1. Айы

лдык бю

джеттик ую

мда

р - муниц

и-палд

ык мүл

ктү оп

ератив

дик ба

шкаруу уку-

гунд

а бе

рүү жана пайд

алануу

жөн

үндө

эре

-жел

ербо

юнч

а.

2. Айы

лдык муниц

ипал

дык иш

канала

р –

Чарба

жүргүзүү кели

шим

дери

3. Каала

ган ба

шка

уюмда

р же иш

канала

р –

ижара кели

шим

дери

жакшы

бол

мок

үмкүн төмөн

ижар

а акысы

менен

).

1. Айы

лдык бю

джеттик ую

мда

р –

Пай

дала

нуу жөн

үндө

кел

ишим

дер.

2. Каала

ган ба

шка

уюмда

р же иш

канала

р же

жеке жактар

– ижара кели

шим

дери

гана

(мүм

күн төмөн

ижар

а акысы

менен

).

Каал

аган

юри

дикалы

к же жеке жактар

ижара кели

шим

дери

гана.

Page 22: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

21

7 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти башкаруунун каржылык аспекттери

I. Жогоруда белгиленгендей, объектилердин классификациясы барыдан мурда объекти-лердин ар башка топторуна карата каржы-лык-бюджеттик саясатты формулировкалоо үчүн керек. 3-таблицада (3-колонкада) бул саясат мурда аныкталган топтордун ар бири боюнча белгиленген.

3 - таблица. Классификациянын чектериндеги каржылык-бюджеттик саясат

Топ Топтун баяндамасы Каржылык-бюджеттик саясат

А тобу: Негизги объек-тилер

1. Айыл өкмөтүнүн баш-каруу функцияларын кам-сыз кылуу жана айылдын жашоосун камсыз кылуу үчүн пайдаланылуучу объектилер 2. Мыйзамдарда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары та-рабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу кам-сыз кылууга милдеттүү катары аныкталган кыз-маттарды көрсөтүү үчүн зарыл объектилер.

• Айыл өкмөтү объектилерди милдеттүү түрдө каржылоону камсыз кылат. Мында эгер бюджеттеги каражаттар жет-пей жатса, анда башка ресурстарды биринчи кезекте бул объектилер үчүн мобилизациялайт (кошумчалар, максат-туу взностор ж.б.) ;

• Эгер эксплуатациялоого, оңдоого салымдар жетишпесе, анда алардын өлчөмү так байкалууга тийиш;

• Бул топтун объектилерин зарыл каржылоону камсыз кылуу үчүн жана аларды оңдоого, эксплуатациялоого, оңдоого са-лымдардын жетишпестигин жоюу үчүн айыл өкмөтү бары-дан мурда В тобунун кирешелерин мобилизациялайт.

• Бул топтун объектилерин зарыл каржылоону камсыз кы-луу эреже катары Б тобун каржылоого карата приоритеттүү болууга тийиш (башкача айтканда А тобун күтүүгө салымдар жетишсиз болуп турганда, Б тобунун объектилерин субсидиялоо жүргүзүлбөөгө тийиш.

Б тобу: Кошумча объек-тилер

Милдеттүү түрдөгү тизмеге кирбеген, бирок социалдык-саясий себептер менен кол-доо көрсөтүлүүчү функция-ларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашы-руу үчүн пайдаланылуучу объектилер.

• Айыл өкмөтү бул объектилерди күтүүгө чыгымдарды то-лугу менен же бир бөлүгүн жабышы мүмкүн, ошондой эле аларды ачык рыноктогуга караганда жеңилдетилген шар-ттарда бере алат, бирок мында ал колдоо көрсөтүлүүчү функцияларга ушундай жол менен берип жаткан субси-диялардын өлчөмүн байкоого тийиш;

• Бул субсидиялардын өлчөмү мүмкүнчүлүгүнө жараша азайтылууга тийиш.

В тобу: Ашыкча объек-тилер

Милдеттүү түрдөгү тизме-ге да кирбеген, же соци-алдык-саясий жактан маанилүү тизмеге да кир-беген функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн пай-даланылуучу объектилер.

• Ар бир объект айыл өкмөтүнө таза киреше алып келүүгө тийиш (киреше чыгашалардан көп болууга тий-иш); эгер Буга жетүү мүмкүн болбосо, айыл өкмөтү объектини сатууга же башкача жол менен чыгымдар-дан арылууга тийиш (объектини бекер берүү, мисалы, же күтүүгө чыгымдарды толугу менен токтотуу) ;

• Бул топтун объектилеринин таза кирешеси бардык акылга сыярлык каражаттар менен көбөйтүлүүгө тий-иш, бирок ал жергиликтүү экономиканын өнүгүшүнө тоскоолдук кылбаган шарттарда болууга тийиш. Кире-шелерди көбөйтүүнүн башкы жолу – укуктарды аукци-ондордо сунуш кылынган эң жогорку баага берүү.

Жергиликтүү саясаттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал боюнча че-

чим кабыл алууга тийиш болгон фундаменталдуу маселеси Б жана В топтору боюнча каржы саясаттары А тобу боюнча абал менен өз ара кандай байланышта экендигинде.

Мисал. Айыл өкмөтүндө ал күтүүгө милдеттүү болгон объектилерди (А тобу) күтүүгө жана оңдоого салымдар жетишсиз: бир жалпы билим берүүчү мектептин чатырынан суу агып жатат жана аны оңдоого 35 миң сом жок, ал эми башка мектепте жылуулук берүү туту-му начар иштеп жатат, аны оңдоого дагы 50 миң сом керек. Ошол эле учурда айыл

Page 23: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

22

өкмөтүнүн тескөөсүндөгү Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери (АЧЖКБФ) жеке структураларга ижарага конкурс өткөрбөстөн эле рынок баасынан төмөн баада берилип жатат, андан айыл өкмөтү потенциалдуу ижара кирешесин жоготуп жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – айыл өкмөтү үчүн да, кеңеш үчүн да суроо: айыл өкмөтүндө ар башка топтогу муниципалдык менчик объектилерине карата каржы сая-саты менен аларды пайдалануучулардын ортосундагы байланыш туурабы? Айыл өкмөтү жер үчүн төмөнкү ижара акысынын эсебинен атаандаштарына караганда артыкчылык алган ишкерлерге пайданы таратуудан потенциалдуу кирешени жоготуп жаткан учурда, бир мек-тепте чатырдан суу агып, 200 бала нормалдуу окуй албай жаткандыгы, ал эми башкасында 300 бала кышкысын үшүп жаткандыгы туурабы?

«Милдеттүү» функциялардын объектилери (башкача айткан-да А тобунан) барыдан мурда ашыкча объектилерден кирешелер-ди көбөйтүүнүн эсебинен толугу менен каржыланууга тийиш. 3 - таблицада так ушундай саясат сунуш кылынган.

Объектилерди классификациялоо жана айыл өкмөтүнүн ар башка топтордун объектилерине карата каржы саясаты айылдык-тар келе ала турган айылдык кеңештин ачык отурумдарында тал-кууланышы жана бекитилиши абдан маанилүү. Айыл өкмөтү каржы саясатынын кандай реалдуу варианттары бар экендигин жана алар ар түрдүү объектилер жана алардын пайдалануучулары үчүн кан-дай мааниси бар экендигин, сандар менен сүрөттөөчү, жөнөкөй жа-на түшүнүктүү көрсөтмөнү даярдоого тийиш.

Объектилердин сунуш кылынган классификациясын киргизүүнүн жана А, Б жана В топ-торуна карата жогоруда берилген каржылык-бюджеттик саясаттарды жүргүзүүнүн артыкчы-лыгы эмнеде? Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

• Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жөн гана инерция менен жүрбөстөн же конкреттүү объектилердеги кыйратуучу жагдайлардын басымына хаотикалык реакция көрсөтпөстөн, өз милдеттерине жана мүлкүнө активдүү, аң-сезимдүү жана пландуу жолду түзүү мүмкүнчүлүгү.

• Каржылык абалды жакшыртуу мүмкүнчүлүгү – күтүү мааниси жок болгон кый-мылсыз мүлктү күтүүгө пайдасыз чыгымдардан баш тартуу жана киреше потен-циалы толугу менен колдонулбаган объектилерден кирешелерди көбөйтүү.

• муниципалдык менчиктин киреше потенциалын айылдыктардын жыргалчылыгы үчүн максималдуу түрдө пайдалануунун жана айыл өкмөтү муниципалдык менчик объектилерин пайдалануучуларга берип жаткан ар түрдүү түз эмес субсидиялар-ды эсепке алуунун жана көзөмөлдөөнүн эсебинен көбүрөөк социалдык акый-каттуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгү.

• Муниципалдык менчикти пайдалануу боюнча ачык жана түшүнүктүү саясаттын эсебинен калктын түшүнүүсүнө, колдоосуна жана жактырышына жетишүү мүмкүнчүлүгү.

Жалпысынан, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке карата каржылык-бюджеттик максаттары:

• көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жоготпостон, муниципалдык

менчикти күтүүгө айыл өкмөттүн чыгымдарын азайтууга (А тобу ), • муниципалдык кыймылсыз мүлктү пайдалануучулар ижара укугу үчүн же-

ке ижарага берүүчүлөргө төлөгөнгө караганда азыраак ижара акысын төлөөнүн эсебинен алып жаткан түз эмес субсидиялардын көлөмүн бай-коого жана көзөмөлдөөгө (Б тобу),

• «ашыкча» объектилерден таза киреше алууга (В тобу), • жалпысынан объектилердин рыноктук наркы аларды начар эксплуата-

циялоодон түшүп кетпешин байкоого (бардык топтор) алып келүүгө тийиш.

Page 24: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

23

8 - ТЕМА. Муниципалдык менчик жөнүндө зарыл каржылык маалымат

Муниципалдык менчикти башкаруунун жогоруда эскертилип кеткен негизги принциптеринин бирин (каржылык эсепке алууну жана көзөмөлдү) ишке ашы-руу объектилер менен байланышкан каржылык жа-гдайлар жөнүндө деталдаштырылган маалыматсыз мүмкүн эмес. Бардык объектилер жана алардын топтору боюнча жалпы маалымат да, ар бир объ-ект боюнча деталдаштырылган маалымат да ке-рек. Жалпысынан, объект менен байланышкан бардык чыгашаларды жана кирешелерди, ошон-дой эле анын наркын жана объект боюнча айыл

өкмөтүнүн каржылык милдеттенмелерин билүү зарыл. Айыл өкмөтү менчикти башкаруучу орган катары бир нече типтеги каржылык маалы-

маттарына ээ болушу зарыл. Биринчиден, ар бир кыймылсыз мүлк объектиси менен байланышкан суммаланган утурумдук чыгымдар жана кирешелер жөнүндө жана бул сум-маланган агымдардын бир бөлүгү катары айыл өкмөтүнүн өзүнүн ошол объект боюнча утурумдук чыгымдары жана кирешелери жөнүндө маалымат керек. Утурумдук чыгымдар – булар негизинен эксплуатациялоого жана утурумдук оңдоого жана ошол объектини башка-рууну жүргүзгөн персоналдын эмгек акысына чыгымдар; утурумдук кирешелер – бул адатта ижарадан же башка мезгилдүү төлөмдөрдөн кирешелер.

Маалыматтардын экинчи блогу объект менен байланышкан бир жолку чыгымдарга жа-на кирешелерге тиешелүү. Адатта бул капиталдык оңдоого чыгымдар же объектини сатуу-дан түшкөн кирешелер. Капиталдык оңдоого чыгымдар болгондо, ошондой эле топтолгон карызды байкоого алуу маанилүү.

Муниципалдык менчик объектилерин сатуудан (менчиктештирүүдөн) түшкөн киреше-лерге карата дүйнө жүзүндө жалпы таанылган эрежеге ылайык мындай киреше, утурумдук чыгымдарга «желип кетпестен», капиталдык салымдарга (атап айтканда, капиталдык оңдоого же жаңы курулушка) гана жумшалууга тийиш. Тилекке каршы бизде бул эреже тез-тезден бузулат жана менчиктештирүүдөн түшкөн кирешелер эмгек акыны төлөөгө же башка утурумдук чыгымдарга жумшалып кетет.

Акырында ар бир объект боюнча маалыматтын үчүнчү маанилүү блогу – бул анын нар-кы. Нарк тууралуу маселе жетишээрлик татаал, анткени нарктардын көп түрлөрү бар (ба-лансалык нарк, калдык нарк, потенциалдуу рынок наркы ж.б.) Муниципалдык менчикти баш-каруу көз карашы менен караганда объектилердин ар башка топтору үчүн ар башка нарктар кызыгуу жаратат. Атап айтканда, В тобу үчүн (ашыкча объектилер) объектинин потенциал-дуу рынок наркы өзгөчө маанилүү, анткени ал объект ушул учурда жакшы пайдаланылып жатабы, ошону баалоого жардам берет.

Муниципалдык менчиктеги, ошондой эле башкарууга өткөрүлүп берилген жер участка-ларынын потенциалдуу рыноктук баасын билүү өзгөчө маанилүү. Көп учурларда айыл өкмөттөрү мектептерди оңдоо жана жылытуу же көчөлөрдү тазалоо сыяктуу базалык мил-деттерге каражаттардын жоктугунан жапа чегишет, бирок ошол эле учурда жерлерди базар-ларда же башка суроо-талап бар жерлерде бекер же төмөн баага таратып жатышат.

Муниципалдык менчиктеги ишканалар үчүн айыл өкмөтү каржылык көрсөткүчтөрдү – кирешелүүлүктү, карызды, активдердин кыймылын – байкоого алууга тийиш. Айыл өкмөтү өз ишканаларында мезгили менен көз карандысыз аудит жүргүзүп турууга тийиш.

Каржылык көрсөткүчтөрдү талдоо басымдуу түрдө кайсы объектилер жөнүндө сөз болуп жаткандыгына байланыштуу. Демек, кошумча объектилер үчүн айыл өкмөтү имарат жайларды рыноктук шарттарга салыштырганда жеңилдетилген шарттарда берүүсүнүн эсебинен пайдала-нуучулар алып жаткан түз эмес субсидияларды ар бир объект боюнча баалоо зарыл. Албетте, бул типтеги суммаланган субсидияларды дагы жалпысынан баалоо зарыл.

Ашыкча объектилер үчүн ар бир объектинин кирешелүүлүгүн, жок дегенде

ТАЗА КИРЕШЕ – ЖАЛПЫ ЧЫГЫМДАР = ИШ ЖҮЗҮНДӨГҮ КИРЕШЕ

Page 25: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

24

сыяктуу жөнөкөй көрсөткүчтөрдүн деңгээлинде талдоо зарыл. Мында жалпы чыгымдарга эксплуатациялоо жана оңдоо чыгымдарын гана эмес,

сөзсүз түрдө муниципалдык менчикти башкарган персоналга чыгымдарды кошуу керек Андан тышкары бул топ боюнча айыл өкмөтү тарабынан (атап айтканда, муниципал-

дык ижаранын баасы рыноктогудан төмөн болушунун эсебинен) берилип жаткан түз эмес субсидиялардын өлчөмүн баалоо зарыл.

Бардык объектилер үчүн зарыл болгон утурумдук жана иш жүзүндөгү чыгымдардын ортосундагы айырманы байкоого алуу өтө маанилүү (бул айырма жылдык негизде байкоого алынууга тийиш). Белгилүү болгондой, эксплуатациялоо жана оңдоо боюнча иш жүзүндөгү чыгымдар көп учурларда керектөөдөн аз болот, ошол себептен салымдардын жетишсиздиги топтоло берип, объектилердин мөөнөтүнөн мурда талкаланышына жана бузулушуна алып келет. Экусплуатациялык чыгымдар боюнча топтолгон карызды билүү муниципалдык кыймылсыз мүлк менен болгон жалпы абалды түшүнүү үчүн абдан маанилүү.

Отчеттуулук Айыл өкмөтүнүн башчысы, кеңеш жана калк ар

бир объект боюнча деталдаштырылган маалыматка сөзсүз түрдө кызыкчылык артпайт. Бирок аларда негиз-ги кирешелерди, чыгымдарды жана аракеттеги жактар-ды көрсөтө турган, суммаланган так картина болууга тийиш. Атап айтканда, муниципалдык менчик боюнча жылдык отчеттун каржы бөлүгү төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш:

• Муниципалдык менчик бир жылда бардыгы болуп канча киреше алып келди жана бул ки-решелердин курамы кандай ( мисалы, ижара кирешеси, менчикке сатуудан түшкөн киреше, пайдалануу укуктарын берүүдөн түшкөн ки-реше, ж.б.);

• Бул кирешелерди кимдер алышты (түздөн-түз айылдык бюджет, же объектилерди пайдалануучу уюмдар (мисалы, мектептер), же ишкана, ж.б.) ;

• Муниципалдык менчикти сатып алууга, эксплуатациялоого, оңдоого, ошондой эле аны башкарууга кеткен суммаланган жана статьялар боюнча чыгымдар;

• Бул чыгымдар кимдердин эсебинен жасалды (айыл өкмөтүнүн бюджетинен, муници-палдык ишкананын бюджетинен, жеке демөөрчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен (мисалы, окуучулардын ата-энелери, ж.б.).

• Айыл өкмөтүнүн башкаруусундагы муниципалдык ишканалардын абалы кандай – алар кирешелүүбү же кирешесизби, жана айыл өкмөтүнүн ал ишканаларга байла-нышкан каржылык милдеттенмелери кандай.

Page 26: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

25

9 - ТЕМА. Муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу

Муниципалдык менчикти пайдалануунун натыйжалуулу-

гун жогорулатуу – бул, жогоруда айтылгандай, объектилердин ар түрдүү топторуна карата каржы саясаттары менен тыгыз байланышкан башкаруунун негизги багыты. Атап айтканда, ашыкча объектилер үчүн азыркы абалда натыйжалуулукту жо-горулатуунун негизги жолдору төмөнкүдө:

• Кирешесиз (башкача айтканда таза киреше алып келбеген) объектилер боюнча чыгымдардан ары-луу.

• Пайдалуу же пайдалуу боло турган объектилерден кирешелерди тутумдуу түрдө көбөйтүү боюнча ча-раларды көрүү.

Алынбай калган каржы пайдасынын эсеби болтурбай коюуга мүмкүн болгон чыгымдар менен алынбай калган кирешелерден турат:

Объектини эң жакшы пайдаланбагандыктан АЛЫНБАЙ КАЛГАН ПАЙДА =

= (БОЛТУРБАЙ КОЮУГА МҮМКҮН БОЛГОН ЧЫГЫМДАР) + (АЛЫНБАЙ КАЛГАН КИРЕШЕЛЕР).

Кайсы объектилер боюнча ушундай алынбай калган пайда болот, эмне үчүн ал келип

чыгат жана алынбай калган пайданы жоюу үчүн эмне кылуу керек, кеңири тараган мисалда көрсөтүлгөн:

Абал: Өзүнүн жаратылышы боюнча «ашыкча» болгон көп объектилер жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан «ашыкча» катары таанылбайт жана киреше алуу үчүн толугу менен пайдаланылбайт. Мындай объектилер же жөн эле бекер пайдаланууга тарка-тылып берилет, же рыноктогудан төмөн баа менен сатылат же ижарага берилет3. Атап айт-канда, бул топко конкурс өткөрбөстөн, «формула боюнча» эсептелген ижара акысынын став-касы боюнча ижарага берилген объектилер кирет. Мындай көп мисалдар бар:

• Жеке операторлорго берилген, айыл өкмөтүнө же эч нерсе төлөбөгөн, же жакшы жарнамасы бар ачык атаандаштык соодалоодо аныкталбастан, сүйлөшүлгөн баа-нын негизинде акы төлөгөн унаа токтотуучу жайлар

• Ижара фондусуна таандык, бирок ижарага конкурс өткөрбөстөн, рыноктогудан төмөн баа менен берилген турак эмес жайлар (анын ичинде айыл өкмөтүнүн има-раты сыяктуу баалуу имараттардын ичиндеги, жакшы жайгашкан өз алдынча има-раттардын ичиндеги, ж.б.).

3 Аныктамасы боюнча ижаранын же сатуунун «рыноктогу баасы» ачык рынокто нормалдуу жарнама болгон жана жашыруун сүйлөшүп алуулар болбогон чыныгы атаандаштык шарттарында түзүлөт. Ошентип, объектинин рыноктогу баасы бир гана жол менен – аны ачык сатыкка коюу менен аныкталышы мүмкүн.

Бул жерде кошумча же ашыкча объектилер катары классификациялоого мүмкүн жана тийиш болгон муниципалдык менчик объектилеринин алынбай калган пайдасы бардык айыл өкмөттөрүндө абдан көп, ошондуктан бул жер-де натыйжалуулукту жогорулатуу үчүн абдан байкаарлык резерв бар экен-дигин белгилей кетүү маанилүү.

Page 27: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

26

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда көп шаарлар айылдардан айырмаланып, мындай объекти-лерди бекер эмес акыга берүүгө өтүштү жана соодалоо аркылуу ижарага берүүнү жана са-тууну киргизишти, ал эми мындай конкурстук процедуралардан каржылык утуш көңүл бура-арлык, анны Ош шаарындагы мисал көрсөтүп турат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы практиктердин арасында ижарага берүүнүн конкурстук процедураларын өткөрүүнүн ордуна ижаранын кандайдыр бир «орто рынок» ставкаларын белгилөө жана кеңеште бекитүү «адилеттүүрөөк» болоор эле деген ой бар. Бирок муниципалдык ижара рыногу жок болгондуктан, кеңеш «орто рынок» ставканы аныктай албайт. Кыймылсыз мүлк объектисинин рыноктук наркынын аныктамасы боюнча бул эркин атаандаштык шарттарында сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосун-да жана объектини жетиштүү убакытка ачык рынокко алып чыккандан кийин объект үчүн күтүлүүчү баа. Андан тышкары, экономикалык абал өзгөрүп турат жана эч кандай белгилен-ген ставкалар бул өзгөрүүлөрдү чагылдыра албайт. Мисалы, январда, жерди ижаралоонун «орто рынок» ставкасын бекитүү убагында кеңеш аукциондо алууга мүмкүн болгон баага жа-кын бааны кое алды. Бирок май айында кыймылсыз мүлк рыногунун абалы өзгөрөт жана бул ставканы колдонуу же айыл өкмөтү аукциондогуга караганда азыраак бааны алаарына, же участокту мындай баа менен эч ким албай тургандыгына алып келет. Баштапкы баа

Каржылык көз караш менен, ачык атаандаштык процедуралар объект үчүн ошол айыл өкмөтүндөгү суроо-талапка ылайык мүмкүн болгон масималдуу бааны алуу үчүн керек. Аук-цион же конкурс үчүн баштапкы бааны белгилөө маселеси абдан маанилүү болуп эсептелет, анткени, эгер баштапкы баа өтө жогору болсо – эч ким мындай же жогорураак бааны сунуш кылбайт жана объект сатылбай калат; эгер ал төмөн болсо – акыркы баа дагы төмөн болуп калышы мүмкүн.

Баштапкы бааны кантип аныктоого болот? Жалпысынан – эгер жеке рынокто окшош объектилер менен бүтүмдөр бар болсо же муниципалдык объектилерге же жер участкала-рына ийгиликтүү аукциондор өткөрүлгөн болсо, объектинин рыноктук наркын баалоого не-гизденип. Эгер мындай маалымат азырынча жок болсо, участкаларды ушул участокко жер

Айыл өкмөттөрү муниципалдык менчиктен кирешелерди басымдуу түрдө көбөйтө ала турган үч негизги канал бар:

1) Пайдаланууга бекер таратуунун ордуна ижарага берүү 2) Объектилерди «арыз боюнча» түшүнүксүз негизде таратпастан, ачык жана айкын аукциондор жана конкурстар аркылуу берүү жана сатуу 3) Мүмкүн болгон максималдуу бааны алуу максатында аукциондо же кон-курста ижарага берүүнүн же сатуунун процедураларын жана шарттарын потенциалдуу ижарачылар же сатып алуучулар үчүн артыкчылыктуу кылуу.

Ош, жер участкаларын аукциондо сатуу, 2002 - март 2003 • Жалпы аянты 1,35 га тегерегиндеги 60 тан ашык участок сатылды, бардыгы – аукциондун

баштапкы баасынан жогору баа менен. • Бул сатыктан жалпы түшкөн акча 3161000 сомдун тегерегин түздү, мында баштапкы баалар-

дын суммасы 1723750 сомдун тегерегин түзгөн. • Аукциондо сатуудан каржылык утуш (кошумча) 1437000 сомдун тегерегин түздү.

Бул кошумча кирешеге шаар эмне кыла алат?

• Көп квартиралуу үйлөрдүн короолоруна таштанды үчүн 100 чоң контейнер жасоо жана орно-туу - 350 000 сом.

• «Достук» кичи районуна электр энергиясын өткөрүү - 350 000 сом. • Эки мектепти же балдар бакчаларын капиталдык оңдоодон өткөрүү - 700 000 сом.

Page 28: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

27

салыгынан азыраак баштапкы баа менен ижарага берүүгө алып чыгууга болот (базалык ставкасы боюнча же тиешелүү коэффициенттерди эске алуу менен) + айыл өкмөтүнүн пай-дасы. Мында ижара келишиминде жер үчүн ижара акысына жер салыгы киргизилгендигин жана ижарачы жер салыгын өзүнчө төлөбөй тургандыгын көрсөтүү керек. Ушул сыяктуу эле, муниципалдык менчик объектилерин аукционго коюуда ижаранын баштапкы баасы жанаша жайгашкан участоктун жер салыгына барабар болушу мүмкүн (базалык ставкасы боюнча же тиешелүү коэффициенттерди эске алуу менен) + айыл өкмөтүнүн пайдасы. Бирок мындай учурда ижарачы объектини күтүүгө жана эксплуатациялоого чыгымдарды тартууга тийиш экендиги ижара келишиминде сөзсүз түрдө айтылышы керек.

Аукциондук жана конкурстук процедуралар

Мурда белгиленгендей, конкурстар жана аукциондор аркылуу ижарага берүүнүн же сатуунун ийгилиги процедура-нын өзү потенциалдуу сатып алуучулардын талаптарына канчалык жакшы жооп берээрине өтө тыгыз байланыштуу. Ижарачыга же сатып алуучуга эмне керек? Толук юридика-лык сабаттуулук, тактык, ишенимдүүлүк жана алынуучу объектиге укуктардын алдын-ала белгилүү болушу, ошондой эле айыл өкмөтү менен алдыдагы мамилелер-дин каржылык жактан тактыгы (барыдан мурда, ижара акысынын өлчөмү жана аны кайра кароо шарттары). Ан-дан тышкары, ижарачы же сатып алуучу эрте, аукционго чейин көп убакыт калганда объект тууралуу да, аны са-тып алуу шарттары тууралуу да толук маалыматка ээ болгулары келет, анткени алар объект үчүн кайсы бааны төлөй ала тургандыктарын түшүнүү үчүн өздөрүнүн алдыдагы кирешелерин жана чыгашаларын эсептеп чыгуулары керек.

Тилекке каршы, муниципалдык менчикти ижарага берүү боюнча аукциондорду өткөрүүнүн учурдагы практи-касы көп учурларда потенциалдуу сатып алуучулардын бул таламдарына кол шилтөөчүлүк мамиле кылат жана «капта-гы мышыкты сатуу» принциби боюнча жүргүзүлөт. Мисалы, конкреттүү жер участогуна ижара акысын сатуу жөнүндө

маалымат пакетинде мындай формулировкаларды кезиктирүүгө болот: «Пайдалануунун жана ижаранын мөөнөттөрү конкреттүү участокко байланыштуу аук-

циондук комиссия тарабынан белгиленет» же «Айыл өкмөтү белгилеген өлчөмдөгү ижара акысы».

Адатта, маалымат пакетинде ошондой эле ижара же сатуу келишиминин долбоорлору жок болот. Сатылып жаткан нерсеге карата белгисиздиктин ушундай деңгээлинде көпчүлүк учурларда сатып алуучулар табылбагандыгына таң калууга болобу?

Аукциондун жакшы уюштурулган процедурасы, мисалы, ижара укугуна, бир нече стан-дарттык элементтерди камтууга тийиш. Сатууга коюулуп жаткан лот:

• объектинин мүнөздөмөсүн (объектинин жайгашкан орду, аянты, имарат жайдын түрү);

• ижара келишиминин долбоорун; • айлык ижара акынын баштапкы өлчөмүн камтууга тийиш.

Маалыматтык билдирүү төмөнкү маалыматтарды өзүнө камтууга тийиш:

• объектинин аталышы, баяндамасы жана жайгашкан орду; • ижара укугуна коюлган шарттар жана чектөөлөр, эгер ушундайлар болсо; • объектинин уруксат берилген пайдаланууларынын тизмеси; • айлык ижара акынын баштапкы өлчөмү (бул сумма КНСты камтыйт же жок

экендигин көрсөтүү менен);

Page 29: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

28

• аукциондун катышуучуларынын объект жана ижара келишиминин долбоору менен алдын-ала таанышуусунун тартиби;

• арыздарды кабыл алуунун бүтүү мөөнөтү; • сатуучу тарабынан аныкталган өлчөмдөгү күрөө суммасы, аны которууга тийиш

болгон эсептик бет, төлөө мөөнөтү; • аукционду өткөрүү күнү, убактысы жана орду; • байланыш телефонунун номери; • ижара келишиминин иштеп баштоо мөөнөтү.

Потенциалдуу катышуучулар:

• Муниципалдык менчик объектилерин жана имарат жайларды аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө жобо менен таанышууга;

• аукцион өткөрүлгөнгө чейин объектинин реалдуу абалы лотко туура келээрине ынанууга;

• белгиленген мөөнөттө объектини карап чыгууга, өз эсебинен квалификациялуу эксперттерди тартуу менен ал боюнча зарыл болгон кеңештерди алууга;

• зарыл болгон учурларда лоттун көчүрмөлөрүн сатып алууга; • аукцион башталганга чейин 3 төн кем эмес күн калганда аукционго катышуудан

баш тартууга укуктуу.

9 – тиркемеде Муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк объектилерине рыноктук ижара акысы менен ижара укугун берүүнүн эрежелеринин үлгүсү келтирилген, алар муниципалдык мен-чик объектилерин ижарага берүү же сатуу боюнча аукциондорду жана конкурстарды өткөрүүнүн элементтерин өзүнө камтыйт жана конкреттүү процедураларды киргизүүдө аларды негиз катары алууга болот.

Page 30: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

29

10 – ТЕМА. Муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн кирешелер-дин жергиликтүү бюджеттин структурасындагы ролу жана мааниси

Муниципалдык менчикти башкаруудан түшкөн ки-

решелер жергиликтүү бюджеттин курамдык бөлүгү болуп эсептелет, ошондуктан муниципалдык менчикти башка-руудан алынган акча каражаттары жергиликтүү өз ал-дынча башкаруунун каржы тутумунда кандай орун ээле-рин билүү маанилүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун каржы-

лык негизи. Жергиликтүү бюджет түшүнүгү жана анын структурасы

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кар-

жылык негизин Кыргыз Республикасынын мыйзамда-ры менен жергиликтүү коомчулуктарга бекитилип бе-рилген салык жана салык эмес кирешелердин булакта-ры, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ошондой эле кредиттик жана башка каржы

ресурстары түзөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каржы ресурстары: • жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын; • жогору турган аймактык деңгээлдин бюджетинен категориалдык, теңдештирүүчү

жана стимул берүүчү гранттардын; • кредиттик ресурстардын, трансферттердин жана гранттардын; • ыктыярдуу взностордун жана кошумчалардын; • муниципалдык баалуу кагаздардан жана жергиликтүү займдардан түшүүчү кире-

шелердин; • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан уюштурулган, ошондой

эле жергиликтүү коомчулуктун керектөөсү үчүн түзүлгөн ишканалар менен уюм-дардын ишинен алынуучу башка кошумча кирешелердин эсебинен түзүлөт.

Жергиликтүү коомчулуктун бюджети деген эмне?

«ЖӨАБнун каржылык-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына жана «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» Кыргыз Республика-сынын Мыйзамына ылайык

Бюджет эмне үчүн керек? Биринчиден, бюджет жергиликтүү бийлик органдары калкка көрсөтүүчү, каржылык ресурстар менен бекемделген кызматтардын тизмегин аныктайт, экинчиден, приоритеттүү маселелерди чечүү үчүн жамааттардын ресурстарын кайра бөлүштүрөт, үчүнчүдөн, экономиканы стабилдештирет.

Жергиликтүү бюджет – бул түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашы руучу, айылдардын, шаарчалардын жана шаарлардын

жергиликтүү коомчулуктарынын бюджети.

Page 31: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

30

Жергиликтүү бюджеттин структурасын киреше жана чыгаша бөлүгү түзөт. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүнө түшүүчү акча каражат-тары. Жергиликтүү бюджеттин кирешелери жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан; салык эмес түшүүлөрдөн; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктардан жана ки-решелерден; трансферттерден, гранттардан, ыктыярдуу взностордон турат. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун масе-лелерин жана функцияларын каржылык жактан камсыз кылууга багытталган акча каражат-тары. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү. Салык менен камтылуучу база

Салык эмес түшүүлөр –жыйымдар, төлөмдөр жана санкциялар түрүндө тиешелүү бюджетке түшүүчү акча каражаттары. Жергиликтүү салык эмес түшүүлөр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

Муниципалдык менчикти башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер – жергиликтүү бюджеттин каражаттарын толтуруунун маанилүү булагы. Тилекке каршы, азыр-кы убакта бул каржылык каражаттар бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмүнүн басым-дуу эмес бөлүгүн түзөөрүн белгилей кетүү зарыл. Бул бир катар маселелердин болушуна байланыштуу:

1. Айылдык кеңештин аймагында жайгашкан көп объектилер боюнча менчик укуктары бекитилген эмес, бул болсо алар менен ар түрдүү операцияларды жасоого мүмкүнчүлүк бербейт, бул өзгөчө потенциалдуу түрдө киреше алып келүүгө тийиш «ашыкча» объектилер-ге тиешелүү.

2. Маанилүү менчик объектиси болгон муниципалдык жерди башкаруу жана пайдала-нуу укугу пайдаланылбай жатат.

Бюджет кирешелеринин түрлөрү:

• салыктар боюнча түшүүлөр жана жыйымдар, • республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктар жана кирешелер, • салык эмес түшүүлөр, • грантар (трансферттер), • ыктыярдуу взностор.

Салык эмес түшүүлөр:

• муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер; • Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдалануу

укугу үчүн алынуучу ижара акы; • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген, продукциялар-

ды сатуудан, жумуштарды аткаруудан жана кызмат көрсөтүүдөн жергиликтүү бюджеттик мекемелер тарабынан алынуучу жана продукция-ларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызмат көрсөтүү боюнча чыгым-дарды жабуу үчүн гана пайдаланылуучу кирешелер;

• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка салык эмес түшүүлөр.

Page 32: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

31

3. Айыл өкмөтүндө муниципалдык менчик объектилерин эсепке алууну тартипке келтирүү боюнча каржы каражаттарынын жоктугу (архитектордун, жерге жайгаштыруучунун жумуштарына, мамлекеттик каттоонун кызматтарына жана башкаларга төлөөгө каражаттар).

4. Айыл өкмөт башчыларынын, адистеринин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча билимдеринин жана жөндөмдөрүнүн жоктугу.

5. Муниципалдык менчик объектилерин башкаруу маселелеринде ачыктыктын төмөн деңгээли, коррупциянын болушу.

6. Айыл өкмөтүнүн деңгээлинде муниципалдык менчикти башкаруу боюнча программанын жоктугу.

Азыркы учурда муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелердин көлөмү,

эреже катары, трансферттерди кошпогондогу кирешелердин жалпы көлөмүнүн 5-8%ынан ашпайт. Ошол эле учурда муниципалдык менчикти туура жана натыйжалуу башкаруу жергиликтүү бюджеттерди жандандырууга, башкача айтканда айрым объектилерди күтүүгө чыгымдарды азайтууга жана муниципалдык менчиктин башка объектилеринин кирешелүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет. Ийгиликке жетишүү үчүн төмөнкү максат-тарды коюу зарыл:

1. Айыл өкмөт башчыларынын, адистеринин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча билимдерин жана жөндөмдөрүн көтөрүү.

2. Жарандарга муниципалдык менчик объектилеринин абалы, болушу жана аларды пайдалануу жөнүндө максималдуу маалымат берүүнү камсыз кылуу.

3. Муниципалдык менчик объектилерин текшерүүдөн өткөрүү, менчик укугун бекитүү, эсеп жүргүзүүнү жөнгө салуу.

4. Айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айылдык кеңештин аймагындагы муни-ципалдык менчикти башкаруу боюнча программаны бекитүү.

5. Айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык менчик объектилерин конкурстук негизде ижарага берүү же аны сатуу процедураларын камсыз кылуу.

Page 33: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

32

1 - ТИРКЕМЕ. Имаратты, курулушту, имарат жайды ижаралоонун типтүү келиши-минин үлгүсү (_______________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу жана аларды ижарага берүү эрежелерине тиркеме катары сунушталат)

Имаратты, курулушту, имарат жайды ижаралоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

20___ -ж. «_____»___________ _______________ айылы ____________________ айыл өкмөтү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иш жүргүзгөн _____________________________________ аркылуу, мындан ары - «Ижарага берүүчү», бир жагынан,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) жана _______________________________________________ ________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А) (уставдын, жобонун, ишенимкаттын ж.б.) негизинде иш жүргүзгөн ________________________ аркылуу, мындан ары – «Ижарачы»,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түздүк.

1- Бөлүм. Келишимдин предмети жана мөөнөтү

1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга ___________________________________ дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты ____________ чарчы метр турак эмес жайды (курулушту, имарат жайды) бул турак эмес жайда (кереги жогун чийип салуу) орнотулган жана жайгашкан бардык тиешелүү керек-жарактары, жабдуусу жана башка мүлкү менен бирге _____________________________________ үчүн ижарага берүүгө милдеттенет. (мыйзамдар тарабынан тыюу салынбаган, каалаган иш)

Ушул Келишимге ылайык турак эмес жайга ээлик кылуу жана пайдалануу укугун өткөрүп беруу менен бир эле убакта ал имарат, курулуш, турак эмес жай (кереги жогун чийип салуу)ээлеген жана аларды анын багытына ылайык пайдалануу үчүн зарыл жер участогунун бөлүгүнө болгон укук да өткөрүлүп берилет.

1.2. Ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайды жана башка

мүлктү Ижарага берүүчү тарабынан өткөрүп берүү жана аны Ижарачы тарабынан кабыл алуу ушул Келишимге кол коюлгандан тартып ___________________ күндүн ичинде Турак эмес жайдын планынын (№1-тиркеме) жана тараптар кол койгон өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт. Өткөрүп берүү актысында ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда карал-ган турак эмес жайдын жана башка мүлктүн курамы жана мүнөздөмөсү ( №2-тиркеме), ошондой эле ал имарат, курулуш, турак эмес жай ээлеген (кереги жогун чийип салуу) жана аларды анын багытына ылайык пайдалануу үчүн зарыл жер участогунун схемасы көрсөтүлөт.

1.3. Ушул Келишим 20___-ж «____» _________ тартып 20___-ж «____» _________ чейинки мөөнөткө түзүлөт жана:

А) ______________________________________________________________ (имараттар жана курулуштар үчүн гана, имараттагы имарат жайлар үчүн эмес) нотариалдык күбөлөндүрүүгө жатат Б) мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жатат жана ал Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып күчүнө кирет (эгер Келишимдин мөөнөтү 3 жылдан көп болгон учур болсо гана).

Page 34: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

33

2 - Бөлүм. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ: 1) Ушул Келишимдин шарттарына ылайык зарыл оңдоо иштерин жүргүзүү жана

турак эмес жайды пайдалануу боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн Ижара-чыдан турак эмес жайга же башка мүлккө эркин кирүүнү камсыз кылууну талап кылуу,

2) Ижарачыдан турак эмес жайды кошижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө өтүнүч келип түшкөндөн тартып 10 күндүн ичинде аны кароо жана жазуу жүзүндө жооп берүү. Кошижарага макулдук берүүдөн баш тарткан учурда – не-гизделген жооп берүү.

2.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ижарага алынган турак эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп бе-

рилген башка мүлктү ушул Келишимге жана Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык пайдалануу,

2) ижарага алынган турак эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп бе-рилген башка мүлктү оң абалда күтүү, өз эсебинен утурумдук оңдоону жүргүзүү,

3) Ижарачынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ижарага алынган турак эмес жай-да структуралык өзгөртүүлөрдү (кайра пландоону, кайра жабдуулоону, баш-ка олуттуу өзгөрүүлөрдү) жүргүзбөө,

4) Ижарачынын жазуу жүзүндөгү уруксатысыз турак эмес жайды кошижарага бербөө, ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка бербөө, өзүнүн ижарачы укуктарын күрөөгө бербөө же аларды башкача жол менен тескөөнү жүргүзбөө,

5) ижарага алынган мүлктү пайдалануу жана күтүү менен байланышкан комму-налдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө,

6) ушул Келишимге ылайык Ижарага берүүчүгө же анын өкүлдөрүнө алардын та-лабы боюнча турак эмес жайга эркин кирүүнү камсыз кылуу,

7) ушул Келишимде белгиленген тартипте күрөө суммасын төлөө жана ижара акысын өз убагында төлөө,

8) ижарага алынган турак эмес жайды ушул Келишимдин мөөнөтү бүткөн же аны мөөнөтүнөн мурда бузган күндөн тартып үч күндүн ичинде бошотуп берүү.

3 - Бөлүм. Ижара акысы жана башка төлөмдөр

3.1. Ижарачы ушул Келишимге ылайык ______________ ( _____________________ ) сом

өлчөмүндөгү ижара акысын жана ____________ ( _______________________ ) сом өлчөмүндө 20 % КНСын ушул Келишим күчүнө киргенден тартып Ижарага берүүчү тарабынан кандайдыр бир кошумча билдирүүлөрсүз же талаптарсыз эле ай сайын учурдагы мөөнөт үчүн ар бир айдын акыркы күнүнөн кеч эмес төлөп турууга милдеттенет. Ижара акысы турак эмес жайды жана башка мүлктү ушул Келишимдин 1.2. – пунктунда каралган тартипте өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берген күндөн тартып эсептелет.

3.2. Ижара акысынын курамына электр энергиясына, сууга жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөө, ошондой эле ижарага алынган турак эмес жайды эксплуата-циялоо менен байланышкан, Ижарачы тарабынан ушул кызматтарды көрсөтүүчү ишкана-ларга, уюмдарга жана мекемелерге факт боюнча төлөнүүчү каалаган чыгымдар кирбейт.

3.3. Ижарачы тарабынан турак эмес жайды жана башка мүлктү оңдоонун жана бөлүнбөс жакшыртуулардын наркы ижара акысына кирбейт жана Ижарага берүүчү тарабынан ордун толтурууга ж атпайт.

3.4. Инфляциянын деңгээли жогорулаган учурда Ижарага берүүчү жылдык ижара акы-сынын өлчөмүн бир жылда бир жолу инфляциянын деңгээлинин жылдык көрсөткүчүнүн өлчөмүнөн көп эмес өлчөмдө көбөйтүүгө укуктуу.

3.5. Ижарага берүүчү ижара акысынын көбөйгөндүгү тууралуу Ижарачыга ижара акы-сын көбөйтүү каралып жаткан айдын биринчи күнүнө чейин 30 (отуз) күндөн кем эмес уба-

Page 35: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

34

кытта жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Мындай болбогон учурда Ижарачы акыны мур-дагы өлчөмдө төлөйт, ал ушул Келишимдин шарттарын тиешелүү деңгээлде аткаруу катары эсептелет.

3.6. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимге кол коюу, күбөлөндүрүү жана каттоо менен байланышкан жана төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү, жыйымдарды жана башка чыгымдарды Ижарачы тартат.

4-Бөлүм. Күрөө суммасы

4.1. Ижара келишимин түзүү учурунда Ижарачы Ижарага берүүчүгө күрөө суммасы катары

бир жолку айлык ижара акысынын өлчөмүндөгү сумманы төлөөгө милдеттүү, ал ижара келиши-минин мөөнөтү бүткөнгө чейин Ижарага берүүчү тарабынан кармалып турат. Ижара келишими-нин мөөнөтү бүткөндө күрөө суммасы андан Ижарачынын күнөөсү боюнча келтирилген матери-алдык зыянды четтетүү же Ижарачынын ижара төлөмдөрү боюнча карыздарын жабуу боюнча чыгымдардын суммасын алып салуу менен Ижарачыга кайтарылып берилет.

5 - Бөлүм. Тараптардын жоопкерчиликтери. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

5.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө эмес

аткаргандыгы үчүн тараптар ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

5.2. Ижара акысын ушул Келишимде белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн учурда Ижара-чы Ижарага берүүчүгө ар бир кечиккен күн үчүн ижара акысы боюнча карыздын суммасынан _________ ( ____________ ) % өлчөмүндө, бирок жылдык ижара акысынын суммасынын _______ ( ________________ ) %нан жогору эмес неустойка төлөйт.

5.3. Ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жай жана башка мүлк Ижарачынын күнөөсү боюнча бузулган же аларга зыян келтирилген учурда Ижарачы келти-рилген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келтирилген зыян-дын ордун толтурат.

5.4. Тараптардын ушул Келишимге ылайык неустойка төлөөсү аларды өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткаруудан же алар тарабынан кетирилген бузууларды четтетүүдөн бо-шотпойт.

5.5. Эгер тарап билдирүү алгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде тараптардын макулда-шуусу менен аныкталган убакыттын ичинде аларды четтетсе, ушул Келишимде каралган бузуу-лар четтетилди деп эсептелет.

5.6. Ушул Келишимден келип чыгуучу талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

6 - Бөлүм. Келишимди өзгөртүү жана бузуу. Турак эмес жайды жана башка мүлктү кайтарып берүү

6.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Ке-

лишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тар-типте жол берилет.

6.2. Ушул Келишим Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бузууга жатат, Ижарачы:

1) ижарага алган турак эмес жайды же башка мүлктү ушул Келишимдин шартта-рын же алардын багыттарын олуттуу бузуу менен пайдаланып жатат,

2) ижарага алган турак эмес жайдын же башка мүлктүн абалын олуттуу начарла-тып жатат,

3) ижарага алган турак эмес жайды Ижарага берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү урукса-тысыз структуралык өзгөртүүлөрдү (кайра планировкалоо, кайра жабдууло-ону, башка орчундуу өзгөрүүлөрдү) жүргүзүүдө,

Page 36: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

35

4) келишимде белгиленген төлөө мөөнөтү бүткөндөн кийин үчтөн көп жолу ката-ры менен ижара акысын төлөбөй жатат,

5) турак эмес жайды Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз кошижарага берүүдө, 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

6.3. Башка тарап ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусунун зарылды-гы жөнүндө, аларды аткаруунун же ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун, же болбо-со башка тараптын мындай эскертүүнү аткаруудан баш тартуусун алуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана тараптар ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

6.4. Ушул Келишим токтотулганда Ижарачы Ижарага берүүчүгө ижарага алынган турак эмес жайды жана аны менен кошо өткөрүлүп берилген башка мүлктү Ижарачы аларды кан-дай абалда алса, ошондой абалда алардын ченемдүү эскиришин эске алуу менен өткөрүп берүү актысы боюнча кайтарууга милдеттүү.

6.5. Ижарачы ижарага алган турак эмес жайды кайтарбаган же өз убагында кайтарба-ган учурда Ижарага берүүчү Ижарачыдан бардык кечиккен убакыт үчүн ал мүлктү пайдалан-гандыгы үчүн акы төлөөнү талап кылууга укуктуу. Эгер көрсөтүлгөн акы Ижарага берүүчүгө келтирилген зыянды жаппаган учурда ал алардын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуктуу.

6.6. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду тараптар бир айлык мөөнөттө карап чыгышат, алар жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашуу менен жолжоболонот жана та-раптар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшат.

7 - Бөлүм. Өзгөчө шарттар

_____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

8- Бөлүм. Ар кандай маселелер

9.1. Ушул Келишим _______________________ айылында, шаарчасында _______________________ тилинде бири-бирине окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон төрт нускада түзүлдү (тараптардын ар бири үчүн, нотариалдык кеңсеге жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органына берүү үчүн бирден нуска).

9.2. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп: а) №1-тиркеме – Турак эмес жайдын планы, б) №2-тиркеме – Турак эмес жайды өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы эсептелет.

Тараптардын юридикалык даректери жана башка реквизиттери:

Ижарага берүүчү : ____________________________________________________ телефондор: э/б _________________________________________________ ____________________________________________________ Ижарачы : ____________________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А)) ____________________________________________________ (жеке жактын жашаган жери же юридикалык жактын дареги) тел: _______________ э/б ______________________________ ____________________________________________________ Ижарага берүүчү : _____________________ (колу) (колу) М.О. М.О.

Page 37: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

36

2 – ТИРКЕМЕ. Мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун типтүү келишиминин үлгүсү

Мөөнөттүү (убактылуу) бекер пайдалануунун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ

20___ -ж. «_____»___________ _______________ айылы ____________________ айыл өкмөтү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иш жүргүзгөн __________________ аркылуу, мындан ары - «Ижарага берүүчү», бир жагынан,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) жана _______________________________________________ ___________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А) (уставдын, жобонун, ишенимкаттын ж.б.) негизинде иш жүргүзгөн ___________________ аркылуу, мындан ары – «Пайдалануучу»,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түздүк.

1- Бөлүм. Келишимдин предмети жана мөөнөтү

1.1. Айыл өкмөтү Пайдалануучуга ___________________________________ дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты ____________ чарчы метр турак эмес жайды (курулушту, имарат жайды) (мындан ары – турак эмес жай) бул турак эмес жайда орнотулган жана жай-гашкан бардык тиешелүү керек-жарактары, жабдуусу жана башка мүлкү (мындан ары – баш-ка мүлк) менен бирге ___________________ үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга

(пайдалануунун максаты) берүүгө милдеттенет, ал эми Пайдалануучу аларды кандай абалда алса, ошондой абалда ченемдүү эскиришти эске алуу менен кайтарып берүүгө милдеттенет.

1.2. Ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайды жана башка

мүлктү Айыл өкмөтү тарабынан өткөрүп берүү жана аны Пайдалануучу тарабынан кабыл алуу ушул Келишимге кол коюлгандан тартып ____________ күндүн ичинде Турак эмес жай-дын планынын (№1-тиркеме) жана тараптар кол койгон өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт. Өткөрүп берүү актысында ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда каралган турак эмес жайдын жана башка мүлктүн курамы жана мүнөздөмөсү көрсөтүлөт ( №2-тиркеме). 1.3. Ушул Келишим 20___-ж «____» _________ тартып 20___-ж «____» _________ чейинки мөөнөткө түзүлөт.

2 - Бөлүм. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Айыл өкмөтү төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ: 1) ушул Келишимдин шарттарына ылайык зарыл оңдоо иштерин жүргүзүү жана турак

эмес жайды пайдалануу боюнча көзөмөлдү жүзөгө ашыруу үчүн Пайдалануучудан турак эмес жайга же башка мүлккө эркин кирүүнү камсыз кылууну талап кылуу,

2) турак эмес жайга жана башка мүлккө үчүнчү жактардын укуктары (сервитут, күрөө укугу ж.б.) жөнүндө Пайдалануучуга эскертип коюу,

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктар жана милдеттер.

2.2. Пайдалануучу төмөнкү укуктарга жана милдеттерге ээ: 1) турак эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү

ушул Келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу,

2) турак эмес жайды жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктү оң абалда күтүү, өз эсебинен утурумдук жана капиталдык оңдоону жүргүзүү жана аларды күтүү боюнча бардык башка чыгымдарды тартуу,

Page 38: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

37

3) Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү уруксатысыз турак эмес жайда структуралык өзгөртүүлөрдү (кайра планировкалоону, кайра жабдуулоону, башка олуттуу өзгөрүүлөрдү) жүргүзбөө,

4) Турак эмес жайды ижарага (кошижарага) бербөө, ушул Келишим боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жакка бербөө, Пайдалануучу өз укуктарын күрөөгө бербөө же башкача жол менен берип салбоо,

5) өткөрүлүп берилген мүлктү пайдалануу жана күтүү менен байланышкан бардык коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө,

6) ушул Келишимге ылайык Айыл өкмөтүнө же анын өкүлдөрүнө алардын талабы боюнча турак эмес жайга эркин кирүүнү камсыз кылуу,

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте турак эмес жайдын жана аны менен бирге өткөрүлүп берилген башка мүлктүн кокустан кыйроо же кокустан бузулуу тобокелин тартуу ,

8) турак эмес жайды ушул Келишимдин мөөнөтү бүткөн же аны мөөнөтүнөн мурда бузган күндөн тартып үч күндүн ичинде бошотуп берүү.

2.3. Пайдалануучу тарабынан жүргүзүлгөн турак эмес жайды жана башка мүлктү оңдоо

иштеринин жана ажырагыс жакшыртууларынын наркынын орду толтурууга жатпайт. 2.4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимге кол коюу

жана каттоо менен байланышкан жана төлөөгө тийиш болгон төлөмдөрдү, жыйымдарды жана башка чыгымдарды Пайдалануучу тартат.

3 - Бөлүм. Кошижара

3.1. Пайдалануучу ушул Келишимдин 1.1. – пунктунда көрсөтүлгөн турак эмес жайды

жана башка мүлктү Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен кошижарага берүүгө укуктуу.

3.2. Кошижара келишими ушул Келишимдин шарттарына ылайык жана ушул Кели-шимдин мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөткө түзүлөт.

3.3. Ушул Келишимдин мөөнөтүнөн мурда токтотулушу ага ылайык түзүлгөн коши-жара келишиминин токтотулушуна алып келет.

3.4. Кошижара келишими боюнча түшүүчү ижара акысынын ___ ( _______________ ) %ын Пайдалануучу ______айылынын, шаарчасынын бюджетине которууга милдеттенет.

4 - Бөлүм. Тараптардын жоопкерчиликтери. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

4.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө эмес аткаргандыгы үчүн тараптар ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

4.2. Ушул Келишимден келип чыгуучу талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

5 - Бөлүм. Келишимди өзгөртүү жана бузуу, турак эмес жайды жана башка

мүлктү кайтарып берүү

5.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Ке-лишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тар-типте жол берилет.

5.2. Ушул Келишим Айыл өкмөтүнүн талабы боюнча төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда бузууга жатат, Пайдалануучу :

1) турак эмес жайды же башка мүлктү ушул Келишимдин шарттарын олуттуу бузуу менен пайдаланып жатат,

2) турак эмес жайды же башка мүлктү оң абалда кармоо же аны күтүү боюнча милдеттерин аткарбай жатат,

Page 39: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

38

3) турак эмес жайдын же башка мүлктүн абалын олуттуу начарлатып жатат 4) турак эмес жайды Айыл өкмөтүнүн жазуу жүзүндөгү уруксатысыз структуралык

өзгөртүүлөрдү (кайра пландоону, кайра жабдуулоону, башка орчундуу өзгөрүүлөрдү) жүргүзүүдө,

5) турак эмес жайды үчүнчү жактарга берүүдө, 6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

5.3. Пайдалануучу ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу: 1) турак эмес жайды же башка мүлктү нормалдуу пайдаланууну мүмкүн эмес же

чектелүү кыла турган, ушул Келишим түзүлүп жаткан учурда алардын болушу жөнүндө ал билбеген жана биле да албаган кемчиликтер табылганда;

2) эгер турак эмес жай же башка мүлк ал жооптуу эмес жагдайларга байланыштуу пайдалануу үчүн жараксыз абалда болуп калса;

3) эгер ушул Келишимди түзүп жатканда Айыл өкмөтү өткөрүлүп берилип жаткан турак эмес жайга же башка мүлккө үчүнчү жактардын укуктары жөнүндө ага эс-кертпесе.

5.4. Башка тарап ушул Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруусунун зарылды-гы жөнүндө, аларды аткаруунун же ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуунун, же болбо-со башка тараптын мындай эскертүүнү аткаруудан баш тартуусун алуунун мөөнөтү көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү эскертүүнү алган күндөн тартып 30 (отуз) күн өткөндөн кийин гана тараптар ушул Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну талап кылууга укуктуу.

Ушул Келишим токтотулганда Пайдалануучу Айыл өкмөтүнө турак эмес жайды жана аны менен кошо өткөрүлүп берилген башка мүлктү Пайдалануучу аларды кандай абалда алса, ошондой абалда алардын ченемдүү эскиришин эске алуу менен, өткөрүп берүү акты-сы боюнча кайтарууга милдеттүү.

5.5. Пайдалануучу турак эмес жайды кайтарбаган же өз убагында кайтарбаган учурда Айыл өкмөтү Пайдалануучудан аларды кайтаруунун бардык кечиккен убакыты үчүн ал мүлктү пайдалангандыгы үчүн зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

5.6. Ушул Келишимге өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду тараптар бир айлык мөөнөттө карап чыгышат, алар жазуу жүзүндөгү кошумча макулдашуу менен жолжоболонот жана та-раптар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшат.

6 - Бөлүм. Өзгөчө шарттар

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

7 - Бөлүм. Ар кандай маселелер

7.1. Ушул Келишим ______________ айылында, шаарчасында _______________ тилинде би-ри-бирине окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү (тараптардын ар бири үчүн бирден нуска, үчүнчүсү - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органына берүү үчүн).

7.2. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп: а) №1-тиркеме – Турак эмес жайдын планы, б) №2-тиркеме – Турак эмес жайды өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысы эсептелет.

Тараптардын юридикалык даректери жана башка реквизиттери:

Айыл өкмөтү : _________________________________________________________ тел:_______________ э/б _________________________________ Пайдалануучу : _______________________________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А)) ____________________________________________________ (жеке жактын жашаган жери же юридикалык жактын дареги) тел: _______________ э/б ______________________________ Айыл өкмөтү : Пайдалануучу :_____________________ _____________________ (колу) (колу) М.О. М.О.

Page 40: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

39

3 – ТИРКЕМЕ. Муниципалдык мүлктү оперативдик башкаруу укугунда берүү жана пайдалануу эрежелери

Айылдык кеңештин 20__ -жылдын «___» __________ №_____токтому менен бекитилген.

Муниципалдык мүлктү оперативдик башкаруу укугунда

БЕРҮҮ ЖАНА ПАЙДАЛАНУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана _______________ айылынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мекемелерге жүктөлгөн маселелерди жүзөгө ашыруу үчүн муниципалдык мүлк муниципалдык мекемелерге оперативдик башкаруу укугунда бекитилип берилет.

1.2. Мекемеге берилүүчү муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү өткөрүп алуу-өткөрүп берүү акты-сынын негизинде жүргүзүлөт (тиркелет).

1.3. Мекемелерге оперативдик башкаруу укугунда берилүүчү муниципалдык мүлк ____ айылы-нын муниципалдык менчиги болуп эсептелет жана турак эмес жайдан, курулуштан же имарат жайдан жана өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысыда каралган башка мүлктөн турат.

1.4. Мекемелерге оперативдик башкаруу укугунда бекитилип берилүүчү муниципалдык мүлк өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюу убагындагы абалга карата мекеменин балансында чагылдырылат.

1.5. Бул эрежелер Мекеменин ишинин жыйынтыгында ал тарабынан түзүлгөн же сатып алынган жана Мекеменин балансында чагылдырылган, ошондой эле ___ айылынын Муниципалдык менчик объектилери-нин реестринде эсепке алынууга тийиш болгон мүлккө да жайылтылат.

2. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

2.1. Мекеме мыйзамдарда белгиленген чектерде, өз ишинин максаттарына, менчик ээсинин тап-шырмаларына жана мүлктүн багытына ылайык, ошондой эле Мекеменин Уставына (Жобосуна) ылайык, ушул эрежелерде белгиленген чектөөлөр менен ага оперативдик башкаруу укугунда бекитип берилген муниципалдык мүлккө ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.

2.2. Айыл өкмөтү ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багыты боюнча пайдаланылбаган, Ме-кемеге оперативдик башкаруу укугунда бекитип берилген муниципалдык мүлктү алып коюуга жана аны белгиленген тартипте тескөөгө укуктуу.

2.3. Мекеме ага бекитип берилген мүлктү жана смета боюнча ага бөлүнгөн каражаттардын эсе-бинен сатып алынган мүлктү ээлигинен ажыратууга же башка жол менен аны тескөөгө укуксуз.

2.4. Мекеме ага бекитип берилген мүлктү ээлигинен ажыратууга же башка жол менен аны тескөөгө айыл өкмөтүнүн макулдугу менен гана укуктуу. Мекеменин кирешелерин бөлүштүрүү тарти-би ага бекитип берилген мүлктүн Менчик ээси тарабынан аныкталат.

2.5. Мекеме ага өткөрүлүп берилген мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга жана анын сакталышын камсыз кылуу жана мүмкүн болгон зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын иш-аракеттеринен жана форс-мажордук жагдайлардан келип чыгуучу зыянды, четтетүү боюнча чараларды көрүүгө жана анын начарлашына, бузулушуна же аны ээлигинен ажыратууга, өткөрүп берүүгө же башка жоготууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого милдеттүү.

2.6. Мекеме ага өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартат, аны тиешелүү техникалык, санитардык жана өрткө каршы абалдарда кармайт, Мекеменин каражат-тарынын эсебинен утурумдук оңдоону жүргүзөт, анын ичинде белгиленген тартипте амортизациялык чегерүүлөрдү жасайт.

2.7. Мекеме ага бекитип берилген мүлктү жана аны пайдалануунун жыйынтыктарын, ошондой эле өткөрүлүп берилген мүлктү өткөрүп берүү, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана оңдоо ме-нен байланышкан башка зарыл документацияны белгиленген тартипте баланстык эсепке алууга жана айыл өкмөтүнө анын абалы жана пайдалануунун жыйынтыктары тууралуу жылдык отчет берип туруу-га милдеттенет.

2.8. Мекеме айыл өкмөтүнүн уруксаты менен физикалык жактан же моралдык жактан эскирген мүлктү белгиленген тартипте эсептен чыгарууга укуктуу. Мүлктү эсептен чыгаруудан алынган кара-жаттарды чегерүү белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

Page 41: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

40

4 - ТИРКЕМЕ. Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда бекитип берүү жөнүндө типтүү келишим

Айыл өкмөтүнүн 20__ -жылдын «___» __________ №_____токтому менен бекитилген.

Муниципалдык мүлктү чарба жүргүзүү укугунда бекитип берүү

жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ

20___ -ж. «_____»___________ _______________ айылы ___________________ (айыл өкмөтүнүн аталышы) айыл өкмөтү «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарынын негизинде иш жүргүзгөн _________________ (ээлеген кызматы, Ф.А.А.) аркылуу, мындан ары - «Айыл өкмөтү», бир жагынан, жана _______ (муниципалдык ишкананын аталышы ) муниципалдык иш-канасы Уставдын негизинде иш жүргүзгөн _________________ (ээлеген кызматы, Ф.А.А.) ар-кылуу, мындан ары – «Ишкана», экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түздүк.

1. Келишимдин предмети

1.1. Ушул Келишимдин предмети Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ______________ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Ишканага жүктөлгөн (айылдын аталышы) маселелерди жүзөгө ашыруу үчүн муниципалдык мүлктү ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берүү болуп эсептелет.

1.2. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда берилүүчү ушул Келишимге ылайык муници-палдык мүлктү өткөрүп берүү ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жүргүзүлөт (тиркелет).

1.3. Ушул Келишимге ылайык Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилүүчү муниципалдык мүлк __________ айылынын, шаарчасынын муниципалдык менчиги болуп эсептелет жана турак эмес жайдан, курулуштан же имарат жайдан жана өткөрүп алуу-өткөрүп берүү актысыда каралган башка мүлктөн турат.

1.4. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилүүчү муниципалдык мүлк ушул Келишимге ылайык Ишкананын 200_ -жылдын «__» ____ карата балансында чагылдырылат.

1.5. Ушул Келишимдин аракети Ишкананын ишинин жыйынтыгында ал тарабынан түзүлгөн же сатып алынган жана Ишкананын балансында чагылдырылган, ошондой эле ___________ айылынын, шаарчасынын Муниципалдык менчик объектилеринин реестринде эсепке алынууга тийиш болгон жана балансты берүү боюнча толуктоо түрүндө ушул Кели-шимге киргизилүүчү мүлккө да жайылтылат

1.6. Мүлк Ишканага өткөрүлүп берилген убакыттан тартып ал Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилди деп эсептелет. Эгер ушул Келишимди түзүп жаткан учурда мүлк Ишкананын ээлигинде болсо, анда мүлк ушул Келишимди түзгөн убакыттан тартып ага опе-ративдик башкаруу укугунда бекитилип берилди деп эсептелет.

1.7. Ушул Келишимдин жоболору Ишканага башка укук (пайдалануу, ижара укугу ж.б.у.с.) менен өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлккө карата колдонулбайт Мындай ма-милелер башка келишимдер, ошондой эле мыйзамдар менен жөнгө салынат. Мындай мүлктү эсепке алуу белгиленген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитип берилген муниципалдык мүлккө Кыр-гыз Республикасынын Жарандык кодекси, Ишкананын Уставы жана ушул Келишими тара-бынан белгилеген чектерде ээлик кылат, пайдаланат жана тескейт.

Page 42: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

41

2.2. Айыл өкмөтү Ишканага бекитип берилген муниципалдык мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышына жана сакталышына көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу, анын ичинде инвентари-зация жүргүзүүнү жана көз карандысыз аудит өткөрүүнү талап кылууга укуктуу .

2.3. Менчик ээси Ишкананын чарба жүргүзүүсүндөгү мүлктү пайдалануудан түшкөн пайдасынын ____ (_________________) %ын алууга укуктуу.

2.4. Жемиштер, продукция жана Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө берилген мүлктү пай-далануудан түшкөн кирешелер, ошондой эле алынган кирешенин эсебинен ал тарабынан сатып алынган мүлк муниципалдык менчик болуп эсептелет жана Ишкананын чарба жүргүзүүсүнө түшөт.

2.5. Ишкана ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон мүлктү Айыл өкмөтүнүн ма-кулдугусуз сатууга, аны ижарага, күрөөгө берүүгө, чарба коомдорунун жана шериктештикте-ринин уставдык капиталына салым (пай) катары берүүгө же бул мүлктү башка жол менен тескөөгө укугу жок. Ишканага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон калган мүлктү, мый-замдарда белгиленгенден тышкары учурларда, ал өз алдынча тескейт.

2.6. Мекеме ага өткөрүлүп берилген мүлктү сарамжалдуу пайдаланууга жана анын сак-талышын камсыз кылуу жана мүмкүн болгон зыянды, анын ичинде үчүнчү жактардын иш-аракеттеринен жана форс-мажордук жагдайлардан келип чыгуучу зыянды четтетүү боюнча чараларды көрүүгө жана анын начарлашына же бузулушуна алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого милдеттенет.

2.7. Мекеме ага өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү күтүү боюнча чыгымдарды тартат, аны тиешелүү техникалык, санитардык жана өрткө каршы абалдарда кармайт, уту-румдук жана капиталдык оңдоону жүргүзөт.

2.8. Ишкана белгиленген тартипте амортизациялык чегерүүлөрдү жүргүзүүгө жана Иш-кананын каражаттарынын эсебинен мүлктү өз убагында реконструкциялоону жана калыбына келтирүүнү, анын ичинде белгиленген тартипте амортизациялык чегерүүлөрдү камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды жүзөгө ашырат.

2.9. Ишкана ага бекитип берилген мүлктү жана аны пайдалануунун жыйынтыктарын, ошондой эле өткөрүлүп берилген мүлктү өткөрүп берүү, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана оңдоо менен байланышкан башка зарыл документацияны белгиленген тар-типте баланстык эсепке алууга жана айыл өкмөтүнө анын абалы жана пайдалануунун жыйынтыктары тууралуу жылдык отчет берип турууга милдеттенет.

2.10. Ишкана айыл өкмөтүнүн уруксаты менен физикалык жактан же моралдык жактан эскирген мүлктү белгиленген тартипте эсептен чыгарууга укуктуу.

2.11. Айыл өкмөтү, төмөнкүдөн тышкары учурларда, ушул Келишимдин 1.3.-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү ишкананын чарба жүргүзүүсүнөн алып коюуга укуксуз:

а) Ишкана менен өзүнчө келишим боюнча бул мүлктүн наркынын ордун толтуруу; б) мыйзамдарда белгиленген тартипте Ишкананы жоюу.

2.12. Ишкананы жоюу жөнүндө чечим кабыл алган учурда, банкроттуулук тартибинде жоюудан тышкары, айыл өкмөтү кечиктирбестен жоюу комиссиясын түзөт.

2.13. Жоюу жөнүндө чечим Ишканага жана анын материалдык жактан жооптуу жакта-рына (жетекчиси, жетекчинин орун басары, башкы бухгалтер жана башкалар) кечиктирилбе-стен маалымдалууга тийиш. Жоюу жөнүндө чечим Ишканага маалымдалган убакыттан тар-тып Ишкананын материалдык жактан жооптуу адамдары мүлк менен болгон, ишкананын мүлкүн инвентаризациялоо жана үчүнчү жактардын ээлигинен талап кылуу боюнча иш-чаралардан башка, бардык операцияларды токтотууга милдеттүү. Шашылыш операциялар (коммуналдык төлөмдөр, салыктар, башка милдеттүү түрдөгү төлөмдөр, эмгек акы) жоюу комиссиясынын уруксаты менен гана жүргүзүлүшү мүмкүн.

2.14. Ишкананын мүлкү, бардык зарыл документтерди кошкондо, кечиктирилбестен жана кандай болгондо да жоюу комиссиясы уюшулган күндөн тартып эки күндөн кеч эмес убакытта Ишкананын жетекчилигинен жоюу комиссиясына өткөрүп алуу-өткөрүп берүү акты-сы боюнча кабыл алынат.

Page 43: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

42

3. Тараптардын жоопкерчилиги. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

3.1. Ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы же тийиштүү түрдө эмес аткаргандыгы үчүн тараптар ушул Келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.

3.2. Ушул Келишимден келип чыгуучу талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет. Талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

4. Ар кандай маселелер

4.1. Келишимди өзгөртүүгө жана бузууга тараптардын макулдашуусу боюнча же Айыл өкмөтүнүн талабы боюнча жол берилет. Келишимди Айыл өкмөтүнүн талабы боюнча өзгөртүү жана бузуу бул жөнүндө Ишканага жазуу жүзүндө билдирген күндөн тартып ____ (_________________) күн өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

4.2. Ушул Келишим _______________________ айылында, шаарчасында _______________________ тилинде үч нускада түзүлдү (тараптардын ар бири үчүн бирден нус-ка жана бир нуска - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органына берүү үчүн). Ушул Келишим-дин үч нускасы тең бири-бирине окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ.

Тараптардын юридикалык даректери жана башка реквизиттери: Айыл өкмөтү Ишкана _______________________ ____________________________ _______________________ ____________________________ Банк реквизиттери: Банк реквизиттери: ____________________ _____________________ ____________________ _____________________ Тараптардын колдору: _____________________ _____________________ Күнү: Күнү: М.О. М.О.

Page 44: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

43

5 - ТИРКЕМЕ. Имаратты (курулушту, имарат жайды), ага бекитилген жер участогун жана башка мүлктү соода-сатык келишиминин үлгүсү (_______________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин сатуу жана аларды ижарага берүү эрежелерине тиркеме катары сунушталат)

Имаратты ( курулушту, имарат жайды), ага бекитилген жер участогун жана башка мүлктү

ТИПТҮҮ СООДА-САТЫК КЕЛИШИМИ

20___ -ж. «_____»___________ _______________ айылы ______________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын аталышы) шаардын Уставынын негизинде иш жүргүзгөн _______________________________ аркылуу,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) мындан ары - «Сатуучу», бир жагынан, жана ____________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А) _____________________________________________ негизинде иш жүргүзгөн _________________________________________ аркылуу, мындан ары – «Сатып алуучу», (ээлеген кызматы, Ф.А.А.) экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түздүк.

1- Бөлүм. Келишимдин предмети

1.1. Сатуучу Сатып алуучунун менчигине төмөнкүлөрдү өткөрүп берүүгө милдеттенет: - жалпы пайдалуу аянты ______ чарчы метрди түзгөн имарат (курулуш, имарат

жай), - ага бекитилип берилген, ушул Келишимге тиркелген Жер участогунун планынын

(№1-тиркеме) чектеринде жалпы аянты _______ чарчы метрди түзгөн жер участогу, - ___________________________________________________________________

дареги боюнча жайгашкан, курамы, саны жана башка мүнөздөмөсү Башка мүлктөрдүн тизмесинде (№2-тиркеме) көрсөтүлгөн башка мүлк (мындан ары – кыймылсыз мүлк объектилери), Сатып алуучу болсо аларды кабыл алууга жа-на алар үчүн _________ ( _____________________ ) сом төлөп берүүгө мил-деттенет.

1.2. Сатуучу ушул Келишимдин 1.1-пунктунда келтирилген кыймылсыз мүлк объекти-

лери менен бирге аларга тиешелүү документтерди Документтердин тизмегине (№3-тиркеме) ылайык өткөрүп берүүгө милдеттенет.

2 - Бөлүм. Тараптардын укуктары жана милдеттери

2.1. Сатуучу: 1) Сатып алуучуга үчүнчү жактардын каалаган укуктарынан жана башка

чектөөлөрдөн эркин болгон кыймылсыз мүлк объектилерин ушул Келишим күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) күндөн кеч эмес убакытта өткөрүп берүүгө,

2) кыймылсыз мүлк объектилери менен чогуу ушул Келишимдин 1.2-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди өткөрүп берүүгө,

3) Сатып алуучуга Келишимди нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан иш-аракеттерди жүргүзүүдө зарыл болгон жардамды көрсөтүү,

Page 45: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

44

4) Сатып алуучуга өткөрүп бергенге чейин кыймылсыз мүлк объектилерин алар ушул Келишимге кол коюу учурунда кандай абалда болсо, ошол абалда сак-тоого,

5) кыймылсыз мүлк объектилерине тиешелүү коммуналдык жана башка төлөмдөрдү ушул Келишим күчүнө кирген күнгө чейин төлөөгө,

6) кыймылсыз мүлк объектилеринин абалындагы же аларга укуктарды чектөөлөрдөгү ушул Келишим күчүнө киргенге чейин келип чыккан бардык өзгөрүүлөр жөнүндө Сатып алуучуга билдирүүгө милдеттенет.

2.2. Сатып алуучу:

1) кыймылсыз мүлк объектилерин ушул Келишим 2.1 пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө кабыл алууга,

2) кыймылсыз мүлк объектилерри үчүн алардын баасын ушул Келишимге ылайык төлөп берүүгө,

3) ушул Келишимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотари-алдык күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттенет.

2.3. Тараптардын ушул Келишимде каралбаган жоопкерчиликтери жана укуктары Кыр-

гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

3 - Бөлүм. Алдын-ала төлөм жана баа

3.1. Ушул Келишимдин баасы ушул Келишимдин 1.1 пунктунда келтирилген кыймыл-сыз мүлк объектилеринин наркынан турат жана ___________________ ( _____________ ) сомду түзөт.

3.2. Ушул Келишимдин баасы төмөнкү тартипте төлөнөт: 1) Сатып алуучу соодалоого катышуу үчүн ___________ ( _______________ ) сом

өлчөмүндө төлөгөн алдын-ала төлөм түздөн-түз ушул Келишимди түзгөндөн кийин ал боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине кошулат жана ушул Ке-лишимдин баасына киргизилет.

2) ушул Келишимдин баасынын ____________________ ( ____________________) сом өлчөмүндөгү калган бөлүгү Сатып алуучу тарабынан Сатуучуга ушул Ке-лишим күчүнө кирген күндөн тартып __________ (____________________) жу-мушчу күндүн ичинде, б.а. 20___-жылдын «___» ______________ чейин төлөнүп берилүүгө тийиш.

3.3. Ушул Келишим күчүнө киргенге чейин алдын-ала төлөм Сатуучуда сакталат. Эгер ушул Келишим Сатуучунун күнөөсү боюнча күчүнө кирбеген учур болсо, Сатуучу алдын-ала төлөмдү эки эселенген өлчөмдө кайрып берет, ошондой эле Сатып алуучуга соода-сатыкка катышууга байланышкан зыяндын алдын-ала төлөмдөн ашкан суммасынын ордун толтурат.

4 - Бөлүм. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

4.1. Ушул Келишимден келип чыккан талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө милдеттенишет.

4.2. Талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүүгө мүмкүн болбогон учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде чечилүүгө тийиш.

5 - Бөлүм. Корутунду жоболор

5.1 Ушул Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жатат жана мамлекет-тик каттоодон өткөн убактан тартып күчүнө кирет.

5.2. Ушул Келишим _______________________ айылында _______________________ ти-линде төрт нускада түзүлдү (тараптардын ар бири үчүн бирден нуска, үчүнчү нуска - нотариал-

Page 46: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

45

дык кеңседе сактоо үчүн жана төртүнчү нуска - кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органына берүү үчүн ).

Ушул Келишимдин 4 нускасы тең бири-бирине окшош жана бирдей юридикалык күчкө ээ. 5.3. Ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп:

а) №1-тиркеме – Жер участогунун планы, б) №2-тиркеме – Башка мүлктүн тизмеси, в) №3-тиркеме – Документтердин тизмеги.

Тараптардын юридикалык даректери жана башка реквизиттери:

Ижарага берүүчү Ижарачы _______________________ ____________________________ _______________________ ____________________________ Банк реквизиттери: Банк реквизиттери: ____________________ _____________________ Тараптардын колдору: _____________________ _____________________ Күнү: Күнү: М.О. М.О.

Page 47: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

46

6 – ТИРКЕМЕ. Ачык аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол

Ачык аукциондун жыйынтыктары жөнүндө ПРОТОКОЛ № 1

20___ -ж «___» ____________. __________________ айылы (түзүлгөн жери) Аукционду жана конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) курамында: Төрагасы _____________________________ Төраганын орун басары _____________________________ Комиссиянын мүчөлөрү: _____________________________ _____________________________ _____________________________ Катчысы _____________________________ №___ - лотко талапкер ачык аукциондун катышуучулары ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (аукциондун предметинин баяндамасы ) _____________________________________________________ _____________________________________________________ _____________________________________________________ Комиссия № ___ -лоттун баштапкы сатуу баасын ____________________ сом өлчөмүндө белгиледи. _________________________________ өткөрүлгөн ачык аукциондун жыйынтыктары боюнча , (аукционду өткөрүү күнү жана орду) №___- лотто көрсөтүлгөн _________________________________________________ укугун

(аукциондун предмети) №___ - Сатып алуучу сатып алды: ________________________________________________________________________ (аукциондо уткан жеке жактын Ф.А.А. же юридикалык жактын аталышы) (паспорттун/юридикалык жакты мам.каттоодон өткөрүү ж-ө күбөлүктүн номери, сериясы жана берилген күнү) ______________________________________________________________________________ (жашаган жери же юридикалык дареги) __________________________________________________________________сомго. (суммасы жазуу жана сан менен ) Сатып алуучу _______________________________ сом өлчөмүндө алдын-ала төлөм төлөдү.

Ушул Протоколго кол коюлгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде Сатуучу аукциондо уткан жак менен тиешелүү келишимге (мындан ары – Келишим) кол коет.

Аталган Келишимге кол коюлгандан кийин 12 жумушчу күндүн ичинде Сатып алуучу №____________ эсеп бетине ________________________________ сом өлчөмүндөгү калган сумманы же Келишимде көрсөтүлгөн сатып алуу баасынын ____________ %ын которот.

Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык нотариалдык күбөлөндүрүүгө жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жатат.

Соодалоодо уткан жак протоколго кол коюудан баш тартса, төлөнгөн алдын-ала төлөмүн жоготот. Соодалоодо уткан жак менен келишим түзгөндө анын алдын-ала төлөмүнүн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу эсебине кошулат.

Протоколго кол коюудан баш тарткан аукциондун уюштуруучусу алдын-ала төлөмдү эки эселеп кайрып берүүгө, ошондой эле соодалоодо уткан жакка соодалоого катышуу ме-

Page 48: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

47

нен тарткан зыяндын алдын-ала төлөмдөн ашкан суммасынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Тараптардын бири келишим түзүүдөн баш тарткан учурда экинчи тарап келишим түзүүгө мажбурлоо, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү жөнүндө талап менен сотко кайрылууга укуктуу.

Сатып алуучу Келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган, анын ичинде төлөмдүн бардык суммасын белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда Сатуучу Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык сотко Келишимди бузу, ошондой эле келтирилген зы-яндын ордун толтуруп берүү жөнүндө талап менен кайрылууга укуктуу. Мындай учурда Са-тып алуучу тарабынан төлөнгөн алдын-ала төлөм жана каттоо жыйымы кайрылып берил-бейт. Комиссиянын төрагасы: ________________________________________, Төраганын орун басары: ________________________________________, Комиссиянын мүчөлөрү: ________________________________________, ________________________________________, ________________________________________, ________________________________________, Катчысы: ________________________________________, Аукционист ________________________________________, Сатып алуучу же анын ишенимдүү кишиси (ишенимкат тиркелет) _______________________________________.

Page 49: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

48

7 - ТИРКЕМЕ. Кыймылсыз мүлк объектисине муниципалдык менчик укугун күбөлөндүрүүчү кыймылсыз мүлк бирдиги-не каттоо карточкасынын көчүрмөсү

Page 50: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

49

Page 51: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

50

8 - ТИРКЕМЕ. Жер участкасын кыймылсыз мүлк (капиталдык курулуш) куруу укугусуз ижаралоо келишиминин үлгүсү

Жер участкасын КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛК (капиталдык курулуш) КУРУУ УКУГУСУЗ

ижаралоо келишиминин үлгүсү 20___ -ж. «_____»___________ _______________ айылы ______________________________________________________________________________ (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органынын аталышы) _____________________ негизинде иш жүргүзгөн __________________________ аркылуу,

(ээлеген кызматы, Ф.А.А.) мындан ары - «Ижарага берүүчү», бир жагынан, жана ________________________________ (юридикалык жактын аталышы же жеке жактын Ф.А.А) _____________ (ээлеген кызматы, Ф.А.А.) негизинде иш жүргүзгөн ________________ аркы-луу, мындан ары – «Ижарачы», экинчи жагынан, төмөнкү жөнүндө ушул келишимди түздүк.

1. Келишимдин предмети жана иштөө мөөнөтү

Ижарага берүүчү Ижарачыга ______________________________________ үчүн (жер участогун пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн көрсөтүү)

________________________ дареги боюнча жайгашкан, аянты _______ жер участогун ушул Келишимге тиркелген участоктун схемасында көрсөтүлгөн чектеринде (1-тиркеме), ижара шарттарында 20__- ж ______ __ баштап 20__-ж _______ чейин __________ мөөнөткө берет.

Көрсөтүлгөн жер участогу ижарага имараттарды жана курулуштарды куруу жана жер участогунан ажырагыс башка кыймылсыз мүлктү түзүү укугусуз берилет.

2. Ижара төлөмдөрү

Ижара төлөмдөрү ушул Келишим күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет жана айына ___________ сомду түзөт. Эгер тараптар акы төлөөнүн башка графигин караган болбосо, ижара акысы Ижарачы тарабынан ай сайын, ар бир айдын 15-күнүнөн кеч эмес төлөнөт.

3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери Ижарачы укуктуу:

- ижарага алган жер участогунда ушул Келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга гана ылайык өз алдынча чарба жүргүзүүгө;

- терең фундаменттерди жана жер астындагы имарат жайларды коюуну, ошондой эле жер астынан коммуникацияларды өткөрүүнү караштырбаган жана кыймылсыз мүлк бирдиги катары мамлекеттик каттоого жатпаган жеңил жыйнама конструкция-лардан объектилерди (жеңилдетилген типтеги объектилерди) орнотууга; ижарага алган жер участогунда Ижарачы жайгаштырган жеңилдетилген типтеги объектилер анын менчиги болуп эсептелет;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ижарачылар үчүн каралган башка укуктарга. Ижарачы милдеттүү:

- жер участогун пайдалангандыгы үчүн ижара төлөмдөрүн өз убагында төлөп турууга; - ижарага алган жер участогунун жана жанаша жайгашкан территориянын начарла-

шына, ошондой эле ушул Келишимдин 1-пунктунда көрсөтүлгөн аныктамага тура келүүчү имараттарды жана курулуштарды (кыймылсыз мүлк) курууга жол бербөөгө;

- жер участогун пайдалануу мөөнөтүнүн ичинде берилген жер участогун жана жана-ша жайгашкан территорияны, арык системасын кошо таза кармоого;

Page 52: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

51

- ижарага алган участокту булгануудан, суу каптоодон, саз болуудан коргоо боюнча өз эсебинен иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле ижарага алынган жер участогун күтүү боюнча башка чыгымдарды тартууга;

- башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объектилерин пайдалануу тартибин бузбоого;

- Ижарага берүүчүгө ижарага алган жер участогунун сапатын начарлаткандыгына байланыштуу зыяндын ордун толтуруп берүүгө;

- Келишимдин мөөнөтү бүткөндө өз эсебинен жер участогунда курулган жана отургу-зулган бардык курулуштардан жана бак-дарактардан бошотуп, жер участогун баштап-кы абалына келтирүүгө жана Ижарага берүүчүгө кайтарып берүүгө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Келишимдин башка талап-тарын аткарууга.

Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз: - жер участогунда жеңилдетилбеген конструкциядагы курулуштарды, башка кый-

мылсыз мүлктү орнотууга, анын ичинде бактарды жана көп жылдык чөптөрдү отур-гузууга, ошондой эле мындай мүлккө укуктарды каттоого;

- ушул ижара келишими боюнча өз укуктарын жана милдеттерин башка жактарга өткөрүп берүүгө;

- ижара укуктарын күрөөгө коюуга жана аларды шериктештиктердин жана коомдор-дун уставдык капиталдарына салым катары же өндүрүш кооперативине пай взносу катары берүүгө укугу жок.

Ижарага берүүчүнүн макулдугусуз Ижарачы жүргүзгөн жер участогунун ажыратылгыс жак-шыртууларынын наркы ордун толтурууга жатпайт.

4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери Ижарага берүүчү төмөндөгүлөргө укуктуу:

- жер участогун пайдаланууга жана коргоого көзөмөл жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Келишимде каралган

учурда Келишимди бузуу; - айыл чарба багытындагы жерлердин абалынын же Ижарачынын чарбалык иш-

аракетинин жыйынтыгында башка керектөөлөр үчүн берилген участокто экология-лык жагдайдын начарлашы менен тарткан зыяндын ордун толтурууну талап кылуу;

- Ижарачынын макулдугу менен Келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толукто-олорду жана тактоолорду киргизип туруу;

- Ижарачы тарабынан жасалып жаткан, Кыргыз Республикасынын жер, жаратылыш-ты коргоо жана башка мыйзамдарын, ошондой эле ушул Келишимдин шарттарын бузган жумуштарды токтотуп коюу.

Ижарага берүүчү төмөндүлөргө милдеттүү: - Ижарачыга жер участогун ушул Келишимдин шарттарына туура келгендей жана

үчүнчү жактардын укуктарынан эркин абалда берүү; - Ижарачыга ушул Келишимге ылайык зарыл документтерди жана уруксаттарды да-

ярдоого жана кабыл алууга көмөк көрсөтүү; - Ижарачынын чарбалык иш-аракетине кийлигишпөө, эгер Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына жана ушул Келишимдин шарттарына каршы келбесе, жер участо-гун пайдаланууга тоскоолдук кылбоо.

Ижарага берүүчү ушул Келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бир бөлүгүн пайда-лануу укугун, келишимди белгиленген тартипте жокко чыгарбай туруп, үчүнчү жакка берүүгө укуктуу эмес.

5. Тараптардын жоопкерчилиги

Тараптардын ар бири ушул Келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Төмөнкү учурларда объектини Ижарачынын каражаттарынын эсебинен бузулууга (де-монтаждоого), ал эми жер участогу Ижарага берүүчүгө кайтарылууга жатат:

Page 53: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

52

- эгер ижара акысы боюнча карыз ал пайда болгондон ____________ айдан бери жабылбаса;

- пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүн бузуу; - айыл чарба багытындагы жер участогун кыртыштын баалуу катмарын бузууга

алып келүүчү жол менен пайдалануу; - айыл чарба багытындагы жер участогун экологиялык жагдайдын начарлашына

алып келгидей пайдалануу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.

6. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби

Ижарачынын чарбалык иш-аракет процессинде келип чыккан бардык талаш-тартыштарды тараптар сүйлөшүүлөр аркылуу чечүүгө тийиш.

Эгер макулдашууга жетишүү мүмкүн болбосо, талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

7. Башка шарттар

Ушул Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр , толуктоолор тараптардын макулдашуусу боюнча жазуу жүзүндө киргизилиши мүмкүн. Ушул Келишимди өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө сунуштарды тараптар бир айлык мөөнөттө карашат, алар кошумча макулдашуу ме-нен жазуу жүзүндө жолжоболонот жана тараптар же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коюшат.

Тараптар өз ара макулдашуу боюнча ушул Келишимди каалаган убакта Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык мөөнөтүнөн мурда буза алышат.

Келишимди бир тараптуу бузуу ушул Келишимдин 5-пунктунда каралган негиздер бо-юнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ эки нускада түзүлдү. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө, экинчиси – Ижарачыда. Юридические адреса и банковские реквизиты сторон: Ижарага берүүчү : Ижарачы : ______________________________ ______________________________ ______________________________ ______________________________ ______________________________ ______________________________ ______________________________ ______________________________

Тараптардын колдору: Ижарага берүүчү : Ижарачы : ______________________________ ______________________________ (колу) (колу) М.О. М.О. Ижара келишиминин мөөнөтү 200__ -ж "___" ________________ чейин узартылсын. Ижара келишиминин мөөнөтү 200__ -ж "___" ________________ чейин узартылсын. Ижара келишиминин мөөнөтү 200__ -ж "___" ________________ чейин узартылсын.

Page 54: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

53

9 – ТИРКЕМЕ. _____________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кый-мылсыз мүлк объектилерин сатуу жана аларды ижарага берүү эрежелери

Айылдык кеңештин 200__-ж «___» ______________ №___ ток-томуна №1-тиркеме

_____________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объ-

ектилерин сатуу жана аларды ижарага берүү ЭРЕЖЕЛЕРИ

_____________ айылынын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин са-туунун жана аларды ижарага берүүнүн ушул эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамда-рына, Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана Айылдын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объ-ектилерине ижара укугун берүүнүн жана аларды жеке менчикке сатуунун тартибин карайт.

1. Жалпы жоболор

Айылдын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерин менчикке сатуу же аларга ижара укугун берүү каалаган жеке жана юридикалык жактар катыша ала турган конкурс же аукцион формасындагы ачык соода-сатык өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт (мындан ары – конкурс).

Конкурстун предмети Айылдын муниципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объек-тисине, жер участогун кошо, ижара келишимин түзүү укугу же мындай объектини соода-сатык келишимин түзүүгө укук болуп эсептелет.

Конкурсту даярдоо жана өткөрүү __________ Айылынын айылдык кеңеши тарабынан түзүлүүчү жана Айылдык кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссия жөнүндө жобонун неги-зинде иштөөчү комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт. (№1-тиркеме).

Конкурсту техникалык даярдоону жана өткөрүүнү Комиссия Айыл өкмөтүнө же атайын жеке жана юридикалык жактарга тапшырууга укуктуу.

Айылдын муниципалдык менчигиндеги, сатылышы жана/же ижарага берилиши мүмкүн болгон кыймылсыз мүлк объектилеринин тизмеги Комиссия тарабынан түзүлөт жана айыл-дык Кеңеш тарабынан бекитилет (№2-тиркеме).

Конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү Комиссия тарабынан конкурсту өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күндөн кеч эмес убакыт калганда массалык маалымат каржаттарына жарыяланат жана коомдук жайларга илинет. Конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү төмөнкү маалыматты камтууга тийиш:

- конкурс өткөрүү убактысы, орду, предмети жана тартиби, - бекитилген конверттердеги баа сунуштары бар арыздарды кабыл алуу убак-

тысы, орду жана мөөнөттөрү; - сатылуучу же ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисинин аталышы

жана баяндамасы (жайгашкан жери, аталышы, тиби, аянты); - ар бир кыймылсыз мүлк объектиси боюнча белгиленген шарттар же

чектөөлөр, эгер ушундайлар болсо; - (ижарага берилүүчү) объектини пайдалануунун уруксат берилген түрлөрүнүн

тизмеси; - ижара мөөнөтү жана рыноктук ижара акысынын баштапкы өлчөмү; - конкурстун катышуучуларынын кыймылсыз мүлк объектисин алдын-ала карап

чыгуу жана ижара келишиминин же соода-сатык келишиминин долбоору ме-нен таанышуу мөөнөттөрү, орду жана тартиби;

- алдын-ала төлөмдүн суммасы жана төлөө мөөнөттөрү, ошондой эле аны ко-торо турган эсеп бети;

- ижара (соода-сатык) келишимине кол коюу мөөнөтү жана иштеп баштоо мөөнөтү); - байланыш телефонунун номери.

Page 55: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

54

За достоверность публикуемой информации и соответствие содержания извещения настоящим правилам и законодательству Кыргызской Республики несет ответственность Комиссия.

2. Комиссиянын жана конкурстун катышуучуларынын укуктары жана милдеттери

Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу :

- баштапкы айлык рыноктук ижара акыдан ашпоого тийиш болгон алдын-ала төлөмдүн өлчөмүн аныктоо, ал эми менчикке сатууда – баштапкы сатуу баасынын 0,5 жарымы;

- конкурстун жарыяланган өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күндөн кеч эмес убакыт калганда се-бебин түшүндүрбөстөн конкурстан баш тартуу, аны өткөрүүнү жылдыруу же каалаган объектини конкурстан алып салуу. Конкурсту өткөрүүдөн көрсөтүлгөн мөөнөттү бузуу менен баш тарткан учурда конкурстун уюштуруучусу конкурстун катышуучуларына алар тарткан реалдуу зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Комиссия төмөнкүлөргө милдеттүү:

- конкурсту өткөрүү күнүнө 30 (отуз) күндөн кеч эмес убакыт калганда конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүнү массалык маалымат каржаттарына жарыялоо жана аны коомдук жайларга илүү;

- конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну жана арыздарды каттоо журналы-на каттоону жүргүзүү;

- конкурсту ушул Эрежелерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү;

- конкурса катышуу каалоосун билдирген жактарга ижарага бериле турган же менчикке сатыла турган кыймылсыз мүлк объектисин карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

- конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол койгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде же конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө конкур-ста уткан жак менен ижара келишимин (соода-сатык келишимин) түзүү.

Конкурса катышуу каалоосун билдирген жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

- өкүлү аркылуу же өзү конкурска катышуу; - ушул Эрежелер менен таанышуу; - белгиленген тартипте конкурстун предмети болгон кыймылсыз мүлк объектисин

карап чыгуу; - ал боюнча зарыл маалыматты жана кеңештерди алуу, ошондой эле зарыл болгон

учурда - өз эсебинен тиешелүү адистерди тартуу; - конкурс башталганга 3 (үч) күндөн кем эмес убакыт калганда конкурска катышуу-

дан баш тартуу жана ал берген арызды кайрып берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берүү жолу менен конкурска катышуудан баш тартуу;

- ушул Эрежелерде каралган башка иш-аракеттерди жасоо.

Конкурса катышуу каалоосун билдирген жеке жана юридикалык жактар конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кеч эмес алдын-ала төлөмдү төлөөгө милдеттүү, ал эми конкурста уткан учурда - конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол койгон күндөн тартып 10 күндүн ичинде же конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө келишим түзүү. Конкурстун катышуучулары, конкурста уткан жактан башкасы, жөнүндө маалыматтар жарыяланууга жатпайт.

3. Баштапкы айлык рыноктук ижара акысын аныктоонун тартиби

Баштапкы айлык рыноктук ижара акысы же сатуу баасы Комиссия тарабынан бекитилет. Комиссия же анын тапшырмасы боюнча айыл өкмөтү ____________ Айылынын муни-

ципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерине ижара укуктарын сатуу жана берүү боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтардын туруктуу базасын жүргүзөт.

Маалыматтар базасына төмөнкү маалыматтар киргизилет:

Page 56: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

55

- сатылуучу же ижарага берилүүчү кыймылсыз мүлк объектисинин кыскача баян-дамасы (аталышы, жайгашкан жери, тиби, ижарага берилип жаткан аянт);

- конкурсту өткөрүү убактысы жана орду; - баштапкы жана акыркы айлык рыноктук ижара акысы (сатуу баасы) ; - эгер конкурстун предмети ижара келишимин түзүүгө укук болуп эсептелсе, ижара

келишиминин мөөнөтү; - баштапкы бааны аныктоо үчүн кыймылсыз мүлк объектисин баалоого катышкан көз

карандысыз баалоочунун аты-жөнү (эгер мындай баалоочу чакырылган болсо). Комиссия же анын тапшырмасы боюнча айыл өкмөтү ____________ Айылынын муни-

ципалдык менчигиндеги кыймылсыз мүлк объектилерине ижарага берүүдө баштапкы жана акыркы ижара акыларын жана жеке менчикке сатууда сатуу бааларын талдоого алат жана салыштырат жана кийинки кыймылсыз мүлк объектилери үчүн айлык ижара акынын (сатуу баасынын) конкурстук ставкалары тууралуу маалыматтар топтолгонуна жараша баштапкы бааларга түзөтүү киргизет.

Ар бир кыймылсыз мүлк объектиси боюнча баштапкы айлык ижара акысын (сатуу баа-сын) баалоо үчүн пайдаланылган материалдар белгиленген тартипте Комиссияда сакталат.

4. Конкурс өткөрүүнүн тартиби

Конкурса катышуу каалоосун билдирген жеке жана юридикалык жактар лоттун номерин көрсөтүү менен бекитилген конверттерде баа сунуштары бар арыз берүүгө жана алардын инсан экендигин жана ыйгарым укуктарын күбөлөндүрүүчү (паспорт, юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралуу күбөлүк, ишенимкат же анын мыйзамда белгилен-ген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) жана алардын алдын-ала төлөмдүн суммасын төккөндүгүн тастыктоочу документтерди берүүгө милдеттүү.

Комиссия арыздарды бекитилген конверттерде кабыл алат жана арыздарды каттоо журналына каттайт.

Арызда айлык ижара акынын сунушталып жаткан өлчөмү (КНСтын суммасы айлык ры-ноктук ижара акысынын баштапкы өлчөмүнө кошулаарына байланыштуу бул сумма КНСты камтыйбы же жокпу деген маалыматтарды көрсөтүү менен) жана объектини пайдалануу ба-гыты.

Соода-сатык келишимдерин түзүү укугуна конкурска катышуу үчүн арызда сунушталып жаткан сатып алуу баасы (КНСтын суммасы сатуу баасынын баштапкы өлчөмүнө кошулаа-рына байланыштуу бул сумма КНСты камтыйбы же жокпу деген маалыматтарды көрсөтүү менен) көрсөтүлөт.

Алдын-ала төлөм конкурс башталганга 3 (үч) күндөн кеч эмес убакытта төлөнөт. Бир нече кыймылсыз мүлк объектилери боюнча конкурса катышуу каалоосун билдирген жеке же юридикалык жак ар бир кыймылсыз мүлк объектиси боюнча алдын-ала төлөм төлөөгө милдеттүү.

Эгер болбой калса же конкурска катышкан жак анда ута албай калса, төлөнгөн алдын-ала төлөм 10 күндүн ичинде кайтарып берилүүгө тийиш.

Конкурс Комиссиянын төрагасын же анын орун басарын кошкондо Комиссиянын 5 тен (бештен) кем эмес мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт.

Конверттер анда бекитилген арыздары менен Комиссиянын ачык отурумунда, ачык, коомдук жеткиликтүү жерде, отурумда конкурстун катышуучусу бар же жок экендигине ка-рабастан ачылат.

Конкурстун жеңүүчүсү болуп эң жогорку сатуу баасын (ижара акысын) сунуш кылган жак эсептелет. Ижара келишимин түзүү укугуна конкурста баадан сырткары ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн муниципалдык менчик объектилерин пайдалануу багытынын пайдалуулугу эске алынат.

Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда келип чыккан, конкурс өткөрүүгө байланышкан талаш-тартыштар ачык добуш берүү менен чечилет, ал эми добуштар бирдей санда болуп калса, төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Конкурста уткан катышуучу жана конкурстун уюштуруучусу конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюшат. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол эки нускада түзүлөт, Комиссия жана конкурста уткан катышуучу үчүн бирден нуска.

Page 57: КЫРГЫЗСТАНДА МУНИЦИПАЛДЫК …siteresources.worldbank.org/INTKYRGYZ/Resources/305660...курулуштун мурунку менчик ээси ээ болгон

Муниципалдык менчикти башкарууунун каржы аспекттери. Методикалык колдонмо

56

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуда конкурста уткан катышуучу конкурстун уюштуруучусуна анын инсан экендигин тастыктоочу документтерди көрсөтүүгө милдеттүү, ал эми өкүлдөр үчүн - протоколго кол коюуга укуктуу экендигин тастыктоочу до-кументтер.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдо: конкурс өткөрүлгөн күн, убакыт жана орду, Комиссиянын курамы, конкурста уткан жактын Ф.А.А. (аталышы), лоттун номери, ижа-ра акысынын (сатуу баасынын) баштапкы жана акыркы өлчөмү, эсеп бетинин номери, акы кайда төлөнөөрү жана тараптардын ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери көрсөтүлөт.

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан конкурстун ка-тышуучусу төлөгөн алдын-ала төлөмүн жоготот жана конкурстун жеңүүчүсү укугунан ажырайт.

Бир гана катышуучу катышкан конкурс өтпөй калган катары таанылат. Комиссиянын күнөөсү боюнча туура эмес маалымат берилип калган учурда конкурста

жеңген жак конкурстун предметин алуудан баш тартууга жана төлөгөн алдын-ала төлөмүн кайрып берүүсүн талап кылууга укуктуу.

5. Ижара келишимин түзүүнүн тартиби

Конкурста уткан жак жана Айыл өкмөтү конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол-дун негизинде конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол койгон күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде же конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүүдө көрсөтүлгөн башка мөөнөттө ижара келишимин түзүшөт, эгер конкурстун предмети соода-сатык келишимин түзүүгө укук болсо, анда соода-сатык келишимин түзүшөт.

Конкурста уткан жак ижара (соода-сатык) келишимине кол коюудан баш тарткан учурда ал төлөнгөн алдын-ала төлөмүн жоготот. Ижара (соода-сатык) келишимине кол коюудан баш тарткан конкурстун уюштуруучусу алдын-ала төлөмдү эки эселеп кайрып берүүгө, ошондой эле конкурстун жеңүүчүсүнө конкурска катышуу менен тарткан зыяндын алдын-ала төлөмдөн ашкан суммасынын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү.

Конкурста уткан жак менен ижара (соода-сатык) келишимин түзүүдө ал төлөгөн алдын-ала төлөмдүн суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруунун эсебине кошулат.

6. Корутунду жоболор

Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө, конкурста уткан жактын аты-жөнүн (аталышын), ижара келишими боюнча бааны жана башка шарттарды жана чектөөлөрдү кошуп, Комиссия коомчулукка коомдук жайларда жазуу жүзүндөгү билдирүүлөрдү таркатуу жана бул маалы-матты конкурс өткөн күндөн тартып 15 күндүн ичинде _______________________ Айылынын муниципалдык менчик объектилеринин реестрине киргизүү аркылуу билдирүүгө милдеттүү.

Конкурс өткөрүү тартибине жана жыйынтыктарына, анын ичинде аларды жараксыз деп табуу менен байланышкан талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.