ab.docx · web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ...

71
И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЙ МУРАС ИНСТИТУТУ Диссертациялык кеңеш д 07.16.528 Кол жазма укугунда УДК 37.0 Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК АЗИЯ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН Адистиги: 07. 00. 02 – Ата Мекен тарыхы Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын А В Т О Р Е Ф Е Р А Т Ы Илимий консультанты:тарых илимдеринин доктору, профессор АБДЫРАХМАНОВ Т. А. 1

Upload: others

Post on 16-Jan-2020

8 views

Category:

Documents


0 download

TRANSCRIPT

Page 1: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

И. АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЖАНА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ

ТАРЫХ ЖАНА МАДАНИЙ МУРАС ИНСТИТУТУ

Диссертациялык кеңеш д 07.16.528

Кол жазма укугунда УДК 37.0

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич

АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК

АЗИЯ ЖАНА КЫРГЫЗСТАН

Адистиги: 07. 00. 02 – Ата Мекен тарыхы

Тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын

А В Т О Р Е Ф Е Р А Т Ы

Илимий консультанты:тарых илимдеринин доктору,

профессор АБДЫРАХМАНОВ Т. А.

Бишкек – 2016

1

Page 2: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Диссертация И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы тарых кафедрасында аткарылды.

Илимий консультанты: тарых илимдеринин доктору, профессор Абдырахманов Т. А.

Расмий оппоненттер: тарых илимдеринин доктору, профессор Кылычев А. М.

тарых илимдеринин доктору, профессор_________________________________

Жетектөөчү мекеме: _________________________________ _________________________________ _________________________________

Диссертация 2015-жылдын «___» _______________ саат ____ дө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине жана Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институтуна караштуу тарых илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын коргоо боюнча түзүлгөн д 07.16.528диссертациялык кеңештин жыйынында корголот. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 51а, № __корпус, ___-аудитория.

Диссертация менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасынан таанышууга болот, Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 51а.

Автореферат 2016-жылдын «____» ______________ таркатылды.

Диссертациялык кеңештинокумуштуу катчысы,тарыхилимдеринин доктору Курбанова Н. У.

2

Page 3: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

ИШТИН ЖАЛПЫ МҮНӨЗДӨМӨСҮ

Теманын актуалдуулугу. XX кылымдын аягы XXI кылымдын башында дүйнөдөгү геосаясий абал кескин өзгөрүп, анын натыйжасы Борбордук Азиянын постсоветтик өлкөлөрү менен Кыргызстанга түздөн-түз таасир эткени белгилүү. Бул өзгөрүүлөр СССРдин кыйрашы менен болгон эл аралык мамилелердин биполярдык системасынын жоюлушу жана ушуга байланыштуу АКШнын геосаясий стратегиясындагы бурулуштарга байланыштуу болду.

Бул өңүттөн алганда, АКШнын геосаясий стратегиясындагы өзгөрүүлөрдү жана алардын негизинде ишке ашырылып келген Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кыргызстанга карата болгон Американын саясатындагы бурулуштарды 3 этапка бөлүп кароого болот.

Биринчи этап, 1991-жылы СССРдин кыйрашы жана Борбордук Азияда көз каранды эмес мамлекеттердин жаралышы менен башталып, 2000-2001-жылдар менен аяктайт. Борбордук Азиянын өлкөлөрүнө карата болгон АКШнын стратегиялык аракеттери СССР кулап, социалистик лагерь жоюлуп, эл аралык мамилелер моделиндеги биполярдык системанын ордуна униполярдык системанын орношу жана АКШнын дүйнөлүк гегемонго айланышына байланыштуу болгон.

Бул мезгилдеги АКШнын дүйнөлүк геосаясий концепциясы жана анын бир өңүтү болгон Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата болгон саясаты АКШнын президенти Дж. Буш 11 сентябрь 1991-жылы жарыялаган “Дүйнөлүк жаңы тартип” доктринасына негизделип, салыштырмалуу “жумшак” күчтөргө таянуу менен ишке ашырылган болчу. Бул мезгилди мүнөздөп жана анын максатын аныктап жатып Дж. Буш “Бул бүдөмүк мезгил биздин жалпы максатыбыз болгон дүйнөлүк жаңы тартипти жаратышы мүмкүн. Азыркы дүйнөгө таптакыр окшобогон бул жаңы дүйнө азыркы күндө өзүнүн жаралуу укугу үчүн күрөшүп жатат” деп айткан. “Дүйнөлүк жаңы тартиптин” гегемону катары АКШны сыпаттап жатып Дж. Буш “Дүйнөлүк жаңы тартипти” колдоо үчүн зарыл болгон маралдык ишеним жана реалдуу каражаттар бир гана АКШнын колунда бар” деп белгилеген. Муну менен АКШ дүйнөнүн гегемону болуп, “Дуйнөлүк жаңы тартипти” акырындык менен жана “жумшак күчтөрдүн” жардамы аркылуу ишке ашырыууну көздөгөн.

Экинчи этап, 11 сентябрь 2001-жылкы Нью-Йорктогу Дүйнөлүк соода борборуна террордук кол салуудан кийин башталып, болжол менен 2010-жылга чейин созулган. Террордук кол салуудан кийин Дж. Буштун администрациясы “Терроризмге каршы согуш” жарыялап, эл аралык мамилелерде, анын ичинде Борбордук Азияда, “жумшак күч” ордуна согуштук күч колдонууга өткөн. Бишкектеги “Манас” аэропортунда 2001-жылы декабрда жана ушул эле жылы Өзбекстандын Карши шаарынын

3

Page 4: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

жанында “Ханабад” аэропортунда АКШнын аскердик базалары ачылган. Бул этапта АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Кыргызстанга карата иш аракеттери абдан активдүү-агрессивдүү мүнөздө болгон. Бул багыттагы президент Дж. Буш (кичүүсү) ишке ашыргысы келген “Чоң Борбордук Азия” доктринасы АКШ үчүн көп нерселерди үмүттөндүргөн аракеттерден болгон. Аскердик базалардын ачылышы менен гана чектелбестен, АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине дагы активдүү кийлигишип, адам укуктарын коргоо жана демократияны жайылтуу боюнча бир топ нерселерди жүргүзгөн. Айрым маалыматтар боюнча, 2005 жылы болгон Өзбекстандагы Анжиян окуялары менен 2005 жана 2010 жылдардагы Кыргызстандагы революцияларга АКШнын тиешеси бар деген пикир айтылып жүрөт. “Башкарылма хаос” тактикасын колдонуу менен АКШ Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштынондон ашыкөлкөлөрүндө түстүү революцияларды ишке ашырып, бул процесс Борбордук Азия өлкөлөрүнө дагы коркунуч туудура баштаган. Бул жылдары Борбордук Азиядагы таасир үчүн АКШ менен Орусиянын ортосундагы күрөш күчөп, Орусиянын “салмагы” артып, бул көрүнүш дагы АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрүнө карата болгон саясатына терс таасир этип турган.

АКШнын Борбордук Азия олколоруно жана Кыргызстангакарата геосаясий аракеттеринин үчүнчү этабы 2010-жылдан башталып, азыркыга чейин созулуп келе жатат. Бул этапта АКШнын Борбордук Азиядагы позициясы солгундап, Орусиянын таасири күчөдү. Өзгөчө Кыргызстандагы АКШнын үстөмдүгү солгундап, “Манас” аэропортундагы авиабаза 2014-жылы июльда жабылган.АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы 1993-жылы 19-майда түзүлгөн Кыргызстанга көмөк көрсөтүү жөнүндөгү Алкактык келишим Кыргызстан тарабынан бир тараптуу денонсацияланып, бул Келишимдин мааниси анча күчтүү болбосо дагы маселе эл аралык чоң саясий резонансты жараткан.Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин Борбордук Азиянын башка олкөлөрүндө аскердик база түзүү боюнча АКШнын аракеттери дагы майнапсыз болуп чыкты.

Ошентип, АКШнын Борбордук Азия өлкөлөрү жана Кыргызстанга карата болгон геосаясий мамилелери азыркы учурда жаңы багыттарды тандоонун алдында турат. Бул маселе АКШ гана эмес Борбордук Азия өлкөлөрүжанаКыргызстан үчүн абдан актуалдуу нерсе экендиги талашсыз. Диссертациянын темасынын актуалдуулугу дагы мына ушунда. Бул теманын актуалдуулугу боюнча кошумча белгилеп кете турган нерсе, каралып жаткан маселе Кыргызстандын азыркысы жана келечеги үчүн өтө актуалдуу экендигине карабастан соңку жылдарда бул өңүттөгү атайын илимий изилдөөлөр болбой, маселе тиешелүү илимий баасын жана практикалык маанидеги тыянактарын албай келет.

Изилдөөнүн предмети болуп ХХ кылымдын аягы – ХХI кылымдын башындагы тышкы саясаты эсептелинет.

4

Page 5: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Диссертациялык теманын негизги илимий иштер менен болгон байланышы. Илимий диссертация изилдөөчүнуүн демилгелүү иши болуп эсептелинет.

Изилдөөнүн объектиси катары 1991-2016 жылдардагы АКШнын Борбордук Азия өлкөлөру менен Кыргызстанга карата болгон геосаясий стратегиясы менен анын негизинде ишке ашырылып келген тышкы саясаты каралат.

Иштин методологиялык негизин - логикалык метод, салыштыруу методу, сүрөттөө жана тарыхый салыштыруу методу, типологиялык (мамлекеттин позициясын гегемон же глобалдык лидер катары классификациялоо) жана феноменологиялык (конкреттүү тажрыйбаны илимий иликтөө жана аны минималдуу бурмалоо жолу менен сүрөттөө) методдор, ошондой эле рационалдуу тандоо теориясы (мамлекеттин геосаясий стратегиясын калыптандырууда саясий элитанын иш-аракеттерин, жүрүм-турумун, мотивдерин сүрөттөө), мейкиндик методу (дүйнөнүн геосаясий картинасын түзүү), институтташтырылбаган метод (геосаясий стратегияны калыптандыруу жана ишке ашыруу процесстерине таасир эткен факторлордун анализи) түздү.

Изилдөөнүн максаты жана милдеттери. Иштин негизги максаты болуп, АКШнын Борбордук Азияга жана Кыргызстанга карата жүргүзүп келе жаткан геосаясий стратегиясына баа берип, анын негизги багыттарындагы өзгөрүү тенденцияларын аныктоо эсептелинет.

Коюлган максатка жетүү төмөнкүдөй бир катар маанилүү милдеттерди чечүүнү шарттайт:

– ХХ кылымдын аягы – ХХI кылымдын башындагы АКШнын Борбордук Азиядагы геосаясий кызыкчылыктары менен стратегиясын аныктоо;

– АКШнын постсоветтик Борбордук Азиядагы саясатынын эволюциясын, негизги багыттарын жана өзгөчөлүктөрүн тактоо ;

–АКШнын Кыргыз Республикасындагы кызыкчылыктарына жана аларды ишке ашыруу багыттарына баа берүү;

– Кыргыз Республикасы менен АКШнын кызматташтыгындагы көйгөйлөрдү изилдеп, алардын себептерин жана кемепеттерин далилдөө;

– акыркы учурларда АКШнын Кыргыз Республикасына карата болгон мамилелердеги көйгөйлөрүн чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун божомолдоо;

Иштин иштелип чыгуу даражасы. Изилдөө иши жалпы жонунан АКШ - Борбордук Азия жана Кыргызстан ортосундагы мамилелерди

5

Page 6: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

салыштырмалуу анализ методунун негизинде изилдөө булактарын төмөнкүдөй топторго ажыратууга болот:

Изилдөө адабияттарынын биринчи тобун АКШнын дүйнөлүк геосаясий процесстер менен айрым мамлекеттердин тышкы саясатындагы орду менен ролу, бул ролду өзгөртүү тенденцияларын аныктаган факторлордун проблематикасы тууралуу америкалык авторлорго таандык көп сандаган теориялык эмгектер арналган. Айтсак, америкалык дипломат, эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү эксперт Генри Киссинджер өзүнүн «Дипломатия»i жана «Америкага тышкы саясаттын кереги барбы?»ii деген ХХ жана ХХI кылымдардын чегиндеги дүйнөлүк тартиптин калыптануу мыйзам ченемдүүлүктөрүн карап жатып, геосаясий мейкиндиктин жаңы шарттарындагы АКШнын ордун аныктоого аракеттерди жасаган. Америкалык политолог, социолог жана АКШнын тышкы саясатынын идеологу Збигнев Бжезинский Америка Кошмо Штаттарынын геосаясий стратегияларын ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрүнө «Тандоо: дүйнөлүк үстөмдүк же глобалдык лидерлик»iii, «Дагы бир шанс: үч президент жана америкалык супер державанын кризиси»iv, «Улуу шахмат тактасы»v жана башка китептеринде көп көңүл бурган. Эл аралык мамилелер жаатында профессор, эл аралык мамилелер боюнча Кеңештин Европалык бөлүмүнүн директору Чарльз Капхен Американын учуру менен келечегине карата мындай оптимисттик маанайда болгон эмес. «Американын күнүнүн бүтүшү. Аз калды»vi деген китепте автор АКШнын тышкы саясаттагы гегемонизмин курч сынга алып, адамзаттын тарыхында улуу державалардын баардыгы өздөрүнүн үстөмдүк кылган позицияларын тигил же бул маанайда жоготкон сымал Америка да эртеби, кечпи өзүнүн дүйнөлүк мейкиндиктеги гегемондук кылуу ордун жаңы амбициялуу оюнчуларга бошотуп берээрин далилдөөгө аракет кылган. Чарльз Капхен өзүнүн жогоруда аталган китебинде Американын бир уюлдуу, же жеке басаарлык позициясы түбөлүктүү эмес деген бир катар авторлордун эмгектерине кеңири токтолгон.

Френсис Фукуяма («Тарыхтын соңу»vii, «Күчтүү мамлекет: ХХI кылымдагы башкаруу жана дүйнөлүк тартип»viii), Джон Миршеймер («Келечекке карай артка: кансыз согуштан кийинки Европадагы туруксуздук»ix, «Эмне себептен биз бир аздан соң кансыз согушту сагына баштайбыз?»x), Сэмюель Хантингтон («Цивилизациялардын кагылышы»xi), Пол Кеннеди («Жыйырма биринчи кылымга даярдануу»xii) жана Роберт Каплан («Анархиянын келиши: кансыз согуштан кийинки кыялдардын талкаланышы»xiii), Томас Фридман («Лексус» жана зыгыр дарагы»xiv) Америка дүйнөлүк геосаясий мейкиндиктин картасында ашынган лидер болуп саналбаган беш альтернативалуу вариантты сунуш кылышат. Ушундай эле көз караш жаңы тарыхтагы Нидерландиянын (XVII кылымдын ортосу), Британиянын (XIX кылымдын ортосу) жана АКШнын (XX кылымдын ортосу) гегемониясы деп аталган гегемониянын үч геоэкономикалык циклин айырмалаган британдык географ П. Дж. Тейлорго да таандыкxv.

6

Page 7: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Америкалык социолог, дүйнөнү системалуу анализге тарткан Иммануил Валлерстайн да америкалык бийликтердин саясатын сындап чыгып, бүткүл дүйнө кризиске батып, ал эми глобализация процесстери буга көмөк берүүдө деп баса белгилегенxvi. Америкалык политолог, эл аралык маселелер боюнча эксперт Джозеф Най ааламдашуу жана маалыматтык революциялардын шартындагы мамлекеттин ичиндеги гана башкаруу жана бийлик маселелери эмес, дүйнөлүк сахнадагы мамлекеттердин бири биринен болгон универсалдуу көз карандылыгы менен байланышкан тышкы саясий проблемаларды да ачып бергенxvii. Буларга кошумча катары АКШнын университеттеринин архивдеринен, ал жерде жарык көргөн прессадагы маалыматтардан жана макалалардан кеңири пайдаланылды.

Изилдөө адабияттарынын экинчи тобун АКШнын Борбордук Азияга жана Кыргызстанга карата геосаясий стратегиясы менен тышкы саясатынын расмий документтери түзөт. Изилдөөнүн жүрүшүндө америкалык расмий документтердин доктриналдык мүнөз күткөн бүтүндөй бир катмары иликтенди. Мындай документтердин катарына АКШнын улуттук коопсуздугунун Стратегиялары, чөлкөмдүк стратегиялар, АКШнын Мамлекеттик департаментинин адам укуктары жана динге ишенүү эркиндиги боюнча отчеттору, Сенаттын жана конгресстин угуулары, Конгресстин архиви жана отчеттору, Төрт жылдык коргонуу обзорлору, Улуттук чалгындоо стратегиясы жана Чалгындоо ишмердигинин баасы киретxviii.

Аткаруу бийлигинин документтеринен сырткары, АКШнын мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан даярдалган докладдар менен материалдар да өзгөчө зор илимий кызыгууну туудурат. Алардын катарына АКШ Конгрессинин «Конгрешинлз Рекордз» деп аталган изилдөө борборунун докладдары, ошондой эле Конгресстин тышкы жана коргонуу саясатынын маселелери боюнча отурумдарынын резолюциялары менен дискуссиялуу материалдарын киргизүүгө болотxix.

Америкалык жогорку кызмат адамдарынын, мамлекеттик катчылардын, мамлекеттик катчылардын орун басарларынын жана коргонуу министрлеринин АКШнын жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жасаган саясатынын айрым маселелерине тийиштиги бар сөздөрү жазылдыxx.

Бул документтер менен материалдардын анализи Борбор Азия чөлкөмүндөгү америкалык саясаттын эволюциясы менен ырааттуулугун тастыктоого, ошондой эле АКШнын аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин ичиндеги көз караштардын спектрин аныктоого, АКШ менен Кыргызстандын жетекчилеринин көз караштарындагы окшоштук менен айырмачылыктарды идентификациялоого жардам берет.

Адабияттардын үчүнчү тобун америкалык жана башка Батыш өлкөлөрүнүн эксперттеринин изилдөөлөрү түзөт. Алардын катарына С. О’Хара, Э. Румер, Р. Соломон, С. Фэтвейс, М. Эдвардсxxi өңдүү окумуштуулардын, ошондой эле Джон Хопкинс университетинин алдындагы Борбор Азия жана Кавказ Институту, Вашингтондогу тышкы саясатты

7

Page 8: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

анализдөө Институту, Колумбия университетинин алдындагы Гарриман Институту, Улуттук коргонуу университетинин алдындагы Борбор Азия Институту жана улуттук коопсуздук Борбору өңдүү АКШнын таасирлүү «мээ борборлорунун» кызматкерлеринин эмгектериxxii кирет.

«Борбор Азия жана Кавказ» журналын чыгарган Борбор Азия жана Кавказ Институту (Лулео шаары, Швеция)xxiii жана «Борбордук Евразия» жылына чыгуучу басмасы таандык болгон Кавказдагы стратегиялык изилдөөлөр Институту (Баку шаары, Азербайжан) сыяктуу илимий борборлордун изилдөөлөрү анализге тартылды.

АКШнын жетекчилигинин чечимдери үчүн олуттуу таасир берүү дараметине ээ болгондуктан, жогоруда аталган колдонмо жана изилдөө иштерин өтө маанилүү деп табабыз.

Адабияттардын төртүнчү тобуна КМШ өлкөлөрүнүн окумуштууларынын эмгектери менен изилдөөлөрү кирет. Т. П. Лебедева өз эмгектеринде Америка Кошмо Штаттарына карата глобалдык лидерлик жана гегемонизм проблематикасынын маанилүү өңүттүрүнө, ошондой эле дүйнөнүн жаңы борборлорун жандандыруу менен анын жаңы геосаясий картинасын калыптандыруунун мүмкүн болгон варианттарына кеңири токтолгонxxiv. Тарых илимдеринин доктору, профессор К. С. Гаджиев заманбап эл аралык проблемаларга, геосаясий тартип менен туруктуулуктун (стабилдүүлүктүн) факторлорго геосаясий анализ бергенxxv. Политолог, тарых илимдеринин доктору, профессор С. М. Рогов «АКШнын стратегиясы – күчү боюнча өзүнө тең келген атаандаштын пайда болуусуна жол бербөө»xxvi, «Үчүнчү миң жылдыктын башталышындагы Америка мамлекети»xxvii жана башка макалаларында АКШнын заманбап дүйнөдөгү абалына, ошондой эле орусиялык-америкалык мамилелерге кеңири токтолсо, К. В. Плешаков «Геосаясий ойломдун компоненттери» деген эмгекте материалдык факторлордун көз карашында субъекттерге мейкиндикти тескөөгө алууга мүмкүндүк берген негизги геосаясий процесстерди аныктаганxxviii. Эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү адис, АКШнын тышкы саясаты боюнча эксперт А. И. Уткин «ХХI кылымдагы дүйнөлүк тартип» деген эмгекте бир өлкөнүн гегемониясынын концептуалдык багыттарын ачып бергенxxix.

Изилденип жаткан теманы иштеп чыгууда А. Богатуров, А. Дугин, П. Цыганковxxx жана башкалар тарабынан жүргүзүлгөн эл аралык мамилелер боюнча жалпы теориялык изилдөөлөр, ошондой эле Г. Арбатов, М. Братерский, А. Копылов, Ф. Лукьянов, А. Уткинxxxi өңдүү орусиялык окумуштуулардын АКШнын тышкы саясаты боюнча жазылган эмгектери да чоң жардам берди.

АКШнын БА чөлкөмү, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жасаган саясатын изилдеген башка орусиялык илимий борборлор болуп Орусиялык илимдер Академиясынын АКШ жана Канада Институтуxxxii, Орусиялык илимдер Академиясынын чыгыш таануу Институтуxxxiii, Орусиялык илимдер Академиясынын эл аралык коопсуздук

8

Page 9: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

проблемаларынын Институтуxxxiv, эл аралык мамилелердин Москва мамлекеттик институту ((МГИМО (У))xxxv эсептелет.

Адабияттардын бешинчи тобун эл аралык мамилелер жана АКШнын саясаты боюнча адистешкен кыргыз окумуштуулары менен эксперттеринин Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын 1991-2014-жылдар аралыгындагы негиздүү приоритеттеринин калыптанышы менен ишке ашуусун чагылдырган эмгектери түзөт.

Ата мекендик историографияда объективдүү жана субъективдүү себептерден улам Кыргызстандын эл аралык мамилелеринин заманбап этабы толук кандуу изилдөөгө тартылбай келет. Өлкөнүн тышкы саясий приоритеттери тууралуу талаш-тартыштар ХХ кылымдын 90-жылдарынын башынан аягына чейин активдүү болуп келсе да, алардын басымдуу бөлүгү илимий басылмаларга жетпей, массалык маалымат каражаттарында гана чагылып кала берген. Кыргызстандын эл аралык байланыштарын, анын ичинде Кыргызстан-АКШ мамилелерин заманбап саясий процесстердин призмасы аркылуу анализдеген илимий изилдөөлөр азырынча өтө эле сейрек, же дээрлик жокко эсе. Дал ушул жагдайдан улам Кыргыз Республикасынын тышкы саясий өнүгүүсүнүн заманбап этабындагы негиздүү жана өзөктүү тенденцияларга реалдуу баа берүү жана аларды түшүнүү үчүн жогоруда аталган өтө сейрек илимий эмгектер өзгөчө мааниге ээ.

Мындай сейрек изилдөөлөрдүн катарына ошол кезде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары кызматында турган А. Ж. Жекшенкуловдун эмгектерин киргизүүгө болотxxxvi. Автор бул эмгектеринде постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин дүйнөлүк коомчулукка кирүү темасын жогору профессионалдык деңгээлде ачып бере алган. Аталган эмгектер Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын калыптануусуна тике тиешеси болбосо да, аларда өлкөнүн чөлкөмдүк жана дүйнөлүк системадагы ордун аныктоого мүмкүндүк берген методологиялык жактан баалуу болуп саналган бир катар жоболор кездешет.

2000-жылдардан тарта Н. К. Момошеванын көз карандысыз Кыргызстандын тышкы саясатынын калыптануусунун ар кыл өңүттөрүн изилдөөгө арналган илимий макалалары жарык көрө баштаганxxxvii. Аталган макалаларда жаш изилдөөчү көз карандысыз жылдар ичиндеги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын структуралык өзгөрүүлөрү менен эволюциясынын ар тараптуу жана объективдүү анализин берүүгө ийгиликтүү далалаттарды жасаган.

2001-жылы К. Токтомушевдин «Көз карандысыз Кыргызстандын тышкы саясаты» деп аталган монографиясы жарыкка чыгатxxxviii. Монографиянын негизине Кыргызстандын тышкы иштер Министирлигинин утурумдук архивинин (текущий архив) көз карандысыз жаш мамлекеттин тышкы саясий ишмердигинин калыптануусунун ар кыл этаптарын чагылдырган маалыматтары коюлган. Ата мекендик изилдөөчүлөр үчүн Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин архивине кирүү иши бир катар кыйынчылыктар менен коштолгондуктан, архивдеги абдан

9

Page 10: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

маанилүү фактылык материалдарды туура пайдалана билгендигине байланыштуу аталган автордун бул эмгеги бүгүнкү күнгө чейин бул чөйрөдөгү өтө кызыктуу изилдөөлөрдүн бири бойдон кала берүүдө.

«Глобалдык коопсуздукка карай жолдо: Борбор Азия 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин» деген монографияда жана бир катар макалаларда, кийин доктордук диссертациясында ата мекендик илимий адабиятта коопсуздук проблемасынын призмасы аркылуу өлкөнүн өнүгүүсү учүн тышкы жана ички факторлордун таасирин аныктоого жана изилдөөгө алгачкылардан болуп аракет кылган автор катары Н. М. Омаровду атоого болотxxxix.

2002-жылы Каана Айдаркулдун «Кыргыздар менен Кыргызстандын эл аралык мамилелери: тарых жана учур» деген темадагы изилдөөсү жарык көрөтxl. Аталган эмгекте автор Кыргызстандын курчап турган тышкы дүйнө менен болгон байланыштарынын узакка созулган тарыхый эволюциясы менен катар эле заманбап жаңы тенденцияларды чагылдыруу аракеттерин жасаган. Мындай аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын эл аралык байланыштарынын бүгүнкү күндөгү абалы менен өнүгүү перспективалары тууралуу бир катар баалуу теориялык жана практикалык корутундулар жасалган.

2003-жылы А. Э. Жоробекова менен Н. К. Момошева тарабынан биргеликте жазылып, Кыргыз Республикасынын 1991-2002-жылдардагы тышкы саясий ишмердигинин хронографиясын чагылдырган эмгек жарык көрөтxli. Бул изилдөө иши Кыргызстандын дүйнөдөгү башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен болгон эки жана көп жактууу байланыштарынын максаттуу калыптануусунун динамикасын көрүүгө мүмкүндүк берет.

2001-2004-жылдары А. Акаев тарабынан 1990-2000-жылдары мамлекетти куруунун, анын ичинде тышкы саясатты жүргүзүүнүн негизги принциптерин ишке ашыруунун өтө маңыздуу багыттарын анализге тарткан 3 китеп жазылатxlii. Буга катар Аскар Акаевдин “көп векторлуу саясат доктринасы” илимий иштин жыйнытык- сунуш бөлүмүнө фундамент түзөт.

Көз карандысыз жылдар ичиндеги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатынын өнүгүүсүнүн экономикалык өңүттөрү К. Идинов, Т. Койчуев, Т. Койчуманов, Б. Ч. Аширов өңдүү изилдөөчүлөрдүн монографиялары менен макалаларында чагылдырылганxliii.

Кыргыз Республикасынын XX кылымдын аягы – XXI кылымдын башындагы тышкы саясатынын негизги приоритеттеринин эволюциясы жана аларды ишке ашыруу проблемасы бир аз болсо да орусиялык жана чет өлкөлүк илимий адабиятта чагылдырылган. Алардын басымдуу көпчүлүгүндө Кыргызстандын тышкы саясый өнүгүүсү глобалдык масштабдагы жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү кардиналдуу мүнөздөгү геосаясый жана институционалдык өзгөрүүлөрдүн бир бөлүгү катары гана каралатxliv. Берилген өзгөрүүлөрдүн көп кырдуу жана динамикалуу элесин түзүүгө мүмкүндүк берген мындай жобону жактоо менен Кыргызстандын тышкы саясатына арналган орусиялык жана чет өлкөлүк макалалардын

10

Page 11: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

көпчүлүгү Кыргызстандын чөлкөмдүк коопсуздук системасындагы уламдан улам өсүп бара жаткан маанисин объективдүү чагылдырбайт деген жыйынтык жасоого болот.

Изилдөөнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизги абалдарыxlv, Кыргыз Республикасынын Президенттеринин элге жана өлкөнүн Парламентине кайрылууларыxlvi, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер Министирлигинин материалдары жана Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин АКШ менен өз ара алакалашуу позицияларын чагылдырган бир катар расмий документтер анализденди.

Булактардын анализи өз кучагына АКШнын Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жасаган саясатын изилдеген орусиялык расмий документтерди да камтыйт.

Диссертациянын илимий жаңычылдыгы төмөнкүлөр менен шартталган:

АКШнын Борбордук Азияга жана Кыргыз Республикасына карата болгон саясаты комплекстүү изилденди;

Америкалык көптөгөн маалыматтар илимий пайдаланууга алынып, илимимий айлампага алынды;

Постсоветтик Борбор Азия мейкиндиги Х. Маккиндердин классикалык геосаясаттын өзөктүү терминине айланган «хартленд» тууралуу концепциясы менен анын АКШнын тышкы саясатындагы заманбап интерпретациясына канчалык деңгээлде ылайык келээри такталды;

Кошмо Штаттардын Борбордук Азия мамлекеттерине жана озгочо Кыргызстанга болгон тышкы саясатынын негизги этаптары, багыттары аныкталып, проблемалары белгиленди;

Дж. Буш (кичүүсү) менен Б. Обаманын постсоветтик Борбор Азияга карата болгон доктриналарынын өзгөчөлүктөрү жалпыланды;

АКШнын постсоветтик БА чөлкөмүнө карата жасаган саясатындагы «Чоң Борбор Азия» (ЧБА) заманбап геоконцепцияга, анын ролу менен абалына баа берилди, ошондой эле анын келечегине прогноздор жасалды.

Иштин практикалык мааниси. Диссертациялык изилдөөнүн корутундулары жаңы окуу курстарын иштеп чыгууда, ал эми диссертациянын материалдары жогорку окуу жайларында АКШнын БА чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жүргүзгөн саясаты боюнча дарстарды окууда пайдаланууга болот. Диссертациянын негизги абалдары менен корутундулары АКШнын Борбор Азияга карата жасаган саясатындагы саясий-дипломатиялык, экономикалык жана аскердик-техникалык стратегиясын прогноздоого кеңири мүмкүндүк бергендиктен, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын иштеп чыгуу үчүн эбегейсиз зор практикалык мааниге ээ.

Коргоого коюлуучу негизги жоболор. Изилдөөнүн натыйжаларынын негизинде төмөнкүдөй корутундулар коргоого сунуш кылынат:

11

Page 12: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

1. АКШнын улуттук кызыкчылыгы мамлекеттин экономикалык, аскерий, каржылык жана илимий-техникалык потенциалын өстүрүүгө болгон умтулуусу менен тыгыз байланышкан. Мамлекеттин ички керектөөлөр менен зарылдыктарды ишке ашыруу максатында өзүнүн дүйнөлүк аренадагы абалын бекемдөөгө болгон умтулуулары да «улуттук кызыкчылык» деп аталган жалпы категориянын айланасында калыптанат. Улуттук кызыкчылыктарда улуттун коомдук-саясий институттарга, материалдык жана руханий баалуулуктарга болгон мамилеси да кошулат. Ошондуктан, алар АКШнын геосаясий стратегияларын түзүүдө эч качан көз жаздымда калбайт. Улуттук кызыкчылыктар АКШнын конкреттүү улуттук баалуулуктарын эске албастан туруп калыптана албайт.

2. Америкалык улуттук кызыкчылыктын эң башкы курамдык бөлүгү болуп АКШнын өзүн өзү мамлекет катары сактап калуу императиви эсептелет да, бул императив тышкы коркунучтардан коргонуу менен байланышкан коопсуздук маселеси, мамлекеттин экономикалык жана саясий позицияларын башка мамлекеттерден коргоо, мамлекеттин дүйнөлүк саясаттагы таасирин кеңейтүү маселелери менен тыгыз байланышкан. Америкалык улуттук кызыкчылык, жалпы жонунан, мамлекеттин геосаясий параметрлери, анын ресурстук мүмкүндүктөрү, өлкөнүн экономикалык өнүгүү деңгээли, анын дүйнөлүк коомчулуктан алган орду, улуттук жана маданий салттар аркылуу аныкталат.

3. Американын Евразиядагы үстөмдүгү алардын дүйнөлүк лидерликке карай болгон амбицияларына чекит кое алат. Саясий аренада Американын дымагына каршы болууга жөндөмдүү атаандашты болтурбоо үчүн АКШнын геосаясий максаты болуп Евразияны тескөөгө алуу эсептелет. Энергоресурстардын дүйнөлүк запастарынын 80%ынан көп бөлүгү жаткан Евразия континенти Америк Кошмо Штаттарын аймака болгон кызыгуусун арттырбай койбойт.

4. Постсоветтик Борбор Азиянын мамлекеттери төмөнкүдөй төрт маданий-цивилизациялык пласттар тогошкон жер болуп саналат: 1) Орусия менен тыгыз байланышкан европалык, 2) араб-мусулмандык, 3) персиялык жана 4) кытай маданият-цивилизациялары. Мындай жагдай, бир жагынан, ар кандай багыттардагы эки жана көп жактуу кызматташтыктарды өнүктүрүүгө көмөк берсе, экинчи жагынан, өтө ийкемдүү жана тең салмактуу мүнөздөгү тышкы саясатты жүргүзүүгө мажбурлайт.

5. АКШнын тышкы саясатында Кыргыз Республикасынын орду, эки олконун 1991- жылдан тартып ортолорундагы коопсуздук, саясий жана гуманитардык маселелелер маанилуу бойдон калууда. АКШнын Кыргызстан менен болгон мамилелеринин калыптанышы, багыттары жана этаптары изилденип, мындан ары мамилелер кайсы нукта уланаары прогноздолууда.

Изденүүчунун жеке салымы: диссертациялык иш АКШнын Борбордук Азияга болгон тышкы саясатын тушунууго жардам берет жана теманы талдоодо АКШлык, Батыштын материалдарын илимий айлампага кошуу болуп саналат.

12

Page 13: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

13

Page 14: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

ИШТИН НЕГИЗГИ МАЗМУНУ

Киришүүдө илимий ишке жалпы мүнөздөмө берилип, иликтөөгө алынган проблеманын актуалдуулугу, максаты жана милдеттери, илимий жаңылыгы, теориялык-практикалык мааниси, коргоого алынып чыгарылган негизги жоболор, апробацияланышы, структарасы жана көлөмү белгиленди.

«XXкылымдын аягыXXI кылымдын башындагы Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук Азиядагы геосаясий кызыкчылыктары жана стратегиясы»деп аталганбиринчи баптаАКШ мамлекетинин тышкы саясатындагы негизги приоритеттерди калыптандырган геостратегия,АКШнын Евразиядагы геосаясий кызыкчылыктары, АКШнын постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү геосаясий кызыкчылыктары жана стратегиясы анализденди.

«АКШнын тарыхый геосаясий долбоорлорундагы Борбордук Азиянын орду» деп аталганбиринчи параграфтадүйнөлүк масштабдагы геосаясий мамилелер, анын ичинде,айрым өлкөлөрдүн, айтсак, Постсоветтик Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы саясатыАКШнын заманбап доордо жүргүзүп жаткан геостратегиясынан көп деңгээлде көз каранды экендиги тууралуу сөз козголду.

Мамлекеттин геосаясий стратегиясы мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы орду менен салмагын чагылдырган мамлекеттик жашоо-тиричиликтин ыкмасы болуп саналат. Каалагандай мамлекеттин геостратегиясынын калыптанышы жана аны ишке ашыруу өлкөнүн геосаясий потенциалынан тикелей көз каранды.

Дүйнөлүк тарых күбөлөгөндөй, күчтүү мамлекеттер өз миссиясын ар кандайча түшүнөт. Айрым мамлекеттер империялык ойломго таянып, өз тескөөсүн (контролун) бүткүл дүйнөгө жайылтууга умтулушат. Башка мамлекеттер болсо өз кадыр-баркы менен беделин дүйнөнү тынч, коопсуз, бейкут болуусу үчүн пайдаланганды артык көрүшөт. Бүгүнкү күндө калкынын саны жана экономикасынын потенциалы боюнча Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң ири жана кубаттуу мамлекеттердин бири болуп саналат. АКШ мамлекети ички дүң продуктысынын (валовый внутренний продукт - ВВП) көлөмү жана өнөр жай өндүрүшүнүн деңгээли боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен ишенимдүү лидерлик позицияны ээлеп келет. Булардын баардыгы мамлекетке дүйнөлүк геосаясий мейкиндикте өзүн ишенимдүү алып жүрүүгө, дүйнөнүн көп сандаган мамлекеттери үчүн позитивдүү үлгү болууга мүмкүндүк берет.

Мамлекеттин геосаяиый стратегиясы улуттук кызыкчылык жана баалуулук категориялары аркылуу туюндурулуп, аларды мамлекеттин геосаясий ресурстарынын негизинде, ошондой эле мамлекеттин жашоо-тиричилигине тике таасир эткен объективдүү да, субъективдүү да геосаясий факторлорун эске алуу мененкоомдук жана мамлекеттик зарылдыктардын негизинде бийликтин башкы органдары тарабынан иштелип чыгып жана

14

Page 15: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

калыптандырылып, мамлекеттин геосаясий мейкиндиктеги стратегиялык жоболору менен ишмердик багыттарынын жыйындысы болуп саналат.

АКШнын дүйнөнүн геосаясий түзүмү (структурасы) менен ресурстук потенциалына карата болгон геосаясий стратегиясынын мазмуну өз ичине төмөнкүдөй өңүттөрдү камтыйт: биринчиден, өзүн дүйнөлүк геосаясий мейкиндиктин негизги актору катары кароо; экинчиден, АКШ өздүк мүмкүндүктөр жана ресурстарды эске алуу менен алгач Монро доктринасынан кийин Түндүк жана Түштүк Америкасында чөлкөмдүк (регионалдык) лидер, ал эми дүйнөнүн биполярдык системасы кулагандан кийин дүйнөнүн геосаясий картасында өзүн «гегемон» катары позициясын сабаттуу түзүү.

Үчүнчүдөн, геосаясий мейкиндиктин башка субъекттерин «шериктеш» («союзник»), «өнөктөш» («партнёр»), «касташ» («противник») деген категория аркылуу идентификациялап жана аныктап, АКШ өзүнүн дүйнөлүк аренадагы геостратегиясын жүргүзүп келет.

Төртүнчүдөн, АКШнын геостратегиясында геосаясий векторлор деп аталган улуттук кызыкчылыктарды жайылтуу багыттары, башкача айтканда мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн реалдуу же потенциалдуу мүмкүндүктөргө ээ чөлкөмдөр (региондор) өтө маанилүү ролду ойнойт. Тарыхый практика көрсөткөндөй, күч балансы менен өз кызыкчылыгын орнотууну көздөгөн АКШнын геосаясий мейкиндиги башка мамлекеттердин мейкиндигине да жайылып, реалдуу да, потенциалдуу да жаңжалдарды (конфликттерди) жаратып келет. Заманбап дүйнөнүн геосаясий түзүмүнүн (структурасынын) субъективдүү жана объективдүү факторлорун эске алып да, албай да АКШ ар кыл акторлордун геосаясий мейкиндиктерин өз кызыкчылыктарына ылайык айкалыштыруу жана жуурулуштуруу аракетин кылуу үстүндө.

ХХ- кылымдын башында Джонс Гопкинс атындагы университеттин алдында Брукс Адамс башында турган тарыхчылар тарабынан америкалык саясий системанын «өзгөчөлүү артыкчылыгы» («исключительность) жана анын «кудай тарабынан атайылап тандалып алынгандыгы» («богоизбранность») тууралуу идеялар орноп, ошол себептен улам АКШ өзүнүн саясий системасын бүткүл дүйнөгө таңуулоого «акылуу» жана «милдеттүү» деген пикирлер америкалыктар арасында гана эмес, эл аралык аренада да кеңири жайыла баштайт.

XIX- кылымдын 90-жылдарында тарыхчы Фредерик Джексон Тэрнердин жобосу боюнча АКШнын улуттук болмушунун (бытиесинин) негизги формасы болуп үзгүлтүксүз экспансионизмдин геосаясий процесси эсептелет. Американын улуттук жашоо формасы, ири алдыда, жаңы географиялык мейкиндиктерди багындырып, мамлекеттин чек арасын түбөлүк кеңейтүүдө көрүнөт. Тэрнер бардык америкалыктарды экспансионизм «идеалдарынын», күчтүү инсандар менен зомбулукка (насилие) таазим этүүнүн тегерегинде бириктире алган адамдарды тарбиялоо зарылдыгы тууралуу жазган. Тэрнер үчүн америкалык идеалист болуу

15

Page 16: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

америкалык глобалдык экспансионизм Кудай тарабынан берилген улуу миссия экендигине ишенүү (вера в богоизбранность американского глобального экспансионизма) жана америкалыктардын бүткүл дүйнөгө карата үстөмдүк орнотуусуна көмөктөшүү дегенди туюндурган. Анын пикиринде мындай «идеалисттин» прототиби болуп Жапайы Батышты агрессивдүү сергектик (агрессивная бодрость), балта жана винчестер сыяктуу символдор менен багындырган ковбойлор эсептелет.

АКШнын дипломатиясы эл аралык жаңжалдар (конфликттер) менен талаш-тартыштардын басымдуу көпчүлүгүн чечүү ишине өтө активдүү катышат. Мисалы, Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарга коммерциялык максатты көздөө менен катышуу аркылуу АКШ өзүнүн кризиске баткан экономикасын чыңдап алса, 1940-жылдардан тарта Кошмо Штаттар дүйнөнүн бардык булуң-бурчундагы көп сандаган куралдуу жаңжалдар (конфликттер) менен аскерий төңкөрүштөргө активдүү катышып келет. Айтсак, 1953-жылдагы Ирандагы төңкөрүш, 1961-жылдагы Чочколор булуңундагы (залив Свиней) аскерий операция, Югославиядагы, Ирактагы, Украинадагы төңкөрүштөр менен саясий окуялар айтылгандарга ачык мисал боло алат.

Англиялык саясат таануучу Х. Маккиндердин Heartlandдин үстөмдүгү тууралуу идеясына каршы америкалык адмирал А. Мэхендин эмгектеринин аталыштарынан эле көрүнүп тургандай, ал «Деңиз күчү жана анын тарыхка тийгизген таасири» деп аталган теманын үстүндө үзүрлүү эмгектенген. XIX -кылымдын аягында XX- кылымдын башында А. Мэхен талассократиянын (грекчеден thalasso - деңиз, kratos - бийлик) идеологдору менен саясатчыларынын ишмердигинин программасын түзгөн десек болот. Айта кетчү жагдай, талассократия идеологиясы XX- кылымдын 2-жарымында ишке ашып, ал АКШнын СССР менен болгон «кансыз согуштагы» («холодная война») жеңишин камсыз кылып, Советтер Союзунун кыйрашын шарттап, «деңиз үстөмдүгү» стратегиясын ийгиликтүү турмушка ашырууга мүмкүндүк берген.

А. Мэхендин пикиринде талассократия, же деңиз цивилизациясы соода-сатык менен жан баккан цивилизация болуп эсептелет. Ошол себептен адмирал деңиз соодасынан эбегейсиз зор пайда табууну көксөгөн улут (нация) дайыма башка улуттарды (нациялардын) деңиз соодасынан оолак кармоо үчүн болгон аракетин жасап, деңиз соодасын монополизациялоого умтулган башка державаларды колонизациялоого, деңиз коммуникацияларын тартып алууга мажбурлаган согуштарга түрткөн. Ошол себептен, талассократиянын, же деңиз күчүнүн тарыхы бул, жалпы жонунан, аскер тарыхы болуп саналат.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин дүйнөгө чексиз үстөмдүк орнотууга далалат кылган Кошмо Штаттары В. Вильсондун дүйнө таанымдык концепциясын дүйнөнү орустардын империалисттик маанайынан алыстатып, ачык дүйнө куру ишинде гана кайра жандандырууда. Акыркы элүү жыл ичинде мамлекеттердин өз ара алакалашуусунда глобализация процесстерин

16

Page 17: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

өстүрүү жана күчөтүү маанайын туюндурган сапаттык өзгөрүүлөр болуп жаткандыгын байкоого болот. Глобалдык факторлор менен кубулуштардын таасири астында дүйнөлүк геосаясий түзүм (структура) тынымсыз өзгөрүп, ал геосаясаттын негизги субъектиси болуп саналган мамлекеттердин геостратегиясын калыптандыруу менен ишке ашыруу өзгөчөлүктөрүндө ачык байкалууда.

АКШ ааламдашып бара жаткан заманбап дүйнөдөгү супер держава статусуна ачык далалаттанган мамлекет катары өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын аскерий-күч колдонуу, же кийлигишүү жолу аркылуу гана эмес, башка мамлекеттердин алдында кадыр-барк жана бедел топтоо аркылуу камсыз кылуу аракетинде. Ал эми АКШнын дүйнөлүк саясатка таасир берүү деңгээли менен геосаясий «салмагы» анын геосаясий ресурстарынан (финансылык-экономикалыку, аскерий потенциалынан, территориясынын көлөмүнөн, башка материктерден алыс, океандар менен курчалып жайгашкан географиялык ордунан), ошондой эле азыркы кезде түзүлгөн дүйнөнүн геосаясий картинасынан, башкача айтканда, дүйнөлүк геосаясий кырдаалдарды калыптандырган шарттардан жана геосаясий мейкиндиктин абалына тийгизген таасирлерден көз каранды.

АКШнын геостратегиясын ишке ашыруунун негизги максаттары болуп саясий жана экономикалык эркиндик, башка мамлекеттер менен тынчтык мамилерин түзүү, адамдын кадыр-баркын сыйлоо саналат. Берилген максаттарга жетүү үчүн АКШ төмөнкүдөй милдеттерди чечүүгө далалаттанат: 1) глобалдык терроризм менен күрөшүү үчүн шериктештик (союздук) мамилелерди чыңдоо; 2) чөлкөмдүк жаңжалдарды (регионалдык конфликттерди) жөнгө салууда башка мамлекеттер менен бирдикте кызматташуу; 3) кас маанайдагы мамлекеттерге таандык болгон массалык кыргынга салуучу куралдарды пайдалануу коркунучуна каршы туруу; 4) глобалдык экономикалык өсүштүн жаңы доору демилгесин көтөрүү; 5) коомдордун өнүгүүсү менен ачыктыгынын даражасын көбөйтүү; 6) күчтүн башка глобалдык борборлору менен биргелешкен иш-аракеттер чөйрөсүн кеңейтүү.

«Постсоветтик Борбордук Азиядагы АКШнын кызыкчылыктары жана стратегиялары»деп аталганэкинчи параграфтаУлуу географиялык ачылыштар доорунан кийин континенттер ортосундагы саясий алакалар күч алып, дүйнөлүк саясий лидер аталган Евразияга каршы чыгуу менен дүйнөлүк үстөмдүк орнотуу ишинде АКШ стратегиялык союздарды, саясий блокторду түзүү, бүткүл дүйнөнү тор сымал курчаган аскерий базалардын ишмердигине, дүйнөлүк лидерлерди тескөөгө (контролго)алуу, дүйнөдө болуп жаткан тенденцияларга байкоо жүргүзүү жана аларга карата превентивдүү иш-чараларды кабыл алуу өңдүү ишмердикти алып барып жаткандыгы тууралуу айтылды.

Англиялык геосаясатчы Х. Маккиндер 1) географиялык факторлор тарыхый процесстин жүрүшүнө тике таасир берет; 2) географиялык абал мамлекеттин потенциалдуу күчү менен талуу жерин алдын ала аныктайт; 3)

17

Page 18: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

техникалык прогресс мамлекеттердин географиялык жашоо чөйрөсүн өзгөртүп, алардын потенциалдуу кубатына оң же терс таасир берет; 4) Евразия континенти дүйнөлүк тарых менен глобалдык масштабдагы саясий процесстердин өзөгү болуп саналат деген өтө кызыктуу концепцияны иштеп чыккан.

Англиялык геосаясатчы Х. Маккиндер Азия, Африка жана Европаны өз кучагына алган Дүйнөлүк аралдын (World Island) чектеринде жайгашкан Неаrtlend түшүнүгүн киргизген. Планетардык мейкиндик концентрацияланган айланалардын системасы түрүндө чагылдырылган. Бул системанын чок ортосунда «тарыхтын географиялык өзөгү» («географическая ось истории»), же «өзөктүү тилке» («осевой ареал») жайгашкан. Аталган түшүнүктөр Орусия жетекчилик кылган СССРдин аймагына, же «Heartlandге» («жердин жүрөгүнө») тең маанилеш. Андан соң евразиялык континенттин жээктерин бойлоп, «ички жарым ай», же Rimland деп аталып, цивилизациялар интенсивдүү өнүккөн аймагы жатат.

Х. Маккиндердин көз карашында «сырттан келген варварлардын кысымы астында гана Европа өз цивилизациясын түзө алган», «Европа менен европалык тарых Азия менен анын тарыхына баш ийген кубулуштар болуп саналышат». Ошол себептен, Rimlandди мекендеген англиялык окумуштууну Орусия жана Германия сыяктуу эки мамлекеттин «континенталдуу» маанайдагы географиялык абалы абдан чочулаткан. Анын пикиринде, геосаясий ниеттердин логикасы боюнча, жогоруда аталган эки мамлекет келечекте Орусия жетектеген, ал эми Германия жетеленген мамлекетке айланып, орусиялык-германдык шериктештикти (союзду) түзүүлөрү ыктымал.

Х. Маккиндер коммунизм идеяларына жамынган Heartland, же СССР алгач Евразия чөлкөмүндө, андан соң Rimland менен World Islandдин кеңири аймактарында (мындай аймак деп Маккиндер Евразия менен Африканын биргелешкен мейкиндигин түшүнгөн) өз үстөмдүгүн орнотуп, ал жердеги табигый жана адам ресурстарын өзүнө кызмат кылдырып, бүткүл дүйнөгө үстөмдүк орното алаарынан кооптонгон.

А. Мэхен тарабынан даярдалган аракет программасын анын окуучулары Н. Спайкмен, Г. Киссинджер, З. Бжезинский жана Ф. Фукуяма сыяктуу америкалык окумуштуулар менен саясатчылар кынтыксыз аткарып, «анаконда сыйыртмагы», «май токоч жана камчы» деп аталган стратегиялык методдордун, БУУ (ООН), «Бильдерберг клубу» жана башка эл аралык институттардын, мондиализм жана ковергенция деп аталган теориялардын жардамы аркасында ХХ- кылымдын аягында АКШны дүйнөдөгү эң кубаттуу державага айландыруу менен дүйнөнүн өзүн бир уюлдуу (монополярдуу) кылуу аракетин көздөшүүдө.

Атлантисттердин жогоруда аталган стратегиялык методдору күч колдонуу жолу менен коштолгон. Жалпы жонунан, заманбап атлантисттер эл аралык мамилелердеги күч колдонуу, же зомбулук көрсөтүү ыкмасын жакташат. Алардын пикиринде күч колдонуу эл аралык иерархия менен

18

Page 19: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

жалпы эле дүйнө жүзүндөгү каалагандай саясий тартиптин зарыл болуп саналган курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Ошол себептен, тышкы саясат, ири алдыда, мамлекеттин салыштырмалуу күч позициясын жакшыртуу, же жок эле дегенде, аны сактап калуу максатын көздөөгө тийиш. Акыр аягында келип эле күч ийгиликтүү согуш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү болуп саналат.

Тарых көрсөткөндөй, атлантизм Деңиз мыйзамына таянган баардык чөйрөлөрдү динамикалуу жана ырааттуу пайдалана билген. Натыйжада, атлантисттердин геосаясаты уламдан улам күч алып, Евразия геосаясаты мажбурлуу коргонууга өткөн. Аэрократия чөйрөсүндө теллурократиялык СССР салыштырмалуу ийгиликтерге жетсе да, эфирократия менен тыгыз байланышкан «жылдыздар согушунда» («звездные войны») талассократияга таандык АКШ менен толук кандуу атаандаша албай, натыйжада, «кансыз согуштан» («холодная война») жеңилүү ызасын тартып, Варшава келишимине кирген өлкөлөрдүн шериктештиги, андан соң СССРдин өзү ыдырап, талкаланган.

Биполярдык система кулагандан кийин АКШнын геосаясий стратегиясы Евразияга лидерлик кылуу күчтүү аракеттерди көрүүдө деп ишенимдүү айтууга болот. Ал эми америкалык политолог Збигнев Бжезинскийдин «Улуу шахмат тактасы» бул максатка жетүүнүн негизги куралы болуп саналат. Дүйнөлүк үстөмдүк үчүн евразиялык улуу «шахмат тактасында» Орусия, Германия, Франция, Кытай жана Индия өңдүү башкы фигуралар күрөш жүргүзүп келет. Тышкы саясатта эбегейсиз зор амбицияларга ээ бул ири мамлекеттер АКШнын кызыкчылыктары менен кагылышы толук ыктымал.

Геосаясий борборлор болуп «маани-маңызы алардын күчү менен мотивациясынан эмес, геостратегиялык аракеттүү жактардын таасиринен көз каранды болгон мамлекеттер» эсептелишет. Көп жагынан геосаясий борборлордун маани-маңызы алардын географиялык абалы аркылуу аныкталат. Алардын географиялык абалы геостратегиялык аракеттүү жактардын ресурстарга ээ болуу максатында өтө бай маанилүү райондорду тескөөгө алуу планына макул болуу же болбоо ишинде өзгөчө ролду аткарат1. Мындай өлкөлөр геосаясий аренада өзгөчө мааниге ээ мамлекеттин же чөлкөмдүн (региондун) калканы катары кызмат өтөй алышат. Мына Борбордук Азиядагы АКШнын кызыкчылыктарынын бири болуп дал ушул географиялык жайгашкан абалы да кошулат. Борбордук Азия мамлекеттери Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Туркмонстан жана Озбекстандын жогоруда аты аталган геостратегиялык аракеттүү жактар жана геосаясий борборлорлордун дээрлик копчулугунун так ортосунда же чектешип жайгашуулары бул регионду амбициясы кучтуу мамлекеттердин кызыкчылык чордонуна айлантпай койбойт.

Ушул багытта Конгресстин чечими менен 1999-жылы «Silk Road Strategy Act» (Жибек- Жолу Стратегиялык Актысы) иштелип чыгып Туштук Кавказ жана Борбрдук Азияда башкарууну жакшыртуу, конфликттерди

1Бжезинский З. Великая шахматная доска // http://rus-sky.org/history/ library/bzhezins.htm/19

Page 20: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

жонго салуу, гуманитардык муктаждыктар, экономикалык онугуу, транспорт- коммуникация, чек араларды козомолдоо, демоктратия жана граждандык коомчулукту калыптандыруу камтылган.Учурда Барак Обаманын Администрациясы АКШнын Борбордук Азиядагы оздорунун жоопкерчилик саясаты катары 6 объектти тизмеленген.

АКШнын постсоветтик Борбордук Азиядагы саясатынын эволюциясы, негизги багыттары жана өзгөчөлүктөрү ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ САЯСАТЫНЫНЫН деп аталган экинчи баптын аталган мамлекеттер ортосундагы ар кыл өңүттөгү мамилелерди окуп-үйрөнүүдө базалык маалыматтар катары ар кыл мүнөздөгү булактар, фактылар, документтер, о.э. автордун жеке байкоолорукеңири пайдаланылды. Мамилелердин өнүгүү этаптарыконцептуалдык рефлексиянындеңгээлинде анализденди.

«АКШ – Борбордук Азия мемлекеттеринин негизги багыттары менен этаптары»деп аталган биринчи параграфта мурунку параграфта айтылгандай, көп сандаган окумуштуулар тарыхтын географиялык өзөгүнө айланган Евразия материгин XX- кылымда геосаясий маанайдагы концептуалдык модель катары ар кыл позициялардан илимий анализге тартып келишкен. Алардын аналитикалык материалдары Евразиянын чок ортосунда жайгашып, Х. Маккиндер тарабынан Heartland (жердин жүрөгү) деген аталышка конгон Борбор Азия чөлкөмүн, андагы татаал мүнөздөгү саясий жана экономикалык процесстерди андан ары изилдөө жана чечмелөө үчүн эбегейсиз зор мааниге ээ. Анткени, баарыбызга белгилүү болгондой, Евразия менен анын чок ортосундагы Борбор Азия чөлкөмү бүгүнкү күндө ири державалардан тартып, кичи мамлекеттерге чейин өз кучагына алган дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп келет. Тарыхый түзүлгөн жагдайлардан улам эл аралык күрөштүн драматургиясына тартылган Орусия жана АКШ сымал ири державалар дайыма дүйнөдөгү алардын көңүл борборун өзгөчө бурган геосаясый чөлкөмдөргө ээлик кылууну эңсеп келишкен.

Постсоветтик евразиячылдардын түшүнүгүндө Орусиянын цивилизациялык өз алдынчалуулугу тууралуу эски теория орусиялык империализмдин башкы теориясына трансформацияланган. Алгач ксенофобиялуу мүнөзгө ээ болгон бул трансформация кийин көпчүлүк тарабынан чоң энтузиазм менен колдоого алынган. Айта кетчү жагдай, илимий деңгээлде Орусиянын империялык күч-кубатын кайрадан жандантып, аны Америка Кошмо Штаттарына каршы коюуну максат кылган евразийство түшүнүгүнүн жаңы версиясы анын мурунку версиясынан түп-тамырынан бери айырмаланат.

Орусиялык / советтик империянын курамынан суурулуп чыгып, өз алдынча өнүгүү жолуна түшсө да, адам укуктары сакталбай, демократияны басынткан башкаруусу ооздукталбай калган постсоветтик Борбор Азияда АКШ саясатчылары тарабынан «түрткүнчүк мамлекет», «банкрот мамлекет» деп аталган өлкөлөрдүн пайда болушу, чөлкөмдүк (регионалдык) жана

20

Page 21: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

ядролук амбицияларга ээ репрессивдүү режимдердин жашоосу, ядролук куралдарды жайылтуу сыяктуу кубулуштар уламдан улам өзгөрүүгө дуушарланып бара жаткан дүйнөнүн негизги белгилерине айланып бара жаткандыктан, АКШ мындай жагдайларда жаңы реалийлер менен коркунучтарды эске алуу менен өздүк кызыкчылыктарын коргоо боюнча «ооздуктоо стратегиясы» («стратегия сдерживания»), «өзүнө тартуу стратегиясы» («стратегия вовлечения») деп аталган жаңы саясатты иштеп чыгууга киришүүдө.

АКШнын БАда жургузуп жаткан тышкы саясатынын стратегиялары жана багыттары аталган региондо активдуу иш алып барып жаткан башка олколордун кызыкчылыктарына жараша озгорот. Алсак постсоветтик бул 5 олкодо эн активдуу Европа Биримдиги (ЕБ), Орусия Федерациясы (ОФ) жана Кытай болуп эсептелет. Тупку тамыры бир болгн Туркиянын амбицияларында Орто Азияны озунун аркасында жетелоону энсесе да ички жана тышкы факторлору буга жол бербейт. Эн негизинен Туркиянын ички туруксуздугу, элинин сабаты постсоветтик БА олколорунон томондугу ал олконун бул региондогу амбицияларын ооздуктайт. Бул чолкомго дагыбир коншу олко Иран Республикасынын козу кызыганы менен озунун тамырлаш эли Тажикстан жана башка коншу олколордун шиа агымына терс коз караштары бул олконун бул аймакта жылуу кабыл алынышына богот коёт.

АКШнын Борбордук Азияга болгон тышкы саясаты эки этапка болунөт: 1- 1991- жылы Советтер Союзунун кулашы менен постсоветтик Борбордук Азия мамлекеттеринин эгемендүүлүгүн эн алгачкылардан болуп тааныган АКШнын мамилелеринин башталышы 2- 11- сентябрь 2001- жылдагы Нью- Йорктогу терракттан кийин Афганистандагы аскерий оперециялардын башталышы менен шартталган экинчи этабы.

АКШ Борбордук Азия мамлекеттери менен террорго , банги заттарга, коррупцияга каршы күрөшүү, адам укутарын сыйлоо, граждандык коомчулукту калыптандыруу, басма сөз эркиндиги, чек аралардагы коопсуздук, адам сатуу, массалык ядролук куралдардыжок кылуу жана жалпы стабилдүүлүктү бекемдөө багыттарында иш алып барып келет.

«Постсоветтик Борбордук АзиядагыАКШнын саясатынын озгочолуктору»деп аталган экинчи параграфта АКШнын расмий бийлиги тарабынан «түрткүнчүк» («странак-изгой») деп аталган өлкөлөргө постсоветтик Борбор Азиянын дээрлик бардык өлкөлөрүн киргизүүгө болот. Постсоветтик Борбор Азия чөлкөмү ички туруксуздугу (стабилсиздиги) жана жарылып кетүү коркунучу (взрывоопасность) менен айырмаланат. Чөлкөм үчүн суу ресурстары менен айдоо жерлери өтө таңсык (дефицит) болуп саналат. Социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли салыштырмалуу төмөн болсо да чөлкөмдүн этноконфессионалдык бир тектүү эмес калкынын саны өтө тездик менен өсүп бара жатат.

Жогоруда айтылгандардан сырткары, бул чөлкөм бир нече он жылдыктар бою жарандык согуштан жапа чегип, заманбап дүйнөдөгү

21

Page 22: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

террористтик коркунуч жана эл аралык кылмыштуулуктун булагына айланган Афганистан менен чектеш жатат. Натыйжада, Афганистандын, ошондой эле постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин территориясынан Орусияга, андан ары Батыш Европа менен дүйнө өлкөлөрүнө тыюу салынган товарлар менен экстремисттик идеялардын түгөнгүс агымы багыт алып, заманбап дүйнөнүн, анын ичинде, АКШ мамлекетинин коопсуздугуна коркунучтар жаралууда.

Орусияга караганда, Америка Кошмо Штаттарынын тышкы саясий приоритеттер системасында постсоветтик Борбор Азия анча чоң мааниге ээ эмес. Заманбап шарттарда АКШ дүйнөдөгү жападан жалгыз глобалдык, ал эми Орусия Федерациясын чөлкөмдүк (регионалдык) масштабдагы держава катары каралып жаткандыктан, ОФ бир кездерде өз курамына кирип, өзүнөн толук бойдон көз каранды болуп турган постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндө болуп жаткан глобалдык саясий маселелерге тынчсыздануу жана кооптонуу менен мамиле кылып келет, бул чөлкөмдөөздүк контролун жоготпоо амбициясы менен алпурушууда.

АКШлык саясат таануучулардын айрымдары бул регионго Вашингтондун ото эле коп кийлигишип жаткандыктарын айтып сындагандарыда жок эмес. Кээ бироолору регион тууралуу «Энергетикалык гигант» Казакстан менен байланыштар ото маннилуу деп айтышат. Бир болугу болсо Озбекстан- региондун ачкычы... (бул олко региондогу эн популярдуу, борборунда жайгашкан абалы регионду байланыштырып турууну шарттайт) болгондуктан Вашингтон дагы кобуроок басымды ушул олкого жасоссун сунуштайт. Жалпысынан АКШнын жардамдары жана инвестициялары Борбордук Азия олколорунун эркиндиктерин бекемдоого жана региондун тынчын алган Орусия, Кытай, Иран ж.б.у.с. кучтордун кийлигишуусуно богот коюуга багытталган.

АКШнын Борбордук Азия мамлекеттерине болгон тышкы саясатынын негизги өзгөчөлүктөрүн белгилөөдө регионго башка таасир этүүчү күчтөргө жараша өзгөрөөрү айкын. Алар акыркыучурда регионго саясатын активдештирген Европа биримдиги, Орусия Федерациясы, Кытай жана Иран мамлекеттери.

АКШнын Кыргызстандагы кызыкчылыктары жана аларды ишке ашыруу багыттары аталыштагы үчүнчү бапта АКШ - Кыргызстан алакалаштыгынын калыптанышышы жана өзгөчөлүктөрү, эки тараптуу мамилелердин этаптары, дипломатиялык маселелер,эки тараптуу жана эл аралык уюмдар аркылуу жургузулгон коп тараптуу кызматташтыктар анализденди.

«АКШ - Кыргызстан алакалаштыгынын калыптанышышы жана озгочолуктору»деп аталган биринчи параграфтаАКШ менен Кыргыз Республикасынын саясый кызматташтыгынын эволюциясы, 24 жылдык тарыхка ээ мамлекеттер ортосундагы алакалардын саясий детерминанттары

22

Page 23: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

концептуалдуу изилдөөгө алынды.Кыргызстан - Борбор Азия чөлкөмүндө (регионунда) орун алган

постсоветтик мамлекет. Анын Батыш менен Чыгыштын, Түндүк менен Түштүктүн ортосундагы көпүрөнүн ролун аткарууга жөндөмдүү болгон уникалдуу географиялык абалы өтө маанилүү геосаясий жана геоэкономикалык мааниге ээ. Азыркы мезгилде саясий, экономикалык, этнотарыхый, убакыттык жана мейкиндиктик ченем боюнча Кыргызстан посткоммунисттик коом деген классификацияга таандык коммунисттик өткөн чак менен демократиялык келечектин ортосунда турат.

Көз карандысыз Кыргызстан үчүн тышкы саясат өлкөнүн ички саясатынын табигый уландысы болуп саналуу менен республиканын көп улуттуу, поликонфессионалдуу калкынын кызыкчылыктарын чагылдырып, мамлекеттик суверенитетти коргоого, демократиялык багыттагы экономикалык жана саясый кайра өзгөртүп түзүүлөрдү ишке ашыруу үчүн жагымдуу болуп саналган тышкы шарттарды калыптандырууга багытталган.

Объективдүү маанайда көз карандысыз Кыргыз Республикасын дүйнөдөгү кичи мамлекеттерге киргизишет. Өз көйгөйлөрү менен проблемаларын чечүү үчүн зарыл болуп саналган ресурстарга ээ болбогондуктан, республика ошол ресурстарга ээ болуу максатында эл аралык коомчулук менен жамааттан колдоо издөөгө мажбур. Мындай өңүттө постсоветтик Борбор Азияга стратегиялык кызыкчылык артып, ошол кызыкчылыкка жетүү максатында аталган чөлкөмдүн өлкөлөрүндөгү айрым проблемаларды чечүүгө жардам берүүгө даяр болгон Америка Кошмо Штаттары, Кытай Элдик Республикасы, Орусия Федерациясы жана башка улуу державалар өзгөчө баалуу өнөктөштөр (партнерлор) болуп саналышат. Курамы өз күчү жана кызыкчылыктары боюнча ар тектүү болгон субъекттерден түзүлгөн Европалык Шериктештик азырынча эл аралык мамилелердин Борбор Азия боюнча системачасында бирдиктүү саясий линияны иштеп чыга элек.

Америка Кошмо Штаттарынын постсоветтик Борбор Азияда уламдан улам өсүп бара жаткан активдүүлүгү бул өлкөнү Кыргызстандын тышкы саясатындагы приоритеттердин арасынан эң орчундуу орунга татыктуу кылган.

Эгемендүүлүк жылдардагы АКШ-Кыргызстан эки жактуу кызматташтыгын эки негизги этапка бөлүүгө болот. Биринчиси – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын (суверенитетин) жана территориалдык бүтүндүгүн камсыз кылуу боюнча кызматташтык мезгили. Диссертацияда кеңири айтылгандай, АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын дүйнөдүгү мамлекеттердин ичинен биринчилерден болуп тааныган да, биздин өлкөдө өз дипломатиялык өкүлчүлүгүн да алгачкылардан болуп ачкан.

Эки жактуу кызматташтыктын биринчи этабында Кыргызстандын саясий өнүгүүсүнүн, республикадагы демократизация жана адам укуктарын коргоо чөйрөлөрүндөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулган.

23

Page 24: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

«Эки тараптуу жана эл аралык уюмдар аркылуу жургузулгон коп тараптуу кызматташтыктар»деп аталган экинчи параграфта АКШнын тышкы саясатына шайкеш Кыргызстан менен иш алып барып жатканэл аралык уюмдардын иш чараларына орун берилди.

Өзүн көз карандысыз деп жарыялаган демократиялуу Кыргыз Республикасынын дүйнөлүк масштабдагы лидер держава АКШ мамлекети менен болгон кызматташтыгынын басымдуу көп бөлүгү АКШ мамлекети негизги финансылык донору болуп саналгандыктан, таасири күчтүү болгон БУУ, ОБСЕ, Эл аралык валюта фонду, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (ВТО), Бүткүл дүйнөлүк банк, ОБСЕ, НАТО жана башка эл аралык уюмдар аркылуу өнүктүрүлгөн.

АКШ-Кыргызстан эки жактуу кызматташтыгынын экинчи этабы эл аралык терроризм менен күрөшүү, тагыраак айтканда, Афганистанга коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу менен байланышкан. 2001-жылдын 11-сентябрынан кийин АКШ Администрациясы постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүндөгү демократия менен адам укуктарын коргоо иштерине өз кызыкчылыктарын жашырбай баштаганын эске алсак, терроризм менен күрөшүү АКШнын тышкы саясатындагы эң эле приоритеттүү багыттарынын бирине айланган. Ушуга байланыштуу постсоветтик Борбор Азия мамлекеттери менен катар эле Кыргызстан да АКШнын тышкы саясатындагы приоритеттүү багыттарга киргизилген эле.

Эгемендүүлүк жылдары өөрчүй баштаган Борбор Азия – АКШ кызматташтыгынын биринчи этабында АКШ мурда СССРдин тоталитардык жабык тору артында болуп келген постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнө, алардын ичинде, Кыргызстанга демократиялуу кайра түзүүлөрдү тездетип жүргүзүү талабын туруктуу түрдө коюп келген. АКШ Администрациясынын мындай талаптардын катарына бул өлкөлөрдө көз карандысыз массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, саясий плюрализм менен активдүү жарандык коомду калыптандыруу кирген.

Кызматташтыктын экинчи этабында постсоветтик Борбор Азия мамлекеттерин, алардын ичинде, Кыргызстанды өз өлкөлөрүндөгү саясий реформаларды тездетүүгө чакыруу менен аталган чөлкөмдө болуп өткөн кандуу саясий окулардан соң АКШ Администрациясы демократия тармагындагы баардык проблемаларды чечүү үчүн узак мезгил, чоң көлөмдөгү иштерди аткаруу, ал тургай, «муундардын алмашышы» зарыл экендигин ачык эле моюнга ала баштаган.

АКШ Администрациясы өзүнө оппонент болгон сын көз караштарга карата адам укуктарын коргоо болгону эле АКШнын тышкы саясатын түзгөн элементтердин бири, ал эми, Борбор Азия чөлкөмүндөгү кырдаалды эске алсак, анда АКШнын улуттук коопсуздугун бекемдөө АКШнын тышкы саясатынын эң биринчи милдети деп далилдөөдөн тажабайт.

24

Page 25: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Кыргызстанга болгон АКШнынмамилелериндеги көйгөйлөржана аларды жөндөөкелечектери деп аталган төртүнчү баптаТерроризмге каршы АКШнын Кыргызстандагы маселелерине байланышкан аскерий өнөктөшүк,саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташуулардагы койгойлор жана келечектери анлизденди.

«Терроризмге каршы жамааттык коопсуздук боюнча АКШнын Кыргызстандагы маселелери»аталыштагы биринчи параграфта эл аралык терроризм менен күрөшүү, тагыраак айтканда, Афганистанга коалициялык күчтөрдү жайгаштыруу менен байланыштуу аталган мамлекеттер ортосундагы эки жактуу кызматташтыктын аскерий коопсуздук жаатындагы алакалар илимий анализгетартылды.

1992-2001-жылдар аралыгында өз ара кол коюлган келишимдер аркылуу түптөлгөн байланыштар 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорк шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк соода борборунда болуп өткөн каргашалуу окуядан соң гана экономикалык жана аскерий кызматташтык үчүн стратегиялык мааниге ээ боло баштаган. Эки өлкөнүн жетекчилери бирдей байланыштарга стратегиялык деген түшүндүрмө берүүгө өтүшкөн. Жалпысынан алганда, 2001-жылдан кийин АКШнын постсоветтик Борбор Азиябагытындагы, анын ичинде Кыргызстанга жасаган саясатында экономикага жана аскерий өнөктөштүккө басым жасоо күчөгөнү байкалат.

Афганистандагы аскерий операцияларга байланыштуу 2000-жылдан тартып АКШнын постсоветтик Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде, Кыргызстанга болгон кызыгуусу күч ала баштаган. Анын үстүнө, өз өлкөсүнүн ичиндеги көйгөйлөргө буйдалып калган Москванын бекем чеңгээлинен бошоно түшкөн Борбор Азия республикалары АКШ саясатын кызуу колдоого алган эле. Учурдан пайдаланып, АКШ Афганистанга Батыштан келген жүктөр менен аскерий контингентти жеткирүү максатында Кыргызстандын аймагында аскерий база ачат.

Ошентип, АКШ-Кыргызстан ортосундагы аскерий кызматташтык 2001-2009-жылдары АКШнын антитеррористтик коалициясынын Кыргызстандагы авиабазасы, 2009-2014-жылдары АКШ аба-аскер күчтөрүнүн транзиттик жүк ташуу Борбору катары кызмат аткарган «Манас» авиабазасы менен тыгыз байланыштуу.Бул объект Бишкек шаарынан түндүк-батыш тарапка 23 км алыстыкта жайгашып, 1970-жылдардын ортосунда курулган эл аралык «Манас» аэропортунун аймагында орун алган. 2014-жылдын июль айында авиабаза жабылып, анын территориясы менен инфраструктурасы Кыргызстандын Улуттук гвардиясына өткөрүлүп берилген.

Кыргызстандын территориясына америкалык базаны жайгаштыруунун башкы шарты болуп АКШ тарабынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү стабилдүүлүктү сактоо жоопкерчилигин өз мойнуна алуусу эсептелген. Чындыгында эле постсоветтик кыргыз элитасы үчүн АКШнын Афганистандагы аскерий операциялары Талибан кыймылынын негизги

25

Page 26: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

күчтөрү менен инфраструктураларын талкалап, Кыргызстандын тышкы коопсуздугуна тике таасир эткен жагымсыз факторлорду четке кагат деген үмүттү жараткан.

2001-жылдын 18-декабрында «Манас» антитеррористтик коалициянын алгачкы учактары (самолеттору) аэропортко жайгашкан. Ошентип, 2001-жылдын декабрь айынан тартып авиабаза өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык базаны ижаралоо (арендалоо) мөөнөтү бир жылдык мөөнөт менен түзүлүп, андан соң келишим автоматтык түрдө дагы жаңы мөөнөттөргө улантылып, «Манас» антитеррористтик коалиция күчтөрү тарабынан активдүү пайдаланыла баштаган. 2005-жылы Өзбекстан Карши-Ханабад шаарындагы аналогдуу америкалык базаны жаап салганга байланыштуу «Манас» аэропортундагы базанын мааниси бир кыйла өскөн.

Айта кетчү жагдай, кыргыз тарап Бишкектеги «Манас» аэропортуна америкалык базаны жайгаштыруу тууралуу чечимди КККУнун (ОДКБ) курамына кирген мамлекеттер менен кеңешмелерди (консультацияларды) өткөргөндөн кийин гана кабыл алган. Кант шаарында жайгашкан орусиялык жана «Манас» аэропортунан орун алган америкалык аскерий базалар өз мандатынын ар кандайлыгы менен айырмаланат. Эгерде, орусиялык авиациялык компонент КККУнун (ОДКБ) курамына кирген мамлекеттердин көп жактуу келишимдеринин чегиндеги оперативдүү жооп берүүнүн Коллективдүү күчтөрүнүн (ОЖБК; Коллективные силы оперативного реагирования - КСОР) аскерий базасы болсо, «Манас» эл аралык аэропортунун бир бөлүгү Афганистандагы аскерий операцияларды жүргүзүү үчүн гана коалиция күчтөрү тарабынан расмий түрдө убактылуу ижарага алынган.

«Манас» транзиттик Борбору Афганистандагы операцияларды жүргүзгөн Коопсуздукка Көмөк көрсөтүүнүн Эл аралык күчтөрүнүн (Международные Силы Содействия Безопасности - МССБ) аскерий негизги авиамобилдик борбору болуп эсептелген жана Афганистанга карай жана Афганистандан бери багыттагы маршрут боюнча персонал менен жүктөрдү ташуучу негизги пунктка айланган. Бул пункт аркылуу ай сайын 15 000 аскер кызматкери жана 500 тоннадан ашык жүк ташылган.

АКШ мамлекети Коопсуздукка Көмөк көрсөтүүнүн Эл аралык күчтөрүн (Международные Силы Содействия Безопасности - МССБ) – Афганистандын өкмөтүнө кенен ыйгарым укуктарды жана өлкө ичиндеги чоң таасирди берүү аркылуу Афганистандагы турукташуусуна (стабилдүүлүгүнө) жана анын калыбына келишине шарттарды түзүү масктатын көздөп, Бириккен Улуттар Уюмунун атайын мандатына ээ болгон миссия катары баалайт. «Манас» авиабазасында жайгаштырылган персонал Афганистанда жайгашкан аскерий персонал менен аскер операцияларын колдоо үчүн аба жүктөрүн жөнөтүү, самолетторго абадан май куюу, аэромедициналык эвакуация, аба аркылуу стратегиялык мааниге ээ пассажирлер менен жүктөрдү ташуу иштерин аткаруу менен МССБ менен Коалициялык Күчтөргө ар тараптан колдоо көрсөтүп турган.

26

Page 27: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Транзиттик жүк ташуулар Борборунун башкы милдети болуп Афганистанга жана Афганистандан C-17 аскердик-транспорттук самолёттору менен пассажирлерди жана жүктөрдү аба жолу аркылуу ташуу, ошондой эле Афганистандын аба мейкиндигинде KC-135 май куюучу самолеттору менен абада туруп адамдарды жана жүктөрдү ташыган самолетторго май куюу эсептелген. Ошентип, «Манас» авиабазасы «Талкалангыс эркиндик» операциясы үчүн негизги аэромобилдик борбор болуп калган.

Жалпы жонунан, авиабазада 1500 адамга чейин кызматкерлер эмгектенген. Алардын 1000ге чукулун АКШнын аскерий кызматкерлери, 200гө жакын адамды Испания, Франция өңдүү ар кыл өлкөлөрдөн келген контингент, 300дөй адамды жарандык персонал болуп саналган америкалыктар түзгөн. Мындан сырткары, Кыргызстандын болжол менен 2000 жараны базага айдоочу, тазалоочу, ар кыл жумуштарды аткарган жумушчу катары жалданышкан. Манаста иштеген кыргыз жарандары айына 500 АКШ доллары өлчөмүндөгү айлык акы алышкан. Бул болсо республикадагы орточо айлык акыдан 2,5 эсе көптүк кылган.

Аскерий өнөктөштүктүн акыркы этабы 2005-жылдан кийинки доор болуп саналат. Кыргызстан-АКШ экономикалык жана аскерий кызматташыгы 2005-жылдан кийин институционалдашуу формасындагы нукта өнүгө баштаган. Расмий тараптар үзгүлтүксүз жолугуп, узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алышкан.Эки өлкөнүн ортосундагы географиялык узактык жана соода көлөмүнүн аз экендигин эске алына турган болсо, анда ортодогу байланыштарды стратегиялык деп баалоо канчалык максатка ылайык экенин түшүндүрүү зарыл. Тактап айтканда, Түркия-АКШ мамилелери, өзгөчө экономика жана соода жаатындагы байланыштар, аскерий өнөктөштүкАКШ мамлекети постсоветтикБорбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде Кыргызстанга чыныгы модель боло тургандай деңгээлде өнүгүп келди деп терең ишенебиз. Бирок, албетте, жасала турган иштер арбын, өзгөчө, соода көлөмүн толук потенцилдык деңгээлге жеткирүү чечүүнү талап кылган маселеге кирет.

Кыргыз Өкмөтү өз аскерий базаларын Кыргызстанга жайгаштырууга кызыкдар болгон Орусия менен АКШдан ири насыяларды (кредиттерди) алууга ниет кылган. Орусиянын кысымы астында ал америкалык базаны жабууну көздөсө да, капиталдын бийлигине «кыңк» этпестен баш ийип, аны жүк ташуунун Транзиттик борбору деп өзгөртүп, АКШдан ижара (аренда) акысын кыска мезгилдин ичинде кескин көтөрө алган.

Ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептерден улам Кыргызстандын К. Бакиев башында турган бийлиги НАТОнун Кыргызстанга коңшу жайгашкан Афганистандагы аскерий миссиясы үчүн өзгөчө маанилүү болуп саналган америкалык авиабазаны жабуу тууралуу өз чечимин четке какканда Америка Кошмо Штаттары авиабаза үчүн төлөнгөн аренданы кескин көбөйүшүнө аргасыз макул болуп, бул объекттин ичинде белгилүү бир эрежелерди сактоо милдеттемесин моюндарына алышкан.

Эсептөөлөр көрсөткөндөй, авиабазада жүргүзүлгөн операциялар

27

Page 28: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Кыргызстанга (өкмөт менен кыргыз бизнесине) жыл сайын 100 миллиондон ашык АКШ доллары түрүндөгү кирешелерди алып келген. Айтсак, 2010-жылы жаңы келишимге ылайык АКШ мамлекетинин Администрациясы Кыргызстандын өкмөтүнө 60 млн. АКШ долларын төлөп берсе, эл аралык «Манас» аэропорту аэропортко төлөнгөн төлөм, жердин арендасы катары жыйналган 22 миллион АКШ доллары түрүндөгү каражатты тапкан. Бирок, бул жерде 2009-жылы 2008-жылга салыштырмалуу тике чыгымдардын суммасы 29 млн. АКШ долларына чейин өссө, 2010-жылы 2009-жылга салыштырмалуу тике чыгымдардын суммасы 18 млн. АКШ долларына чейин өскөнүн байкоого болот2.

«АКШ- Кыргызстандын ортосундагы саясий, экономикалык жана гуманитардык кызматташуулардагы көйгөйлөр жана келечектер»деп аталган экинчи параграфтадүйнөнүнсалттуу деп аталган мамлекеттерин учурга ыңгайлаштыруунун мисалындаКыргызстан жана АКШмамлекеттеринин өз ара алакаларындагы айрым көйгөйлүү маселелердин себептерин аныктоого жана иликтөөгө басым жасалды. Ошондой эле алардынкелечегине карай прогноздорду берүүаракеттери жасалды.

СССР кулагандан кийин АКШ мамлекети узак мезгил бою дүйнөдөгү жалгыз супер держава статусуна ээ болуу үчүн олуттуу маанайда ат салышып келген. Бирок, «кансыз согуштан» кийин жетишилген жеңиш бардык өлкөлөргө өз пайдасына башталган саясый оюндун жалпы эрежелерин таңуулагысы келген АКШ үчүн чоң сынак болуп калгансыйт. Анткени, дүйнөлүк лидерликке талпынган бир катар саясый оюнчуларга ээ заманбап дүйнө бир мамлекеттин тоталдуу үстөмдүгүнө абсолюттуу түрдө баш ийүүгө даяр эмес экен.

XXI- кылымдын башында бир өлкөнүн бүткүл дүйнөгө карата үстөмдүгү мүмкүн эмес экендиги ачык-айкын байкалууда. Башка мамлекеттердин өнүгүшү өтө тез темптер менен болуп жаткандыктан, бир мамлекеттин үстөмдүгү орногон мезгилдер артта калды. Бул болсо азыр жашап жаткан, же келечекте пайда болуучу супер державалардын милдеттери да трансформацияга дуушарланууда дегенди туюнтат. Бардык элдер менен өлкөлөрдү бирдей шаблон менен жашоого мажбурлоо мүмкүн эмес экендиги эртеби, кечпи түшүнүктүү болот. Ошондо саясый, экономикалык, аскерий жактан бир кыйла өнүккөн мамлекеттер башкаларды баш ийдирүү алардын өздөрүнүн жыргал жашоосун камсыз кыла албагандыгын түшүнөт. Башка мамлекеттердин тажрыйбасына урмат, сый менен мамиле кылып, глобалдык компромисстердин системасын түзгөндө гана алдыңкы мамлекеттердин жыргал жашоосу мүмкүн экендигин түшүнгөн мезгил келет.

2www. bishkek.usembassy.gov.28

Page 29: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Соңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким жооп бербейт экендигин өзү чечип, өзүнө өзү дүйнөлүк арбитрдин статусун ыйгарып алган. Бул болсо эки жүздүү стандарттын пайда болушуна алып келет. Айтсак, кандайдыр бир өлкөдөгү демократиянын деңгээлине карата АКШнын мамилеси ошол өлкөнүн АКШ мамлекетинин «кичүү өнөктөшү» болууга жана АКШнын пайдасына өзүнүн улуттук суверенитетинен баш тартууга даярдыгынан көз каранды. Мисалы, 2003-жылы бийлик алмашканга чейин Грузия авторитардык мамлекеттердин катарына кирген. Бийлик алмашаар замат эле Грузия АКШ мамлекети үчүн демократиялык кайра түзүүлөрдүн символуна айланган. Ошол эле учурда өлкөнү башкаруунун сапатында маанилүүөзгөрүү болгон эмес. Ал гана тургай, Грузияда саясый оппозицияны кысымга алуу күч алып, айрым саясатчылар таң калыштуу жагдайларда көз жуумп, алардын өлүмү жетишээрлик деңгээлде изилденген эмес. Ошондой болсо да Грузия АКШны колдоорун ачык эле билдирип, андан финансылык жана аскерий жардам алып, НАТОго мүчө болуп кирүү ниетин билдирип, АКШны өзүнүн шериктеши (союзниги) деп атоодо. АКШ тараптан дал ушундай эле саясат Украина багытында да жүргүзүлүп жатат.

Ошол эле учурда тарыхка Европадагы «демократизациянын кезектеги толкунунун» архитектору жана АКШны дүйнөдөгү жалгыз супер державага айлантуу менен дүйнөгө жаңы тартипти орнотуучу катары кирүүнү максат кылган президент Дж. Буш-кичүүдөн баштап Вашингтон өтө шашып, уламдан улам агрессивдүү жана чагылгандай тездиги менен айырмаланган тышкы саясатты жүргүзүү ниетинде болгондой таасир жаралат. Анткени, Вашингтондун тике катышуусу менен жасалган «түстүү революция» жолу аркылуу бийликтеги режимдер алмашкан Грузия, Ирак, Афганистан же Косово крайында деле демократиянын салтанаты көзгө урунган жери жок. Демек, демократизация АКШ мамлекетинин башка көз каранды эмес мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө мүмкүндүк берген чыныгы мотивдерин жаап-жашырган кооз, бирок кур ураан болуп саналат.

Москва постсоветтик геосаясый мейкиндикте Орусия менен Батыш атаандаш (соперник) эмес деген пикирди оң кабыл алса да, бул пикир кур сөз, бош декларация бойдон кала берүүдө. Чындыгында келгенде, Москва дүйнөгө лидер болууну самаган АКШ мамлекети Орусияны анын таасири салттуу болгон аймактан сүрүп салып, Евразиядагы күчтөрдүн геосаясый тең салмагын (балансын) радикалдуу түрдө өзгөртүүгө болгон далалатын эң мыкты түшүнөт. Ал эми Орусия бул аймакта амбицияларын кайрадан күчөтүп, алы жетпеген ири проекттерди колдоймун деген куру убадалары менен бул аймакты сооротуп гана келет. Териториясы дүйнөнүн эң чоң мамлекети болгон Орусиянын экономикасы чын- чынына келгенде АКШнын 50 штатынын бири Нью- Йорктон да алсыз экендиги бул өлкөнүн дараметин көрсөтүп турат.

Акыркы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик коопсуздук концепциясынын маанилүү элементи болуп суверендүү

29

Page 30: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

демократия эсептелүүдө. Бул болсо, Кыргыз Республикасы эркиндик, адам укуктары, жеке менчик, шайлоо жана шайлануу укугу, бийлик органдарынын элге отчет берип туруусу сыяктуу баалуулуктарды таанып гана тим болбостон, аларды көп улуттуу Кыргызстандын элинин менталитетине ажырагыс түрдө таандык деп эсептейт дегенди туюнтат. Бирок, айта кетчү жагдай, демократиянын бул баалуулуктары менен бийлик органдары АКШ, Орусия же Кытай тараптан «экспорттолуп» келбестен, кыргыз элинин тарыхы менен менталитетине байыртан эле таандык болуп келген.

2005- жана 2010-жылдары Кыргызстанда болуп өткөн сары же кычкыл лимон түстүү, болбосо, «жоогазын революциясы», же «роза революциясы» (Роза Отунбанынын атына байланыштуу) деп ар кандайча аталып, азырынча түсү, же гүлүнүн аты так кесе аныкталбаган бул революциялар жогоруда аты аталып, башка өлкөлөрдө болуп өткөн революциялардан кескин айырмаланат. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасын жарым-жартылай мифтик маанай күткөн «нукура демократиялуу өлкөлөрдүн клубуна» кабыл алуу, республикага экономикалык жана технологиялык преференцияларды берүү убадасына карабастан, Кыргыз Республикасы АКШнын пайдасына өзүнүн улуттук суверенитетинин кичинекей да бөлүгүнөн баш тартууга даяр эмес. Бирок ушул эле учурда Орусияга ыктаган саясаттын негизинде Кыргызстандын суверинтетине шек келүүдө. АКШ дегенде үрөйү учкан эски коммунисттик генерация бүгүнкү күндө мамлекеттин саясатын аныктоодо объективдүү баа бералбай келишет.

Евразиядагы, анын ичинде, Борбор Азиядагы атаандаштык (конкуренция) уланып, Москва менен Вашингтон мурдагыдай эле «трансконтиненталдык жуурканды» өз жагына тартуу аракеттерин активдүү жасай бермекчи деп боолголого болот. Балким, Хартленддин кожоюну Орусия менен деңиз күчүнө ээ АКШнын ортосундагы бул атаандаштык (конкуренция) аталган эки державанын ортосундагы «кансыз согуш» мезгилине таандык болгон агрессияны демонстрациялап, планетардык масштабга чыгып кетпестир. Бирок, Евразия сымал глобалдык чөлкөмдө (региондо) жайгашкан постсоветтик Борбор Азия республикалары сыяктуу кичи саясый оюнчулар улам барган сайын мындай атаандаштыктын (конкуренциянын) барымтасында калууда. Мындай жагдай, акыр аягында келип эле, алардын айрымдарынын көз карандысыз мамлекет катары жашай алуу, же албоо жөндөмдүүлүгүнө таасир берүүсү толук ыктымал.

«АКШнын Кыргызстандагы экономикалык жана гуманитардык аракеттери»боюнча АКШ жана Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык мамилелердин айрым көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүү мүмкүндүктөрүнүн айрым өңүттөрү илимий маанайда экспликацияланды.

«АКШнын Кыргызстанга болгон экономикалык колдоосу»тууралуумамлекеттердинортосундагы экономикалык алакага илимий анализ берүү аракеттери жасалды.

30

Page 31: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Эл аралык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү АКШнын тышкы саясатынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет. Бул өңүттү калыптандырууда Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин «Маршаллдын планы» деген аталыштагы Батыш Европанын согуштан жабыр тарткан өлкөлөрүнө жардам берүү программасы өзгөчө маанилүү ролду ойногон. 1961-жылы АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча Агенттиги негизделген. Жыл сайын АКШ мамлекети эл аралык өнүгүүгө көмөк берүү ишине федералдык бюджеттин 0,5 %ын бөлүп турат. АКШнын жардамы Африка мамлекеттери жана Сахарадан түштүк тарапта жайгашкан өлкөлөр, Азия, Европа жана Евразия, Латын Америкасынын мамлекеттери, Кариб деңизинин бассейнинде жана Жакынкы Чыгышта жайгашкан өлкөлөр сыяктуу дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетине багытталган.

1990-жылдардын башында «КМШ геосаясый мейкиндигинин саясый да, экономикалык да, моралдык да талкалануу шарттарында» Вашингтондун саясый жана экономикалык ресурстары постсоветтик Борбор Азияга, анын ичинде, Кыргызстанга туруктуу жана комплекстүү саясый таасир көрсөтүү үчүн дээрлик жетиштүү эле. Бирок, эгемендүүлүктүн алгачкы он жылында постсоветтик Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан АКШ мамлекети менен жанаша чек араларга ээ эмес болгондуктан, Вашингтон өзүнүн тышкы саясаты үчүн постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен гана алакалашуу бир кыйла маанилүү деп тапкан.

Көп сандаган эл аралык уюмдарга, алардын ичинде, эл аралык финансылык институттарга донор болуп саналган жана ар кандай долбоорлорду каржылаган АКШ мамлекетинин Өкмөтү постсоветтик Кыргызстандагы өз кызыкчылыктарын көп жактуу байланыштар аркылуу алга жылдырып келет. Баарыбызга белгилүү болгондой, негизги донору АКШ болуп саналган Бүткүл дүйнөлүк банк (ВБ), Эл аралык Валюта фонду (МВФ), Европалык өнүгүү жана реконструкция банкы (ЕБРР) жана Америкалык өнүгүү банкы (АБР) постсоветтик Кыргызстандын негизги донорлору жана кредиторлору болуп эсептелишет. Кыргызстанга АКШ мамлекетинен келген техникалык жардам АКШнын эл аралык кызматташтык Агентствосу (USAID) аркылуу ишке ашат.

Ошондой болсо да, Кыргызстандын АКШ менен кызматташуусунун көп түрдүүлүгүнө жана интенсивдүүлүгүнө карабастан, андагы талуу маселе болуп Кыргызстанга тике инвестицияларды тартуу эсептелет. 2001-жылдын ортосунда республикага тартылган америкалык тике инвестициялардын көлөмү болгону 10 млн АКШ долларын түзгөн. Республикада 50 америкалык компания жана фирма каттоодон өтсө да, алардын көпчүлүгү дистрибьютордук ишмердүүлүк жүргүзүп, далдалчылык кызматтарын көрсөтөт, же консультацияларды берет.

Эгемендүүлүк жылдары Кыргызстан менен АКШ мамлекеттеринин ортосунда соода мамилелери жетишээрлик деңгээлдеги өнүгүүгө ээ болбой, суммардык соода айланышы анча чоң эмес. Кыргызстандын жетекчилиги үчүн АКШ менен экономикалык, инвестициялык, кредиттик-банктык жана

31

Page 32: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

башка чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты активдештирүү аркылуу эки жактуу мамилелердин саясый жана экономикалык өңүттөрүнүн ортосундагы тең салмактуулукту (балансты) сактоо бир кыйла маанилүү болуп саналат. Диссертацияда кеңири айтылгандай, аталган 2 мамлекеттин ортосундагы мамилелердин күн тартибинде Кыргызстанга финансылык, экономикалык жана азык-түлүк жаатындагы жардамдарды берип, Кыргыз Республикасынын коопсуздугу менен стабилдүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө өз ара алакаларды андан ары өнүктүрүү маанилүү болуп саналат.

«Кыргызстанга болгон АКШнын гуманитардык көмөктөшүүсү» боюнчаАКШ менен Кыргызстан ортосундагы эгемендүүлүк жылдар ичиндеги маданият жана билим берүү жаатындагы алакалар илимий анализгетартылды.

Ааламдашуу (глобализация) процесстери үстөмдүк кылган XX- кылымдын акыркы он жылдыгында билим берүүнүн дүйнөлүк рыногунда билим берүү өндүрмөсүнүн (продукциясынын) төмөнкүдөй номенклатурасы түзүлгөн: 1) башка өлкөгө билим алуу же билим деңгээлин жогорулатуу максатында келген чет өлкөлүк студенттер; 2) башка өлкөлөрдүн билим берүүсүнүн улуттук системасында иштөө үчүн жиберилген чет өлкөлүк адистер менен окутуучулар; 3) илимий билимдер жана педагогикалык процессти, анын окуу-методикалык, техникалык жабдууларын уюштуруу багытындагы тажрыйба.

Ошол эле учурда Евразия менен Түндүк Американын алдыңкы университеттеринин кош дипломдорун (двойные дипломы) таануу жана пайдалануу багытындагы өз ара пайдалуу системасын киргизүү тенденциясы күч алууда. Мындан сырткары, билим берүү жана илимий мекемелердин көңүлүн бурган көп сандаган проблемалар уламдан улам транснационалдык жана глобалдык мүнөз күтүп бара жатат.

СССР кулагандан кийинки жылдары жаш Кыргыз Республикасында мамлекеттик каражаттар жетишсиз болгондуктан, билим берүү системасын жаңы түзүлгөн шарттарга ылайык реорганизациялоо үчүн зарыл болуп саналган каржылоо (финансылоо) булактарын издөө бул системаны эл аралык донордук каржылоо (финансылоо) уюмдары, чет өлкөлүк өкмөттүк жана билим берүү түзүмдөрү (структуралары) сыяктуу ири акча каражаттарына ээ мекемелерге кайрылууга аргасыз кылган.

Мамлекет ар тараптуу жана толук кандуу билим берүү гана эмес, билим берүүнүн зарылдыктары менен муктаждыктарын канаттандыра албай, экономикалык кризиске баткан шарттарда эл аралык байланыштарды андан ары активдештирүү, инвестициялар менен каражаттардын жаңы булактарын издөө өтө актуалдуу проблемага айланган.

Билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык мамилелердин кеңейиши менен тереңдеши финансылык жана экономикалык өңүттөрдө (аспекттерде) пайда көрүүдөн сырткары, билим берүүнүн соңку мезгилде жаралган жаңы технологияларын пайдаланууга, өнөктөш (партнер) өлкөлөрдөгү колоссалдуу педагогикалык тажрыйба менен алмашууга, билим берүүнүн дүйнөлүк

32

Page 33: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

рыногуна чыгашасыз, эч зыян тартпастан интеграцияланууга мүмкүндүк берет.

Практика көрсөткөндөй, постсоветтик Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштары өзүнүн жашоого жөндөмдүүлүгүн далилдей алды. Бирок, ошондой болсо да, билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык мамилелерди турмушка ашыруунун реалдуу механизмдери объективдүү экономикалык шарттардын трансформацияларына адекваттуу формада гана өзгөрүүгө учураганда аталган чөйрөдөгү эл аралык мамилелер өзүнүн эбегейсиз зор потенциалын ачып бере алат. Бул жерде өзгөчө роль берилген процесстин негиздүү компоненттеринин бири болуп саналган жогорку окуу жайларынын ортосундагы тике байланыштарга таандык.

Студенттерге билим берүүдөн сырткары квалификацияны жогорулатууну көздөгөн ар кыл программалар иштеген адистерге арналган. Кыргызстан жана АКШ мамлекеттеринин кызматташуу тарыхы ичинде ар кыл программалардын чегинде республиканын миңдеген жарандары АКШда стажировкада, курстарда, тренингдерде жана алмашуу программаларында болуп келишсе, алардын ичиндеген ондогон жаштар америкалык ЖОЖдордун дипломдоруна ээ болушкандыгы эки мамлекеттин ортосундагы эң маанилүү жетишкендик.

XXI- кылымдын башындагы Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштарды уюштуруу концепциясынын эволюциясы улуттук билим берүүнү өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири болуп калууда.

“АКШнын Кыргызстандагы экономикалык жана гуманитардык аракеттериндеги негизги проблемалар жана алардын келечеги” тууралуу АКШ жана Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана гуманитардык мамилелердинайрым көйгөйлүү маселелери жана аларды чечүү мүмкүндүктөрүнүн айрым өңүттөрү илимий маанайда экспликацияланды.

Кыргыз коомчулугунда чуулгандуу талаштарды жараткан ХИПИК Программасы (HIPC - Heavily Indebted Poor Countries Initiative) бийик деңгээлде карызга баткан жакыр мамлекеттерге алган карызын ар тараптан кыскартууну сунуш кылган жападан жалгыз эл аралык макулдашылган негиз болуп саналат. Программага катышуу насыя берген өлкө (страна-кредитор) үчүн да, насыя алган өлкө (страна-задолжница) үчүн да ыктыярдуу негизде жүрөт. Кредиторлор насыя алган өлкөгө ХИПИК программасы тарабынан орнотулган босого көрсөткүчтөрүнө (пороговые показатели) чейинки тышкы карыздын наркын төмөндөтүү милдеттемесин өз мойнуна алат.

Кыргызстандык айрым изилдөөчүлөр азыркы күндө постсоветтик геосаясый мейкиндикке АКШ башында турган Батыш мамлекеттери тарабынан классикалык эмес, спекулятивдик, олигархиялык, мителик (паразитардык), натыйжасыз, монополисттик капитализм таңууланып жатат деген пикирди билдиришет. Практика көрсөткөндөй, «Спекулятивдик Типтеги Керектөө Экономикасы» саясатынын таасири астында бюджетти

33

Page 34: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

жогоруда аталган үч жол менен толтурган мамлекет автоматтык түрдө өз көз карандысыздыгын жоготуп, мамлекет катары жашоо келечегинен айрылуу коркунучуна кабылат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 1) Бажы биримдигине кирээр замат эле жаралуучу орустардын чеңгээли, 2) америкалыктар Афганистандан кетээр замат Өзбекистан менен Тажикистандагы саясый режимдин өзгөрүүсүнүн натыйжасында болуп кетүүчү баш-аламандыктар жана 3) мурдагы Советтер Союзунун бардык мамлекеттерине кетүүчү демографиялык экспанция булактары менен энергетикалык түтүктөрү Кыргызстан аркылуу кеткен Кытай мамлекетинин күчтүү таасири сыяктуу потенциалдуу коркунучтардын блокадасында калган учуру.

АКШда билим алуу дүйнөдөгү кымбат наркка ээ. Ошондой болсо да, 2001-жылдын 11-сентябрында болуп өткөн окуялардан кийин киргизилген чектөө иш-чараларына карабастан, АКШда билим алууну көксөгөн чет өлкөлүк жаштардын саны жылдан жылга өсүүдө. Чынында АКШдагы ЖОЖдор буга татыктуу. АКШда билим алуу Индия, Кытай, Латын Америкасы, Жакынкы Чыгыш жана КМШ (СНГ) өлкөлөрү сыяктуу экономикасы тездик менен өсүп жаткан мамлекеттердин студенттери үчүн өтө беделдүү. Канададагы, Кореядагы, Япониядагы, Европадагы америкалык университеттердин бүтүрүүчүлөрүнүн баркы салттуу түрдө жогору болуп саналат. КМШ (СНГ) мамлекеттеринен келген студенттердин саны жылына 7000 адамдын тегерегин түзөт. Бул студенттердин саны КМШ өлкөлөрүндөгү америкалык билим берүүгө болгон зарылдык аркылуу эмес, студенттин АКШда билим алууну төлөй алуу жөндөмү жана АКШ мамлекетинин жөнгө салуучу саясаты аркылуу аныкталат.

Айтылгандар көз карандысыздыкка ээ боло элек мезгилде Кыргызстанда алдыңкы чет өлкөлөр менен эл аралык билим берүү боюнча терең, кеңири жана бекем алакалардын (контакттардын) болбошу менен түшүндүрүлөт. Баарыбызга белгилүү болгондой, совет мезгилинде билим берүү жаатындагы эл аралык байланыштар мурдагы социалисттик кызматташтыктын начар өнүккөн өлкөлөрү менен «үчүнчү дүйнөнүн» өтө эле артта калган мамлекеттерине карата атайылап түзүлгөн жана үстөмдүк кылган. Бирок, жогоруда айтылгандарга карабастан, Кыргызстандын билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык байланыштардын 1995-жылы кабыл алынган көп векторлуу концепциясы убакыттын өтүшү менен республикада түзүлгөн терс жагдайды оң жагына олуттуу түрдө оңдойт деп айтууга реалдуу жана перспективалуу негиздер бар. Мында аныктоочу фактор болуп кыргыз коомунун XXI- кылымдын алгачкы чейрегиндеги руханий, улуттар аралык, экономикалык жана саясый абалы эсептелет.

Корутундуда изилдөөнүннегизги натыйжаларын чагылдырган төмөнкүдөй бир катар тыянактар келтирилди:

1. Геостратегияны ишке ашыруудагы бир жактуу иш-аракеттерди жүргүзүү. 1)АКШ Өкмөтүнүн тынч дүйнөнү жалгыз куруу

34

Page 35: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

мүмкүн эмес экендигине ишенүүсүнө; 2) геосаясий стратегияны ишке ашыруудагы негизги приоритеттердин бири болуп коркунучтар менен кооптуулуктарды бирдей көрө билүүнү калыптандыруу үчүн шериктештер (союздаштар) жана өнөктөштөр (партнерлор) менен кызматташтык жана биргелешкен иш-аракеттердин координациясынын принциптери жар салганына; өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык мекемелер менен өз ара алакалашуунун маанилүүлүгүнө карабастан, өз геостратегиясын ишке ашыруу процессинде эч ким менен эсептешпеген бир жактуу иш-аракеттерге жол берип келет. Мында маңыздуу мисал катары дүйнөлүк коомчулуктун протести менен ачыкжактырбагандыгына, БУУнун (ООНдун) коопсуздук боюнча Кеңешинин так кесе оппозициясына (Орусия, Франция жана Германия бул аскерий баскынчылыкка кескин түрдө каршы чыккан) карабастан,америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматы боюнча Иракта массалык кыргынга салуучу куралдар бар жана Ирактын президенти Саддам Хусейн 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террористтик соккуларды уюштургандар менен байланышка ээ деген шылтоо менен АКШнын 2003-жылдын март айында суверендүү Иракка жасаган аскерий операциясын жана европалык өлкөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү аскердик иш-аракеттерди дароо токтотууну талап кылгандыгына карабастан, 2006-жылдын июль айында ливан-израилдик жаңжал(конфликт) күчөп, президент Дж. Буш кичүү Израилдин аракеттерин ачык колдой баштагандыгын атоого болот. Кызматташтыкка чакыруу менен катар эле 2006-жылдагы cтратегияда мамлекеттер аралык мамилелердин конструктивдүү эмес эки жактуу алакалардан баш тартып, бир жактуу иш-аракеттерди жасоого даярдык сыяктуу принциптери да жар салынган. Бул жерде да «конструктивдүү эместик»критерийи ачылып берилген эмес. Ошентип, Стратегиялардагы ички карама каршылыктар менен катар эле cтратегиялардагы жоболор менен аларга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш болгон практикалык иштин ортосундагы айкалыштыктын жоктугу көзгө дароо урунат.

2. Дүйнөлүк коомчулуктун кызыкчылыктарын, эл аралык процесстердин башка катышуучуларынын максаттары менен жашоо-тиричилик кылуу принциптерин көзгө илбегендик. Америка Кошмо Штаттары өз өнөктөштөрү (партнерлору) менен досторунун кызыкчылыктары менен баалуулукктарын сыйлоого басым жасоо менен өзүн глобалдык лидер деп ачык атайт. Бирок, тилекке каршы, мындай жобо дайыма эле АКШнын практикалык ишмердигинде байкала бербейт. 2006-жылдагы cтратегияда өздүк кызыкчылыктары менен уникалдуу милдеттери талап кылган учурларда АКШ өз алдынча иш-аракет кыла алат деп ачык көрсөтүлгөн. Мында сөз менен иштин ортосундагы дал келбөөчүлүк даана байкалат. АКШ мамлекети өз cтратегияларында глобалдык лидерликтин милдеттемелерин өзүнө алып жатса, анда глобалдык мамилелердин башка катышуучуларынын пикирлери менен кызыкчылыктарын эске алуу жалпы коопсуздук менен туруктуулукту (стабилдүүлүктү) камсыз кылуунун башкы максаты болуп калууга тийиш эле. АКШ геосаясий мейкиндиктеги өзүнүн

35

Page 36: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

ролунун уникалдуулугун баса белгилөө менен саясаттагы дагы бир калпыстыкка жол берип, дүйнөлүк проблемаларды биргелешип жөнгө салууга далалат кылбай келет. Албетте, АКШнын дүйнөлүк аренадагы ролу менен абалы өтө маанилүү, бирок, глобалдык лидердин милдеттемелерин ийгиликтүү аткаруу үчүн АКШнын ресурстук потенциалы менен саясый салмагы бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун жыргалчылыгын көздөгөн кызматташтыкка багытталуусу тийиш.

3. Түрткүнчүк мамлекеттерди (государства-изгои) айырмалап көрсөтүү.АКШнын улуттук коопсуздугунун эки cтратегиясы тең «жамандык өзөгүнөна» («ось зла») суурулуп чыккан коркунучтарга карата бир жактуу жобо болуп саналат. Диссертацияда айтылгандай, бул топко Ирак, Иран, Түндүк Корея киргизилген. Бул мамлекеттерде кыргынга салуучу куралдар болгондуктан, аларга каршы туруу зарылдыгы баса белгиленет. Мындан сырткары, Америка Кошмо Штаттары тарабынан башка мамлекеттерге достук мамиле кылуунун ошол мамлекеттер тарабынан демократиянын жалпы баалуулуктарын таануу жана анын жалпы принциптерин пайдалануу сыяктуу критерийлери иштелип чыккан. Демократиянын принциптерин «алга жылдыруу» боюнча АКШнын бир жактуу иш-аракеттеринен улам «жалпы» деген сөздү «америкалык» деген сөз менен алмаштыруу туура сыяктанат. Ошентип, глобалдык масштабдагы лидер катары каалагандай жаңжалдуу (конфликттүү) жагдайларды жок кылууга умтулгандын ордуна АКШ бүткүл дүйнөнү «өз» жана «жат» деген принциптин негизинде бөлүп, потенциалдуу жаңжалдардын (конфликттердин) жаралуусуна жол бергендей.

4. Күч колдонбоо жана күч колдоном деп коркутпоопринцибин сактоодогу эл аралык мыйзамдардын нормаларын бузуу. Эл аралык укук мыйзамы боюнча мамлекеттин дүйнөлүк аренадагы жашоо-тиричилигинин маанилүү принциби болуп күч колдонбоо жана күч колдоном деп коркутпоо принциби эсептелет3. Бул принцип мамлекеттер ортосундагы проблемаларды аскерий иш-чаранын жардамы аркасында чечүүгө жол бербөө идеясынан келип чыккан. АКШнын улуттук коопсуздугунун стратегиялары да ушул базалык жобого таянат: эркиндиктин, демократиянын жана тынчтыктын баалуулуктарын дүйнөгө жайылтуу максатын көздөгөн АКШ бир жактуу артыкчылыктарга ээ болууда кысым көрсөтүү ниетин көздөбөй, башка мамлекеттер менен алакалашууда дипломатиялык методдорго гана таянууну артык көрөт. Бирок, практика көрсөткөндөй, Ирак менен Афганистанга каршы аскерий иш-чараларды жүргүзүүдө АКШ бул принципти одоно бузуу менен өзүнүн гегемонисттик тенденцияларын ачык эле демонстрациялаган.

5. Адам укуктары менен негизги эркиндиктерин сыйлоопринциптерин сактоо боюнча эл аралык укук мыйзамдарынын нормаларын бузуу. Бул принцип да эл аралык мейкиндиктин субъектилеринин жүрүм-турумунун маңыздуу нормаларынын бири болуп эсептелет. Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулук деп жар салынат да, мамлекеттер аларды сыйлоого жана коргоого 3Всеобщая декларация прав человека, Генеральная Ассамблея ООН, 1948. Официальный сайт ООН //http://www.un.org/russian/documen/declarat/declhr.htm

36

Page 37: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

милдеттендирилет4. Бул принципти сактоо зарылдыгы АКШнын заманбап стратегияларында да камтылган. Бирок, ырайымсыздык менен мыйзамсыздыктын, адамкерчиликсиздик менен нысапсыздыктын символуна айланган Гуантанамодогу америкалык аскерий базадагы түрмө сыяктуу америкалык жашыруун түрмөлөрдө жаткан адамдарды кордоону жана кыйноону күбөлөгөн бир катар мисалдар баарыбызга жакшы белгилүү.

6. Жогоруда кеп болгон тенденциялар СССР кулагандан кийин АКШнын дүйнөлүк геогсаясий мейкиндиктеги жүрүм-турумундагы өзүм билемдикке негизделген гегемонизминен кабар берет. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда болгон террористтик соккулардан кийин президент Джордж Буш кичүү жана президент Барак Обаманын бийлиги учурунда АКШнын тышкы саясаты менен геостратегиясын ишке ашырууда бир жактуу өзүм билемдик, калпыстык, карама каршылык жана башка мамлекеттерди «өз-жат» деген принциптин негизинде бөлүп-жаруу тенденциялары ачык байкалат. Бирок, 2015-жылдын июль айынын башында Орусия Федерациясынын Уфа шаарында болуп өткөн БРИКС жана ШОС эл аралык уюмдарынын жыйыны монополярдуу дүйнөлүк геосаясий күч балансын кайра карап чыгып, плюралисттик маанайдагы геосаясатты жүргүзүү зарылдыгын жаратып, гегемонизмге умтулган Америка Кошмо Штаттарынын дүйнөлүк геосаясий процесстердеги ролун трансформациялайт деген божомол жасоого болот.

7. АКШнын постсоветтик Борбор Азияга, анын ичинде, Кыргызстанга карата саясаты Вашингтондун тышкы саясий жалпы жоболорунун негизинде калыптанган. Территориясы кичинекей болгон Кыргызстан АКШ мамлекети тарабынан эч качан стратегиялык өнөктөш (партнер) катары каралган эмес. Бирок, 1990-жылдары биздин өлкө «демократия аралчасы» деген образга ээ болгондуктан, Батыш өлкөлөрү ага экономикалык жана саясий колдоо көрсөтүү кепилдигин беришкен5. Бул иште АКШнын көз карашында академиялык чөйрөдөн чыккан окумуштуу, СССРдин партиялык-номенклатуралык режими менен байланышы болбогондон улам Борбор Азиянын башка лидерлеринен бир кыйла айырмаланып турган кыргыз президенти А. Акаевдин дүйнө таанымдык жана инсандык сапаттары зор позитивдүүкөмөк берген.

8. 2006-жылдан тарта АКШ мамлекети америкалык окумуштуу Ф. Старр тарабынан иштелип чыккан Чоң Борбор Азия концепциясын ишке ашыра баштаган. Бул жобого ылайык Борбор Азия өз кучагына мурдагы советтик Орто Азия жана Казакстан республикаларын гана эмес, Орто Чыгыштын түндүк чөлкөмдөрүндө жайгашкан мамлекеттерди, Индиянын түндүгүн, Кытайдын батышын да камтыган. АКШнын Мамлекеттик департаментинде Афганистан чок ортосунда жайгашкан Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жаңы Бюро түзүлгөн. Аталган концепцияда

4Устав Организации Объединенных Наций. Сан-Франциско, 1945. Информационный центр ООН в Москве //http://www.unic.ru/about/?page=7;5Омаров Н. М. Внешняя политика Кыргызской Республики в эпоху «стратегической неопределенности». - Бишкек, 2005. - С. 157.

37

Page 38: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Кыргызстанга Афганистандагы антитеррористтик коалицияны колдогон базанын ролу таандык кылынган.

9. АКШ саясатынын өзгөчөлүгү болуп ал өз позицияларын кыргыз коомунун саясый, аскердик-стратегиялык жана экономикалык чөйрөлөрүнө гана бекем орнотуп тим болбостон, Кыргызстандын АКШ үчүн ыңгайлуу болуп саналган тышкы саясий багытын калыптандыруу эсептелет. Мындай жобо америкалык окумуштуу Ф. Старрдын «Чоң Борбор Азия» (ЧБА) деп аталган концепциясына туура келет. Берилген концепцияны ишке ашыруунун негизги максаты болуп Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрүндө стабилдүүлүктүкалыптандыруу саналат.

10. Заманбап шарттарда АКШ өзүнүн аскердик күчү менен экономикалык мүмкүндүктөрүндөгү артыкчылыктарды пайдалануу менен БА өлкөлөрүнө, алардын ичинде Кыргызстанга аскердик-саясый таасир көрсөтүп келет. Бул өңүттө Дж.Буштун (кичүүсү) доктринасы, Ф. Старрдын «Чоң Борбор Азия» концепциясы, Б. Обаманын доктринасы жана классикалык геосаясаттагы Х. Маккиндердин «хартленд» (жердин жүрөгүндө жайгашып, дүйнөлүк тарыхка зор таасир эткен СССРдин үстүнөн жеңишке жетүү) менен байланышкан атактуу концепциясы өңдүү бир далай америкалык доктриналар менен концепциялардын бүтүндөй бир спектри иштелип чыккан.

11.Кыргызстан 1991-2000- жылдар аралыгында көп векторлуу тышкы саясатты түзүүгө аракеттенген иш чаралар 2005-2010 – жылдарда тышкы саясат соодалашуу трендине айланып, 2011- жылдан тартып көп векторлуу тышкы саясат приоритети бир тараптуу саясатка айланды. Бир тараптуу саясат Кыргызстандын узакка созулган эл аралык мамилелерде ири державалар менен алакалардан кол жууп, практикалык негизде сувериндүүлүгүнө шек келмекчи. Андыктан Кыргызстан алгач коңшулаш мамлекеттер менен орток кызыкчылык көздөгөн тышкы саясатка бет алуу менен учурдун чындыгы болгон АКШ, Европа, Кытай, Орусия Федерациясы, Индия жана боордош мамлекеттер менен тең салмактуу мамилелерге жетишүүсү абзел жана көп векторлуу тышкы саясатты кайрадан жандандыруунун жолдорун издөө керек.

Диссертациянын негизги мазмуну төмөнкү макалаларда чагылдырылды:

1. Бейшеналиев А.Б.АКШ мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ортосундагы соода-экономикалык байланыштар, инвестициялар жана банк кызматташтыгы [Текст] //. Наука и новые технологии.- № 7, Бишкек - 2013– 2013. –146-149-беттер.

2. Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекети менен экономикалык кызматташтыгындагы айрым көйгөйлүү маселелер [Текст] /Наука и новые технологии.- № 7, Бишкек- 2013. –153-155-беттер.

38

Page 39: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

3. Бейшеналиев А. Б.The past, present and future of the United States- Kyrgyzstan relations(монография) [Текст] // Rethink Institute, Washington DC- 2014.- 88- бет.

4. Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекети менен Кыргызстан республикасынын ортосундагы аскерий кызматташтык [Текст] // Известия вузов.- №11, Бишкек -2014. 135-138- беттер.

5. Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекетинин тышкы саясаты менен улуттук кызыкчылыктарын калыптандырган негизги геосаясий жоболор[Текст] //И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы.- №1, Бишкек – 2014. 98-102- беттер.

6. Бейшеналиев А. Б.АКШ мамлекетинин тышкы саясатынын калыптанышындагы атлантизм геосаясий жобосунун ролу жана орду[Текст] // И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы.-№1, Бишкек – 2014. 103-107- беттер.

7. Бейшеналиев А. Б. Кыргыз Республикасы менен АКШ мамлекетинин ортосундагы кызматташтыктарды изилдөөнүн негизги булактары [Текст] // БГУ жарчысы.-№4, Бишкек- 2014. 310-316 –беттер.

8. Бейшеналиев А. Б.Кыргыз Республикасы менен АКШ мамлекетинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтык: приоритеттер, негизги факторлор жана натыйжалар [Текст] // БГУ жарчысы.-№4, Бишкек- 2014.–316-321- беттер.

9. Бейшеналиев А. Б. Постсоветтик Борбор Азия чолкому учун Орусия федерациясы менен АКШ мамлекетинин ортосундагы геосаясий атаандаштыктын негиздери[Текст] // ALATOO ACADEMIC STUDIES.-№2, Бишкек – 2014.-61-70- беттер.

10.Бейшеналиев А. Б. АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы саясий кызматташтыктын алгачкы он торт жылы [Текст] // И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы. Бишкек – 2014. -156-162 -беттер.

11.Бейшеналиев А. Б.АКШ менен Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы негизги приоритеттер жана өзгөчөлүктөр [Текст] // И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жарчысы. Бишкек – 2014. -163-165-беттер.

12.Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекетинин дүйнөгө үстөмдүк кылуу ниети менен байланышкан айрым көйгөйлүү маселелери [Текст] // Известия вузов.-№1, Бишкек -2015, 161-165- беттер.

13.Бейшеналиев А. Б.АКШ мамлекети менен Кыргыз Республткасынын саясый кызматташтыгындагы айрым көйгөйлүү маселелер [Текст] // Известия вузов.-№1, Бишкек -2015.- 169-174- беттер.

14.Бейшеналиев А. Б. АКШ ммалекети менен Кыргыз Республикасынын аскерий кызматташтыгындагы айрым көйгөйлүү

39

Page 40: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

маселелер [Текст] // Наука и новые технологии.- №2, Бишкек-2015.-222-226 –беттер.

15.Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекети менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыктын билим берүү чөйрөсүндө жаралган айрым ийгиликтер [Текст] // Наука и новые технологии- №2, Бишкек-2015. -231-236 –беттер.

16.Бейшеналиев А. Б. АКШ мамлекети менен Кыргыз Республикасынын маданий кызматташтыгындагы айрым көйөгөйлүү маселелер [Текст] // Известия вузов №2, Бишкек-2015. -180-185-беттер.

17.Бейшеналиев А. Б.АКШ мамлекети менен Кыргыз Республикасынын маданий кызматташтыгындагы айрым көйөгөйлүү маселелер [Текст] // Известия вузов №2, Бишкек-2015. -186-191-беттер. ж.б...

40

Page 41: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевичтин«АМЕРИКА КОШМО ШТАТТАРЫНЫН ТЫШКЫ САЯСАТЫНДАГЫ ПОСТСОВЕТТИК БОРБОРДУК АЗИЯ

ЖАНА КЫРГЫЗСТАН » 07. 00. 02 – Ата Мекен тарыхыадистиги боюнча тарых илимдеринин доктору окумуштуу даражасын изденип алуу үчүн жазылган

диссертациясынын

РЕЗЮМЕСИНегизги сөздөр: геосаясат, геосаясый стратегия, геосаясый мейкиндик, дүйнөнүн

геосаясый картинасы, улуттук кызыкчылыктар менен баалуулуктар, улуттук коопсуздук, глобалдык лидерлик, супер держава ж.б.

Изилдөөнүн объектиси: Америка Кошмо Штаттарынын геосаясий стратегиясы менен тышкы саясатындагыпостсоветтик Борбордук Азия жана Кыргызстандын орду менен ролу.

Изилдөөнүн негизги максаты:АКШнын постсоветтик Борбордук Азия жана Кыргызстанга карата геосаясий стратегиясы менен тышкы саясатынын негизги багыттарынын өзгөрүү тенденцияларын аныктоо, АКШнын дүйнөлүк аренадагы, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттерине Кыргызстандагы өткөн чак менен учурдагы ролун тастыктоо, ошондой эле АКШнын постсоветтик мамлекеттердин, анын ичинде Борбор Азия менен Кыргызстандын геосаясий мейкиндигиндеги келечектеги ордун прогноздоо саналат.

Изилдөөнүн теориялык-методологиялык негизинлогикалык метод, салыштыруу методу, сүрөттөө жана тарыхый салыштыруу методу, типологиялык (мамлекеттин позициясын гегемон же глобалдык лидер катары классификациялоо) жана феноменологиялык (конкреттүү тажрыйбаны илимий иликтөө жана аны минималдуу бурмалоо жолу менен сүрөттөө) методдор, ошондой эле рационалдуу тандоо теориясы (мамлекеттин геосаясий стратегиясын калыптандырууда саясий элитанын иш-аракеттерин, жүрүм-турумун, мотивдерин сүрөттөө), мейкиндик методу (дүйнөнүн геосаясий картинасын түзүү), институтташтырылбаган метод (геосаясий стратегияны калыптандыруу жана ишке ашыруу процесстерине таасир эткен факторлордун анализи) түздү.

Алынган жыйынтыктар жана анын жаңылыгы: Автор диссертациялык ишинде өзгөчөамерикалык, постсоветтик республикалардын жана ата мекендик изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянуу менен АКШнын Кыргыз Республикасына карата болгон саясаты комплекстүү изилдеп, постсоветтик Борбор Азия мейкиндиги Х. Маккиндердин классикалык геосаясаттын өзөктүү терминине айланган «хартленд» тууралуу концепциясы менен анын АКШнын тышкы саясатындагы заманбап интерпретациясына канчалык деңгээлде ылайык келээрин тактады. Мындан сырткары, Дж. Буш (кичүүсү) менен Б. Обаманын постсоветтик Борбор Азияга карата болгон доктриналарынын өзгөчөлүктөрү жалпылап, АКШнын постсоветтик БА чөлкөмүнө карата жасаган саясатындагы «Чоң Борбор Азия» (ЧБА) заманбап геоконцепцияга, анын ролу менен абалына баа берилди жана ошондой эле анын келечегине прогноздор жасалды.Кыргызстан 1991- 2000- жылдар аралыгында көп векторлуу тышкы саясатты түзүүгө аракеттенген иш чаралар 2005-2010 – жылдарда тышкы саясат соодалашуу трендине айланып, 2011- жылдан тартып көп векторлуу тышкы саясат приоритети бир тараптуу саясатка айланды. Бир тараптуу саясат Кыргызстандын узакка созулган эл аралык мамилелерде ири державалар менен алакалардан кол жууп, практикалык негизде сувериндүүлүгүнө шек келмекчи. Андыктан Кыргызстан алгач коңшулаш мамлекеттер менен орток кызыкчылык көздөгөн тышкы саясатка бет алуу менен учурдун чындыгы болгон АКШ, Европа, Кытай, Орусия Федерациясы, Индия жана боордош мамлекеттер менен тең салмактуу мамилелерге жетишүүсү абзел жана көп векторлуу тышкы саясатты кайрадан жандандыруунун жолдорун издөө керек.

Изилдөөнүн практикалык мааниси: диссертациянын жыйынтыктары,диссертант тарабынан сунуш кылынган теориялык жоболор менен корутундулар жаңы окуу курстарын иштеп чыгууда, ал эми диссертациянын материалдары жогорку окуу жайларында АКШнын БА чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргыз Республикасына карата жүргүзгөн саясаты боюнча дарстарды окууда пайдаланууга болот.Диссертациянын негизги абалдары менен корутундулары АКШнын Борбор Азияга карата жасаган саясатындагы саясий-дипломатиялык, экономикалык жана аскердик-техникалык стратегиясын прогноздоого кеңири мүмкүндүк бергендиктен, Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын иштеп чыгуу үчүн эбегейсиз зор практикалык мааниге ээ.

41

Page 42: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

РЕЗЮМЕна диссертацию Бейшеналиева Алмазбека Бейшеналиевичана тему:

«ПОСТСОВЕТСКАЯ ЦЕНТРАЛЬНАЯ АЗИЯ И КЫРГЫЗСТАН В ВНЕШНЕЙ ПОЛИТИКЕ СОЕДИНЕННЫХ ШТАТОВ АМЕРИКИ» на соискание ученой степени доктора исторических наук по специальности 07. 00. 02 – Отечественная история.

Ключевые слова: геополитика, геополитическая стратегия, геополитическое пространство, геополитическая картина мира, национальные интересы и ценности, национальная безопасность, глобальное лидерство, сверхдержава и т.д.

Объект исследования: место и роль постсоветского Кыргызстана в геополитической стратегии и внешней политике Соединенных Штатов Америки.

Цель исследования: выяснение изменение тенденций основных направлений геополитической стратегии и внешней политики США по отношению к постсоветскомуКыргызстану, определение роли США в мировой арене, в том числе, в Кыргызстане в контексте прошлого и настоящего, а также прогнозирование места США в геополитическом пространстве постсоветской Центральной Азии, в том числе в Кыргызстане.

Методы исследования: методологическую основудиссертационного исследования составляют логическийметод, сравнительный метод, метод описания и исторического сравнения, типологический (классификация позицию государства в качестве гегемона или глобального лидера) и феноменологический (научное исследование конкретного опыта и его описание с минимальным искаженнием) методы, а также теориярационального выбора (описание действий, поведения, мотивов политической элиты при формировании геополитической стратегии государства), пространственный метод (создание геополитической картины мира), неинституционированный метод (анализфакторов, оказавщих существенное влияние на формирование геополитической стратегии и на ее реализацию).

Полученные результаты и их новизна: в результате компаративистского институционально-политического анализа американских, постсоветских и отечественных исследователей, автор в представленной работе комплексно исследовал политику США в отношении КыргызскойРеспублики, определяет степень соответствия геополитического пространства постсоветской Центральной Азии интерпретациям концепции «хартленд»Х. Маккиндера, являющейся основным термином классической геополитики и ее современному пониманию во внешней политике США. кроме того, автор обощает особенности доктрин современных президентов США Дж. Бушамладшего и Б. Обамы по отношению к Центральной Азии, приводится оценка роли и положению современной геоконцепции США к странам постсоветской Центральной Азии, больше известная под названием «Большая Центральная Азия» (БЦА), а также прогнозы на ее будущее.

Практическое значение исследования: выводы диссертации, предложенные теоретические подходы и заключения,а также материалыдиссертации быть использованы при подготовке учебно-методических материалов, чтении лекционных курсовпо политике США по отношению к центральноазиатскому региону, в том числе Кыргызской Республике. В связим с тем, что основные положения и выводы диссертации позволяют прогнозирование политико-дипломатической, экономической ивоенно-технической стратегии США по отношению к Центральной Азии, они имеют огромное практическое значение для разработки внешней политики Кыргызской Республики.

42

Page 43: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

SUMMARY

Summary of Beishenaliev Almazbek Beishenalievich’s thesis on the topic: "Post Soviet Central Asia and Kyrgyzstan at USA Foreign Policy " for the degree of doctor of historical sciences in specialty: 07. 00. 02 - Domestic history.

Key words: geopolitics, geopolitical strategy, geopolitical space, geopolitical picture of the world, national interests and values, national security, global leadership, the superpower.

The object of research: The place and role in the post-Soviet Kyrgyzstan's geopolitical strategy and foreign policy of the United States.

Objective: To assess the variation trends of the main directions of geopolitical strategy of the US foreign policy in relation to the post-Soviet Kyrgyzstan, to define the role of the US in the international arena, including in Kyrgyzstan in the context of past and present, as well as the prediction of the US’ place in the geopolitical space of the post-Soviet Central Asia including in Kyrgyzstan.

Methods of research: The methodological basis of the research include logical method, comparative method, descriptions and historical comparisons, typological (classification of the position of the state as a hegemonic and global leader) and phenomenological (the scientific study of specific expertise and its description with minimal distortion) techniques, and theory rational choice (description of the actions, behavior and motives of the political elite in the formation of the geopolitical strategy of the state), the spatial method (creating the geopolitical picture of the world), non-institutionalized method (analysis of factors making significant influence on the geopolitical strategy and its implementation).

The results and their novelty: As a result of comparative institutional-political analysis of the US, former Soviet and Russian researchers, the author in the present study examined the complexity of the US policy towards the Kyrgyz Republic; determines the extent to which the post-Soviet geopolitical space of Central Asia interpretations of the concept of Mackinder’s "Heartland", which is the main term of classical geopolitics and its current understanding of foreign policy. Further, the author describes particular doctrines of modern US Presidents George. W. Bush and Barack Obama with respect to Central Asia, provides an assessment of the role and position of modern geo-conception of the United States to the countries of post-Soviet Central Asia, better known under the name of "Greater Central Asia" (GCA), and the forecasts for its future.

The practical significance of the research: Conclusions of the thesis proposed by theoretical approaches and opinions, as well as materials of the dissertation to be used in the preparation of teaching materials, reading lectures on the US policy towards the Central Asian region, including Kyrgyzstan. Due to the fact that the main provisions and conclusions of the thesis allow prediction of political-diplomatic, economic and military-technical US strategy towards Central Asia, they have great practical significance for the development of foreign policy of the Kyrgyz Republic.

43

Page 44: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

i Киссинджер Г. Дипломатия. – М.: Ладомир, 1997.ii Киссинджер Г. Нужна ли Америке внешняя политика? – М.: Ладомир, 2002.iii Бжезинский З. Выбор: мировое господство или глобальное лидерство. – М:

Международные отношения, 2004iv Бжезинский З. Еще один шанс: три президента и кризис американской сверхдержавы. – М.:

Международные отношения, 2007.v Бжезинский З. Великая шахматная доска. – М: Международные отношения, 1998.vi Капхен Ч. Закат Америки. Уже скоро. – М: АСТ, 2004.vii Фукуяма Ф. Конец истории? // Философия истории. Антология / Под ред. Ю. А. Кимелева.

М., 1995.viii Фукуяма Ф. Сильное государство: управление и мировой порядок в ХХI веке. – М.: ООО

«Издательство АСТ», 2006.ix Mearsheimer, John J. «Back to the Future: Instability in Europe After the Cold War». International

Security, vol. 15, no. 1 (Summer 1990) x Миршеймер Джон. Почему мы скоро будем тосковать по холодной войне // Электронный

журнал «Россия в глобальной политике». – 2008. - № 6 // http://www.centrasia.ru/newsA.php?

st=1229720640xi Хантингтон С. Столкновение цивилизаций: Пер. с англ. Т. Велимеева, Ю. Новикова. - М.:

ООО «Издательство АСТ», 2003; Нantington Samuel. Crash of civilisations // “Foreigh Affairs”.

– Summer, 1993. xii Kennedy, Paul M. Preparing for the Twenty-first Century. New York: Random House, 1993.xiii Kaplan, Robert D. The Coming Anarchy Shattering the Dreams of the Post Cold War. Atlantic

Monthly, New York: Random House, 2000.xiv Friedman, Thomas L. The Lexus and the Olive Tree. New York: Farrar, Straus & Giroux, 1999.xv Тейлор П. Дж. Вторая мировая война: Два взгляда. — М.: Мысль, 1995; Taylor P. J. Political

Geography: World-Economy, Nation-State and Locality. London: Harlow, 2000.xvi Wallerstein I. The Politics of the World-Economy//Cambridge: Cambridge University Press,

1994; Wallerstein I, Globalization or the age of transition? A long-term view of the trajectory of the

world system // International Sociology. V. 15. 2000, № 3.xvii Най Дж. "Умная сила" Барака Обамы// Русский журнал, 2009; Най Дж. Уроки холодной

войны для современного мира // Русский журнал, 2003; Най Дж. "Мягкая власть" великих

держав // Русский журнал, 2008; Nye, Joseph S., Jr. Bound to Lead: The Changing Nature of

American Power. New York: Basic Books, 1990.xviii The National Security Strategy for a new century 1997; The National Security Strategy of the

United States of America 2002; The National Security Strategy of the United States of America

Page 45: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

2010; Quadrennial Defense Review Report. September 30. 2001; Intel Assesment. February 10.

2011; Human Rights Reports 2009: Kyrgyzstan; Human Rights Reports 2000: U.S. Department of

State. Kyrgyzstan Country Report on Human Rights Practices for 2000; International Religious

Freedom Report 2009: Kyrgyzstan. Department of State. Bureau of Democracy, Human Rights and

Labor. October 26, 2009.xix Nichol. J. Kyrgyzstan: recent developments and U.S. interests. Congressional research service –

Library of Congress. Code 98-594. 2005; Khalilzad Z., Lesser I. Sources of Conflict in the

21st Century: Regional Futures and U.S. Strategy. Santa Monica, RAND, 1998; United States

Assistance and Economic Strategy for the New Independent States. U.S. Policy Toward the New

Independent States: Hearing before the Committee on Foreign Affairs, House of Representatives,

103rd Congress 2nd session, January 25, 1994. Washington, 1994; United States General Accounting

Office. Report to the Chairman, Committee on International Relations, House of Representatives:

Foreign Assistance, U.S. Economic and Democratic Assistance to the Central Asian Republics.

Washington, 1994; Silencing Central Asia: The Voice of Dissidents. Hearing before the

Subcommittee on the Middle East and South Asia of the Committee on International Relations,

House of Representatives, 107th Congress, 1 Session, 18.07.2001, p.56; Congress Resolution №

397. Markup before the Subcommittee on Asia and the Pacific of the Committie on International

Relations. House of Representatives, 106th Congress, 2nd session. Washington 2000.xx Obama Administration's Priorities in South and Central Asia. Robert O. Blake, Jr.Assistant

Secretary, Bureau of South and Central Asian Affairs. Houston, TX. January 19, 2011; U.S.

Department of State. Bureau of South and Central Asian Affairs.

AssistantSecretaryBlake’sintroducingspeech.xxi Edwards M. The new great game and the new great gamers: disciples of Kipling and Mackinder.

Central Asian Servey. 2003. Vol 22. № 1; O’Hara S. Great game or grubby game? The struggle for

control of the Caspian. Geopolitics. 2004. Vol 9. №1; Rumer E. Russia and Central Asia after the

Soviet Collapse. After empire: the emerging geopolitics of Central Asia; Solomon R. Foreword.

Olcott M.B. Central Asia’s New States: Independence, foreign policy and regional security; Fettveis

C. Sir Halford Mackinder, Geopolitics, and Policymaking in the 21 century. // Parameters. 2000.xxii Davis J. Sweeney M. Central Asia in U.S. strategy and operational planning: where do we go

from here? The Institute for foreign policy analysis. February. 2004; Starr F. A «Greater Central

Asia Partnership» for Afghanistan and Its Neighbors Silk Road Paper. Central Asia-Caucasus

Institute & Silk Road Studies Program – A Joint Transatlantic Research and Policy Center Johns

Hopkins University. Washington, D.C. March 2005; Jacquelyn K. Davis. Mikhael J. Sweeney.

Central Asia in U.S. strategy and operational planning: where do we go from here?

TheInstituteforforeignpolicyanalysis. February. 2004.

Page 46: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

xxiii Виелмини Ф. Роль теории Маккиндера в нынешнем стратегическом развертывании США в

Евразии: проблемы и перспективы // Центральная Азия и Кавказ. – 2005. - №4; Абдулло Р.

Политика США в Таджикистане: от признания независимости к партнерству // Центральная

Азия и Кавказ. – 2007. - №4 (52); Брудный А., Чотаева Ч. Центральная Азия: пути и модели

развития // Центральная Азия и Кавказ. - 2000. - №6 (12): Коэн А. США, страны Центральной

Азии и Кавказа: проблемы и перспективы взаимоотношений // Центральная Азия и Кавказ. –

2000. - №2; Ник М. Севара Ш. Помогает или мешает нам «хартленд» Маккиндера понять

Центральную Азию? // Центральная Азия и Кавказ. - 2005. - №4.xxiv Лебедева Т. П. Геополитика. – М: Политология: Лексикон, 2007; Лебедева Т.П.

Геополитика: учебное пособие. – М.: Издательство «Университетский гуманитарный лицей»,

2007.xxv Гаджиев К.С. Введение в геополитику. - М., Логос, 2002; Гаджиев К. Геополитика. - М.:

Международные отношения. - 1997. – С.35-73.xxvi Рогов С. М. Стратегия США – не допустить появления равного по силам противника. –

«Московские новости». № 4 февраль 2007.xxvii Рогов С. М. Американское государство накануне третьего тысячелетия // США-ЭПИ.-

1998. - № 11.xxviii Плешаков К.В. Компоненты геополитического мышления // Международная жизнь. -

1994. - №10.xxix Уткин А.И. Мировой порядок в ХХI веке. – М: Эксмо, 2002.xxx Богатуров А. Отложенный нейтралитет? Центральная Азия в международной политике //

Россия в глобальной политике. – 2010. - 19 июня; Дугин А. Основы геополитики. - М., 2000.-

С.12-29; Цыганков П. Теория международных отношений. - М., 2003. С.24-31;

Международные отношения в Центральной Азии: события и документы: учеб.пособие для

студентов вузов. / А. Д. Богатуров, А. С. Дундич, О. Н.Тимофеев, Е. Ф.Троицкий и др.; отв.

ред. А. Д. Богатуров. - М.: Аспект- Пресс, 2011.- С.315-334.xxxi Арбатов Г. Современная внешняя политика США. Отв.ред. Трофименко Г. М.: Наука,

1984. - С.33-36; Братерский М.В. США и проблемные страны Азии: обоснование, выработка

и реализация политики в 1990-2005 гг. – М.: 2005. - С.178-191; Копылов А. О понятии

«национальная безопасность» в американской политологии // Безопасность. – 1996. - №3-4;

Копылов А. Политика национальной безопасности США в 90-е годы: содержание и процесс

реализации. Монография. - М.: ВАГШ, 1999; Копылов А. Современная военная стратегия

США: содержание и тенденции развития. - М.: ВАГШ, 2006; Копылов А. Современная

стратегия национальной безопасности США: концепции и политическая практика. - М.:

ВАГШ, 2009; Лукьянов Ф. Бесцветная эволюция // Россия в глобальной политике. – 2010. -

Page 47: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

26 марта; Уткин А. Доктрина Буша: концепция, разделившая Америку // Россия в глобальной

политике. – 2005. - №4.xxxii Братерский М. США и проблемные страны Азии: обоснование, выработка и реализация

политики в 1990-2005 гг. – М., 2005. – С.178-191.xxxiii Линке П., Наумкин В. Годы, которые изменили Центральную Азию. - М., 2009. С.157-173;

Niazi A. Tajik Leaders Warns of New Hostilities // Dawn. 1995. March 7.xxxiv Богатуров А. Отложенный нейтралитет? Центральная Азия в международной политике //

Россия в глобальной политике. – 2010. - 19 июня.xxxv Международные отношения в Центральной Азии: события и документы: учеб.пособие для

студентов вузов. / А.Д. Богатуров, А.С. Дундич, О.Н.Тимофеев, Е.Ф.Троицкий и др.; отв. ред.

А.Д. Богатуров. - М.: Аспект-Пресс, 2011. - С.324-333.xxxviДжекшенкулов А. Д. Новые независимые государства Центральной Азии в мировом

сообществе. - М.: Научная книга, 2000; Джекшенкулов А. О безъядерной зоне в Центральной

Азии // Международная жизнь. – 1999. - № 6.xxxvii Момошева Н. К. Основные аспекты становления внешней политики Кыргызстана в 1991-

1995 гг. // Вестник Кыргызского Государственного Национального университета / Труды

молодых ученых ЦМАНОП, Серия 5 (Гуманитарные науки). - Вып. 1, 2001; Момошева Н. К.

Основные вопросы становления и функционирования внешней политики суверенного

Кыргызстана // Журналистика жана Коом. – Бишкек, 2002. - С. 167-172; Момошева Н. К.

Проблемы взаимоотношений Кыргызстана с развитыми странами мира; исторический опыт и

перспективы // Вестник Кыргызского Государственного Национального университета, серия

5 (труды молодых ученых ЦМАНОП), в. 1-2 (Гуманитарные и экономические науки), 2000. -

С.79-82; Момошева Н. К. Анализ источников внешнеполитической деятельности

Кыргызской Республики в 1991-2003 годах // История и перспективы изучения. Сборник

Международной научно-практической конференции, посвященной 2200-летию Кыргызской

Государственности. – Бишкек, 2003. - С.134-138.xxxviii Токтомушев К. Внешняя политика независимого Кыргызстана. - Бишкек: Сабыр, 2001.xxxix Омаров Н. М. На пути к глобальной безопасности: Центральная Азия после 11 сентября

2001 года. - Бишкек: Центр ОБСЕ в Бишкеке, 2002; Омаров Н. М. Бишкек, 2001; Омаров Н.

М. Международные отношения в эпоху глобального развития. - Бишкек: Наука и

образование, 2003; Омаров Н. М. «Ассоциативная» система безопасности как новая модель

организации евразийского пространства в начале XXI века // НАТО и Центральная Азия:

региональная и национальная безопасность и стратегическое партнерство / Под ред. Т.А.

Кожамкулова. - Алматы: 2003.С. 25-34; Омаров Н. М. Гуманитарные аспекты безопасности

Кыргызской Республики в XXI веке: вызовы и ответы; Омаров Н. М. Внешняя политика

Page 48: AB.docx · Web viewСоңку жаңы тарых күбөлөгөндөй, АКШ мамлекети ким демократиялык нормаларга жооп берет, ким

Кыргызской Республики в контексте проблем глобальной безопасности. – Бишкек:

Автореферат диссертации, написанной на соискание научной степени доктора исторических

наук, 2006 и др.xl Айдаркул Каана. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и

современность. – Бишкек, 2002.xli Джоробекова А. Э., Момошева Н. К. Хроника внешнеполитической деятельности

Кыргызской Республики (1991-2002). – Бишкек, 2003.xlii Акаев А. Памятное десятилетие. - Бишкек: Учкун, 2001; Акаев А. Кыргызская

государственность и эпос «Манас». - Бишкек, Учкун, 2003; Акаев А. Думая о будущем с

оптимизмом. Размышления о внешней политике и мироустройстве. - М.: Международные

отношения, 2004.xliii Идинов К. Кыргызстан в системе международных экономических отношений. - Бишкек:

1997; Аширов Б. Ч. Становление и перспективы экономического сотрудничества

Центральной Азии // Центральная Азия и культура мира. - № 1(4). - 1998. - С. 23-27.xliv Караңыз: Центральная Азия в системе международных отношений. Сборник научных

статей. - М.:2004.xlv Конституция Кыргызской Республики // jogorku.sot.kg/ru/конституция-кыргызской-

республики-0; Конституция Кыргызской Республики // www . ksgp - cis . ru / docs /21/ const _ kyr . pdf xlviОбращение Президента КР А. Акаева к народу // echoosha.narod.ru/Oktober04/akaev.htm;

Послание Президента К. Бакиева к парламенту и народу //

www . pr . kg / news / kg /2008/10/17/8236/ ; Обращение Президента КР Р. Отунбаевой //

kabar.kg/rus/politics/full/22904.